Баяндын башына эми келдик

XVII кылымдын экинчи жарымында Борбордук Азия чөлкөмүндө дээрлик аздыр-көптүр тынчтык орноп, бул жердеги көпчүлүк көчмөн уруулар күнүмдүк тиричиликке алек болуп калган кез. Бир-бирине кошуна отурган уруулардын майда-чүйдө гана кагылыштары болбосо, жалпы жагдай дурустай сезилет. Бирок, мындай абал чыныгы ааламаттын алдындагы көз боёмо, алдамчы көрүнүш эле. Жакындан баштап азыркы бейкутчулуктан эчтеке калбайт, ошондуктан мындай, убактылуу бейкутчулукту пайдаланып, ошол Борбордук Азияда жашап жаткан көчмөндөрдөн кыскача кабар ала кетели...

Борбордук Азиянын басымдуу бөлүгү тоолор. Батышынан Алай жана Каратегин чыгышка карай акырын бийиктеп отуруп, Иле суусунун башына жакын кайра бөксөлөп, аны кечип өтсөк кайрадан көтөрүлө баштайт. Түштүк-чыгышы Тибет, Гиндукуш; чыгышы Алтай – Сибирь. Түштүгүнөн Тарым дарыясы, түндүгүнөн Чүй суусунун төмөнкү агымындагы Моюнкум, Бетпак-Талаадан ары шамалы кум айдаган ээн чөлгө айланат. Индостан жарым аралынан келе турган жаандуу муссонду Гималай – Тибет – Каракорум; Персия булуңунан башталган нымдуу аптапты Памир – Каратегин тоолору; Сибирдин кычыраган каардуу суугуна Каракум менен Кызылкумдун шамалы бөгөт кылып, жаратылыштын өзү тарабынан ушул жердеги адамдардын жашоосу үчүн эң ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Аты аталган жерлердин аралыгы кээде Улуу-Тоо, көбүнчө Ала-Тоо деп, аралаш атала берет.

... Улук-улук, улук тоо!

Аккан суусу тунук тоо,

Ошол тоону жердеген, оён кыргыз болсун соо.

Ысык-Көл башы Каракол, күн чыгышы Нарынкол.

Ушул тоого орногон, кыргыз журту оң менен сол.

Агып жаткан Нарынкол, көргөндөргө дайын жол,

Музарт бели улук тоо, байыркыдан калган ошол тоо.

Түш жагында Кара-Тоо, түн жагында Ала-Тоо.

Дүйнө жүзү суктанган, түрк ордосу Улуу тоо.

Оң чекеде чоң Алтай, аягында Гималай,

Капталында Сарыкол, кайкып жаткан кең Алай,

Алтышаар, Түркстан, Тарбагатай – оң түштүк,

Түн багытың Сары-Арка, түш тарабың Хиндустан,

Бир тумшугуң Ала-Тоо, Ташкент, Талас, Кара-Тоо,

Иле-Чүйдү талашкан, илгертеден бери далай жоо.

Аму-Дарыя, Сыр-Дарыя агып жаткан көп дарыя.

Бир жылгаңыз кен Талас, жердеп келген эр Манас.

Бир бутагың Зарафшан, атагы зор Самаркан,

Талкалаган Искендер, талап кеткен Чыңгыз кан.

Ордо кылган Темирлан, оодарылган шум жалган.

Амир Темир заманы, артыкча канга бойлогон,

Бир аягы Фаргана, жериң артык Жыргалаң,

Текес, Күнөс, Агыйас, Иле сууга аралаш.

Түп атаңыз Угуз кан, Кытай, Афган, Хиндустан,

Араб, фарси, көп түрктөр алымына тургузкан...

Тээ илгерки Жакыптын уулу хан Манастан мурун эле кыш түшкөндө түштүктө – Кашкар менен Жаркентти, түндүгүндө Иле – Чүй – Сыр-Дарыянын жээктерин кыштап, жайкысын ошол Ала-Тоонун койнун аралап, кыргыз деген элдин оң жана сол уруулары мекен кылып келет. Эмесе, азыркы баяныбыздын башын Манастан кийинки окуяларга тиешелүү, ошол жерлердин бири – Тарым суусунун жээгин мекендеген жүргөн бир урук эл менен баштайбыз. Тарыхтын чыныгы күбөлөрү ушулар.

Урматтуу окурман! Жалпы адамзаттын тарыхына көңүл бөлсөк, аялзат катышпаган бир да окуя болуп өткөн эмес. Буга Адам Ата менен Обо эненин өзү күбө. Бардык окуянын талуу жери аялзат. Эмесе, биз да ал салтты бузбай, баяныбыздын талуу жерине ошол аялдын бирөөнү кошобуз. Ал – болгондо да, ошол мезгилдеги көчмөн элдин далайын тамшандырып өткөн аялдардын мырзасы!

...Ала-Тоонун мөнгүлөрүнөн куралып, Борбордук Азиянын нечен өрөөн, капчыгайын жарып чыккан Сары-Жаз менен Ак-Сай суулары кошулуп, Какшаал тоолорун өтүп, түзгө чыкканда чоң дарыяга айланып, Тарым өрөөнүнөн Жаркент суусуна кошулат. Анан аягы барып, Такла-Макан чөлүнө жеткенде кумга сиңип жок болот. Ошол Какшаал дарыясы жайлап агып калганда, ага Кум-Арык деген кичирээк суу кошулуп, ушул эки суунун аралыгы «Арал» деп аталат. Азыр ал жерге шаар орногон. Ошол Аралга кыштап, кээде Марал-Башыга чейин түшүп, жайкысын Сапарбай жайлоосун жайлап келген нойгут деген эл болгон. Нойгут уруусу негизи кыргыздын Куу уулунан, түбү илгерки Ороздуга такалып, анын Булганчы деген баласынан ушул нойгут уруусу менен кошо эштек, тейит, базыс, кыпчактар тарайт. Кийин нойгуттар 1 ээн жерге көнүп, башка туугандарынан улам алыстап отуруп, эч кимге кошулбай, өздөрүнчө күн өткөрүп калышат. Алардын мындай бейкутчулук шартына илгерки Эреше хандын тукуму, Абд Рахимдин тун уулу Абдылда хан себеп болду. Ал кээде кыргыздарга таянып, кээде согушуп, жарашканда Ак-Сууга Куртка бийди, Котонго Сатым бийдин уулу Алдаярга, Бөгүрдү Черикчи бий, Кашкарды Койсары бийге бийлетип, хандык жүргүздү. Башка жерлерге салыштырмалуу бул чөлкөм бейкут болуп, Чыгыш Түркстандагы 2 кыргыздар өз оюнча көчүп-конуп, күн өткөрүп жатышты.

Ошол нойгут элинин башында Көгөн деген байы туруп, малын карап жан багып, жайдыр-кыштыр бейпилдикте күн көрүп жүрөт, бийлик менен иши жок. Байдын жеке өзүндө миңден ашык жылкы болуп, бирок кыргыз «бири кем дүйнө» дейт –зайыбы эркек төрөбөйт. Бүбү-бакшыларга көрүнүп, мазарларга сыйынса да даба болбой, кыз артынан кыз тууп, айласы кеткенде ырым кылып, «кийинкиси жаңылып, эркек болсун» деген ойдо жетинчи кызынын атын Жаңыл деп коюшат. Тагдырдан айланып өтүүгө адам баласынын мүнкүнчүлүгү болбойт экен, сегизинчи жолу кыз төрөлгөндө, айласы куруган Көгөн бай ага Эбирэшим деген эркек ысым бериптир. Байбичеси экөө эркектик мүнөздү ушул кызынан күтөт. Бирок, ал кызынан мурун туулган Жаңыл бутунан туруп, тушоосу кесилгенден тартып, жүк бурчуна отуруп куурчак ойнобой, багалектен алышып, балдар менен күрөшүп жүрүп чоңойду. Он эки-он үч жашында бойго жетет, ошентип бул кызга тентек мүнөздү кошо ала келиптир, эркекче өстүргөн турмуш. Кийин андай мүнөз аны эр сыяктуу теске салып түздөп, жашы он бешке жеткенде эл ичинде «мырза» атанат. Ушул кезде жаа тартып, саадак атуу жагынан анын алдынан эр чыкпады.

Мырза аталып, жанына баатыр жигиттерден жыйнап, катылгандардын катыгын берип, эриккенде жумалап салбурууңга аттанып баштайт. Бат эле он жетиге толуп, аялзатына тиешелүү каада-салтка моюн сунбай өткөргөн өмүрү эми аны кара сур, узун шыйрак, шамдагайлыгы эркектен ашык, кең далы кыз кылып чыгарат. Ал кезде алган аялың бир жагынан баатыр, экинчи жагынан атагы алыска кетип турса, анан андай кызды ала турган күйөөгө мындан ашкан мансап жок кез. Жаңыл бойго жеткенден баштап, Көгөн байдын үйүнө ат тезегин кургатпаган жуучулар тынбай каттап, «сөйкө сала» турган күйөөлөр күндөн-күнгө көбөйөт. Мансапка көнсө, адамдан түрдүүлөр чыгат, ошо кезде Котон менен Кашкарда «бек» наамына жетип калган Үлбүрчөк, Бургуй жана Турсун дегендер; «сөйкө салып, бекер чыгым болбой, өзү даяр кызды чаап алалы» деп келишет. Мындай адат кыргыздын канында, алардын жолун тоскон Жаңыл Мырза ошондо Турсундун өзүн жекеге чакырып, көзүнө эч ким көрүнбөй, тунарып турган немени ат-маты менен кошо көмөлөтө сайып, талпагын ташка жаят. Ошону менен тийишкендер токтоду.

Бирок, жаратылыштын жазмышынан эч ким качып кутула элек, ушул окуядан кийин Жаңыл Мырза да өзүнүн ургаачылыгына баш ийип, эртеңки тагдырын ойлоп, эгер өзүнө жарашкан кабылан жүрөк баатырлардан бирөө кезиксе, элине чындап калканыч болуп бере ала турган болсо, анда ошол баатырга барууга бел байлап калат.

Ушул арада Жаманкул баатыр Жаңыл Мырзанын Иленин башы – Үч-Маралга чейин келип аң уулап жүргөнүн угуп, бул кыздын мырзалыгын да, баатырдыгын да өз көзү менен көрмөккө, атайлап издеп чыгат. Аны Үч-Маралдан таап, адегенде сынамакка тозотко отургузуп, өзү аны көздөй кийиктерди шыкап, бир чети аңчылыктын кызыгына батыптыр. Бир топ күн жүрүп, аркар кууп, кулжа атып, тайгандарга карышкыр, түлкү алдырышат. Издеп келген максатын да унутпай, Жаңылдын сүйлөгөн сөзү, баскан-турган кыймылынан кынтык издеп, сыр билгизбей ичинен сынына толтуруп, анын кереметине ыраазы болот.

Жашы жыйырмадан өтүп бара жатса дагы али турмушка чыга элек Жаңылдын суналган бою, баскан-турганына курал-жарагы ого бетер көрк берип турган кези. Ал түгүл аялзатына ылайык келбеген жоокерчилик кыймыл кичине олдоксон көрсөткөнү менен ат үстүнө отурган шаңына шаң кошуп, жанында жүргөн адамдарды кадимкидей сүрдөтүп калган учур экен. Мунун баарын кыя кетирбей, сынынан өткөрүп, купулуна толтуруп, ай өткөрбөй, эл ылдыйлап көчөөр маалда Жаманкул кайра Көгөн байдын айылына түшөт. Мунун себеби бар экен. Көрсө, ал дагы Жаңыл Мырзаны өзүнөн үч ата өткөн тууганы – Сарысейиттин экинчи уулу Түлкүгө ылайыктап, ошонун эбин келтире албай жүрүптүр. Сарысейиттин улуу баласы казак акыны айтып турган Үчүкө эле.

Баяндын башын ушул инсандар баштайт, ошондуктан алардын ата-тегинен азыраак кабар берели. Сүрүштүрөсөң эле кыргыздын баары бир тууган – анын сыңарындай, Тагайдынн бир уулу Кылжыр. Кылжырдан Орозбакты, Дөөлөсбакты – эки уул. Орозбакты улуусу. Кылжырдын өз аты Сарыбагыш. Каада боюнча ата урааны улуу баласына калат. Бирок атасынын атын чакырып, «сарыбагыш» болуп аталган кичүү уулу Дөөлөсбакты болду. Дөөлөсбактыдан Манап. Манаптан Сүтөй. Сүтөйдөн Сарысейит.

Орозбактынын бир баласы Мырзакул. Андан Алымсейит, Тынымсейит. Сүтөй менен Мырзакул балдарынын атын атайлап, ушундай уйкаштырып койгон имиш. Алымсейиттен Жаманкул, Бапа. «Бугу энеге» байланыштуу бул экөөнүн тукуму кийин «бугу эли» болуп аталды. Мүйүздүү эне Бапага өз сиңдиси Олуят деген кызды, Жаманкулга кыпчак Шырдакбек баатырдын агасы Маматбектин кызын алып берет.

…Эми жүйөөлүү кеп айтсаң ким гана эрибейт, кыз туулган соң, акыры бир күнү күйөөгө чыгаары анык. Анын үстүнө атактуу Манаптын небереси Сарысейиттин атын укканда Көгөн бай ичинен жибийт. Болгону кызынын макулдугун анын өзүнөн гана алуусун өтүнүп, өтө маанилүү иштерди чечүүнү өзүнө койгонун эскертиптир.

Акыры бул кабар Жаңылга жетти. Өзүнөн өйдөкүлөрдү жалтаң көз менен карап – кол куушуруп, төмөнкүлөрүн күнкор кылып көнгөн кашкарлыктардын сырын беш колундай жаттап калган кыздардын мырзасы, Ала-Тоонун арасы, Чүй суусунун жээгиндеги Түлкү баатырдын атын алыстан угуп, ичинен сынына толтуруп жүрсө да, сыртынан сыр билгизбей тымпыйып калат. Анткени кыздардын мырзасына дагы намыс деген намыс. Жаманкул аркылуу Түлкүнүн атын укканда жука эриндери бир орунга жыйрылып, октой теше тиктеген көздөрү күүгүмдөнүп, мырзалыгы чындап көрүндү (деги баатыр баатырга чыдабайт). Тегерегинде таймаша турган киши жок, анан калса жалпы аялзатына тиешелүү мүнөзүнөн танып, ачык жооп айтпай, болгону эч кимге, эч качан, байбиченин үстүнө токол болуп кирбестигин билгизет. Адат боюнча мындай жооп макулдуктун белгиси, эми иштин аягы Түлкүдө калды…

Окурманым! Биз да ошол заманга көз салып жатып, алтымыш уруу кыргыз элинин ичинде Жаңыл Мырзага ылайыктуу Түлкүдөн башка эр болбогонун моюнга алалы. Кезинде жолборс алган баатыр, бирок, ал замандын каадасы ушу – жолборс алган адам анысын мактаныч кылчу эмес экен. Жолборсту кыргыздын аялдары деле алган, мактангандар кийин чыгат.

Азыр сөз Түлкү жөнүндө.

...Убакыт кеч күз, булактын суусу тоңоюн деп калган маал, эл бөксөлөп, азыркы Көк-Мойнок чендерге келип калган. Үй тигилип бүтүп калганда, төштөн бир элик бакырат. Эликтин кураны белдик чечип калса керек, карашса, бир борчуктун түбүндө жалгыз элик калганын чакырып туруптур. Түлкү баатыр көрө сала, тонду тескерисинен жамынып, үн улай мерчемдүү жерге жетип, аралыгын болжоп, ошого жараша мылтыгына дары сүмбөлөп, «тарс» дедире бир коёт. Аңгыча мылтык үнүнө аралаш «күр» деген үн чыгып, түтүн тараганда жакын жерден бир чаар жолборс өзүн алууга камданып калганын көрөт. Кызыгына баталы деп, үйдүн жанында карап тургандардын коркоктору эчак боз үйгө кире качыптыр. Түлкү баатыр мылтыкка дары куйганга үлгүрбөйт, секире берген жолборсту кундак менен мандайга басып алат. Ошондо жолборс аягын чала серпип барып, жан берет. Чала көргөндөр кийин: «Түлкү баатыр жалгыз ок менен элигин дагы, жолборсун дагы атып алыптыр» деген сөз чыгарышты. Анысы ал. Жолборсту сыйрып, керегеге керип, эликти союп, казанга салып, эт бышканча очок алдында отуруп, бабаларынын жомогунан сөз козгогончо болбой жар алдына далдоо кылып, желеге байланган музоонун жанындагы уйлар өңгүрөп кирет. Чычала күйгүзүп, бакан ала, чуркап барышса Түлкүнүн кеч тууган күрөң ую желеге келген карышкырдын канчыгын жара сүзүп салыптыр!

Ошондон улам элде «Түлкүнүн колдогону бар, баатырдын алдынан чыкпагыла» деген сөз чыкты. Ушул окуялар башынан өтүп жаткан Түлкүнүн жашы он алтыда болчу.

Баягы Жаманкул болсо Көгөн байдын айылынан кайтып келээри менен Сарысейитке келип, Жаңылдын жаңылыгын угузат. Баатырдыгын өзү деле сезип жүрсө керек, кыздын жообун уккан Түлкү эми чындап ашык болуп, бирок, кыргыздын канына сиңген сырткы сөөлөт ички сезимге баш ийдирбей, чектен ашпаган текеберчиликтин тушоосуна тушалды. Болгон нерсе тарыхка өз изин калтырбай койбойт, ошо сымал Жаманкулдун аңгемеси жана кыз Жаңылдын берген жообу Түлкүнүн жүрөгүн ордунан козгоп, өзүнөн башка жан билбеген бир жагымдуу сезим Жаңылга жакындаштырып, белгисиз бир күч аны менен жолугууга түрткүлөй баштайт. Алгачкы күчү ушу, сүйүү деген нерсенин! Мунун азабын далайлар тартып келген (алдыда дагы канчасы тартаарына эч ким шек кылбастыр).

Күрөөкө зоот кийинип, Койчагыр мылтык асынган, баатырдыктын башкы белгиси, айтканынан тарпаган, бет алганынан кайтпаган, эрдиги ашынганы менен эсине толук жете элек Түлкү ушинтип сүйүүнүн чыныгы капканына кабылат. Жаңылды башка аял затына теңебей, бирөөгө ачык айтып, сыр билгизбегени менен ичинен ал айттырган шартка макул болуп, болгон тоскоолдукту жалгыз аялынан гана көрүп, эми ал шартты аткаруунун амалын издей баштайт. Аялын шылтоосу жок деле кетирсе болмок, бирок Деркен жакында эле уул төрөп берген. Жаш аялмет. Экинчи жагынан кийин Жаңылга баш кошуп калса, «Түлкү баатыр ала элек жатып эле токолуна баш ийип, анан байбичесин кубалаган» деген шылдың сөздөн чочулайт.

Адамдын көңүлү бузулса акыры шылтоо табат, бир күнү Кара-Кужур суусунун жээгинде эл жайлоого көчөөрдө ал өзүнөн-өзү табылды (деги көч көчкөндө, же шаан-шөкөт маалында чатак чыгаруу кыргыздардын адаты). Бел-Сары-Булактан Соң-Көлгө көчмөй болуп, жүк артылып бүтүп, бастыра бергенге келгенде, жакын турган бешикти алып, өңөртүп коё турган кайниден бирөө жок, ошондо курган Деркен «бешикти өңөртүп койчу» деп, күйөөсүнө кайрылат...

Моюнга алыш керек, кыргызда мындан артык шылтоо болбойт. Мындай жорукту илип алган Түлкүнүн теңтуштары дароо:

– Биз сени бир элдин баатыры экен десек, өз аялыңдын кулу болуп калыпсың?! -деп, тамашага алышат.

Мындай кордукка Түлкү кантип чыдамак, көк байталга мингизип, Кара-Кужурдун суусунун жээгине салып, ошол эле күнү аялын төркүнүнө кетирет. Уулу Тынай ошондо эмчекте экен. Деркен кийин саруу элинен Муратбек дегенге баш байлады...

Албетте, жигиттер шарт кетме чечкиндүүлүгүн карматса, кыргыздын кыздары кантип туруштук бермек, Түлкүнүн бул кылыгы ошол замат Жаңыл Мырзанын кулагына жетип, мурунтан белгисиз жаратылыштын мындай укмуш күчү аны дагы акырындык менен баш ийдире баштайт. Бирок ага бардык кыздарга тиешелүү ыйык сезим жана кыргыздын адеп сактаган салт кедерги болду. Кыздар өз ахыбалын айттырбай түшүнсө деп самашат. Түлкү аялын кетиргенин укмаксан болуп койду.

Эми жаратылыш өзү аялзаттын мындай табышмагын жандырууну кыргыздын эркектерине берген эмес окшойт (муну жакшы билгендер кийин кыргызды ааламга тааныткан чыгарма жазат), берсе дагы баарына тегиз жетпей калса керек. Кыскасы, ушундай белгиден кийин Соң-Көлдүн бетегеси көктөгөн маалда жарай турган аттарын агытып, кара тил болуп жүрүшкө жараганда, агасы Үчүкө экөө жараган жолдош алып, Какшаалдын (көп кыргыздар үчүн бул суунун заты да какшаал) суусун көздөй тизгин тартты. Жөнөкөй кишилердин күндө жаңылыштык кетиргени баарыбызга белгилүү. Мындай нерселер алардын жашоосуна эч таасирин тийгизбейт, баатырлар өмүрүндө бир жолу жаңылат экен, кайра анын орду толмогу кыйын. Болбосо, кол жыйнап барып, жалгыз жаткан Көгөн байдын айылын чаап алышка буларга эч ким тоскоол боло алмак эмес!

Бирок…

Кылымдан кылымга уланып келаткан, башка элге өөн болуп, алардын акыл-эсине түшүнүксүз көчмөн калктын өзгөчө үрп-адаты көп. Андай үрп-адатты ар кимисинин затына жараша бир-бирине такай колдонуп келишет. Эч кими аны айып көрбөйт. Ошентип экөө бир чети күйөөлөп, бир чети өзүлөрүнүн өнөрүн элге таанытканы нойгуттардын айылына келсе, Жаңыл кыз жок болуп чыгат. Ага өкүнгөн Үчүкө, Түлкү көчмөндөрдүн дагы бир ошондой адатын карматып, жигиттер кыздарга эмес, мырзалар-мырзага тийишкендей сөөлөт менен Жаңыл Мырзага тийише башташты. Чаламандын чак түшү, эл-журттун эчтекеден капары жок, жай-баракат отурган кезинде жуушап жаткан нойгуттардын жылкысын «жоо» сүрүп жөнөйт. Айыл заматта чакчелекей түштү. Тигилер калың жылкыны Какшаалдын жээгине салып айдап, анан Ичке-Төрдөн түндүктү карай имерип жөнөшөт. Ыштыкка жетсе бүттү, эч кандай куугун таппай калмак.

Минтип, бир чети «башын баштап бердик, калган жообун Жаңылдын өзүнөн күтөлү, баатырлардын сүрү ага кандай таасир берерин көрөлү» дешсе, экинчиден, «көккө жаңы тойгон жылкыны кызыл май кылып албайлы» деп (союп жеген атышат), арт жагынан түк кам санабаган ага-ини күн дигер таяганда, капчыгайдын оозуна жетет. Жылкыны Ийри-Жардын алдындагы сазга токтотуп, арасынан тандап жараган байталдын бирин мууздап, анын этин казанга жаңы аса баштаган маалда, алар узай электе артынан кабар жетип, жанында дайыма жоо-жарагы дайын Жаңылдын өзү булардын артынан жете келди.

Дагы бир жолу кайталай кетели, алдыбыздагы кыз – аялзаттын мырзасы эле!…

Адегенде булардын атын алыстан угуп келсе, эми жакындан көргөндө мырза кыз эч шашылбай, «баатырлардын сыпатын байкап көрүп, анан өнөрлөрүнө жараша жооп берейин» деп, далдоо жерге түшө калып, тигил экөөнү байкоого алат. Ошондо Жаңыл Мырза ага-ини экөөнү тең сынына толтурат, бөтөнчө Түлкү өзү элестеткендей, «сомдогондой билек бар, сом кара таш жүрөк бар», көңүлүнө чындап жагып, эми ачыкка чыга келээринде, каргашадай болуп Жаңылдан мурун тигилердин жанына кер тайган жетти. Шыбагасын биринчи алып көнгөн неме жаңы союлган жылкынын жыты менен шып эте казандын түбүнө кирип барат.

Окурман! Жаратылыш адам баласын жаратканда, телегейин тегиз кылган эмес, муну бөтөнчө бир-бирине ашык адамдардан ачык көрөбүз. Эгер, алар адегенде бир-бирин жактырып, анан кокус ушундай бирөөсү экинчисинин ыйык сезимине кичине эле доо кетирсе болду, өлүмдөн жалтанбас долу намыс акылга баш ийдирбей, алдыга салып, айдап алат. Бул жерде да дал ушундай болду!!!

Же чын эле Түлкүнүн оозунан төмөнкү сөз чыктыбы, же Жаңылдын өзү каңырыш уктубу – эми ал бизге түбөлүк табышмак. Айтор, «кер канчык» деген бир ооз сөз долуланган Жаңылды жаа тарттырып, Үчүкө менен Түлкүнүн ажалынын жетишине себеп болду.

Жаңыл Мырза кылчайбай, айлына кайтты.

...Жаңылдын жаа тарткан чеберчилиги ушунча, желдей сызып бараткан күлүктүн такасындагы жалгыз мык жалт-жулт деп бара жатса, ошол мыктын бөркүн түшүрө атчу экен.

Бул болжол менен 1675–77-жылдар болчу!

……………………………………………………………………………………

Көчмөндөрдө өзүн-өзү коргоо сезими өзгөчө өнүккөн – жайыты чектеш башка уруулардын кылт эткен кыймылын кирпик учунан сезип, жаманчылыкты алдын-ала көтөт. Баягы убактылуу тынччылыктан күмөн болуп жүргөн Жаманкул абаң да мындай жагдайдан шек санап, оң менен солду бир колго топтоого аракет жасап жүргөн экен! Бирок «Түлкү баатырга Жаңылды алып берсем, ойроту түгүл, кара кытай – манжуусу келсе да моюн бербейбиз» деп, келечекте чоң нерседен үмүт кылып жүргөн Жаманкулдун тилеги ушул эки баатырдын өлүмү менен кошо таш капты!

Үчүкө, Түлкү – алар менен кошо Атакозу, Чабак деген жигиттери 3 өлөт. Жаман окуя болгонун уккан Көгөн бай кокуйлап, элинен киши ала келип, ошол жерге көр каздырып, баатырлардын сөөгүн жашырат. Тирүү калгандар элине жетип, болгон окуяны угузат. Жаңылдын мындай өлөрмандыгынан чочуп калган кыргыздар эми Нарын менен Тарагайдан ары жайлаганын токтотуп, ал жерлер бир аз жылга ээн болуп калды.

