Скачать

Нарикбай

«Нарикбай» поэмасы ногой, казак, кара калпак, башкыр, Крым, Казап татарларында жана кыргыздарда да айтылат. Жогоруда саналган элдерде «Эр Чоро», «Шора», Шора батыр» аталса, бизде негизги каармандын бири Нариктин атынан «Нарикбай» делет. Чоро — тарыхта болгон адам, Крым хандыгынын князы . Карамзиндин летописинде Казандагы согушта Крымдан келген Чоро дегендин 1546-жылы өлтүрүлгөндүгү маалымдалат. Айрым тарыхый материалдарга караганда, Крым, Казан хандыгында жергиликтүү князь төрөлөр менен орус империясынын ортосундагы чыр-чатакка да катышы бар көрүнөт . Шора Нариков тарыхта белгилүү адам болгонун бир кезде өзүнүн изилдөөсүндө С. Сейфуллин да эскерген. Башка илимпоздор да ушул ойдун чындыгын бекемдешкен. Алсак, татар фольклористи Ф. Урманчеев «0 происхождении баитов» деген макаласында Чоро жөнүндө татар фольклорундагы ырлар тарыхта жашаган адамдын каармандык образынан жаралгандыгын далилдеген.
Кыскасы, «Нарикбай» поэмасынын кыргыздарда айтылышы калктын турмушундагы коомдук, социалдык маселелерди чагылыштырышы, кыргыздардын баатырдык эпосторуна таандык салттуу мотивдердин талкууланышы жагынан башка түрк элдеринде айтылыштарынан кескин айырмаланып турат. Натыйжада чыгарма башатында коңшу элдердин көбүнесе оозеки түрүндө өткөн болсо да, бир канча кылымды аралап, кыргыздын социалдык-коомдук көз караштарын, турмуш-тиричилик жактарын, салт-санаасын, адабий, маданий салтын, философиялык ой толгоолорун өз боюна сиңирүү менен кыргыз элинин төл чыгармасына айланган.