Мукай Элебаев. Узак жол

Hands
Голосов: 7
Баллов: 32

Описание

М. Элебаевдин бул романынын жазылышы менен 30-жылдарда кыргыз адабиятына олуттуу жаңылыктар кирген. Мукай бул алгачкы романы менен улуттук прозаны капыстан профессионалдык деңгээлге көтөргөн. «Узак жол» кыргыз адабиятына баяндоонун реалисттик каадасын, кыскалыкты, лаконизмди, речтик мүнөздөмөнүн, социалдык портреттик өнөрүн, адабий мүнөздүн реалисттик чындыгын алып келген. «Узак жолдо» айрыкча, көркөм деталдын эстетикалык мүмкүнчүлүгү жакшы ачылган. «Узак жолдун» маани-мазмуну бир-бирине чиркелишкен көркөм деталдарга, эпизоддорго чөгөрүлгөн. Деталь романда сюжеттик структуранын чордонун ээлеп, стихиялуу пайдаланылган майда-барат түрүндө эмес, образдык жалпылоо, кеңири социалдык картинаны түзүү мүдөөсүн көздөгөн, аң-сезимдүү түрдө атайын колдонулган эстетикалык ыкма, сюжеттик композициялык принцип катары, көркөм система катары жашап турат.


Автор слов: Мукай Элебаев
Язык: Кыргызский
Книга: Узак жол
Категории: Аудиокниги
Теги: Үркүн Мукай Элебаев 1916

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter

Вместе с этим также слушают:

Комментарии

Нет комментариев
Авторизуйтесь, чтобы оставлять комментарии