...Жайыт тарыса, кыргыздын жаны тарыйт – жаздын бир күнү кыпчактан Шырдакбек, карабагыштан Калматай, иниси Төлөк, тейиттен Аккочкор, Каңкылар казактан Тоокени жигиттери менен чакыртып, Чүй ичиндеги Кара-Кырчынга 4 жыйын кылат.

...Санжырачылар Багыш менен Баарынды Карачородон таратышат. Багыштан – Куттук, Сейит, Көкүм. Куттук, Сейиттин тукуму карабагыш атанды. Көкүмдөн – Кантейиш. Кантейиштен – Аккочкор менен Каңкы. Кийин Аккочкор, Каңкынын тукуму акбагыш атанат. «Кыргызда багыш көп, казакта жаныш көп» деген сөз бар. «Жанышка» алдыдан кезигебиз.

Чогулганда, аксакалдар сөз баштайт:

– Ой балдар, барсыңарбы? Үчүкө, Түлкүнүн куну бекер калабы? Же ал экөөндөй эрди тууган катын жокпу? Койгула, мунуңар жарабайт. Туулмак дейт, туулгандан кийин акыры бир күнү бу жалган дүйнөдөн өтмөк дейт. Куну калса, кийинкилер токонаалат айтат. Бир карабет кызга каяша айта албай калышты эле дешер. Андай болуп, жолборс жүрөк эр тууган катындар калбаса, анда ошол карабет Жаңылдын өзүн алып келели, бир баатыр тууп берсин.

Акыры, карабеттин айылынан кабар алып, анан ошого жараша иш кылалы деген бүтүмгө токтоп, мындай ишке Аккочкорду ылайыктап, барып келүүгө алдына жакшы ат керек деп, ага Шырдакбектин боз жоргосун мингизишти. Шырдакбек анда ажалы ушул жоргосу менен жакшы көргөн көрөөр көз аялынан экенин али биле элек кези...

Ошондогу Бозжоргонун жүрүшүнө кулак салалы. Шырдакбек кыштын кыска күнү күн чыга Чолок-Кайыңдан 5 чыгып, тизгин тартпай, шашкеде Көк-Артты ашып, Кара-Шорого түшүп, түшкө жетпей Өзгөнгө жетип, шашпай, жорого аякташ болот. Анан бешим оогондо кайра тартып, бир чалдырбай келип, эл орунга отурганда үйүнө жетчү. Ээрин алганда жону кургак бойдон калат.

...Шырдакбек ошол атын берип жатып:

–Азанда аттанып, токтобой жүрсөң, кеч болгондо Ак-Сайга жетесиң. Түшөөрүң менен отко койбо! Аса байлап, уйкуңду кандыр. Таңга жакын жоргонун ичи кулдурттай баштаганда ойгоносуң. Откозуп, тойгондон кийин жол ула. Болбосо канаты бошоп, шайы оойт. Кайра тартканда да ошондой кыласың! -деп узатты.

Шырдакбектин айтканын так аткарган Аккочкор Ак-Сайга жетип түнөп, эртеси жоргонун оозун тартпай, Жаңыл Мырзанын айылына кирип барат. Аккочкор барганда жайлоого көчө тургандардын бирөөсү үлүш берип, Жаңыл кыз ошол үйдө отурган болот. Жаңы түшкөн жолоочуну «конок» деп, түз эле Жаңылдын үстүнө киргизишти. Аңгыча алдыга жылкынын эти тартылып, «мырза» деп кошомат кылышып, жалгыз табакка салып келип, учаны Жаңылга узатышат.

Мырза кыз алдына келген устаканынан бир кесип ооз тийип:

-Кесип, калгандарына да узат, -деп конокко сундурат.

Колуна уча тийген Аккочкор өзү кесип ооз тийип, эшикке чыгып, мамыдагы атына жетип, Ала-Тоого карай тизгин силкет. Баягы үлүш берип жаткандар эмне болуп кеткенин түшүнбөй кала берди. Ал кезде обочо үйгө табакты ат менен тартышчу экен, адеп көргөндөр ошолордун бири го деп ойлошот.

Иштин жайына Аккочкор узап кеткенде гана түшүнүштү.

– Мен берген уча кана? -дейт, эл-журт эсине келип, эки жагын карагыча кеч кириптир. Отурган кемпир-кесек алаканды шак коюп:

– Апей көтөк, эмне дейт? Ушундай да болобу? Атайы келген душман го? Оозубуздан алдырабызбы? Арты соо болбой калды мунуңардын,- деп, жамандыкка жоруп кала беришти. Жаңылдын дайнын билип алган Аккочкор арага кайра бир түнөп, эртеси баягы жыйындын үстүнө жете келет.

– Аа, балам, жараган экенсиң! Карабеттин ырыскысынан ооз тийгиздиң. Кудай-таалам буюрган пендесинен айырбайт. Буюрса, бороз болгон жалапты колго түшүрөт экенбиз. Аттаналы! -деше, баягы Жаңылдын өзү «ооз тийгиз» деп, «берип жиберген» учасынан тегиз ооз тийип, баталарын берип, Тоокени баш кылып, аттанып жөнөшөт.

Ак-Сайга жетип, өрүш кылып, «Жаңыл таанып калды» деп араларынан башка эки жигит таңдап, башка атка мингизип, «Жаңылдын жаткан жерин даана билип келгиле» деп тапшырышат. Эки жигит Ак-Сайдан түшүп келсе, эми үлүш берүүнүн кезеги Жаңыл Мырзанын өзүнө тийиптир. Үлүшкө келгендер көп, табакты Жаңылдын Долукара аты менен тарттыртып, өзү болсо азыр эле күйөөгө кетчүдөй, белине жазылыгы бир карыш күмүш каптатылган кемер курун курчап, баркыттан жасалган чепкенин желбегей жамынып, жээгине кундуз тери бастырылган кара бөркүн башына кийип, дөңсөө жерге отуруп, эл тоскондорду башкарып туруптур. Жаңы келген экөөнү «конок» деп, өзүнчө бир үйгө түшүртүп, отураары менен табак тарттырат. Эт желип болуп, күрүч кошулган устуканын баштыкка салып, аттанаарга келгенде ат тартып жаткан балдардан:

– Тээ дөбөдө отурган кара бөркчөн ким? -деп сурашса:

– Ботом, ал Жаңыл Мырза эмеспи, тааныбайсыңарбы? -дейт. Ичтен «ээ, буюрса жолубуз болот го» деп, Ак-Сайда күтүп жаткан жолдошторуна келип, жолдогу кароол, агао кошуп Жаңылдын жайын толугу менен айтып беришти.

Ошондо баары отуруп, кайра бир кеңеш кылып, көптөп барсак, бирөө болбосо бирөөнүн көзүнө чалдыгып калабыз. Андан көрө баштагыдай эле эки-үч киши жөнөтүп, калганыбыз Жаңылдын куугун сала турган жолунан тосот кылалы, деген чечимге токтошот. Бата кылып, жолун тактап, байкатпай барып, жолдогу кароолдорду байлап алып, ичинен бир нечеси таңдалып, Жаңылдын айлына аттанат.

Кемпирлердин чочуганы туура чыкты. Баягы чалгынчылардын дайны боюнча түп-түз келген жигиттер Ак-Чийде жаткан нойгуттардын бир нече миң жылкысын чаңдата алдыга салып, кайра тартты. Кооптуу нерсе жок, жай жаткан айылда Долукарадан башка жарактуу даяр ат табылбайт, ачуу заары бетине чыккан Жаңыл жылкы артынан жалгыз жөнөйт. Шырдакбектин Бозжоргосун минип, Боз-Дөбөнүн сеңиринен тосот кылган Аккочкор баатыр ушуну гана күтүп турган. Калың жылкы өтөт, көп узабай жылкынын артынан сан колдой сапырылып чаң чыгып, Жаңыл Мырза жалгыз келе жатат дейт. «Ээ кудай!» деп, жаратканына миң мертебе жалынган Аккочкор ошондо Боз-Дөбөдөн өтө берген ченде, «болоор кезде болуп өт, Бозжоргодой желип өт» деп, далайлар сыйынган Бозжоргону теминип, көзгө илээшпей келип, Долукараны койдуруп өткөндө, күү менен келе жаткан күлүк бир топ жерге сүрдүгүп келип жыгылат. Алдындагы аты сүрдүгүп, тоңкочук атып бара жатса, Жаңыл аттан жүгүрө түшүп, саадагын оңдогонго үлгүрөт. Эр жигит ага карабайт, Жаңылды далыдан алып, атка сүйрөтүп барып, анан жалга ашыра бөктөрүп кетет. Аңгыча болбой калган жолдоштору да жетип, чогулуп Долукараны кармап келишет. Мырза кыз менен таанышып болгондон кийин өзүнчө атка мингизип, бекем таңып, жолго чыгышат. Нойгуттан калың жылкы олжого туйтунуп, жолу болгонуна ыраазы болуп, аман-эсен Чүйгө жетишти.

Балээнин баары Жаңылды Чүйгө алып келгенден кийин башталды.

«Мен алам» деген киши чыкпай, «Аккочкордун эмгеги көп, ошого берели» дешсе:

– Сакалдуулар турса, мен алмак белем, -деп болбойт.

– Анда, Карабеттин үстүнө сакалдуубуз чыксын, -деген бүтүм чыгарып, мырза кызды карып калган Калматайга алып беришет.

Калматай баатыр Жаңыл Мырзага жаңы үй тиктиртип, аны обочороок кондуруп, мал-салын берип, өзү конок сыяктуу келип-кетип калыптыр. Чалдардын бүтүмүн уккан Жаңыл кыртыйып калат, бирок күнөөсүн билип, айласы жогунан «лам» деп ооз ачпай жүрө берет. Арадан айлар өтүп, атайы алыстан келип, Калматай чалдын жаңы алган токолун көргөндөр сээлдеп калганда, ошол арадагы Чулу деген жердеги камыштын арасынан киши чалган жолборс чыгып, ары-бери бастырып, айылчылаган элдин айласын түгөтө баштайт. Ошондо жеңеси Жаңылдын эрдигин көрүүгө ынтызар болгон кайнилери баягы жолборсту шылтоолоп:

– Эрдигиңизди көрсөтпөй жүрө бересизби? -деп Жаңылды тамашага алышат.

Ургаачы болуп туулса дагы коркуу деген эмне экенин билбеген жеңеси ага арданып, бир күнү тоюп алган жолборс камышка кирип кеткенин укканда, тигилерден болгону чылбыр сурайт. Узунураак кыл чылбыр таап беришет. Аны эки кабат кылып, билектен чыканакка чейин ороп, камыш аралай, жалгыз басып, жаткан жолборстун үстүнө кирип кетет. Тегеректеги элдин баары алысыраактан карап турат, көп өтпөй камыш ичи шатырап, карап тургандар: «бул катын соо болбой калды» -деп үрөйлөрү уча баштаганда, адегенде кыйкылдаган дабыш, артынан чала жан болгон жолборстун маараган үнү чыгып, Жаңыл көрүнөт. Карашса, жолборсту кыйкылдата кокосунан сүйрөп алган экен. Ошого да жүрөктөрү даабаган көпчүлүк качып, четке чыга берет.

Анда Жаңыл:

–Мышыктан корккон кандай жансыңар? –деп, эчак кемээчтелген жолборсту камыштын четине таштап, артын карабай үйүнө кетти.

Ушул окуядан эки-үч жыл өттү. Бирок «бээ туумайын байтал аты калбайт, катын туумайын келин аты калбайт» дейт болуп, кайнилери көргөн жерден жеңесин кыя өткөрбөй, тийишкенин коюшпайт. Анан бир күнү жайлоодон журт которуп жаткан учур, дагы бир (мунусу акыркысы) шарт келип, кайнилери:

–Ой жеңе! Ээрчип жүргөн биздей кайнилердин көңүлүн жеңеси ачат дешчү эле, өнөрүңүздү көрсөтпөй калдыңыз. Баары сизди аялдын сырттаны дешет, -деп, баягы жосундарын кайра башташат.

Муну уккан Жаңыл ичинен «силердиби, эсиңерден кеткис кылып бир кылыгымды көргөзөйүн» деп, сыртынан калп эле:

–Ээ боз балдар, өткөн нерселерди эске салып, каткан жараны жайына койбойлубу? -дейт.

Адамдын шору кайнарда ушинтип шайтан азгырат, жеңеси ого бетер жабышып:

– Ай жеңе! Жок дегенде жаа тарткан өнөрүңүздү көрөлү? -дешет.

Ошондо Мырза кыз макул болумуш болот:

– Эмесе өз жаамды таап бергиле!?

Кайнилери жарыша чуркап, төөгө бастырылып таңылган жүктү ачып, арасынан октору менен жааны таап келишти:

– Жеңеке, мына жарагың, өнөрүңдү аяба?

– Эми Долукарамды мингизгиле?

Мингизишет. Анда жеңеси кайнилеринен өнөрүн аябай калсын, адегенде бирөөсүнүн тебетейин асманга ыргыттырып, токтобой жаа чоюп, тебетейдин тамтыгы калбай калганча жерге түшүрбөй аткылап, анан өз өнөрүнө өзү кызый баштаганда чыдабай, Карадолу аттын үстүнөн оңдонуп, кайнилерине:

– Ой кайнилерим! Силер кастык кылганды койбодуңар. Күнөөмдү мойнума алып, бүлө болууга бел байласам, өзүм теңдүүлөр калбай калгансып, тизеси таштай катып, куураган чалыңардын алдына салып бердиңер. Буга чыдадым. Артынан кунун куугандар жок дегенсип, айлыңарда эркек жоктон бетер кийин мени киши чалган жолборско жумшадыңар. Аныңарга да макул дедим. Эми минтип, айылдагы жөн салды жүргөн бир катынга окшотуп, жүр-нарыга алып, эриккениңерде эрмек кылдыңар. Менин жадалым ушул жерден кармады. Мына, өнөрүм, өз көзүңөр менен көргүлө! -деп жаасын чоюп, үй тигип жаткандардын баарын кырып кирет.

Биринчилерден болуп, жакын кайниси Кожогул дегендин башы кетти 6 .

Төштө төө айдап жүргөн Калматай токолунун жоругун көрүп:

– Эй карабет! Баштамак элең баштадың. Эми тирүү калтырбай, мени да биротоло жайлай кет! -деп көкүрөгүн тосуп берди.

Айылдан бир аз узай бергенде, артынан Кочкорок деген кайниси жетет. Аны да ошол жерден жайлады. Ошону менен бүт кыргызга «карабет» атанган Жаңылдын артынан барышка киши чыкпады!

Кайтып бара жатып Түлкүнүн бейитине токтойт. Ээн талаада кыбыр эткен жан жок. Мололор бозоруп, белги коюлбаган бойдон. Жаңыл бир топко отуруп, кош бөйрөгүн солкулдата, өксүп-өксүп алды. Өксүткөн өзүнүн кайгылуу тагдырыбы, же жөн жерден болуп кеткен баатырлардын өлүмүбү, аны бизге айткан киши болгон жок. Бул дүйнөдө кетирген күнөөнү жаш менен жууп салууга болот, киши да эс алып калат – башкасын биле албадык...

Нойгут эли мурунку конушун тыштап, эчак Лопнурга көчүп кетиптир. Атасы Көгөн күйүттөн өлүп, артынан энеси кошо кайтып, сиңдиси Эбирешим калмакка баш байлап калган учур экен. Келип элин чогултуп, өлгөндөргө курмандык кылгандан кийин уйгурларга кыш бышыртып, төөлөргө артып Үчүкө, Түлкүнүн мүрзөсүнө белги койдурду. Ошондон баштап бул жер «Мөлө» аталып, эл сыйынган ыйык мазарга айланат.

...Көп узабай бир кара жолтой катындын артынан экинчиси чыгып, Бозжоргонун даңкы менен калмактарга алданган Шырдакбектин катыны Чачыкей күйөөсүнүн башын жутат. Хандар сурап бербеген,

Хан Шырдактын боз жорго.

Бектер сурап бербеген,

Бек Шырдактын боз жорго.

Катынды эрке сактаган,

Хан Шырдак сенден кезесин, -деген ыр калды анын артында…

Чачыкейге чейинки кыргыздар аялга сый мамиле кылчу экен. Ал окуялардын аягы азыркыга чейин сууй элек (азыр аялын ур-берге алып жаткан эркек болсо, ошол окуянын уландысы деп түшүнүшөт).

Казактагы Тооке хандын атагы ушундан баштап алыска кетти. «Нойгутту чаап, кыргыз-казакка намыс алып берди» дешкен казактар аны өздөрүнө хан көтөрүп алышат. Ушул айтылган окуялар 1680-жылдарга туш келет.

...Үчүкө менен Түлкү Жаңылдын колунан шейит болуп, көп өтпөй алардын күйүтүнөн атасы Сарысейит көз жумду. Ага удаалаш артынан Жаманкул кошо кетип, кыргызга бел болоорго баатырлар калбады. Жаманкул өлгөндө артында Төрөкочкор, Итбок, Бооке жана Кыдык аттуу төрт баласы жана аялынын боюндагы бир баласы калат. Айы-күнү жетип, аялы эркек бала төрөгөндө «Жаманкулдан калган белек» деп, баланын атын Белек коюшат.

Сарысейиттен болсо Кудаян менен Эрдене, Үчүкөдөн эс тартып калган Маматкул калды. Дөөлөткул, Оргу деген инилери жаш. Түлкүдөн баягы Деркен тууган жалгыз Тынай. Бул учурда Үчүкөнүн улуу уулу Маматкул он эки-он үч жашка келип калган. Эмне кылышсын, же Сарысейит, Жаманкул жок, же Үчүкө, Түлкүсү жок, калган балдар болсо жаш, намыска жакын кыргыз «таянар тоосу жок» дедирбей, ак боз бээден туура тогузду союп, казактан баягы Тоокени кайра чакырып: «жоо чыкса бирге бололу, эгер ушул антты бузсак төшү түктүү жер урсун» деп ант айтып, Сарысейиттин үчүнчү уулу Кудаянды кыргызга хан көтөрүшөт.

Анда Кудаяндын жашы жыйырмага толо элек кез…

Эми окурманым, Кудаяндын тагдыры башкаларга салыштырмалуу өзгөчө, аябаган оор болду. Эл башына оор күн түшүп турганда тагдырдын мындай жазымышын эр жигитке туш келтирбесин, анын үстүнө бул инсандын кыргыз элине хан болушу кийинки муундарга дээрлик бир жактуу таасир берип жүрөт.

Илгерки каада-салт билген аксакалдар, «ортолук кезде кыргыздарды бийлер бийлөөчү. Кыргыз менен казак бийин адегенде Кудай каалап, андан кийин калк каалаган. Жашынан акыл-парасаты башкалардан ашынып бара жаткандыктан аларды бий шайлап, хан көтөрүп келишкен. Бий атагы өз тукуму үзүлгөнчө, атадан-балага мурас катары тукум кууп келген. Ар бир адамдын тагдыры өз заманы менен ажырагыс болот, ошондуктан, анын тарыхын заманы менен кошо каралышы керек. Ошондо гана ар кимиси өзүнө жараша калыс баага татыйт. Эми окурманым, Кудаяндын тарыхтагы ордун толук ачып бере тургандар али алдыда, биздин баяндын өзөгү бир аз кийинки мезгил, ошондуктан алдыга жыла берели.

...Адамзат акылы жетпеген керемет сырлардын жандырмагын асмандан издейт. Билбегендерге ар кандай кубулуштар тир шумдук, же бир балээ болуп көрүнөт. Бөтөнчө заман тарып, адамзаттын пейили бузула баштаса, калк ичинде көзү ачыктар арбып, жүрөк түшүрө турган жаңылыктарды айтып берүүчүлөр көбөйөт. Бирок, аярлап караган киши анын ар бир жандырмагы ушул эле тегеректен табат.

Кудаяндын хан болгондон кийин кыргызды жыйнап, Кара-Тегин, Ысарды чаап алууну ойлоп жаткан. Бирок ал ою ишке ашпай калды. Ошо маалда алдын-ала бир шумдуктан кабар бергендей, кыш айыннын биринде, асманда жапжарык болуп жанган куйруктуу жылдыз пайда болду. Бир нече күн бою кетпей, түнкүсүн тоо арасы кадимкидей жаркырап, мурун мындай шумдукту көрбөгөн эл аны эң жаман жөрөлгө катары кабыл алды 7 . Дүйнөдөгү эң коркунучтуу нерсе – бул эртеңки күндөн коркуп, күн мурунтан дүрбөлөң түшүү. Эртеңкисинен корккон эл акыл-эсин тез жоготуп, эч нерсеге ишенбей калат. Ошол замат ал жогорудан берилген сыр катары бааланып, биринен-бири өтүп, үрөй учурган жоромолдор башталды. Ансыз дагы пас болуп турган элдин маанайын ого бетер суутат.

Кудаян да эл катары аны жамандыктын белгиси деп түшүнүп, карачоро элиндеги Абийир тукумунан Көчөк олуяны алдыртып, элдин жүрөгүн түшүргөн шумдук белги келечекте эмне жаңылык алып келерин жоруттурат.

Анда Көчөк:

– Сен бүтүн кыргызга хан болдуң. Сенде сын жок, - деп, адегенде сынабай коёт.

Кудаян болбой:

– Мындай укмушту сенден башка жоруй албайт, -дейт.

–Кой десем болбодуң, куйруктуу жылдыз Үркөрдөн чыгып, анан ылдыйлап, Чоң Жетигенден өтүп караанын үздү. Топ Үркөр – топтолушкан кара калмак. Аларга туруштук бере албай, элди кара көпөлөк айдап, шамалдай учурат. Чоң-Жетиген Нарын дарыясынын нугу. Жылдыз өчөөрүндө баш жагы аябай жарык болуп барып өчтү. Ал жарык өзүңсүң. Нарын суусунан өтө албай көбү кырылып, жарымы аркы өйүз, жарымы берки өйүздө калмай болду. Өзүңдүн айлаң куруп, чөп алачыкта жатып жан берет экенсиң. Муну өзүң жоруттуң. Туура эмес жорусам эки дүйнөдө тең күнөөнү өзүм тартам. Кесип алсаң баш мына, жыгып алсаң Төөбоз мына, -деп, Кудаяндын үрөйүн учура, өтө катуу жоруп, атынан түшүп, басып кетет...

Элдин башынан бул окуялар өтүп жаткан кез 1683–84-жылдар болчу.

Анан, ошол куйруктуу жылдыздын элеси элдин көз алдынан өчүп, унут боло элегинде алчы-таасынан бери эчак согушка даяр Жуңгар хандыгынын колу тоо ылдый кулаган көчкүдөй болуп, Орто Азияны жайпап өттү! Бул заманда башка элди басып алуу үчүн шылтоо издөөнүн кажети жок эле. Шылтоо таап (жок болсо жасап алып), басып алуу XIX кылымда гана башталат. Азыр болсо кол топтогондон өткөн шылтоо жок, колуң топтолсо ал өзү эле табылат.

Эмесе, кезеги келип калды, кичине токтолуп, ошол жоону сөз кылалы.

…Өмүр бою бири-бирине душмандыктан башка мамиле кылбай, алдуусу алы жогун, алдуусун болсо бир нече алы жогу чогулуп алып талкалап, өзүмчүлдүк менен өз көмөчүнө күл тарткандан башканы билбей, жалгыз гана өзүлөрүнөн күчтүү, «кыңк» дегизбей муунта кармаган колго баш ийе турган ойротторду чорос (жорос деп да аталышы мүмкүн) уругунан чыккан Куту Көчүн 8 түрдүү амал-айлага салып баш ийдирип, атасы Каракул өлгөндөн кийин Алтай, Күкүнордон Калка жана Тибет, Тарбагатай тоолорун жайлап жүргөн он сан элди бир колго бириктире баштайт.

Бирөөсүн күчкө салып чаап, экинчисин алдап-соолап, тартуу жиберип, үчүнчүсүн курулай коркутуп, бирөөнө кызын берип, экинчисинин кызын алып, келечекте дагы бир Чыңгыз хандын мамлекетиндей зор мамлекет курууну максат кылып, түн уйкусунан кечип өттү. Күч колдонуп, минтип бириктире баштаган Көчүндүн зордугуна чыдабаган аймакташ башка уруулар эзелтен берки жайлап жүргөн жайытын таштап, чар тарапка сүрүлүдү. Көчүндөн мурун эле эки жүз миңге жакын тыргоот, дөрбөттөр Өрүлүк менен Тайчы ханды ээрчип, адегенде Иртыш, Тобол, Обь дарыяларынын жээгине жайгашты. Бирок, сибирлик кыргыздар тынчын алып, кайра-кайра кол салышынан улам, 1621-жылдары Эдилдин жээгине көчүштү. Жүз миңге жакын кошуттар Байбагас хандын экинчи уулу Төрө Майчыны 9 ээрчип Күкүнорга; койуттар 10 Жасактуу хандын артынан Калкага (Түндүк Монголия) сүрүлөт. Көчүндүн жанында чоростор менен Байбагас хандын улуу уулу – өзүнүн күйөө баласы Көчүрдү Чечен хандын 11 кол алдындагы кошуттардын жарымы жана олоттор 12 калат.

Ушул жанында калган ойроттордун жардамына таянган Көчүн өзү келечектеги чоң хандыктын негизин түптөдү. Кыска жана ар окуяларга бай болгон бул мамлекеттин пайдубалы ушул Көчүндүн тушунда негизделди. 1639-жылы Далай Лама ага «куңтээжи» деген наам берип 13 , атын «Эрдене» деп которот. Ушундан баштап, анын Көчүн деген ысымы унутулуп, кийин тарыхта «Эрдене баатыр коңтаажы» деген ат менен калды.

Ал демилге көтөрүп, 1640-жылы Тарбагатайда ойроттун кырк төрт ханы катышкан чоң курултай болуп өттү. Негизги жобо болуп – кошуна уруулар бири-бирин эч себепсиз чапса куну 100 чопкут, 100 төө жана 1000 жылкы айып, ал эми душмандын кабарын жашыргандар жайытынан түбөлүк кубаланып, себепсиз жоокерчиликтен баш тарткандарга өлүм жазасы колдонулуп, согушка кечилдерден башкасынын баарысы толук милдеттүү деген чечим кабыл алынат.

Ушинтип ойроттордун теңинен көбүн бир жобого баш ийдирген Эрдене баатыр 1653-жылы жарык дүйнө менен кош айтышат. Өлөөрүндө мураскор кылып, 1638-ж. туулган уулу Сеңгени дайындайт. Мунун натыйжасында кийин он бир тууган бир-бирине каршы элдешпес душманга айланып, биринин өлүмүн экинчиси көксөй турган шарт түзүлдү. Анын үстүнө көчмөн заманда айтылган анттар эч аткарылбай, түзүлгөн келишимдер күнүмдүк болуп, мындан пайдаланып оңолуп ала коюуга мүмкүнчүлүк издешип, учуру келсе өз пайдасы үчүн бардык амал колдонулган заман эле. Эрдененин өлүмүнөн көп узабай, Сеңгенин энеси башка бир туугандары Оңчон (орустарда Цзотбой) менен Чечен тайшалар 14 атасына берген мурдагы шертинен жанып, кошут Байбагас хандын эң кичүү баласы, Көчүрдү-Чечен хандын иниси – Аблай тайша менен жашыруун келишип, Сеңгенин бийлигинен баш тартышты. Ошентип, Калкага барып, өзүлөрүнчө «Оң жак хандыгын» 15 түзөт.

Орустарга коркунучту да адегенде ушу Абылай тайша баштады. Айласы кеткен алар казак-орус Ермактын уламышка айланган канжарын тартуу кылып жаны тынат.

Өздөн чыккан жат жаман, булардын мындай чыккынчылыгы Сеңге үчүн оор болду, ошондуктан анын кол алдындагы чорос, кошут, койут, олот, тыргоот, дөрбөттөр 16 да өз алдынча хандык куруп, Жуңгар хандыгы, же «Сол жак хандыгы» 17 түзүлгөнүн жарыя кылат. Ушуну менен орто кылымдын тарыхында баш-аягы бир кылымга жетпеген убакытка созулган жаңы хандык – Жуңгар хандыгы пайда болду.

Агаларынын чыккынчылыгын өчөшкөн Сеңге баш-аягы он чакты жылдын ичинде бир тартипке келтирип, адегенде ондуктарга, анан кырктыктарга, андан өйдө жүздүктөргө ирээттеп, алардын үстүнөн «жайсаң» (кытай тилинде цзай сян – жергиликтүү бий) коюп, булардын үстүнөн кайра нойон, же тайшаны («тэж») башкартып, шамалдай сызган зор күч кураганга жетишет. 1656-жылдагы Көшү хандын өлүмүнөн баштап, сан кол менен аттанып барып, Алтын хандыгынын акыркы тайшасы Дабаны 18 колго түшүрүп, аны өзү келип багынбаганын кээкерлеп, башкаларга да сабак болсун үчүн оозуна иттин этин тыгып, колу-бутун кескилеп, маскаралап өлтүрөт. Ушуну менен илгерки, XVI кылымдын аягында Жолой Уубашы түзгөн Алтын хандыгынын күнү бүттү. Натыйжада Жуңгар хандыгынын ээликтери тездеп кеңейе баштайт.

Ошол Эрдене баатырдын он баласынын ичинен бизге көбүрөөк тиешелүүсү – анын 1645-жылы туулган жетинчи баласы Калдаң. Кошуналарына кандуу жүрүш жасаганды адеп баштаган ушул болгондуктан, биз аны кичине кененирээк сүрөттөй кетели. Бою кичине болсо да толук денелүү, маңдайы жазы, бийик кабагы кылыйган көздөрүн жаап, эмне ою бар экенин бөлөк жанга сездирбей, маңдайындагы кишисин жумшак карап тургансыйт. Сейрек чыккан муруту бар, сакал жок, колдору быртыйып, кыска манжалары менен таалайына бир келген мансапты бекем мыкчып калчудай болуп, атак-даңкты өз энесинен да артык көрөт. Албетте, мунун келбетин кийин эле калыбына келтиришти, бирок анын сезгичтиги башка туугандарынан өзгөчө ашып кеткени талашсыз. Атасы Эрдененин көзү тирүүсүндө эле он баланын ичинен ортончу баласына эч кезек жок экенине көзү жетип, өз атын ааламга таратчу атак-даңкты башка жактан издөөнү чечет.

…Тээ илгертен бери эле экинчи бирөөлөрдүн башкалардан обочолонгон түнт турмушу калгандарына өзүнчө сыйкыр көрүнүп, анан андай күч аларды да чыракка айланган жетим көпөлөктөй кылып, кайра өзүнө тартып келген. Ушундай сыйкырлуу күчтүн бирөө Тибетте болчу (азыр деле бар). Бийликке жетүүгө эң жакын жол да ушул жерден башталат. Ошону менен бийлик талашууга алы келе элек Калдаң адегенде Тибеттеги азыркы Лхассыга 19 жетип, бутканада пайда болду.

Ал мезгилде ойроттор шаман динине ишенүүдөн баш тартып, 1616-жылдан бери лама динине ооп, Далай Ламага 20 сыйынып калган. Кечил болуп кызмат кирип, жыйырма беш жашка жеткенде «кутукты» 21 деген диндик наамга жетип , мансапка жасаган чапчаңдыгы көрүндү. Кызыгы Калдаң кечил болуп кызмат кылып жүрүп, бутканадан 22 кеткенден кийин Далай Лама өлөт, бирок анын өлгөнүн башка жан кишилер билбестен жаңысы да шайланбай, орду көп жылдар бош калат. Калдаңдын ал иштерге тиешеси бар-жогу али тактала элек, болгону эскерте кетели дегенибиз – лама дининин тарыхында мындай окуя мурун болгон эмес, экинчи жолу дагы кайталанбайт.

...Ошентип баарына кайыл болгон Калдаң көз ачып-жумганча ушул жерде пайда болуп, кечилдик турмушту кабыл алды. Далай Ламанын ордун алышка укугу жок, анткени бул динге сыйынуучулар Далай Лама өлгөндө анын жаны жаңы туулган жаш балага өтөт дешип (алар азыркыга чейин ошол биринчи Далай Лама жашап келет деп ишенишет), бир Далай Лама өлөөр замат, анын ордуна жаңы туулган балдардын бир нечесин ылайыкташат. Кийин алардын ичинен жалгыз бирөөнү таңдап, анан белгилүү мөөнөткө чейин тарбиялап, ал бүткөндө Далай Лама кылып шайлашат. Демек бул жерде Калдаң үчүн бардык жактан жол жабык эле.

Бутканада жаңыдан даражасы көтөрүлө баштаганда – же берки кечилдердин бактысыбы, же баштарына түшө турган башка бир мүшкүлдөн кутулуштубу, же Калдаңдын өзүнүн таалайынын тайкысынанбы (ага бир аздан кийин күбө болобуз), иши кылып, кутукты болуп жүргөнүнө эки жыл болбой, 1670-жылы бийлиги жаңы бекемделип, айланасындагы көчмөндөргө таанылып калган кезинде белгисиз бирөөлөрдүн тукуруусу менен уктап жаткан жеринен Сеңге өлтүрүлөт. Ушинтип Эрдененин калган тогуз баланын ар биринин бийликке келишине жол ачылды. Сеңгени өлтүргөн Оңчоң, бийликке жеткени Тибеттеги кутукты Калдаң болот.

Кандай себеп менен экени белгисиз, кабар жеткенде кечилдер сыйынып отурган курулда эмес, жездеси Көчүрдүнүн өргөөсүндө экен. Инисинин өлгөнү тууралуу кабар жеткенде, Тибетке кабарчы чаптырып, өзү дагы бир жолу капысытан Тарбагатайдагы Сеңгенин өргөөсүндө пайда болуп, жесир калган келинин 23 никелеп, бүт Жуңгарияны өз колуна алды. Бийликке жеткенден кийин, Орус жана Чин империялары менен тынчтык келишимин жөнгө салып, анан тегерегиндеги майда хандыктарды чаап ала баштайт. Эң биринчи болуп, бир кезде атасы Эрденени ар дайым колдоп келген жездеси Көчүрдү-Чечен хандын башы кетти. Мындан мурун башка бир тууганы – Соно Араптан ууланып өлгөн. Мунун дагы Калдаң колдуу болгону эч кимге жашыруун эмес эле. 1676-жылы улуу агасы Чечен тайшынын башы алынат. Ушуну менен Түштүк Монголиянын батышы болгон Ордостон баштап Күкүнорго чейинки жерлер Жуңгар хандыгынын кол алдына өттү. Кийинки 1677-жылы Алачын хандыгы, 1678-жылы Калкадан ойроттордон бөлүнө качкан атасы Эрдененин бир тууганы Сокур (Чохур) Уубашынын колу талкаланат. Кошуна уруулардын кандары суудай төгүлө баштаганда, көпчүлүгү кайрадан Эдил жээгине, Өрүлүктүн небереси Аюуке хандын 24 алдына кире качат. Атасы Шүкүр тайшанын кадыры ханга татыктуу болгону менен орус бийлигинен корконунан ал өзүн «хан» атаган жок. Эдил жээгиндеги калмакка «хан» болуп биринчи Аюуке аталды. Натыйжада бир кездеги түбү бир, азыр түбөлүккө эки башка хандыкка ажыроонун алдында турган бул экөөнүн ортосунда араздык башталды.

Калдаң келечегине ашыгып, кечилдиктен кечкен менен өмүрүнүн аягына чейин Тибет менен байланышын үзбөй жүрүп, туура отуз төрт жашында Далай Ламанын колунан «Бошокту» («мансаптуу», «ырайымдуу») деген наам алат. Кээ бири бул атты өзүнө зордук менен ыйгарып алган дешет. Эмнеси болсо да, ушундан кийин ал тарых барактарында «Калдаң Бошокту» деген ат менен калды. Көчүрдү-Чечен хандын өлүмү менен Бошокту бир тууганы Сеңгенин уулу Араптанды өзүнө душман кылды. Анткени Көчүрдү хандын небереси Акай сулуу келечекте Араптандын колуктусу болмок. Бошокту болсо жакын туугандарынан кутулууну токтоткон жок. Бир күнү кезек Араптанга келип, ал уктап жаткан жеринен өлтүрүлө турган болгондо, атасына берилген жети нөкөрдүн жардамы менен түн ичинде качып чыгат. Акыры бул окуялар Чин империясынын жуңгарлардын ички ишине кийлигишүү үчүн шарт түзө турган шылтоо болду.

Учуру келип калгандыктан, бизге эми Кичи Бухара-Чыгыш Түркстандын тарыхына да кыскача токтоло кетүүгө туура келет.

XVII кылымдын башында Фергана өрөөнүнөн чыккан Ахмед Сейит Жалалиддин дегендин эки уулу – Калан менен Ыскак Ферганадан Кичи Бухарага келип, ислам дининин калыптанышына көмөктөшүп, өзүлөрүн «кожо» деп атап, биротоло ушул жакта калып калышкан эле. Улуу агасы кожо Калан өз атын «Мухаммед Эмин» 25 деп которуп, кийин иниси Ыскактын 26 бул жердеги кыргыздарга таасири күчөп баратканына ичи күйүп, ал өлгөндөн кийин анын кылган иштерине каршы күрөш жүргүзүп кирет. Бир туугандардын ушинтип, бири-бирин көрө албай ичи тардыктан чыккан күрөшү кылымдарга уланды. Эки жаат күрөш башталганда кыргыздар да экиге бөлүнүп, Ыскак тарабындагылардын көп бөлүгү Кара-Тоолук болгондуктан тарыхта алар «кара такыя», же «кара-тоолуктар», Мухаммед Эмин тарабындагылар «ак такыялуулар» деп аталат. Мухаммед Эминден Мухаммед Жусуп, андан Идаятулла – кийин ал тарыхта «Аппак кожо» деген ат менен калат.

Ыскактан– Шады. Андан –Данияр. 1670-жылы Кичи Бухарадагы бийликке Абдылданын иниси Исмаил келип, «кара-тоолуктардын» атаандашы Мухаммед Жусупту өлтүрүп, анын уулу Идаятулланы Кашкардан кууп чыгат. Башы аман калган Идаятулла качып, адегенде Комулга, андан Тибетке – Далай Ламанын алдына келип, тизе бүгүп, ага жакты. Кийин андан жолдомо кат алып, Бошоктунун колдоосуна ээ болот. Анын жардамы менен 1678-жылы Кашкар, анан Жаркентти алып, баштапкы борбор – Кашкарды чанып, Жаркентти борборго айландырып, өзүн «ааламдын кожосу» («Аппак кожо») деп атады. Ушуну менен Кичи Бухарада «ак такыялуулардын» бийлиги орнойт. Мындай жагдай калмактар басып алган жерлерге кийинки чин өкмөтүнүн доо коюшуна себеп болот.

Көп өтпөй Аппак кожо өзү да кайра ойротторго каршы чыгат, андан пайдаланган Исмаилдин иниси Акбаш Жаркентти басып алып, Кожентте жүргөн кара такыя Даниярды алдырып келип, бий кылып тынат.

…Ошентип, мындан бир аз мурун, же Эрдене баатыр коңтаажы менен Сенгенин мезгилинде Кичи Бухарадын абалы оорлой баштады. 1679-жылы Калдаң Бошокту Комул жана Турпанга караган аймактарды басып алып, 1680-жылы отуз миң колу менен Калкага кирип, Чукун, Төшөктү хандарды Чин империясынынын кол алдына кире качууга аргасыз кылат. Буга чейин, «жапайылар бирин-бири кырып, көбү кырылса, айласы кетип өзүлөрү бизден жардам сурайт. Так ошондо биз кан төгүп отурбай, түбөлүк бийлигибизди орнотуп алабыз» деп жүргөн Канси 27 Калдаң Бошоктунун Калкага жакын кирип келгенин укканда шаштысы кетип, болгон аскерин ал жакка жумшады.

Азыркы Кансинин шаштысын кетирген ойроттордун колунун саны болгону жалпы аскердин үчтөн бир гана бөлүгү болчу. Калган жетимиш миңге жакын колу жолундагы болгон тоскоолдуктардын баарын көз ирмемде шыпырып өтүүгө даяр болуп, Тарбагатайда тирелип турган. Баягы Жаманкулдун жүрөгүн өйүгөн санаанын эң башкы себеби ушул!

Мындай колго каяша айтчу жан барбы?

…………………………………………………………………………………….

Урматтуу окурман! Баш сөздүн аягына чыгып жатып, же кыргыздардын кандай себептер менен Фергана өрөөнүнө сүрүлгөнүн түшүндүрүп болуп, баяныбыздын негизги бөлүмүнө келип калганда, чын дилибизден белгилей кетчү бир нерсе – бул Жуңгар хандыгынын кыргыз элине салган азабын биздин улуу манасчылардан артык сүрөттөп бере турган калем азырынча жарала элек десек болот!!!

…Бала кезде чоң ата – чоң энелерибиз сураса, кайра-кайра башынан түшүп, «Манасты» окуй берчү элек. Ошондо улуу эпосту угуп отуруп, эти качкан, бет сөөктөрү ылдый таамп жаткан көз жашы биздин дагы боконобузду болкулдатканы менен анын эмне себеп таамп жатканын так түшүнчү эмес экенбиз. Көрсө, ал кишилер да убагында туулган жеринен ажырап, баштарынан үркүндү өткөрүп, киндик кан тамган жердин касиетин баалап, андай ааламатты манасчылардан башка эч кимдин көксө суутуп, жүрөк титиретип сүрөттөп бере албастыгын билип, кайра-кайра укса да моокум канбай, көз жашына ээ боло албай жүрүшчү экен. Кийин түшүндүк.

Манасчылардын сөзүнө кулак салуунун кезеги эми бизге келди...

Куруп кеткен бул күндө,

Кур кайраттан пайда жок!

Бизде каяша айтаар хан да,

Кармашаарга ал да жок! – дейт.

Биз болсо буга кошулбай, бир күнү каяша айтып, ойрот менен кармаша турган эрлер тууларын унутпай, экинчи бөлүмгө өтөлү.

  • Азыр алар өзүлөрүн уйгурбуз деп эсептешет.

  • Кичи Букар деп да атала берет.

  • Саяк Шыкмаматтын Култайынан Бөөбүй. Бөөбүйдөн Тейиш, Тилек. Тейиштен Атакозу, Чабак.

  • Ак-Суунун Чүйгө куйган жери. Азыркы Камышыановканын түндүк-батышында. Анын чыгышында Калы-Куту, түндүгүндө Жайсаңдын жотосу деген кыргыз санжырасында көп кездешкен топонимдер орун алган.

  • Азыркы Ак-Талаанын Ала-Бука суусунун жээги.

  • Ушул жер кийинкиге чейин «Кожогулдун сайы» деп аталган дешет.

  • Бул куйруктуу жылдыз кадимки Галлей кометасы эле.

  • Орусчасы Хуту Коцун, 1635–53-жылдары хандык кылган.

  • Кийин бул Тибетти каратып, ал жердин башчысы Жамбыны өлтүрүп, Далай Ламанын колунан Көшү хан деген ысым алат.

  • Орусчасы хойт.

  • Очирту Цецен – Көчүндүн оң колу, өзү анын кызына үйлөнүп, Ану деген кызын кайра Эрдененин уулу Сенгеге берген.

  • Элют, элет, өлөт – өзүлөрүн «каракан» деп аташат.

  • Калмакча «куң» – уулу, күчтүү, «куңтээж»- улуу хан. «Тэж»- болсо ханзаада деген сөз. Кыргызчасы – «коңтаажы».

  • Сеңге, Калдаңдын энеси Умагач. Оңчон, Чечендин энеси Дарыбасалчы.

  • Ойроттордун тилинде «баруң» – оң, «кар» – каруу, кол.

  • Өз ара «кара калмак» деп да аталышат.

  • Ойрот тыбышы менен «зуң» – сол, адегенде орустар «зюнгарлар» же, «зенгорлор» деп туура жазышкан. Баары бир тарыхта «Жуңгар» болуп аталып калды.

  • Лобзан.

  • Ал учурда калмактар «Зу» дешкен.

  • Манаста «Лайлаама», «Далай» деген сөз моңгол тилинен «деңиз», ал эми «лама» болсо бийиктикти билдирип, эки түшүнүк маанисине карата «деңиздей тереңдик» дегенди түшүндүрөт. Бутпарас (будда) дининин бир бутагы болгон бул дин – тирүү жандар эч качан өлбөй, алардын жаны улам бир жандыкка ооп, кайра-кайра жарала берет, аягында «нирвана» – кубулуу, түбөлүк тирүү нерсеге айланат деген ишенимге ишенет.

  • Министрлик наам.

  • Калмакча «курул».

  • Сеңгенин Ану деген аялы, Араптандын энеси.

  • Аюукени он эки жашка чыкканча Эрдене коңтаажы тарбиялаган.

  • Арабча «ишенимдүү киши».

  • Тарыхта «Касирет Эшен» деген ат менен калды.

  • А. Байтур боюнча кыргызчасы Каң Чий (1662–1722).

  • Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter

    Вместе с этим также читают: