Баянды аягынан баштайлы

Анда биз баян кыла турган Маматкул менен Болоттун жарык дүйнөдөн өткөнүнө туура бир кылымдан ашык убакыт өтүп кеткен учур. Болжол менен дээрлик эки муундун өмүрү дегендик. XIX кылымдын орто ченинде илгерки Абылай хандын тукуму Кенесары кыргызга катылам деп, шейит болуп кеткенден кийин деле ошол кездеги шартка жараша казак-кыргыз ортосу биротоло сууп кеткен жок. Орустар арага түшүп, жараштырып койду. Ошентсе да, өткөн өч-кеткен кектин тагы оңой менен кетпейт экен, кез-кез, шарты келе калган жерлерде ар кимдер тарабынан эскериле калат. Ошондой окуялардын бири казактын ак таңдай акыны Сүйүнбай менен кыргыз акыны Арстанбектин айтышы болду.

...Чоң атасы Күсөп Жээнкул уулу, өз атасы Аруун казактын атактуу дастанчылар экен, ошолордон таалим алган элге таанылган акын Сүйүнбай адегенде Катаган акынды 1 жеңип, элдин оозуна алынган. Кийинчерээк:

Акын болуп жыйырмамда желдей болдум,

Отузумда аскары бийик белдей болдум,

Отузду ашып, кыркыма келгени соң,

Каптаган жердин жүзүн селдей болдум, -деп, өзү издеп барып, Улуу жүздөгү албандардын ага султаны Тезекке жолугат. Бир жагынан хан тукуму, экинчиден орус бийлигине таянып турса, бирөөнүн сөзүн угуп эмес, жөн-жай кишилерди эшигине жолотпой турган чагы экен. Сүйүнбай бастырып келип аттан түшүп жатса, Тезек султандын түндө барып, жолу болбой кайткан эки уурусун катуу жемелеп, айкырык салып жатыптыр. Босогону аттаганда эле:

…Келген элем хан Тезек көрөйүн деп,

Пайгамбардын саламын берейин деп.

Аттандырган эки ууруң жолу болбой,

Капаланып турмысың өлөйүн деп, -деп, Тезектин өзүн ушунча элге башчы-төрө болуп жүрүп ууру жана зордукчу экенин тайманбай бетине айтып келип:

…Хан Тезек карасыңбы, төрөсүңбү,

Жебесең ууру этин өлөсүңбү!?

Жетим менен жесирдин акысын жеп,

Барганда акыретке бересиңби!?

Албан, дуулат, чапырашты эл эмеспи,

Эл деген чалкып жаткан көл эмеспи!?

Көл толкуса көбүгү кетер басып,

Бетиндеги көбүгү төрө эмеспи.

Төрөсү шайтан болсо, көп – периште,

Бир шайтанды каккан да пири эмеспи!? -деп, султанды жайлайт.

Ошентип казак-кыргыз билермандары Катаган менен Тезекти жеңип, даңкы күчөгөн Сүйүнбайды эми ыгын таап, Арстанбек менен айтыштырмак болушат. Акыры, Иледен кайра көчүп келгенден кийин Ормон хандын карындашы, Жантайдын келининин (Ысактын аялы) ашын Ысык-Көлдүн башына белгилеп, Тезекке да кабар берилет:

…Тезек төрө 2 бийлерин кашына алып,

Калтырбай ала келсин чечен, ырчы, акындарын!

...Төгөрөктүн төрт бурчунан келген эл, арасында кыргыздан Жантайдын өзү баш – жез чочмор Менде, Төрөкелди, Боромбай, Жангарач, Балбай, Медетбек чечен, казактардан Тезек султан, Рүстөм, Адамсат, Сыпатай баатыр сыяктуулар. Сексенден ашкан Бөлтүрүк чечен бар, ошолордун баары ушул эки акындын айтышына күбө болду. Катаганды жеңип, байгесине Мейиз деген сулуу кыз алган Сүйүнбай баштаганда эле Арстанбекти теңине алгысы келбей; «кыргыз-казакта мага тең келе турган акын али туула элек, айтышпай ак жыгылып бер, арнаган мөрөйүңөр болсо, мага бере бергиле, боз үйү менен күң кошуп» дейт. Анда Арстанбек анын сөзүнө жараша:

…Мактанбагын казагым,

Сенин жайың белгилүү.

Болосуң азыр мазагым-

Түбүң моңгол-калмактан.

Жылкысын кууп жылгадан,

Коюн айдап кыркадан,

Каада-салтты сактабай,

Кыз-келин көрсө көз артып,

Олжого тунуп алам деп,

Абылайың катылды.

Колго түшүп басынды.., -дейт, Сүйүнбайдын илгерки Абылайдай болуп, олжого тунуп калгысы келгенин чукуп. Сүйүкеңдин күүлөнүп калган кези, ал дагы токтобой:

…Абылай хандын чапканы,

Далайдын калган эсинде.

Басынтмак болгон казакты..,

Коёндой кууп качырган,

Кашкарды көздөй ашырган,

Эсенкулдай манапты.

Садырдын шорун кайнаткан,

Жайылыңды жайраткан,

Атакеңди бүктүрүп,

Казактын колун ууктуруп,

Миң кыргызды айдаткан..,

Көзүңдү сенин жайнаткан! -деп, эскини козгоп, аягында экөө токтоно албай, катуу кетишти. Кененсары султандын куну кайра козголо турган болуп калды дешет. Ошондо аягы чыр болуп кетпесин деген аттуу-баштуулар «койгула» деп, экөөнүн айтышын токтотуп, мөрөйдү тең бөлүп беришет. Мунусу өзүнчө болсун...

Арадан дагы 50–60 жыл өттү. XX кылымдын башы. Ал кезде Шабдан баатырдын атагы жалгыз кыргыз элинин ичинде эмес, бүт коңшу калкты аралап кеткен учур. Күндөрдүн биринде Мекеге барып, зыраят кылууга камынып калат. Мындай кабар эл арасына тез тарап – «ак жол каалап, учурашып коёлу, Мекеден аман-эсен кайтып келсе батасы тийет!» деп, толгон-токой эл келип, учурашып узатышат. Ошолордун ичинде кадимки Калмырза ырчы дагы бар, ал:

…Ак боз бээни сойсо да,

Атын Шабдан койсо да,

Асили туулбас сендей эр!

Аман барып-аман кел! -деп коштошот.

Ошентип баатыр ат алмаштырып – төө минип, айлап-айлап жол жүрүп, ата-бабасы көрбөгөн Стамбулдан баштап, мусулман маданиятын көрүп, түрк падышасынын мактоо кагазына татыктуу болуп, Медина-Мекени аралап, ажы атанып, аман-эсен өз жерине кайтып келет. Келсе, кайра баягыдан дагы көп эл чогулуп, амандык сурашып, учурашып турат. Ошол учурашкандардын арасында Шабданга башынан жакын дос, тээ Чүй суусунун төмөнкү алабынан Тойчубектин уулу Байсейит баатыр бир күнү бир топ казактары менен учурашканы келиптир. Эми Шабдандын жайы белгилүү, жүзүнөн мээрим төгүлүп, бир сүйлөшө калган кишини оңой менен кетирбей, арбап алган сыйкыр мамилеси бар эле дешет, анан, келген элдин баары учурашып болуп, тамагын жегенден кийин келген эл ордунан козголо баштайт, алдыга келген даамга бата кылынып, кайта турган убакыт келгенде. Алардын ичинде Кочкор өрөөнүнөн келип, Шабдан менен учурашып, анын жанына эки-үч күнгө конок болуп калган сарыбагыштын чоңчарык уругунан Кудаяр уулу Эсенбай деген болот. Бул киши бир көргөнүн унутпаган, баарын байкагыч, кыраакы, уккан сөздөрүн көңүлүнө бекем түйүп алган зирек киши экен. Ошол карап олтурса, баягы кетүүгө даярданып калган казактар кобурашып:

– Енди, Сабден баатырга учурасып болдук кой, турсаңшы, кайта турган убакыт болду, аттаналы! -десе, жанындагы жолдошу:

– Атайы келдик эле, шыдай турсаңшы карагым, азга отуруп сөз тыңшайлы? -деп, кеткиси келбейт.

Анын кеткиси келбей турганына экинчисинин ачуусу келип:

– Ау, баурум ай, биздин аулубуздагы өткендеги шыр али жабыла элек гой, мурда он басы эдим, эми элүү басы кылып дайындап салса, осы шырды жапкын деген төренин буйругун орундабасам, анан менин сорум куруйду, -деп тыбырчылап, беркисин көндүрө албай жатат.

Алардын эмне сыры бар экенин Байсейит баатыр жакшы билсе керек, башын ийкегилеп:

– Сөзүң болсо тартынбай, сүйлөй отурсаңчы карагым? -дейт.

Анда булардын кобур-собуруна кулагын тосуп отурган Эсенбай бир кезде элүү башымын деп жаткан казакка карап:

– Ээ, казагым! Жолдошуңа сөз бере кет. Шабдан баатырга бирдеме дечү кебетеси бар. Чымыны бар неме окшойт, тартынбай баатырга арнаган сөзү болсо айтып калсын, олтурган эл дагы уксун, -дегенде, эл макул болуп, жаалап жиберет.

Көзүн таба айтыптыр, тигил казак чын эле акын экен, шак эле койнунан домбурасын сууруп чыгып, Шабданга карап төгүп жиберет. Казакты билесиз, кызыгына түшүп алса оңой менен токтобой, домбурасын узакка чертип, арасында анда-санда бир сүйлөм кошуп коюп, кечке айдата берет. Бул жолу да тиги казактын акыны токтобой далайга төгүп, Шабдандын тээ илгерки ата-бабаларын түгөл козгоп бүтөт.

Анын оозунан төгүлгөн ыр аябай узак, тилекке каршы бизге толугу менен жетпей калды. Ошондо казактын оңдонуп, Шабданга карата ырдап турганы:

...Түп атасы Тугур менен Сарысеит,

О тустагы адамдардын баары бейит!

Содан кийин атасы Үчүкө, Түлкү болгон,

Бир кыз атып, калайыкка күлкү болгон!

Содан соң Маматкул менен Тынай жүргөн,

Калайыкка далай жаксы кыла жүргөн!

Кейинги Темир менен Болат экен,

Кыргызга дем-таяныш болар экен.

Одан соң Атаке менен Эсенкулду,

Енди катын туумайды андей уулду!.. -деп, баарын кошуп, далайларды айтып, узартып отуруп, тээ бир топто барып араң токтойт.

Ошончо айтылган сөздөрдүн ичинен тигил казак акындын Үчүкө менен Түлкүнүн өлүмү жөнүндөгү жалгыз сөзүнө териге түшсө керек, ээрди жука бир тапан ортодон:

– Эй, казагым сен ырдасаң Шабдандын өзүн ырда! Мактасаң өзүн макта! Эмне, Шабдан баатырдын эрдиги ошол ата-бабаларынан кем бекен? -деп, бир тиет.

Анда казак домбурасынын кулагын кайра толгоп жатып, камырабай:

– Ойбай, онау макау кыргыз не дейди, ондай көкелериң болмаганда сен сүйтип биздин касымыста отурмак белең?! Керек болса, осы өлгениңдин сүегин өз конысына енди Эсенкул менен Атакенин тусында көмп бастадыңар гой? Анен кантип айтпай ак-коёмуз?!– деп, баягы кыргыздын оозун басат.

Кийин-кийин Эсенбай ушул аңгемени айткан сайын, кайра-кайра:

– Туура айтылса, атадан калган кун чечилет. Ичинде кыргыздын канча атактуу, канча чечени отурган, бирөө дагы баш көтөрүп, жооп тапканга жараган жок, -деп айтып жүрүп өттү.

…Окурманым! Мурунку менен кийинкисин кошсок, көп болсо бир аш бышым убакыт ичинде айтылып калган сөз. Бирок ал акындардын сөөктөн өтүп, чучукка жеткирген мындай сөздөрүнүн көбүндө калет жок. Кичине эле бир дем менен айтылган ушул сөздөрдүн ичинде канча деген өмүр жатат. Ал ата-бабалардын элесин алардан кийин эч ким дааналап сүрөттөп бере элек.

...Улам ар кайсы жеринен чукуласаң, сөздүн асылы илгерки чалдардан чыкчу. Жай отуруп, жөнөкөй, жатык тилге салып, өткөндөн кеп баштаса, кап-кайдагы саясат өзүнөн-өзү чечилет.

Уккандарын унутпаган ошол чалдар аңгеме айтаарында:

– Ээ, балдар! Кайсынысын айталы? Казак бизден күчтүүлүк кылат. Бирок калмак каптаганда орустардын арасына кире качып, жанын эптеп арачалап калышпадыбы. Аз кыргызды карабайсыңбы? Канча жыл ойротко түттү. Эми оруска түтүп жатат. Мындан артык баатырдык болобу? -деп, өткөндөн эскерип беришчү.

…Эмесе, биз дагы окурман менен чогуу отуруп, кайра барактап, башынан баштап ошол казак акындары жана кыргыз аксакалдары айткан илгерки окуялардын канчасы чын, канчасы калп экенин талдап көрөлү!!!

  • Катагандын атасы кыргыздардын сол уругунан болуп, илгерки Абылайдын көп чабуулунун биринде казактарга туткунга кетип, ошол жакта калган.

  • Тезек менен Ормондун уулу Сейилкан кан куда болушкан.

  • Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter

    Вместе с этим также читают: