Маматкул менен Болот

Орто Азияга кимдер гана кызыкпады! Тарыхта калгандардан тээ атам замандагы Искендер-Зулкарнайдан 1 баштап кийин перстер, анан араб менен түрк, кыскасы көз артпаган киши калган жок. Кечээки Наполеон менен Гитлер да ушул Орто Азия үчүн кандуу согуш баштаган. Андан көрө бул жакка кайсыл элдердин жүрүш жасабаганын эсептесек, аягына тезирээк чыгат болушубуз керек. Албетте, көз арттырып, өзүнө азгыруу жагынан биринчи орунда Индия турат. Бирок илгертен бери уламыш менен жомокторго даңаза болуп келген ошол Индияны басып алуу үчүн бардык баскынчылар Орто Азияны пайдаланып, болгон согуштардын запкысын орто жерден адегенде ушул Орто Азиянын көчмөндөрү тартып келди.

Андан көп өтпөй орто кылым башталып, Орто Азиянын өзү жөнүндө да Индиядан өткөн уламыштар жаралат. Чыңгыз хандын дооруна туш келген учур ушул. Мунун баарын баян кылып отурсак, ага бир нече китеп чак келбейт. Кыскасын айтканда, ар кылым сайын Орто Азия баскынчылардын оор запкыларынан кур калган жок.

Эми XVII кылымдын аягы, XVIII кылымдын башында мындай запкыны жаңы түзүлгөн Жуңгар хандыгы көргөздү.

…Аныктамасы боюнча согуштун башталышынын шартына бир нече себеп керек. Эң негизгиси – биринчиден, бийлик үчүн башталган согуш, же адамдардын жеке максатын ишке ашыруу; экинчиден, жерге жана жайыттарга болгон кызыкчылык; үчүнчүдөн, өзүнүн эли-жерин алдын-ала баскынчылардан коргоп калуу; төртүнчүдөн, диний согуш же, зордук менен башка диндеги адамдарды өз динине баш ийдирүү.

Жуңгар хандыгынын Орто Азияга баштаган согушуна ушул акыркы экөөнөн башкасы эң башкы себеп болуп эсептелет. Ошентип жер жайнаган ойроттун колуна Кудаян башында болгон алакандай кыргыздар кайдан туруштук бере алмак – баш-аягы кайда калганы билинбей, башы бапан, аягы сапан, ар ким өз арбайын согуп, баягы казактар менен болгон анттын баары унутулган, көк шиберге көнүп бүткөн тамандарын чор кылып, Анжиян тарапты багыт ала сүрүлдү.

…Сүрүлгөн эл менен кошо Маматкулдун кош бойлуу болуп, айы-күнүнө жетип калган аялы Калемкаш да келет. Бир жагынан ат үстүнөн түшпөй, узак жолдо кош бойлуу дене жанчылып, эрдин кесе тиштеп, араң чыдап келе жатат. Элдин алды кай жерге жеткенин билген киши болгон жок, артта келе жаткандар болсо аргасыз Калемкашка каралап, жай жүрүүгө мажбур болушту. Ошондо же зайыбы Калемкаштын кыйналып келе жатканы болдубу, же эл менен кошо көргөн азап-тозогу ага таасирин тийгиздиби, айтор ушундай оор күндөрдүн бир түнүндө кыйналып уктап жаткан Маматкул укмуштуудай түш көрөт.

Түшүндө кай жерде жүргөнү белгисиз, айланын баарын коюу туман басып калган, чөлбү-тообу, карыш жерди көрө албай, карайлап жүргөн болот. Жол таппай карайлап жүрсө, жакын жерлерден шаңшыган добуш чыкты. Мындай үндү капкайдан жазбай тааныган Маматкул баягы үндү улап, борчук таштын түбүнөн канат жайып, бир нерсеге айбат кылып отурган балапан бүркүттү көрөт. Аны көрүп, үстүндөгү чапанын чечип, баса калат. Караса, оңой бүркүт эместей, мойну өзүнчө жоон казык, тырмагы болот , текөөрү темирдей экен. Аны көргөн Маматкул балапан бүркүттү бир нерсеге салсам дейт. Бирок, бир чети «колдон чыгарсам туманда адашып, таппай каламбы?» деп, бир туруп балапанды кыя албайт. Аңгыча болбой батыш жактан сыдырым жел сого баштап, туман тарап, адегенде өзү келген чыгыш тарап тазарып, күндүн көзү көрүнөт. Эки жагын караса, өзү кадимки бала кезде чоңоюп өскөн Соң-Көлдө экен. Эл-журт чогулуп, тегеректеп – атчаны бар, жөөсү бар. Элдин баары чурулдап, баягы балапан бүркүттү бир нерсеге салууну суранып туруптур. Ошондо Маматкул: «мынча болду, элдин назарын сындырбай, жаш болсо да салчу немеге салайын балапанды» деп, өйдөлөп басса, колундагы балапан ормолоңдоп томого салына элек башын туш тарапка созуп, эки жагын карана баштайт. Мунун аң ала турганына чындап ишенген Маматкул улам жогорулап, тоонун башына жетейин деп, шаша басып бара жаткан учурунда ойгонуп кетти.

Көзүн ачса, таң жаңыдан атып келатат, өзү алка-шалка болуп тердеп, таңдайы кургап шалдырап калыптыр. Жашы али эки мүчөлгө толо элек болсо да көп нерсени көрүп калган Маматкул түшкө аябай ишенет, оюна ар нерсе келип, «кап!» деп өкүнө, эсине келе албай көпкө отуруп, анан күбүрөп дубасын окуп, шейит болгон ата-бабаларынын арбактарына бата кылды. Иниси Дөөлөткул түштү дурус жоруган адам болгон, көргөн түшүн эртеси ошого жорутат. Иниси, «Келечектен күдөр үзбөйлү аба. Буюрса, кайра кайрылып Соң-Көлгө отурган турган учур келет экен. Уучубуз толуп, эл чогулганда жетет экенбиз. Жеңебиз удаасы менен эки эркек төрөйт окшойт, атын Болот, Темир коюңуз», деп жакшылыкка жоруйт. Маматкул бул түшүн өмүр бою унуткан жок, ал түш ага шам сыяктуу жол көрсөткүч болуп калды.

Ушинтип жакшылыктын алгачкы кабары адегенде ушул Сыр-Дарыянын жээгинен угулат. Маматкул аялынын толгоосу келип калганын билгенде дарыянын жээгине үй тигип, түндүгүнө кебез байлайт. Кудаян болсо аркы өйүзгө өтүп кетет. Ушул окуядан эки-үч күн өтүп, Калемкаштын толгоосу башталды. Бүткөн боюнан салаалаган тер кетип, аман-эсен эркек бала төрөйт. Тегеректеги катын-калач чогулуп, ырымдарын жасагандан кийин, өгүнкү көргөн түшү көңүлүнөн кете элек Маматкул асан чакырып, баланын атын «Болот» деп койдурат.

...Эки жыл өтүп-өтпөй, баягы биринчи баласы Болот там-туң басып калган, Калемкаш Маматкулга дагы бир эркек бала төрөп берет, көргөн түшү өңүндө дагы бир жолу кабыл болуп, Маматкул кийинки баласынын атын эми «Темир» коёт. Тагдырдын жазымышына ылайык Болот, Темир ушул Фергана өрөөнүндө туулуп, алгачкы көргөн жери да Фергана болду. Баягы Көчөк олуянын айткандары туура келип, хан Кудаян Сыр-Дарыянын аркы жээгинен көз жумат. Маматкул менен Дөөлөткул анын сөөгүн Арстанбап (кээде Арсланбап деп дагы айтыла берет) суусунун жээгине койду. Кудаян хандын тукуму кийин «тоголок» аталып, тарыхчы Осмонаалы молдо Кыдык уулу бул урукту ошол Оротөбө менен Коженттен да кездештирдим деп жазат.

...Манасчы Балыкооздун өмүрү өзүнчө чоң жомок, ага алдыда жолугарбыз – негизи Анжиян – Алай, Талас – Сыр-Дарыя бойлору байыртадан бери эле кыргыз жердеп келген жер болгон. Ошол Балыкооз аны:

...Сырдын боюн жайлаган, сыдыра бээ байлаган,

Үйү сайын бозо бар, чогулушкан жоро бар.

Жоро сайын бийи бар, чоко (ортосуна) салган ордо бар,

Кыргыз, кыпчак, курама, маңгыт деген эли бар.

Кыргыздан чыккан Ороз деген беги бар,

Сырдын боюн гүлдөткөн, ордо салып түрдөткөн – дейт.

Ороздун тукуму тың чыгып, тынбай хан болуп жүрүштү. Алардын бири Калы бийдин уулу Баласагын болот. Дал ошол Баласагын мурун сарт атанып жүргөн, казыр өзбек атанып жүргөн элдерди – тажиктен башкасы – кыпчак, калча, жедигер, курама, маңгыттарды отурукчу кылган. Самарканддан тартып, Үргөнчтө жүргөн өзбектер, катаган, кытай, 19 уруулуу коңурат, 12 уруулуу тайчык, каракалпак, Бухаралыктын көбүн Бараккан алып барып, Бухара шаарын салдырып, ошол жакка алып барып койгон. Фергана шаарына келе турган чоң суу бар. Ошол өзөндүн оозуна Баласагын Үч-Коргон деген калаа салган. Ошентип элдин көбүн, кыргызды отурукчуга айландырат.

Хан Манас туулар алдында кыргыздар Алтайга сүрүлөт. Бул жерде калган кыргыздар болсо өзүнүн ата-тегин унутуп, араб-перстер менен сиңишип, ислам динине өткөндөрү түркмөн, согдианалыктар менен аралашкандар «сарт» аталат. Кийин Манас элин Алтайдан көчүрүп келип, кайрадан Анжиян – Алайдан баштап, Таласка чейинки жерлерге отургузат. Анан Чыңгыз хан келди. Анын көзү өткөндөн кийин Фергана өрөөнү анын балдарынын колуна тийип, Туглук Темирдин тукуму – Султан Ахмад хандын тушунда Шейбандын тукуму азыркы Чымкент шаарын чек кылды. Кара кытай, моңгол, калмактардын чабуулунан канча кыргыз кырылганын билген жан жок, ушинтип эми алакандай кыргыз Ала-Тоонун койнуна гана сыйып, Ферганага келишпегенине эки кылымга жакын убакыт өткөн.

...Көнбөгөн жердеги жашоонун өзүнчө азабы болот. Жергиликтүү элге бат аралашып, күнүмдүк жашоо-турмушуна көнө башташы оңойго турган жок. Тез эле көнө калуу такыр мүмкүн эмес болчу – жаз келгенден баштап талааларын чаң басып, жада калса суунун саясындагы жемиш бактар да бозоруп, жакындап барсаң өсүмдүктүн баары сенден суу сурап тургандай. Жашоонун жалгыз булагы – киргилденип агып жаткан Сыр-Дарыя өңдөнөт. Айласы жогунан шартка жараша жергиликтүү элдин көбү ушул суунун жээгине отурукташып, ары-бери көчүп-конуп жүрүүнүн буларга пайдасы болбой калган. Эли да табияттын ушундай шартына жараша бирөөлөрдүн көзүн карап өткөргөн малайлык сезимге туткундалып бүтүптүр. Чындыкты айтуудан жалтанып, көшөкөрлүк мамилеге көнүп, алсыздары алдууларына жем болуп, эгер жоого аттанса төлөнө турган акчанын деми, же түшө турган олжого кызыгып, айла кеткенден согушка мажбурланган. Кожоюнунун ачуу караган көзү менен тең айланып, анын көзү жок болсо башкача сүйлөп, өзүнөн жогоркуларга «ляпбай!» деген сөздөн башканы айтпаган эл үчүн жоо талкалап, чабышка чыгуунун эч кызыкчылыгы жок болчу. Жада калса салыкты да кимге төлөөнүн буларга эч айырмасы болбой, эптеп-септеп жанга тынч күнүмдүк жашоону тилеп, кимиси күчтүү болсо ошого моюн сунуп, салыктардын бардык түрүн төлөөгө көнүп калган.

Мындай көрүнүш албетте, тоолуктарга жат. Эркин өскөн көчмөн элдин тарбиясы булардыкынан башкача болот. Башкаларга баш ийген адатка көнүү үчүн адегенде отурукташкан жашоо-турмуш керек! Туулуп-өскөн тоосунан ажырап, кордук көрүп, кырылып, бул жерлерге ооп келип, эртеңки күнүнөн азырынча күдөр үзүп турса дагы адеп Ферганага келгенден баштап дилинен баары бир – баягы жылгаларында ары-бери удургуп ойногон атыр жыттуу жел, бетегеси буралган бел, аска-зоосунда аркар-кулжалардан үзүлбөй, таштан-ташка урунуп аккан сууларына кошуп асманында бүркүтү шаңшып, ак музу күнгө чагылып, алда-кайдан көрүнгөн чокуларын кетириш булар үчүн өтө кыйын болду. Кетире алмак да эмес. Элинин мүнөзү да ушундай табияттын кооздугуна шайкеш болот, айткан сөзү менен берген анттарынан эч качан баш тартпай. Кээде башы-көзүнө карабай, жайлоодогу жаз күнүндөй чарт жарылып, бирок, кайра тез эле башкалардын көңүлүнө жага калышат, көк шибердей жайкалып. Тоо арасында өткөргөн мындай турмуш башынан бери эч кимге тизе бүктүртпөй, кошомат кылуудан алыс болдуртуп, күчтүү жоо, аттын күлүгү, бетке айтылган курч сөз менен сулуулукту баалаганга үйрөтүп, баатырларды четтен чыгарат.

Буюрса баатырлардан азыр деле ууч кур эмес, ошентсе да туулуп-өскөн жердин элеси эстен кетмеги кыйын, анын үстүнө каш-кирпиктери көтөрүлсө болду, тээ алыстагы мунарыктаган тоолор көзгө урунуп, өзүнө азгырып, самаганы эркин турмуш менен кошо ошол тоолор. Кыргызга тоолордон артык эч нерсе болбойт. Бирок канча самашса да туулган жерлерине кайтууга азыр мүмкүнчүлүк келе элек, ал түгүл, бул Ферганадагы чачылып кеткен элдин баарысынын кабарын алууга чамалары жетпей, башы кай жерде, аягы кайсыл журтта калганынан кабар ала албай турган мезгил эле.

Негизи Анжиянга кыргыз эли бүт сүрүлгөн жок. Кээсинин чаркы келбей, калмакка бастырып, колго түшкөндөр да болду. «Кара калмак кандуу журт» деп, далайлар ойротко эл болуп калды. Ошолордун бири – бугу элиндеги Жаманкулдун балдары. Алар мурун эле калмак менен анча-мынча катышып жүргөн, эми калмак басканда тынч турганды сүйүп, баш ийүүнү туура көрүштү. Кадыры арткандан кийин Белек, атасы Жаманкулдун досу – коңурат уругунан Бөрү дегенди сурап алат. Анын туткунда жүргөнүнө отуз жыл кул болуптур. Ошондон бери коңураттар бугуларга жакындашып калды.

Жердин баары ээн. Ээн калган жердин кайберен, жырткычтары бир укмуш. Калың камыштын четин ташка алсаң сөзсүз бир кыргоол бырпырап түшөт. Коёнду таяк менен чаап алса болот. Белектин балдары жашынан аң уулоого ышкыбоз болуп чыкты. Тайган багып, карышкыр, түлкүгө салып, тамашага батышат. Бөтөнчө кыштын күнү бозого тоюп, улуу катын-кичүү катындын балдары мелдешип, тайган айдактап (чоң энеси Токтобектин кешиги), түлкү куудурса өзүнчө эле ырахат. Белектин байбичеси Салмакеден Тогузбай Элчибай, Шүкүр, Кожош – төрт уул. Токолу Жаркындын төркүнү саяк, андан Алдаш, Алдаяр, Токой, Токоч, Саты. Эң кичүү аялынан Толубай жалгыз. Тогуз уулдун ичинен өзгөчө Кожошу тайган агытып, куш салууга шыгы оойт. Бир жолу жаш карда ошол Кожош тайган салганы чыкса, калмактын Дабанчы деген улугу да бир топ жигиттери менен аң уулап жүргөн болот. Аңгыча жигиттер бир жакшы түлкү качырат, аны илгиртпей Кожоштун тайганы тиштеп алат. Кожош кантмек, «жол сиздики» деп, калмактын улугуна ыроолойт. Кыпкызыл болуп кубулжуган түлкү экен, калмак берешендигин көрсөткүсү келгенби же мактанганыбы:

– Ой Кожош, мунуңду биротоло ийлеп бер. Ырооңо болсо кечинде кел, көңүлүңө төп келген бир кызды көрсөтсөң эле алып кет! -дейт.

Ошентип калмак сөзүнө туруп, айылындагы бир кызды Кожошко берет. Адамды кудай ураарда адегенде напси бузулат. Анын кесепетин башкалар тартат. Ошондо оңой жерден эле калмактын бир сулуу кызына жеткенин көргөн Жаркындын балдарынын ичи күйүдүбү, Кожошту тамашага алып:

– Эй Кожош, өзү калмактын улугу болсо, ага түлкү жокпу? Же сен берген түлкүнү эстеп калды дейсиңби? Ыроосуна кыз алдың, жүр эми ошол түлкүнү Калдамага тартуулап, ушундай эле түлкүгө Дабанчы бир сулуу кыз бергенин айталы, -дешет.

Дабанчы менен Калдама бийлик тизгинин бир-бирине ыраа көрбөй жүргөн чагы, Калдаманын жылкысы көп, жок дегенде бир үйүр жылкы алаарына ишенген Кожош мындай акылга ынап калат. Келиштире ийлеп, аяздагы карга кайра-кайра силкип, өңүнө ого бетер киргизет да, ага-инилерин ээрчитип алып, Калдаманын айылына барат. Баягы түлкү Калдамага да жагат да, чын эле ал атааңдашып, Кожоштун алдына бир үйүр жылкы салып берет. Көпкөн балдарга эмне, айылга келери менен бекер келген жылкы ичиндеги семиз байталдан бирди союп, тойлоп киришти.

Балээ ошол эт жеп, бозого тоюп отурганда башталды. «Ийлеп бүтсө баягы түлкүнү берсин» деп, Дабанчы бир жигитин жибериптир. Тамагы кекиртегине тыгыла түшкөн Кожош, «бир эле ийлеми калды, эртең өзүм алып барып берем» деп, эптеп калмакты жолго салат. Андай түлкүнү таап, тайганга алдырып, ийге келтирүү үчүн жок дегенде бир ай керектигин түшүнгөн Кожоштун айласы кетип, «бир айласын тапткыла» деп, Алдаяр, Алдашка жалынат. Акылды тогуз жашар Толубай табат. Энесинин үйүндө андан да жакшы бир түлкүнүн териси илинип турганын айтат. Айыбы чукулса башынан ажыраарын билген Кожош арга жок, кичүү энесинин үйүнө келип, «ордуна так ошондой түлкү кармап берем» деп, удаба кылып, Дабанчыдан кутулат.

Ошондо Кожоштон касиет качты. Сай-сайларды кыдырып, алтыгана, чийлерди аңтарып жүрүп тайгандарына бир да түлкү алдыра албай коёт. Аңгыча жаз кирип келет. Убадасын аткара албай калганда түлкүнүн ордуна баягы калмак кызды өз энесинин күңүлөшү болсо да Толубайдын энесине берип кутулду. Санжыраларда Кожоштун уулу Оболбектин дагы куш тилин түшүнгөн, мыкты мүнүшкөр чыкканы айтылат.

Көп өтпөй Калдама менен Дабанчы келише албай, бийлик талашып чабыша кеткенде, Дабанчы биринчи Белекке келип, «балдарың тың, тогузун тең мага бер, Калдаманы чабалы» дейт. Белек ошондо макулдук беримиш болот, бирок, коркконунан түн жамынып Нарындын Казан-Куйганын жайлаган Калдаманын алдына көчө качат 2 .

Ошентип Ала-Тоонун чыгышын азырынча жер жайнаган он сан ойрот ээлеп калды, эми калың жоону кайра сүрүп чыгууга бир топ убакыт керек. Демек, биздин каармандар Ферганада дагы бир топ жылы турат, андыктан бул өрөөндөн кабар алалы.

Нарын сууну жээктеп, Көк-Белди ашып, Кара-Көл менен Кара-Сууну кечип өтсөк, Үркөрдүн бели аркылуу Үч-Коргонго түшөбүз. Үркөрдүн белине чыккан жанга бүт Фергана өрөөнү алаканга салгандай көрүнөт. Оң жагынан Ат-Ойноок, Чаткал, Курама, сол жагы Бабаш-Ата, Фергана тоо кыркалары, артынан Түркстан, Алай тоолору курчап жатат. Ат-Ойноок тоосун жарып чыккан Нарын дарыясы эңиштеп барып, Кара-Дарыяга кошулганда айтылуу Сыр-Дарыяга айланып, өрөөндүн так ортосун кесип өтөт. Дагы ылдыйлап барсак, Сыр-Дарыяга көптөгөн куймалар кошулат. Үркөрдүн белинен түшүп, Үч-Коргонго жеткенде, жол экиге айрылып, сол жакты көздөй бурулсак, атактуу Анжиянга жетебиз. Анжияндан чыгып, түндүккө багыт алсак Кува, Кувадан өтсөк Фергана, анан Маргалаң.

Үч-Коргондон чыкканда эч жакка кайрылбай, түпсүз түндүк-батышка багыт алсак, анда адегенде Наманганга келебиз. Ага жакын жерде Касан менен Аксы. Аттары тарыхта алтын тамгалары менен жазылып калган бул шаарларды артка калтырсак Коконго жетебиз. Сыр-Дарыядан көп алыстабай жүрсөк – Кокондон ары Беш-Арык, Канибадам, Кожент. Коженттен ары Оро-Төбөгө кезек келет. Кийинкиси Самаркан менен Бухара. Ушул Ферганадагы көп шаарлардын ичинен биздин жакындан тааныша турган жалгыз шаар бар. Ал – Кокон !

Бирок, ал мезгилде кийинки Кокондун орд-түбү жок болчу, ошондуктан атагы алыска кеткен Коконду азыр өз колубуз менен тургузууга мүмкүнчүлүгүбүз болот.

Биз сүрөттөп жаткан учурда башы Алай тоолорунан башталып, түзгө түшкөндө Сууктун 3 Сыр-Дарыяга кошулган жеринен орун алган кийинки Кокондун ордунда Токой-Төбө, Төбө-Коргон, Жанкент, Партак, Балакан, Кайнар, Таргыба, Чадак жана Чамашбий деген кыштактар жайгашып, ал кыштактарда курама, маңгыт, кыпчак, сарттардан куралган майда уруулар 4 турган. Анан ошол элдин арасында Чамашбий кыштагына жакын Дыйкан-Тоо деген жер – миң уругунун жери экен, аларды Ажынын (Хажи) уулу Ашыралы деген бийи бийлеп, жалгыз эркек баласынын аты Шоорук (Шахрук) болот.

...Илгери, илгери Абу Саид хан азербайжандарга каршы жортуулга баратып, жолдо өлүп, Бухара анын уулу Султан Ахмад Мырзага тийди. Ошону менен Амир Темирдин улуу мамлекети ыдырай баштайт. Адегенде эле Султан Ахмаддын иниси Өмүр шейх Фергана өрөөнүндөгү өзүнө караштуу аймакты көз карандысыз деп жарыялап жиберди. Бирок өмүрү кыска экен, ал 1494-ж. каза болуп, Анжиян анын 12 уулу Мырза Захриддин Бабурдун колунда калды. Ал да көпкө чыдаган жок. Тынымсыз так талашуулардан улам Фергананы таштап, аргасыз Индустанга качат. Ал кеткенден кийин Фергананы кимдер гана башкарбады. Кээде кечинде башка, эртең мененкисин башка хан бийлеп, каарын карапайым эл тартты.

Ошондо калайык калктын атынан сакалдуулар чогулуп:

– Ылайыксыз адам башкарса, абалыбыз куруйт экен. Канткенде мындай балээден кутулабыз? -деген суроого жооп издешет.

Отуруп, ага жооп таба алышпайт, акыры башка бир айылда акылман карыя бар экенин угуп, ошону алдырып, ага да баягы суроону беришет. Ал миң уругунан чыгып, өз уругуна жаны абдан ачыган адам экен.

– Анын жолу бар. Бизге эң биринчи хан тукуму керек. Бирок бир да хан өз баласын ме деп, көрүнгөнгө бере салбайт. Бере салган күндө деле ал жарытпайт. Так талашчулар кошо табылып, азабын тартабыз. Хан тукумунан болгону менен бизге күйүп, качса башка жакка батпай турган адамдан карайлы, -дейт.

Отургандар эч нерсе түшүнбөйт. Ушуну гана күтүп отурган акылман ошондо ток жерин айтып:

–Эмесе, анын жолу мындай. Баланча жерден Бабур өттү эле деп, ошо жерден бешиктеги бир баланы таап алган бололу. Кийин аны Бабурдун 5 баласы деп жарыялап, бий көтөрүп алабыз. Ошону менен өз тукумубуздан хан чыгат. Элине күйөт, -дейт.

Алда кайдан алысты көрө билген мындай акыл баарына жагып, макул болушат. Бирок кимдин баласы ылайык дегенде, талаш кайра башталат. Ар ким өз баласын, өз баласы болбосо жакын-алыс тууганын балдарын сунуштап киришет. Ары кетип, бери кетип, чыр күчөгөндө баягы чал тура калып:

– О-о, акылмандар, бизге чын эле Бабур аттуу адамдын баласы керек, болбосо кыңыр иш кырк жылда дейт, кийин баары бир анын ким экени билинет. Калп айткандардын тукуму соолуп, акыретке барганда тозокко түшпөйбү,– дейт.

Тозокту укканда талаш токтойт, беркилердин эси чыгып, айтаарга сөз таппай, шылкыйып калышат. Жок Бабур же анын баласын (ал да жок) ким табат?

Анда берки маселени кабыргасынан коюп:

– Араңарда Бабур деген адам барбы? -дейт.

Сураштырышса Бабур аттуу киши болбойт. Аңгыча отургандардын ичинен бирөө тура калып, баягы акылмандын өзүн көргөзөт. Аты чын эле Бабур экен. Кеп төркүнүнө ошондо гана түшүнүп, «тобоо, акылыңа бали!» дешти. Анан, анын өз баласыбы же небересиби, иши кылып, ошол тукумдан жаңы туулган бир баланы жасанта кийинтип, жасалгалуу бешикке бөлөп, Коженттен Канибадамга кеткен жолго калтырып:

– Кийик эмизип.., башынан куш айланып учуп жүрүптүр...– деген аңыз таратып, элди ишендиршти.

Бул окуя Бабур өлгөндөн 15 жылдан кийин же 1545-жылы болуп өтөт 6 .

Ошондон улам «Алтын Бешик – ай бөбөк» деген уламыш жаралат. Шоорук 7 ошол Алтын Бешиктин он биринчи мууну болчу.

...Кийин Ашыралы элин алып Чамашбий кыштагына жер которуп келип, бийлик талашуудан улам кошуна Чадакта турган маңгыттар менен каршылашып калды.

Бухара хандыгынын күчөп турган учуру. Фергана өрөөнүнүн ичи азыркыдай эмес, жайыттар ээн, ошол ээн жерде кайберендер көп, күн салкындаганда жергиликтүү бектер эрмектеп, аңчылыкка чыгып, сайраң курганды адат кылып алган. Ушундай күндөрдүн биринде Бухаранын эмири Абдул-Азиз көңүл ачып, аң ууламак болуп, жигиттери менен Ашыралынын үйүнө түшөт. Ал кездин адети боюнча эмир келип түшкөн үйдүн зоболосу тез көтөрүлүшү мүмкүн, ошондуктан мындай барктуу коноктун Ашыралынын үйүнө келиши кошуна Чадак кыштагында жашаган кожолордун ичин күйөт. Ошентип, алар аныкына түшкөн эмирди тымызын өлтүрүп, жалаасын Ашыралынын өзүнө жабууга жашыруун чечим кылышат.

Алардын арамзалыгын Ашыралы кайдан билсин, жигиттерин чогултуп, келе турган коноктун камын көрүп, өз иши менен алек болуп жүргөндө, уулу Шоорук кирип-чыгып, ары-бери ойноп жүрүп, ойдо жок жерден жанагы кожолордун жашыруун сырына күбө болуп калат. Жашыруун сырдын жашыруун болбой калышы бат эле, жаман жери ага күбө болгон адамдын өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн. Бирок Шооруктун ажалы жок экен, ал түгүл болгонун болгондой, укканынын баарын атасына билдириши – келечекте анын атак-даңкка жетишине жол ачты.

Ашыралы бий адегенде ишенбей, ичинен «бала деген бала» десе да, не бар-не жок, башка жанга билгизбей текшерип көрмөй болот. Калп болсо баланын келечегине зыян – чын болсо анысын көрөмүн деп, үйдө отурган эмирге кеңешип, анан эртеси башка бир кишини эмирдин так өзүнө окшото жасантып, аң уулоого жөнөтөт. «Эмирдин» аң уулоого аттанганын көргөн баягы карасанатай кожолор аңдып келип, артынан кол салаарда, буктурмада турган эмирдин желдеттери кожолордун бирин койбой кырып салат. Алтынбешиктин тукумуна душмандык ойлогон кожолордун абийири ачылып, ушуну менен Ашыралы бийдин зоболосу ого бетер көтөрүлмөй болду. Ыраазы болгон эмир Бухарадагы ордосуна кайтарында «Шоорук бойго жеткенде сөзсүз мага жибер» деп, кош айтышып, жолго түштү.

Эмирдин буйругун эсинен чыгарбай жүргөн Шоорук айтылган убак келгенде анын алдына барат. Барса, анын баягы кызматы эмирдин эсинен чыкпаптыр, жылуу кабыл алып, тактынын жол-жобосун үйрөтүп, жанына бир топ алып жүрөт да, кайтаар убак келгенде ага «аталык»– деген наам берип узатып, сыртынан колдоо көрсөтө баштайт.

Туура он сегиз жашта экен – миң тукумунан чыккан Шооруктун «аталык» наамына жеткенде.

Атасынын ордуна отургандан баштап Чадак менен Чамашка бий болуп, айлана-тегерек «Шоорук аталык ибн Чамашбий» дешсе, тарыхка Кокондун биринчи бийи болуп таанылды. Кийинки Кокон хандыгынын өзөгүн да ушул эки кыштак – Чадак менен Чамаш түздү. Ошол Шоорук аталыктан Абдырахим (Абд-ар Рахим), Абдыкерим (Абд-аль Керим), Шады деген үч эркек жана Алтынбешик деген бир кыз туулат. Анан Ферганага ооп келген кыргыздардын көмөгү менен чыныгы Кокон хандыгынын пайдубалы түптөлдү.

Кокон шаары турган жер ал кезде Эски-Коргон деп аталчу, кийин-кийин анын жанына жаңы кыштак курулуп – ал Жаңы-Коргон деген атка конду.

…Күндөр өтө берет акырындап айга, айлар жылга алмашып. Бирок болуп өткөн ар бир окуянын артынан сөзсүз жаңы натыйжа чыгыш керек дебедикпи, ошондуктан ойроттордун жасаган чабуулунун залалы жалпы Орто Азияга бирдей тийип, ал жердин абалы акырындап өзгөрүүгө учурай баштады. Биринчилерден болуп Орто Азиядагы эң күчтүү хандык – Бухара хандыгы алсырады. Аны сезген жергиликтүү бектер астыртан өз алдынча бийликке жетүүгө умтулуп, эми өлкө бытыранды болуп бөлүнүп кетүү коркунучу алдында калат. Бытырандылык башталса, анда жакын коңшулардын баягы адатка айланган чабышы кайра күчөп, алы жогунун күнү бүтөт.

Ошентип, мындай кезде жоосун көрсө шашпаган, өлүмдөн кайра тартпай, өрттөй күйгөн курч жигиттер көздөн учкан учурга келдик. Ат үстүнөн күнү-түнү түшпөй, жалаң чабыш менен эр жеткен кыргыз жигиттеринин бул жерде да кереги тиймей болду. Жергиликтүү эл болсо акы төлөмөйүн согушпайт, ал эми көнгөн жери – тоо арасын калтырып, жаңы сүрүлүп келишсе да намысына тийип койсоң болду, кыргыздар каалаган мансабыңды алып берет. Болгондо да бекер.

Жаңыдан баш көтөрүп, дөөлөт күтө баштаган бул жактагы бектерге ушинтип, кыргыздардан жигит куроо салтка айланды. Алдарды мындай ишке адеп пайдалангандын бири Бухара хандыгынан алгачкылардан болуп бөлүнө баштаган Коженттин беги Акбото 8 болду. Ал, адегенде Алайда жүргөн адигине урууларынан жигит курап, жаңы келген күчкө таянып, тегерегиндеги кошуналарынын тынчын ала баштайт. Бирок ушунун айынан эки уулуна кошулуп Акботонун өзү Шооруктун уулу Абдырахим колдуу болуп өлүп, анын ордуна Абдырахимдин иниси Абдыкеримди отургузуп тынышат. Андан кийин Чамаштын бийлерине атааңдашкан Оро-Төбө менен Маргалаңдын бектери да кыргыздардан кол курап киришти. Кийин кыргыздар айтып жүргөн; «кыргыздарды баатыр десек, качканыбыз базар башы» деген учкул сөз ушул мезгилге туш келет.

Эми, ал кездеги жашоону жана ошол мезгилдеги адамдардын кулк-мүнөзүн азыркы учурдагыдай элестетсек, анда чоң жаңылышкан болобуз. Ирети жок айылдар, ирети жок турмуш…

Бул жердеги жашоого караганда башка, алысыраак жердеги жашоо оңтойлуудай сезилет. Жалгыз болсоң ошол замат кошунаңа жем болосуң – жарактуу эркектердин баары көчмөн калкка окшош – бүгүн бул жерде болсо, эртең такыр башка жерде. Кээде түбөлүк кайтпай калат. Айла жок, мындай жашоо кадимки көнүмүш көрүнүшкө айланган. Кимиси күчтүү болсо, анда согушту биринчи ошонусу баштайт.

Жаш болгону менен Шоорук аталык да азырынча башкалардан айырмалана элек. Ар нерсенин оңтоюн күтүп, кичинеден күчөп келе жатат…

Биз баян кылып жаткан убактагы Ферганадагы кыскача абал дал ушундай болчу.

Маматкул да өз ордун таап оңолуп, кичинеден тыңып, тегерегиндеги кыргыздарды жыйнап, жаңыдан тааныш күтүп, адегенде эле ушул Ашыралы менен тил табышып, мамиле түздү. Ашыралы дүйнөдөн кайткандан кийин ата жолун улаган Шоорук дагы Маматкул менен мамилесин үзгөн жок (алардын мындай мамилеси кийинки Эрдене менен Нарботого чейин уланат). Азыр Болоттун балакатка жетип калган учуру, ага Шооруктун кызы Алтынбешикти кайындашты.

Турмушта күн санап көбөйгөн кыйынчылык адамдын акылын арттырып, кадам сайын жолуккан кокунуч кубатка-кубат кошуп, мунун баары адамды кыраакылыкка үйрөтөт. Замандын өзү катаал, бирок анын сабак болоор жагы да бар. Буга турмуш өзү такшалтат. Боло турган уулдар тарбияны ушундай замандын өзүнөн алышты. Шартына жараша Маматкул ушундай турмушка көнүп, иштин алды-артын ойлоп, анан бир чечимге келип, келечектин камын көрүүнү үйрөнүп жатты. Көпчүлүгү тажырыйба топтоп, баягы баш-аягы билинбей, чачылып кеткен элин чогултуунун аракетине өттү. Ал кезде келечектен үмүт кылган адамдардын жалгыз парзы ушул болчу – Маматкул, Кошой, Коңурбайлар чогулуп, туулуп-өскөн жеринен кабар алуу үчүн кишилерин аттандыра баштайт.Болот менен Темир адегенде агасы Тынайга кошулду. Ата-бабаларынын даңкына таянып, өзүлөрүн «манап» атагандар кийин чыгат, азырынча бул замандын бир жакшы жагы, ар ким өз эрдиги менен даңктала турган кез эле.

Кудаян өлгөндөн кийин Тынай Маматкулдун колунда калган, анан ушул жактан үйлөнүп, Сатыбалды, Атаке деген уулдары төрөлүп, келечегинен эч кам санабайт. Жашы жаңы отузга жетип, кээде иши оңунан чыкпаса да башты жерге салууну билбей, таалайына туш келген тагдыры төрөлгөндөн баштап маңдайынан сылап эркелетпесе да, бары-жогуна кабагым-кашым дебей, эл оозуна алынган кези. Курчтугу менен өжөрлүгү айкалышып, ансыз Шооруктун бир дагы жумушу бүтпөй калат. Ал кездеги эрлердин жумушу – жортуулга аттануу. Эң башкысы ушул.

Кокон хандыгынын атагы Нарботонун тушунда гана чыга баштайт, кийинки чоң хандыкты бириктирүүдө Тынай баштаган кыргыздардын кылычынын мизи кетилди. Фергана өрөөнүндө булар жүрбөгөн жер калган жок. Анан, ушундай жүрүштөрдүн биринде кийин бүт кыргызга белгилүү бир окуя өтүп, ал окуя азыркыга чейин унутулбай, ар кимдин оозунда ар кандай болуп айтылып келет.

Бул Тынайдын эки ата өткөн тууганы Олжотайдын окуясы.

Шооруктун уулу Абдырахим Маргалаңды эки жолу камап, ала албай, Маматкулга кайрылат. Ал макул болуп, сарыбагыш, солтодон көп киши Абдырахимдин колуна кошулат. Бул жолку урушта да чепти коргогондор катуу каршылык көрсөтүп, аны камоо бир топ күнгө созулуп кетет. Катуу айбат көрсөткөн коргоочулар бир жолу капыстан дарбазадан чыга калып, камоого алгандардын өздөрүнө ат коюшат. Бири-бирин кырчылдата кырышкан кандуу кыргын болуп, Абдырахим да салгылаштын так ортосунда жүрүп согушат. Ошондой салгылаштын биринде ал эч нерседен тайманбай, уруштун чок ортосунда чабышып жүргөнүн бир баатырды көрөт. Бардыгы эле уруш кылат деңизчи, бирок, мунун бутунда өтүгү жок, жыңайлак согушуп жүрүптүр. Жаз али келе элек, сыртта али суук, Абдырахим тигини адегенде байкамаксан болот. Эртеси урушка киргенде караса, баягы дагы эле жыңайлак бойдон согушуп жүрөт. Анан уруш аяктап, Маргалаңды ээлегенден кийин баягы жыңайлак баатырды чакыртып алып, анын дарегин сурайт. Көрсө, анын аягы аябай чоң неме экен, бутуна чак өтүк табылбай жүрүптүр. Ошондо мунун бутун көргөн эл менен кошо Абдырахим да күлүп, алдындагы алдында жаткан асыл буюмдарды көрсөтүп:

– Каалаган буюмуңду ал. Сага чак өтүк бир табылса, Анжияндын базарынан табылат, -деген кеңешин айтат.

Ал кезде жакшы өтүктүн куну аргымак атка тете, Анжияндын кабарын угуп, бир күнү жанына Тынайды алып, бут кийим издеп Анжияндын базарына келет. Базардын баш-аягы ат чабымга жакындап калыптыр, устакана менен ашканадан баш адашат. Тынай карап жүрмөк беле – аттан түшпөй, агасына бут кийим сураштырып кирет. Бирок өтүкчүлөрдүн катарын канча кыдырганы менен тигинин аягына чак бут кийим жолукпайт. Ошондо базар аралагандан тажаган Тынай:

– Э-эй, чоң аякка чак өтүк кимиңерден табылат?– деп, ат үстүнөн үн салат.

Анын үнү базардын баш-аягына жетип, анын сөзүнө түшүнбөгөн кээ бир соодагерлер кайра:

– Нима дейди?.. Нима дейди? – деп, бир-бирине карап, кужулдап калышат.

Тынай базардын ичи даана көрүнгөн дөңсөө жерге токтой калып, соодагерлер даана көрсүн үчүн жанындагынын багалегинен алып, аны ат жалынан ашыра:

– Мобу аякка чак чарык керек, кимде болсо бери келсин!– деп, дагы бир жолу жар салганда, тигинин аягы кеминде эки чоң карышка жакын экенин көргөн сарттар күлүп:

– Яа, жудаа аяк экен, жудаа аяк экен, бизде мындай болмайды, – деп, баштарын чайкайт.

Ушинтип Анжияндын чоң базарынан аягына чак бут кийим табылбаган чоң аяк адамдын аты Олжотай эле.

Олжотай Тугурдун баласы. Жашы Тынайдан бир аз улуу болсо да, чогуу өсүшкөн. Ушул окуяга байланыштуу Олжотайга «чоң чарык» деген ат жабышып, кийинки тукуму дагы ушул атка конду. Олжотайдан кыргызды бүт дүйнөгө тааныткан атактуу манасчылар туулган. Алар кадимки Балыкооз менен Шапак.

Экөөнүн тең биздин баянга тиешеси бар.

...Жоокерлеринин саны көбөйгөн сайын кол башчынын арааны да ошончо ачылат. Маргалаң башы эле. Кийин-кийин дагы толгон шаарларды алып, аягында Шооруктун тукумдары бирин-бири өлтүрө баштайт. Жада калса ата-баланын кызыкчылыгы дал келбеген учурга жетебиз.

Кыргыздардын Анжиянга келиши менен жоокерчилик кызмат дагы жакшы жолго коюлду. Баатыр башы, миң башы, паңсат башы, жүз башы, так башы, мерген, кара чаян деген аскердик түшүнүк ушул мезгилден башталат.

Бирок мунун баары себеп, натыйжасы алдыда!

Жайкалган Ала-Тоонун кокту-колоттору менен жылгаларында ат жалында ойноп жүрүп, моокумдарын кандырууну билбеген Болот менен Темирдин жаш курагы да жайынын ысыгы мээден өтүп, чаңынан ооздор кургаган ушу Сыр-Дарыянын боюнда өттү. Балалык кез баркка илинбей көз ирмемде өтөт, анын үстүнө элдин башына туш келген кыйын-кезең буларга балалык деген түшүнүктүн эмне экенин сездирген жок. Ошол заман буларды тез жетилтип, жаңыдан өспүрүм болгон кезинде чоң кишинин жумушуна аралаштырды. Ат жалын тартып, ээрге көчүк баскандан баштап, экөө тең ушундай жоокерчилик турмушка баш сайып, агасы Тынайдын жанынан чыкпай, кийин анын эрдиктерин улантышат. Эми эрдик дегендин өзү – башынан бат көнө калчу адат эмес, анын жаралышына көп нерсе түрткү болот. Эң башкысы баатырлар көрсөткөн кайрат-дем. Деги эле кайраттын өзү бардык эрдиктин башаты, айталы дегенибиз, Болот менен Темирдин келечегине ушул Тынай түрткү берди. Кыргызда мындай тукумду кемигинен дагы, кешигинен дагы дешет.

Мунун баары Шооруктун көз жаздымынан калбаптыр, буларды башкалардан айырмалап, бара-бара өзүнчө кылдат жумуштарга даярдай баштады.

...Кокондуктардын адаты бар – сулуу кыз менен күлүк аттын дарегин укса болду, уктай албай азап жеп, ага жетиш үчүн колунан келгендерин аяшпайт. Башкалардын ичин күйгүзүп, көзүн арттыруу буларга адаттан тышкаркы мансап. Эң башкысы эңсегени колго тийсе болгону. Баасынан баш тартышпайт.

Кийинки окуянын дагы башталышына дал ушундай жакшы жылкынын дареги себеп болду.

Ошентип, күндөрдүн биринде Шоорук Тынайды өзүнө жалгыз чакырып алып:

– Баатырлар азыр четтен чыгат, андан көрө жакшы жылкыны тапкан кыйын. Бир кыпчактын колунда асыл тукум айгыр бар деп уктум. Ташкенттин үстү, Чыйырчыкта экен. Мындай ишке башка киши жарабайт. Өзүң таңдап, жаныңа жараган жигит алып, мага ошол айгырды алып бер, эмгегиңди унутпайм,– деп ичиндеги сырын айтат.

Атасын ойноткон кан, баласын дагы ойното турганын илим далилдеген – мындай кылдат иштерден кыргыздар эзели баш тартып көргөн эмес – шак эле макул болот.

Ат суутуп, азык камдап, ушулар жарайт деп, жанына Болот, Темирди алып, буйтка жолдорго салып, түнкүсүн жол жүрүп, акыры бая айтылган дарек боюнча Чыйырчыкка жете келет. Акырын акмалап, уккан белгилерин салыштырып, баягы байдын айылы аркылуу мал жайлаган жайытын да табышат.

Мезгил эрте жаз болсо дагы күн тийсе болду, ошол замат бул тарапта мээ кайнаткан ысык башталат. Мунун жайын жакшы билген Тынай күн аркан бою көтөрүлгөнчө билинбей, далдоо жерде жашырынып отурду. Качан күн көтөрүлгөндө жылкылар тынчып, ылоолоп, жоошуп калат. Күтүп турса малдан мурун өзүлөрү ысыктан тажаган жылкычылар көлөкөлөп, чөп алачыкка житишти. Тынайга ушул жетпей туруптур. Аттардын жанына Болот менен Темирди калтырып, өзү жөө келип, ылоологон жылкыны аралай, баягы айтылган түспөлгө жоромолдоп, көздөп келген асыл тукум айгырды табат. Шоорук айткандай, көргөн адамды кыя өткөрбөй турган жаныбар экен. Мойну койкоюп, жал-куйругу чубалып, өңү өзүнө жарашкан чымкый кара, анын тукумунан далай аргымактар чыкчудай – кабары алыска кеткен айгырга Тынай жакындап келип, чапанынын этегин тосо акырын «по-полоп» үн чыгарса, имерилип калат. Жалдан алып, мойнун кашып жоошутуп, мурунтадан даяр жүгөнүн башына катып, жетелеген бойдон жылкылардан четтетип барып, үстүнө ыргып минет. Ошондо жаныбар өз үйүрүнөн биротоло ажырай турганына чындап көзү жетсе керек, жанынын бардыгынча азынап жиберди. Ага жооп кылып калган бээлер кишенеп, айтор баягы ысыктан көлөкөлөп алачыкта жаткан жылкычылар туюп калат. Чак түштө жылкы аралап, айгырын мине качкан жалгыз адам экенин көргөндө, даяр турган аттарга жайдак минип, узап бара жаткан Тынайдын артынан түшүшөт. Бирок жаңы эле күүлөнүп калганда, жол тосуп турган Болот, Темир капталдан чыгып, ат үстүнөн томолото сайышты. Ошону менен дагы башка куугунчулар болбосун дешкен булар тескери жолдорго салып, из жашырып, баягы сугу түшкөн айгырды Шооруктун короосуна кийрип беришти!

Муну менен окуя аягына чыккан жок, кыныгын алган Шооруктун арааны ого бетер ачыла баштайт.

Азыр ал Тынайлар алып келген айгырды тегеренип, эңсеп жүргөн кызыгын тарата турсун, биз болсо баягы ээн калган Ала-Тоого дагы бир жолу кайрылып, ал жердеги ойротторго кезек берели.

***

1690-жылдын июль айында таңдалмалуу жыйырма миң аскер жетектеген Чин империясынын кол башчысы Анри Үркөй суусунун жээгинен Бошоктудан сокку жеп, аман калган колу менен артка чегинүүгө аргасыз болду. Бул салгылашуу тарыхта «Олокой көлүнүн алдындагы согуш» деп аталат. Ошондо Жунгар хандыгы менен мындан ары ойноо болбой тургандыгына көзү жеткен император Канси башка амал издеп кирди.

Калмактарга элчисин аттандырып, уруксатсыз кол салыптыр деп, Анрини калп күнөөлөдү. Башка арга жок, бетме-бетке азырынча алы жетпейт, анын үстүнө империянын түштүк-чыгышы да тынч эмес. Ошентип азыр чин өкмөтү Кичи Бухарадагы мусулмандардан жөлөк издеп жүргөн Араптанды жең ичиндеги көзүрдөй сууруп чыкты…

Сеңгенин уулу, Эрдене баатыр коңтаажынын небереси. Тарыхка «Чыган Араптан» 9 деген ат менен калат. Жуңгар хандыгынын тарыхында экинчи жана акыркы коңтаажы болуп таанылды. Муну кайра-кайра тактап жатканыбыз – убагында кыргыз менен казак жекеме-жекеге чыгып, сайып алган жоонун баары коңтаажы, жок дегенде хан болуп чыгат. Себеби баарына белгилүү (чукулап, жабуусун ачпай эле коёлу).

Кийинки ойрот хандары да мурдагы Көчүнгө теңелүү үчүн өздөрүн «коңтаажы» аташат. Бирок мындай атак аларга жуккан жок. Ойроттор мындай наамга ар бир адам өз эрдиги менен гана ээ болот деп, мындай касиеттин Араптанда болгонуна чын дилинен ишенет...

Араптандын он-он бир жашаар кези. Эрте жаз. Жылдызда бир нече күн катары менен көз ачырбай, борошо уруп, көп өтпөй кайра аба жылып, накта жаз келгендей, арты жаанга айланат. Кар артынан жааган жаан мурунку карды ээритип кетти. Бирок анын артынан кармаган катуу аяз ээрип жаткан кардын баарын музга айландырат. Анысы аз келгенсип, эртеси эле алай-дүлөй бороон башталып, мурункудан да оор кар түшөт. Көчмөн калк үчүн жаратылышта мындан артык жоо болбойт, чөп таап жей албай калган мал туш тарапка чачылып, ушуну менен бүт чөлкөмдө улуу жут башталды. Жарым айга чукул күндүн көзү ачылбай, бороон басылганда эл-журттун баары чачылган малын түгөлдөп, тирүү калгандарын чогултуп киришет. Мындай мезгилде ит-куш дагы колдон талашып, элдин айласын кетирип кирет. Бул жолу да ошондой болду. Атасынын өрүшүнөн бир үйүр жылкы дайынсыз болуп, анын ичинде Араптанга энчиленген бир тай кошо жоголду!

Көчмөн калкта балага энчиленген малдан кымбат нерсе жок, жоголгон тайына ичи ачышкан Араптан эч кимге дайнын билдирбей, үйдөн чыккан бойдон бир нече күн дайынсыз кетет. Артынан элдин баары чуу түшүп издеп:

– Мындай суукта бала эмес, чоң киши да үч күн чыдай албайт, -деп, анын соо табылышына ишенбей, издөөнү токтото турган болгондо капыстан өзү келди. Койнунда карышкырдын бөлтүрүгү бар. Көрсө, ошол аймактагы үңкүргө бир карышкыр бөлтүрүктөйт экен. Бөлтүрүктөр торолсо, аларга жем керек. Жут болсо, адашкан мал толтура, карышкырлардын оозу кургабайт. Ошондо баягы жоголгон тайын издеп, бороондо адашып кеткен Араптан, так ушул үнкүргө туш келиптир. Жолуккан жалгыз жылымтык жер ушул, жанындагы канжар менен бөлтүрүктөрдү өлтүрүп, чоңураак бир бөлтүрүгүн койнуна сала коюп, сууктан аман калат.

Мындай жорукка таң калган эл-журт балага укмуштуудай келечек жоруйт. Ошентип, Араптанга жол ачкан көк жал карышкыр болгон...

Азыр анын түбүнө жетчүлөр менен таанышалы.

Адегенде болочок кайын атасы Көчүрдүнүн айынан аталаш агасы Калдаң Бошокту менен каршылашып, Кичи Бухарага кире качкан. Бошокту болсо бул тараптан кам санабай, чин аскерине каршы күрөштө. 1690-жылдын август айы. Уланбуту деген жерде чин аскери менен Бошоктунун чечкиндүү салгылашуусу болуп өттү. Чин аскери 100–110 миң, калмактар 20 миңден ашыгыраак бирок, бул уруш эки тарапка тең жеңиш алып келген жок. Чин аскеринин негизги өзөгү калмактар чөгөрүп койгон төөлөрдөн өтө албай, сол канаттан чабуулга кире турган атчан жоокерлер сазга тыгылып калышат. Төрт күнгө туруштук берген Бошокту аягында колун түндүктү көздөй алып кетти.

Ушинтип Жуңгар аскер күчүн ичтен гана талкалоого боло турганына көзү жеткен Канси эми Араптанды колдоого алмай болот.

1696-жылы Калдаң Бошокту Калкада курчоодо калды.

Чечүүчү салгылашуу ошол эле жылдын июнь айында болуп өтөт. Канжыгага жан байлаган Бошокту 4–5 миң жоокер менен саны 30 миңден ашык душманына чабуул койду. Мындай өжөрлүктү күтпөгөн чин аскери аз жерден талкаланып кала жаздайт. Алдыңкы катардагы жоокерлер туруштук бере албай, качууга баш койгондо, буйткада даяр турган чин аскеринин экинчи бир бөлүгү арттан кол салат. Ушул салгылашууда Бошоктунун көрөөр көз аялы Ану катардагы жоокерлерге кошулуп согушуп, колунан кылычын түшүрбөй жүрүп курман болду. Калмактар кырылып, Бошоктунун айласы түгөндү.

Шайы оогонун билген Араптандын уулу Аюучу анын артынан сүрө түшүп, Калдаң Бошоктунун аман калган колун Төрөлжү суусунун жээгинен талкалады. Бул жолу да Калдаң Бошокту түндүн кириши менен аман чыкты.

Жанында беш жүзгө жакын гана жоокер калган.

Эми буга кайдагы хандардын-ханы.., азыр анын кебетеси кадимки эле үй-жайы жок каракчынын бирине окшоп калды. Жалгыз арманы – Далай Ламанын колунан «коңтаажы» наамын алууга үлгүргөн жок!

Жогоруда Калдаңдын «таалайынын тайкылыгы» жөнүндө эскерте кеткенибиздин дагы жөнү бар, анткени тарыхый баяндын өзгөчөлүгү ушунда, каарманыңды каалаган жагыңа жетелеп жүрө албайсың. Алардын артынан өзүң ээрчип жүрүшүң керек экен.

Окуялардын минтип, тезинен күч алып баратканын көрүп турсак да эми биз мындан ары Калдаңды «кайда шашасың?» – деп айта албай калдык. Тушунда «эй!» – деп, этегинен тартып коёр адам болбоптур. Ошондуктан сабак кылып, алдын-ала айта кеткенибиз оң – жеке оюнан башкага кулак какпай, келечектеги шорун өзү таап, өз мезгилинен алдыга жулунуп, атасы Эрдене жетпей калган нерсенин баарына үлгүрүп калышка аракет кылып өттү. Аягында колтугун сүйөп, оозуна суу тамызган киши болбой, ээн талаадагы Ача-Атыгай деген жерде уу ичип өлүүгө аргасыз болот. Анын мунусуна өзүнөн башка эч ким күнөөлүү болгон жок!

...Күн жылып, бирок али чөп чыга элек учур. Азык-түлүк жетпей, же алдындагы аттары тоюнбай, өлгөнүнүн этин жеп, далайы жөө калганда Бошокту:

– Араптан силерге тийбейт. Мен башыма түшкөндү көрөм! –деп, жоокерлерине уруксат берди.

Кеткени кетип, калганы калды.. Күндөрдүн биринде Бошокту сыркоолоп турам деп, эрте эле жатып алат. Эч нерсе ойлорунда жок жоокерлер адаттагыдай эртеси эрте туруп, от жагып-суу жылытып, эми ойготолу деп Бошоктунун чатырын ачса, денеси эчак муздап калыптыр. Уу салып жүргөн кутусу жанында бош жаткан экен.

Ал күн 1697-жылдын 13-марты эле...

Жакын адамдардын чыныгы баркы айла кетип турганда гана билинет, ушул сыңар өткөн өмүрүн акыркы жолу эсине салып, аны кайра көз алдынан бир сыйра сыдырып өтүп, эми минтип өзүнүн бул дүйнөдө артыкбаш болуп калганына анык көзү жеткенден кийин Калдаң Бошокту эрдик кылып, чабышып, жоо колунан өлбөсө да, кадимки көктүгүнөн жазбай, ушинтип өзүн-өзү өлтүрүп тынды.

Ал өлгөндөн кийин анын элдешпес душманы Канси минтип жазат: «…баарын чаптың эле, Самаркан, Бухара, Турпан, Комул.., касак, бурут.., ошонун баары өзүңдүн түбүңө жетти!».

Бейит башына жазыла турган сөздөр…

Көлөкөдөй жанынан чыкпаган жигити Даңчыл сөөгүн өрттөп, күлүн идишке салып, Бошоктудан калган жалгыз кызды жанына алып, Кансинин алдына барат. Ал Калдаңдын сөөгүнүн өрттөлүп кеткенине катуу өкүнүп, башкаларга сабак болсун деп, анын күлүн Пекинге кирген дарбазанын бирине илдирет.

Бошокту ушинтип өз жанын өзү кыйганда, Борбордук Азиянын көчмөндөрү үмүт кылып, «эми тынч жашаар бекенбиз?» деп тилек кыла башташты.

Бирок ал үмүт аткарыла турган эмес.

Демек биздин баян дагы эле улана бермекчи...

Ошентип Чин империясынын жардамы менен бийликке келген Чыган Араптандын отуз жылдык хандыгы 10 башталды. Бийликке келгенде, император Канси экөөнүн ортосунда бирин-бири далыдан таптаган «дурус» мамиле түзүлдү. Чынында мындай көрүнүш көз боёмо көшөгө, ошондуктан ал көшөгөнү ачып, экөөнүн ортосундагы былыктарды көргөзө турган мезгил жетти.

Биринчи кезекте Араптан Орто Азияны басып алып, анан Чин империясын жер менен жексен кылууну эңсейт. Канси тескерисинче элден мурун Араптанды кыргыз-казакка тукуруп, анан алсыраган Жуңгар хандыгын кан төкпөй эле чаап алууну көздөйт. Анык саясат мына ушундай.

Аны алардын өз оозунан угуп көрөлү.

Араптан:

– Бүтүндөй элдин тагдырын мен чечем. Ээк шилтесем болду, эчак мизи сугарылып, кында турган жүз миңдеген кылычтын мизи күнгө чагылып, кан суудай агат. Кайсы элди орду-түбү менен отурган жеринен көчүрүп, кайсы элди тукум курут кылып кыруу менин колумда! –дейт.

Бул сөз Кансиге жете элек. Бирок ал да Араптандын ушул сөзүн кайталайт:

– Араптанды баш кылып, Жуңгар хандыгын талкалоо жалгыз менин колумдан келет. Бирок мен азырынча ырайым кылдым, Араптан бурут менен касактарды өз жеринен кууп чыкса, анда мага пайда (!), ошондуктан азырынча ага тоскоолдук кылбайм!

Мындай тарыхый сөздөрдүн ишенимдүү чыгышына башка себеп бар. Анткени Аюукеден так талаша кеткен Санжип нойон 1701-жылы өзүнө караштуу алтымыш миң түтүн менен Эдилдин жээгинен Жылдыз, Күнөскө келди эле, Жуңгар хандыгы ого бетер күчтөнүп, колу жүз миңге жетти. Чин өкмөтү болсо эки жүз миң, же сегиз айрык (корпус) кол жыйноого жетишти.

Ушинтип XVIII кылымдын башында Жуңгар хандыгы өнүгүү жагынан алдыга кетип, айланасындагы элдин баарын жоо санап калды.

Анан, тегеректин баары жоого айланса, тартип да катуу болушу керек. Ал жагынан Чыган Араптан алдына киши салган жок. Он кишиден турган жоокерлерден баштап, аларды жүрүшкө аттандырып, чабуулга киргенине чейин тартип эсептелди. Ишенимдүү нойондоруна былк этпей баш ийген жоокерлер кай жерде болбосун бири-бири менен байланышын үзбөй, аягы уланып, бир түйүнгө бекиген жип сыяктуу түздөн-түз Араптан башкарып, коргонуу эмес, жалаң чабуул жасоого ылайыкталышты. Жеңил курал менен куралданган калмак жоокерлери такай ат үстүндө жүрүп, күнүнө жүз чакырымдай жерди жексен кылууга жетишти. Жоого бет келгенде анын алды-артын байкоо үчүн адегенде жекеме-жекеге киши чыгарып, анан жабыла жаа тартып, жалпылап ат коюшат. Түз жерде көчмөндөр үчүн эң укмуш курал – төөгө артылган замбирек колдонгон. Эгер жоосунун саны аз экенине көз жетсе, эч кандай жекеге чыкпай эле, алыстан жазайыл менен аткылап, чабуул койгон. Мындай чабуулга тегеректеги көчмөндөрдүн туруштук бериши өтө кыйын болду.

Ошентип башынан чөт (ондуктар) жана дөчү (кырк) менен башталып, аягы нечен түмөнгө жеткен мындай күчтүн ээси Араптан көзү көргөн жерлерге ой-кырынча жойлоду. Тоолордо төөнүн жүрүшү кыйын болгондуктан бул жерлерде замбирек колдоно албай, чакан топторду чыгарды. Анын үстүнө тоо арасында жер жайнаган кол менен жүрүү өзүлөрүнө да жолтоо болгон.

Тышкы саясатын казактарга кол салуу менен баштап, 1698-жылы Тооке хандын колуна кез келет. Тооке болсо улуу Пётрдан жардам сурап кайрылды, бирок тескери жооп алат.

…………………………………………………………………………

1711-жылы Бухара ханы Убайдулла тагында отурган жеринде өз эмирлери колдуу болуп өлүп, ордун Аштарханилердин акыркы тукуму Абулпаиз хан 11 алат. Ошону менен Бухара хандыгынын алы куруп, бытырандыга айланып, душманга каяша жасаар жөндөмүнөн ажырады.

Тооке хандын 12 өлүмүнөн кийин казактар да ушундай «ооруга» туштугуп, бир кишинин бийлигинде болуудан баш тартышат.

Эки-үч жылда Кичи Бухарада да кайрадан так талашуу башталып, ойроттордун кийлигишүүсүнө кайрадан шарт түзүлөт. Ушуну менен Жуңгар хандыгынын айланасындагы элдер өз ара араздашып, алы кете баштады. 1716–17-жылдары калмактын жер жайнаган калың колу казактардын түштүк-чыгышын жайпап өтүп, чыгышынан Чин империясына тиешелүү Тибетти басып алат 13 .

Окурманым, акырындап отуруп, бир кезде орустардын саясаты Борбордук Азияга оой баштаган жерге жеттик. Бирок алардын саясатына жараша жооп берүүгө көчмөндөрдүн чамасы али жете элек. Чамасын да жеткирбейт, ошондуктан мындан ары биздин баянга түздөн-түз тиешеси бар орус бийлигинен дагы кабар алып туруунун зарылчылыгы бышып жетти.

Эмесе эң кычык жеринен баштайлы. Кычык дештин өзүнчө жүйөсү бар...

Сөз XVIII кылымдын аягында Францияда жарык көрүп, ошол кезде Европага бир топ чуу салып кеткен «Пётр Iнин осуяты» деп аталган он төрт бөлүктөн турган архив кагазы жөнүндө болот. Ал осуяттын түпкү теги кимге тиешелүү экени, кандай жол менен пайда болушу жана ал кагаздын чын-төгүндүгүнүн бизге анча тиешеси жок, анын үстүнө талашып отуруу пайдасыз 14 . Балким чын эле атайлап жасалган иш чыгаар. Бирок кеп ошол Пётр Iден баштап, кийинки Романовдордун атынан 15 башкарган эң акыркы падыша Николай IIге чейин ушул жогоруда аты аталган осуятты көчмөн элге иш жүзүндө толук далилдеп келген орус бийлигинин ички жана тышкы саясаты жөнүндө болот .

Чынында орус бийлиги өзүнүн чыныгы кайрымдуулугун жалгыз гана Эдил жээгиндеги калмактарга «тийгизип» келишти. Бирок ага да Пётр Iнин эч тиешеси жок, анткени мындай саясатты анын атасы, тарыхка «Момун» 16 деген ат менен калган Алексей Михайлович (1645–76-жылдардагы падыша) жүргүзгөн.

Бул окуя 1717-жылы Пётр I өзү баш болуп, атактуу адамдарды чогултуп алып, шарап ичип, тойлоп отурганда болуп өтөт. Анда сөздөн-сөз чыгып отуруп, Алексей Михайлович жөнүндө талкууга өтүп кетишет. Ошондо сөз тизгини сенатор И. А. Мусин-Пушкинге тийип, ал Пётр Iге ачык эле кошомат кылып, анын кылган иштеринин баарын мактап, атасы Алексей Михайловичти ачык эле жамандоого өтөт. Мындай жагымсыз сөзгө кабагы чытый түшкөн Пётр I ордунан тура, жогору жакта отурган князь Я. Ф. Долгорукийдин жанына көчүк басып:

– Сен мени менен баарынан көп талашып, баарынан көп сынайсың, мүмкүн сен мага чындыктын өзүн тартынбай айтып берээрсиң, кана айтчы, атам экөөбүздүн ишмерлигибизди салыштырсак, кимибиздики жогору? – деген так суроо менен кайрылат.

Ошондо тигил князь бир топко чейин тунжурай калып, анан Пётр Iнин көзүнө тике карап:

– Мамлекеттеги ички түзүлүштү жөнгө салуу эң башкы маселе болгондуктан, ал жагынан атаңа али жете элексиң жана согуш жүргүзүп, чек араларды кеңейтүү жагынан дагы атаңдан артта калып жүрөсүң. Анткени бул жагынан да атаң мамлекетке чоң пайда алып келди, бирок кеме куруу жагынан атаң сага караандабай калды, -деп кесе так жооп берет.

Жоопко ыраазы болгон Пётр I ордунан туруп, чын дили менен кучактап өөп, берки кошоматчылардын дагы айтайын дегенин кан буугандай токтотуп коёт деп, окуянын аягына чыгат.

Батыштан алган таалимине жараша, саясатта башка жерлерди күч менен басып алуу мамлекеттин башкы кызыкчылыгы катары карала баштады. Эмесе, эч кандай жеңиш (пайда деп окусаңыз да болот) бербеген И. Д. Бухгольцтун ойротторго каршы жүрүшүн орус тарыхы учкай кеп кылат. Биз дагы ага кыскача кайрылабыз.

Пётр Iни бул жүрүшкө азгырган ошол кездеги Сибирдин губернатору, паракор жана уурулугу жагынан алдыга киши салбаган князь М. П. Гагарин болду.

Бир жолу Пётр I терезесинен аппак кар баскан чыгышты карап жатып капысынан:

– Алыскы Сибирде эмне болуп жатты экен?– деп өзүнө-өзү суроо берет.

Жанында Татищев менен Гагарин бар. Татищев ошол замат:

– Алыс жердин абалын айтуу кыйын, бирок бул кыраан ушул жерден эле кимдин чөнтөгүндө канча алтын акча бар экенин даана айтып бере алат,–дейт Гагаринди көрсөтүп.

Матвей Петрович бул учурда Москванын Тверь көчөсүндө төрт этаж чоң үйүн бүтүрүп жаткан.

Заман ач көз болсо, аны адамдар деп билүү керек, ушу кезде Бухарага келген Беневени башындагы орус элчилери Аму-Дарыянын жогорку агымында алтын кени бар экенин угат 17 . Петербургка караганда Памир менен Тянь-Шань Сибирге жакын. Россия аны өзүнө каратса, ал Сибирь генерал-губернаторунун карамагына кирмек. Ошондуктан Гагарин: «Жуңгар хандыгына караштуу – Иртыштан Иле суусунун башына чейин куюлган алтын кени жатат» деп, кайра-кайра далилдеп, акыры Пётр Iни көндүрөт. Матвей Петровичтин түшүнүгү боюнча Жаркент жана Аму-Дарыя бир эле өзөн болгон. Падышага да ошентип түшүндүрдү.

Шведдер менен согушуп 18 жатканына карабай, теңине жакыны согуш туткундары жана сүргүнгө айдалган кылмышкерлерден турган төрт жарым миңден ашык кол (эки полк жөө, 700 атчан аскер) берген Пётр I башчы кылып подполковник И. Д. Бухгольцту дайындайт. Согуш баштоо үчүн адегенде таяныч сепил керек, ошону менен 1715-жылы бул аскер Сибирге жетип, Иртыш суусунун жээгине (азыркы Павлодар шаарына жакын) Жамыш чебин курууну баштайт.

Бирок «жапайылар» Гагарин ойлогондой болбой чыкты. Чеп курулса, аягы эмне менен аяктарын көчмөндөр жакшы билет. 1717-жылы эрте жазда Серең Дундук тайша он миң кол алып келип, орустар куруп жаткан чепти курчап, Бухгольцтун аскерин толук талкалап салды.

Көбү туткунга түшүп, курчоодон чыккан жети жүзгө жакын орус аскери артка кайтып келатып, Ом суусунун жээгине кичине чеп негиздешти. Ал чеп кийин шаар болуп, Омск деп аталып калды.

Калмактардын колуна түшкөн ошол орустардын ичинде улуту швед, сабаты жогору, замбирек куюу боюнча Ренат (Аренар) менен Дебеш деген адистер да бар эле (убагында орустар туткунга алышкан, эми минтип ойроттордун колуна түштү). Ойроттор мурун эле темир кенин иштетүүгө жетишкен. Шведдер аларга кен иштетүүнүн жаңы ыкмасы – темир эритүүнүн оңой жолун үйрөтүп, биринчи жолу төөгө артып атууга ылайыктуу, кыска уңгулуу баш-аягы жыйырма чакты замбирек 19 куюп беришти. Аны менен кошо ок-дары, милтелүү мылтыктарды чыгарып, нооту токуу ишин да жөнгө салышат.

...Араптандын болгон күчүн батышка топтошу Кансинин оңолуп алышына жол ачты. Учуру келгенин түшүнүп, батыштагы чек арасына аскерин топтоого үлгүрдү. Жуңгар хандыгын биротоло жер менен жексен кыла турган коркунуч эми чыгыш жагынан туулду дегендик эле.

Аны көргөн Араптан колун шашылыш түрдө кайра чыгышка оодара баштады. Ал эмес бул учурда орус бийлигинин кол алдына өтүүгө ниеттенип (Аюукенин иши экени көрүнүп турат), атайы кабарчы аткарууга даярданып жаткан болчу.

Мындай ыңгайлуу жагдайды улуу Пётр али туя элек! Европага «терезе ачууну» (Балтика жана Кара деңиз) эңсеп, көчмөндөрдүн жеринде жаткан арзан кенди Европага алып чыгуунун оңой жолу менен алек болуп жүрөт. Болбосо азыркы чек аралар таптакыр башкача түзүлмөк...

Бирок саясатка кээде тагдырдын өзү кийлигишкен да учур болот. 1722-жылы император Кансинин ичээр суусу түгөнүп, жарык дүйнө менен кош айтышты да, анын ордуна келген жаңы император Жуң-Жиң 20 Жуңгар хандыгынын чегинде буйрук күтүп, даяр турган чин аскерин артка алып кетет. Бул анын Араптан менен тынч туруу ниети эле! Акыры, Араптандын чыгыш чегинен көңүлү тынып, көктөн күткөн тилеги кабыл келди.

Ошону менен Жуңгар хандыгынын болгон күчү Орто Азияга багыт алат. Түмөндөгөн кол Самарканд, Кожентке жетти. Кыргыздардын көбү Фергана өрөөнүнө ооп, жер-суунун баары ээн, ушундан пайдаланган ойроттор жер жайнаган малы менен Иле суусунун башынан Каркыра, Кеген, Талгар, Коңур-Өлөң, Кордой жана Сары өзөн Чүйдөн баштап, Таластын төмөнкү агымына чейинки конуштарды өз эркинче ээлеп, түбөлүккө калчудай маанайда.

Эми калмактарды жок кыла турган чыгыштагы циндер жана ал хандыкты ичтен ирите тургандар кичине эс ала турсун. Биз кезекти батышындагы кыргыз менен кокондуктарга берели.

***

Ушундай ээн жердин убайын жеке өзү көрө баштагандардын бирөө – ойроттун бир жайсаңы (аты-жөнүн тарых казалдарынан жолуктура албадык) 21 – Чүй суусунун жээгиндеги Чоң Кемин менен Кичи Кеминди жайлап-кыштап, аягында биротоло менчик жайытына айландырып алган экен, анын малынын көптүгү ошончо – санай турган киши чыкпаптыр. Мурунку санжыралардан кабар алган тарыхчылардын эсебине таянсак, «жылкынын алды Чүй суусуна келип киргенде, арты али Коңурдун белинен түшчү эмес». Аралыгы бир топ. Ошол жайсаңдын жылкыларынын ичинен жалгыз сур аты күлүк чыгат.

Эмесе кезек атагы алыска кеткен сур күлүккө келди. Анткени ушул сур ат тээ Эски-Коргондо жүргөн Шоорук аталыктын тынчын ала баштаган эле.

...Баягы асыл тукум айгыр колуна оңой тийип, Тынайдын эрдигине жээлигип калган Шоорукка жолдун алыс-жакынынын кереги эмне, иши кылып каалаганы колго тийсе болду. Кыныгын алган неме ичинен болжолдоп, ичинен «көп болсо бир сулуу кыз берип кутулармын!» – деп ойлоп, ошол күлүктү колума тийгизген адамга каалаганын берем деген оюн билдирет. Тынай аны Маматкулга айтып келди.

Маматкул жер өңүтүн билгендерди чакыртты. Жакындары солтодон Коңурбай – Кошойлор экен, ошолор менен кеңешип:

– Бир чети жер чала келет. Баягы калмак кантти, конуш эмне болду? Жиберсе, жиберели, акыл кошкула, -дейт.

Көпчүлүгү Тынайга көңүлдөнөт. Бирок Маматкул алды-артын карадыбы:

– Кой, анда жатындаш жок, атадан жалгыз. Жаман айтпай, жакшы келбейт. Балдары эр жетсе, көзүңөргө жалгыз Тынай көрүндүбү дебейби, -деп, – андан көрө Болот, Темирди жиберели. Артында инилери Андакул, Көккөз, Берик бар, -дейт.

Бул учурда Болот менен Темирдин жыйырма беш – жыйырма сегиз жаштын тегерегинде. Экөө тең үйлөнүп, эчак бала-бакыралуу болгон. Болот азыр Шоорукка күйөө бала – Аким, Дайырбек, Айдарке деген балдарды көрсө, Темир Кулуке менен Боогачы аттуу эки баланын атасы.

Эми окурманым, ушул Болот менен Темирдин туулган жылы жөнүндө так маалымат жок, тарыхчы-санжырачылар болжолдоп, өз-өзүнчө берип жүрөт, бирок, айырмасы анча чоң эмес. Ошондуктан алардын ар бирин өзүнчө талдап отурбай, болгону ар кайсы тарыхый казалдардан жыйналган кабарды салыштырып көрдүк.

Бирок кээ бир санжырага 22 таянган тарыхчылар Болоттун экинчи баласы Айдаркени Ниязбектин инисине айландырышы түшүнүксүз бойдон калды. Анткени Айдарке Эсенкулдун агасы. Эсенкулдан Ниязбек. Андан Ормон. Өйдө-төмөн эки-үч жыл кошсок да, Айдарке болжол менен 1710-жылдары Фергана тарапта туулган болуп чыгат. Балким саяк Итемгендин небереси – Айттын уулу Түлкүдөн болгону беш-он жаш кичүү болушу мүмкүн, бирок Тойматтын уулу Жанболоттон кеминде 40–50 жашка улуу. Ошондуктан Айдарке 1830–40-жылдары Ормондун тушунда жашап (Жанболоттун неберелери – Атантай-Тайлактын учуру), анан Түлкүнүн небереси Эраалыга (Качыкенин баласы) теңтуш болушу мүмкүн эмес. Эраалынын өзү Ормондун атасы Ниязбекке замандаш 23 . Биз буларды Тоголок Молдонун санжырасына салыштыруу үчүн бердик. Болбосо ойдон чыгарылган окуялар улам көбөйүү үстүндө. Болот 1683–84-жылдары төрөлгөн. Темир удаа, Болоттон эки-үч жаш кичүү. Экөөнүн энеси Калемкаш.

Маматкул Фергана өрөөнүнө жайланып, улуу балдары торолуп, баш-аягы жыйылып калганда Калемкаштын үстүнө Алатоо аттуу токол алып, андан Андакул, Көккөз, Берик деген балдар төрөлөт. Алар тентек чыгып, тентектигинен Анжиян менен Маргалаңдагы кожолордун айласын кетирип, бой жеткенде «кырк ууру» аталып калды.

...Ошентип Маматкул-Кошойлор ашуу-бел, аккан суу-кечмеликтерди атап, ага тарыхын кошуп, илгерки туулган жеринин өңүтүнөн кеп куруп, акыры Болот менен Темирди Ала-Тоого аттандырат. Он чакты тандамал жигит алган экөө Үч-Коргон аркылуу Көк-Белди ашып, Нарынды жээктеп, Кетмен-Төбөгө келгенде Шамшыкалга токтоп, туз казып, куржунга салып алышты. Анан сактыкка кордук жок, Сары-Камыш, Көбүк-Суу, Төр-Жайлакты басып, Суусамырга келишет. Келсе, ал жерде киши жок, ээн экен. Жердин уусун чалып, жоо тосконго ылайыктуу деп, Жоо-Жүрөктү (ал учурда аты башка) белги кылып коюшат. Андан ары Батыш Караколду ашып, Түндүктү айланып, Желаргынын жонуна чыгышат.

Ушул жерден айланага көз чаптырып, байкоо жүргүзүп, анан кеңеш кылышты. Көпчүлүк баягы күлүктү алып келүүгө Болотту 24 ылайыктайт. Болот Желаргынын башынан түшүп, чоочун көзгө көрүнбөй бекинип жатып, бир күнү кечке Карачадан байкоо салат. Карап отуруп, калың жылкы сууга эки маал – чоң шашке ченде бир, бешимге жакын бир түшкөнүн көрөт. «Болсоң, ушул жерде болосуң» деп, жылкыга кандай тийип, куугун чыкса, кандай жол тандап, кандайча тосот кылса болоорун агасы Тынайдан жаттап бүткөн Болот күүгүм киргенде баягы жылкы кирип, суу иче турган жерди туштап келип, жээктеги кемердин бирине жашынат. Эртеси калың жылкы дал баягы убакта кайра сууга түшөт. Ошондо аңдып отурган Болоттун көзүнө жылкынын арасынан суурулуп чыккан сур ат урунду. Калган жылкы сууга жаңы кире бергенде, алдыга түшүп, омуроосуна чейин көк иримге кирип барып, кылкылдата жута баштайт. Болот аттын кызыгына батып отурса, баягы сур ат суу ичип жатканда, тиги ичип бүтсүн дегенсип, калган калың жылкы үйрөтүп койгондой күтүп турат. Жылкы кыялына таң калып отурган Болот издегени дал ушул экенине көзү жетип, жанындагы камдап келген тузду кочушуна толтура сунуп, ошол сур аттын алдынан чыкса, жаныбардын туз сурап калган кези окшойт, чочуркабай келип, колундагы тузду жыттап калат.

Көксөгөнү ушул – өзү келген сур күлүктү жалдан алып, белине чалып алган жүгөнүн күлүктүн башына катып 25 , ыргып мингенде кудайлаган бойдон келген жагына кайра тартты.

Жылкычылар да сак экен, чак түштө калың жылкыдан жалгыз атчан бөлүнүп, тескери жакка «зыр» койгонун алыстан көрүп, отуздай киши күлүктүн артынан түшөт. Куугунга жөнөкөй аттардын минилбей турганын билген Болот, күлүктүн жалына бекем жабышып, артында такымдап кууган куугун менен кошо Кеминдин оозунан чыгат:

...Тайдай эти бөлүнүп,

Тарамышы тулпардын,

Таяктай болуп көрүнүп.

Алып учуп зыркырап,

Төрт аягы тулпардын,

Суу чоюндай чыркырап!…–деп, тулпар Желаргынын өрүн өрдөп, Караколдун башынан Кара-Сеңирди ашып, Жоо-Жүрөктү жээктеп, Тоолуктун Нарын суусуна куйган жерине жеткенде кеч кирет. Кечүү издеп отурбай, киргилденген дарыяга түп-түз кирип, куйрук-жалын жайылта аркы өйүзгө аман-эсен чыккан Болот сур аттын жонуна жабышкан бойдон караанын таптырбай жок болду.

Сур күлүктүн баскан жолу болжол менен 300–350 чакырым. Демек аска-таш, кокту-колот, калың чий, бадалдарга карабай, беш-алты саатта өтүптүр!

Шооруктун тынч уктай албай жүргөнүнүн да жөнү бар экен...

Күлүктөн түңүлүп, шаабайы сууп, артка тарткан куугунчуларды Темир Жоо-Жүрөктүн башы, Шилиден тосуп туруптур. Таңга жуук «Жанкороз», «Жанкороз!» деген ураан чыкканда калмактарга Жумгал менен Киндиктин тоосу кабышып, сапырылган сан кол келгендей туюлду.

...Кырылган ойроттордун ичин жарып, жүрөгүн сууруп, кар жилигин жолдун айрылышына кагып, курал-жарак, алдындагы аттарын олжо кылып кете беришет. Мунун баары «жоонун мизи кайтсын» деген ырым. Ушундан кийин бул жер «Жоо-Жүрөк» болуп аталды.

Кийин-кийин кыргыздардын мындай жоокерчилик адатын кошуна эл «анык мыкаачылык» деп белгилейт. Алдыда кыргыздардын ушундай «мыкаачылыктары» жөнүндө дагы көп сөз болот, ошондуктан окурманга түшүнүктүү болсун үчүн В.В. Радловдун пикирин кошумчалай кетели:

…Бардык коңшулары кара кыргыздар жөнүндө жаман пикир айтат. Алар мага кара кыргыздарды митайим, ишенимсиз, жасакер жана сөз аңдыган, дайыма убаданы көп берип, бирок айтканын аткарбаган киши катары мүнөздөштү. Мындан тышкары алар өздөрүнүн коңшуларына талап-тоногуч чабуулу менен өзгөчө жек көрүндү болушкан. Ошондой болсо да, дал ушундай жортуулдарда казактарга таандык эмес биримдик, ынтымактуулук кара кыргыздардан таасын байкалат. Өзүм алардын арасында аз эле жашадым, ушундан улам алар жөнүндө кескин ой айтуудан алысмын. Антсе да кулагыма жеткен сөздөргө карап, алардын кыйла сонун эл экенине толук ишенем. Анткени коңшулары үчүн алар топ таш сыяктуу эле эки жакка экчелип; аларды бирде калмак, бирде кытайлык, бирде кокондуктар кысымга алып, мал-мүлкүнө да, өздөрүнө да чоң зыян келтирип турушкан. Ушундай кордуктардан улам өч алуу үчүн согушкан эр жүрөк (алардын бул сапатын бардык душманы айтат) кара кыргыздардын жасаган аракетине таң калууга болобу? 26 .

Буга кошуна эл берген мүнөздөмөнү кошумчалайлы:

Буруттар Түркстанда турат. Анжияндан Кашкарга чейин жайлап, Илени чек ара деп билишет. Аларды бийлер бийлеп, ...эли жакыр, бирок баатыр. Өлүмдү эч тоотпойт, пайданы баалайт. Ач көздүгүнөн такай каракчылык кылат, согушка каарман. Түз талаадан куюндай чыга калып, түтөтмө мылтык жана бакан найза менен капыстан кол салганга маш, артка качпайт, ошондуктан казак менен болорлор алардан аябай коркот. Ал эмес күч-кубатка толуп турган кезде да жуңгарлар аларды багындыра албай койгон...

Ошентип Болот аман-эсен келип, баягы күлүктү кайнатасы Шооруктун колуна тапшырды.

Атагы алыс кеткен күлүк колуна тийген Шоорук Маматкулга:

– Эми каалаганыңызды айтыңыз, убадама туруп сураганыңызды берем, – дейт.

Шоорук Аталык…

Тарыхта бул кишинин өмүрү аябай аз. Баяндардын көбү Абдырахим менен Абдыкеримдин атасы катары кабар берет. Чынында келечектеги Кокон хандыгынын түзүлүшүнө адеп багыт берген ушул киши. Улуу уулу Абдырахим 27 Эски-Коргондо турган кезинде жакын кишилери колдуу болуп өлдү. Бирок анын тушунда Кожент, Маргалаң, Анжиян шаарлары Коконго карайт. Экинчи уулу Абдыкеримдин 28 тушунда Кокон шаары негизделип, бекем чепке айланат. Коконду Абдыкеримдин небереси Нарбото 29 күчтүү хандыкка айландырды. Эң кичүү уулу Шады бий дин болгону Маргалаңга акими болду. Атагы агаларыныкына татыбайт. Баласы Сулайман кийин Кокон хандыгынын тагына отурууга үлгүрөт, так ошол так талашуунун айынан шейит кетти...

Шоорук отуз жылга жакын өмүр сүрөт. Он сегиз жашында аталык аталып, Бухара хандыгы ич ара бүлүнө баштаганда, кыргыздардын жардамы менен өз бетинче саясат жүргүзүүгө жетишти.

Анын өлүмүнө Токой-Төбөлүк Машрап деген бир шайык (шейх) себеп болот.

Ал кезде Фергана өрөөнүндө суу жүгүрткөн арык аз, талаанын көбүнө ным жетпей, кагырап жаткан. Суу жетпеген талаага арык чаптыруу үчүн Шоорук бир күнү ишке жарамдуу элди түгөл чогулттурат. Желдеттерге эмне, жыйнап кел десе, буйрукту эки кылбай, колго тийгендерин айдап келе беришет. Ошондо эл менен кошо катуу оорулуу энесинин жанында отурган бир шайыкты да кошо келишет. Үйүндө жалгыз калган энесинин абалын ойлосо жүрөгү сыздаган баягы шайык Шооруктун алдына келип, сыпайылык менен шартын түшүндүрүп, оорулуу адамдын жанында калууга уруксат берүүсүн өтүнөт. Шоорук уруксат бербейт. Мындай адилетсиздикке аябай ыза болгон шайык ошол эле түнү качып чыгып, айылына келет. Келип, Шооруктун калыссыздыгына ызаланып, ачуусу тарай неме, топурактын бетине Шоорук бийдин элесин түшүрүп, ага жаанын жебесин шилтеп жиберсе, жебе сүрөттөгү Шооруктун сол ийнине сайылат!

Эртеси жума күн экен, Шоорук бий жарык дүйнө менен кош айтышып, түбөлүккө көз жумду.

Албетте, ал кездеги адамдар болгон нерсени өз кызыкчылыгы аркылуу баалап, жашаган дооруна ылайык башка элдин тагдыры жөнүндө өзгөчө кам көргөн жок. Бул заманына жараша болгондур, ошентсе да көчүп жүргөн тоолуктар менен отурукташкан элдин жакшы мамиле күтүүсүнө эл башчыларынын да өз салымы бар. Мындай мамиленин пайдасы эки жакка тең тийди. Кыргыздар болбосо Кокон хандыгы куралып, кийинки даражасына жетмек беле, тескерисинче Шоорук болбосо тоолуктар чачырап, отурукташкан элдин арасына сиңип жок болмокпу – аны болжоп айтуу кыйын. Бирок тоолуктар мындай туугандык мамилени оңой менен эстен чыгарбай жүрдү.

…Кийин-кийин Болот бий көптөгөн неберелүү болуп, аларга Асанбай, Үсөнбай, Ниязбек, Кубат, Базаркул, Назар, Шоорук, Абдыраман, Куттуксеит, Карасарт деген ысымдарды ыйгарат.

Хасан, Хусеин, Молла Нияз, Кубат беги, Базаркули, Назар беги – булардын баары ошол кездеги Шоорукка жакын адамдар – Маматкул, Тынайлар менен аралаш жүрүшкөн. Ал эми Шооруктун өзү менен Абд-ар-Рахмандын ысымынын тыбышы бузулуп, кийинки уулдарынын аты Шоорук жана Абдыраман болуп кетти. Калган «кутлуксеит» менен «кара-сарт» болсо ошол жердеги кичине уруктардын аталышы.

Балким өз неберелерине мындай ысымдарды ыйгаруунун олуттуу себеби болгондур?

…………………………………………………………………………..

Көчмөн эл кымыз куйгандан кийин суна билүүнүн да өзүнчө жарашыгы болоорун билет, ошентип Шоорук «каалаганыңызды орундатам!» – дегенде Маматкул:

– Биз аз элбиз, ошон үчүн калмакка туруштук кыла албай чачылдык. Мындан башка тилек жок, чачылган элди чогултканы жатабыз, ошого жардам кыл!? –деди.

Ошондо берген убадасына турган Шоорук келерки жылы так ушул маалда, жерине кетүүгө бел байлаган калктын баары Арстанбап менен Кара-Үңкүрдүн куймасына чогулмай болгонун угузуп, Кокондон Каратегинге чейин чачылган бардык урууларга кабар жеткирүү үчүн жигиттерин аттандырат.

Көпчүлүктүн тилеги тезирээк туулуп-өскөн Ала-Тоосуна кайтуу эле!

* * *

Өткөндөгү жунгарлардын оор жапырыгы Борбордук Азиядагы көчмөн элдин тагдырына дагы өз таасирин тийгизбей койгон жок. Анын кесепети нечен кылымдан бери көчмөндөр көнгөн салт-санааларды биротоло бузбаганы менен күнүмдүк жашоонун нугу акырындап жаңы багытка бурула баштаганы билинип калды. Илимдин сөзү менен айтканда, «уруулук түзүлүштүн бузулушу» башталды. Адам баласынын оюна баш ийбеген тарыхтын мындай себептери кайсыл жерде, кай мезгилде башталып, канча убакыт созулаарын эч ким алдын-ала аныктай албайт. Ушундайча көчмөндөрдө ар ким бет алдынча жашоого мүмкүнчүлүк болбой турган заман башталып, эми жалпы бир эл болуп биригүүнүн зарылчылыгы бышып жетилет. Бирок азыркы айтылган зарылчылыктын иш жүзүнө ашышына жардам тийгизе турган бир топ себептер болот. Анын баары бир убакытта эле чогула калышы мүмкүн эмес. Мындай шарт кээде кыска убакытта аяктап, кээде аябай узакка созулуп кетиши мүмкүн. Мисалга алсак, өзүбүз баян кылып жаткан Кокон хандыгынын баардык себептери туура келгендиктен баш-аягы бир кылымга жетпеген убакытта биригип бүттү. Ал эми кыргыздар болсо андай хандыкка айлануу үчүн дагы далай убакытын коротот.

Албетте, бул маселелер боюнча биз учуру келген сайын токтолуп, аягында сөзсүз бир жыйынтык чыгарабыз, азыр болсо кыргыздардын кайрадан бириге турган жерине келдик.

Эми, «алтымыш уруу журтумдун, азганы болсо жыяйын» дейт Манаста, ошондуктан биз да аны көздөп, түп-түз алдыга карай жүрүп отурушубуз керек, анткени, кайра артына карай бурулуп алып өнүгүү алиге чейин эч кимдин колунан келе элек. Ошентип Ала-Тоого кайтаарыбызда Фергана өрөөнүнө дагы бир жолу көз чаптыра кетели.

Бул өрөөндө да күнөөсүз кырылган нечен кыргыздын сөөгү жатат! Ойроттордун кан тепсеткен жапырыгынан канча деген бейкүнөө, ажайып адамдардын өмүрү кыйылбады. Анын баарын эсептеп чыгуу азыр биздин колдон келбейт. Болжоп айтууга да акыбыз жок!

Акылдын көзүн тааныган агала сакал аталар, эмчек сүтү менен далай-далай баатырларды өстүргөн ак элечектүү энелер, баралына жетпеген жаш балдар, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек секелек кыздар...

Башка жерлерге отурукташып, туулуп-өскөн жерине кайтпай калгандары канча? Келечектеги белгисиздик менен артта калган муң-зарын эстеп төгүлгөн көздүн жашычы? Бул бир эле жагы.

Экинчи жагынан, ушул өрөөндө ыңаалап түшүп, анан киндиги кесилген далай наристелердин каны тамган. Ысымдары тарыхта калган инсандардан Жайыл менен Атаке, Момокон менен Кебек...

Алардын баарынын эсебин алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Фергана өрөөнү кыргыздар үчүн ыйык жерлердин бири болуп кала берет!

…Ошентип Ферганадан Ала-Тоого кайтаар мезгил келди. Болот менен Темирдин да бала-чакасы көбөйүп калган. Болоттун үч улууна Сураке менен Татыкөтөн кошулса (кийин Болот бийдин бул балдары Санчы сынчынын жеңил колу менен «беш күрөң» аталат), Темирдин Черикчи жана Назар деген балдары торолуп чыкты. Тынай токол алууга үлгүрүп, токолунан Ырыскул, Арзыкул, Бекмурат жана Сокур аттуу уулду болуп, Сатыбалдынын балдары Жообасар менен Кубаттын да бойго жеткен кез.

Баягы кабар боюнча айтылган маалда Каратегин, Ысардан бери бүт кыргыз болжошкон жер – Арсланбап, Кара-Үңкүргө чогулат. Мына ошондо көрүштү, кыргыздын көбөйгөнүн.

Кылкылдаган эл түзгө батпай, табышып, кучакташып ыйлап жүргөнү андан көп, дайнын сурап, жаңы таанышканы мындан көп. Көпчүлүгү суроо салып: «минтип, элди кимиңер чогулттуңар?» деп, бир-биринен жооп издегендер алардан көп болуп, арасында ата-бабаларынын айчык туусун көтөргөндөр да жүрөт. Баары келди дегенде, анда бабаңдын карып калган кези, жыйылган элдин алдына Талкан чыгып:

  • Ой журт, баарыбызды чогулткан Маматкул! – дейт.
  • Маматкул ким?

– Ал Үчүкөнүн баласы! -дегенде эл дуулдап, баштаган сөздү аягына чыгарбай, «аккан арыктан суу агат» деп, кайдан-жайдан табышканы белгисиз, ортого ак кийиз келип, Маматкулду салып, көтөрүп кетти. Ак кийиздин четине жете албай жүргөнү канча? Бирок мунун баары оңой менен келген жок...

Кыргыздар жылкы мүнөз – жал бүтсө, жанына торсук байлатпай дегендей. Мындан бир аз жыл мурун:

– Ала-Тоодон кабар алып келейин, тууганыбыз Жаманкулдун уулу Белектин жону бүтүн деп угам, –деген Талкан баягы Казан-Куйгандагы Белекти издеп, Нарынга жөнөйт. Нарынга келсе Белек терисине батпай турган чагы экен.

– Ээ, Талкан! Ата баланы неге туудурат, эмне деп тилейт? Калмак сага кайың болсо, уулуң Байболотко тайке. Карашпай калдыңарбы? Мурун эле келсең эмне? Ата болуп төөмү багат элең, -деп, жакшы кабыл албай коёт.

Белектин ошонусун унута элек кези…

Тээ көптө элдин деми сууп, эчак өткөн-кеткенди эскерип:

…Кырым-кырым болгондо,

Урум-урум болгондо,

Уулу өлбөгөн Урумда жок,

Кызы өлбөгөн Кырымда жок.

Атасы өлбөгөн ааламда жок,

Катыны өлбөгөн калкта жок,

Өлбөй калган салтта жок… –деп, өлгөндөрүн жоктоп, келечекти да козгоп, ай туяк ак боз бээ союп, түлөө кылышты.

Түлөөнүн башында турган аксакалдар ошондо кеңешип, аягында:

– Бармактай балдар баш болду, кенедей балдар эр болду, ач элек тоюндук, жыртык элек бүтөлдүк. Эми жатып алсак болобу? Ата-бабалардын арбагы бар бизди карап турган, ошолордун сөөгү жаткан жерлер аманатка калды эле. Кайталы! – деп, бүтүм кылып, чыбык кыркышты.

– Оң-сол, жалпы кыргыз түгөлүң менен ук! Көч башын бергиле, жолду Маматкул баштасын. Калганыбыз ээрчийли. Илгерки чалдар айтчу эле, эр жигиттин үч журту болоор деп, ошонун бири ата-бабанын жери. Батаны мен берейин, -деген Талкан алаканын жая: Оо, Кудай, өлүмдүн тегизинен сакта,

Андан калса сегизинен сакта,

Андан калса эгизинен сакта?!

Кандын каарынан сакта,

Каракчынын дооматынан сакта?!

Бакпай балааңдан сакта,

Жакпай жалааңдан сакта?!

Капсалаң жуттан сакта,

Кара өзгөй доодон сакта?!

Аңдыган уурудан сакта,

Айсызда тийген жоодон сакта?!… –деп, Маматкулга эки тизгин бир чылбырды карматты. Ошону менен кыргыз түп көтөрө ата-бабасынын жери Ала-Тоого бет алат.

Кыргыздар адегенде Тогуз-Торо, Кетмен-Төбөгө келди. Болот менен Темирдин айылы Узун-Акмат суусунун жээгине конду. Кийин Кырк-Казык деп аталат. Түнтөй тукумунан чыккан Жакшыбай Шербек деген уулуна Маматкулдун бир кызын алып берет. Түнтөйдүн дагы бир тукуму Бозтери деген эркек балалуу болуп, «жай алдык, эми тынччылык болсо экен» деп, баласына «Элтынды» деген ат ыйгарды.

...Керемет нерсенин баары ушул эле жерде дебедикпи – дал ушул кыргыздар өз жерине көчө баштаган күндөрү Сары-Өзөн Чүйдөгү Жыламыш, Ак-Суу капчыгайларын аралаган киши болсо, сөзсүз кулагына муун бошотуп, муңканган сыбызгынын үнү чалынмак. Алгач жай соккон желге окшоп, акырындап термелип, бара-бара күүлөнүп, анан бийиктеп, качан келесиң деп, бирөөнү чакырып тургансып, аягында күткөнү укпай калгандан бетер сыбызгынын үнү сыздап барып токтоор эле. Бул жүрөк сыздаткан күүнү такай тартып, эли менен аман-эсен жолугушууну эңсеп жүргөн солто уругунан Атакүчүктүн уулдарынын бири болот.

...Култуудан Атакүчүк, Элчибек. Атакүчүктөн Абышка менен Чал. Чалдын Байтике, Тилеш деген балдарынын бири «аюукор», экинчиси «кеперкаман» болуп тарады. Элчибектин балдары «чылпак», «шалта». Калмак чапканда ошол Атакүчүктүн балдары элге кошулуп, Анжиянга сүрүлбөй, ошол жердин бирине баш пааналап калышат.

Бирөөлөр байкап калбасын деп, түнкүсүн от жакпай, жалаң мергенчилик менен оокат кылып, аң уулап, жан багышат. Туугандарын, элин сагынып, аларга кезигер күндү күтүп жүрүшөт. Чогойно, шилбинин жакшысын тандап сыбызгы жасап, эрмек кылып сагынычын жазып турушат. Күндөрдүн бир түнүндө ошол Атакүчүктүн Абышка деген баласынын уйкусу качып, уктай албай, айласы кетип сыртка чыкса, таң жаңыдан атып келатыптыр. Чыгыш жак агарып, туптунук. Анан күн чыгыш жак уламдан-улам кашкая баштагандагы керемет көрүнүш Абышканы катуу толкутту. Чыдабай, колуна сыбызгысын алып, сыздатып кирди. Күү улам бийиктеп, таң алдындагы муздак желге кошулуп алда кайда кетип, таң шоокуму менен кошо күүнүн ээсинин качанкы сагынычын таратып, эргитип чыгат. Кийин кыргыздар Чүйдөгү конуштарына келгенде да ошол күүнү тарттырып, тажабай кайра-кайра уга беришчү дейт.

Анан, кимдин качан, кандай окуялар баштарынан өткөнүн бир-биринен сурамжылап, эсеп кылып отурушса, Абышка чыгарган күү кыргыздын Ала-Тоого көчкөн күнүнө дал келиптир. Ошол күү кийин «эргигенде жаралды», элдик күү «Эргиме» деп, кыргызга кеңири тарап кетти. Кийин ушул Абышканын тукумунан Бөлөбала деген уул туулуп, анын баласы Осмонкулду билбеген кыргыз жок чыгар.

…Ала-Тоого келип жайгашары менен, Маматкул бүт кыргызды бириктирүүгө киришет. Ушундан улам Маматкул бийдин бугу менен айтылуу чатагы башталды. Көпчүлүк санжыралар аны жөнөкөй көр-тиричиликке байланыштырып калса, тарыхта сарыбагыш менен бугулардын биринчи чатагы деп саналат. Чынында буга жалгыз сарыбагыш эмес, Жаманкулдун балдарына башка чоң уруулар солто менен саяктардын да нааразы болушу себеп болгон.

Тогуз-Торого келгенден кийин Маматкул, Кошойлор бир жакадан баш-бир жеңден кол чыгарбаса болбосун ойлоп, Белектин балдарына да кабарчы жиберишкен. Бир эмес, бир нече жолу. Калмак бийлиги бошой баштаганда, өздөрүн ээн сезип калган немелер келгендерге жөн салды жооп берип, сөзгө кулак какпай коюшат. Акырында Темирдин уулу Черикчи келет. Келсе бозо салдырып, жородо отурушуптур. Төрдө Тогузбайдын өзү. Анда тамеки чеккен киши өзгөчө кадырлуу. Калмактан калган жалгыз жаңылык – канжаны коркурата сорсо, кернейден чыккан түтүндөй. Соруп бүтүп, күлүн өтүктүн такасына кагып бүтүрмөйүн үн чыгарбоо салтка айланыптыр. Ошондон кийин гана тамагын кырып, ал-жай сурамай башталат.

Кыштын күнү, кар сампарлап жаап турат, келгендер Маматкул, Кошойдун чакыртып жатканын айтышат.

–Тууганыбыз өрүлүктөп келбейт деп, таарынып жүрөт окшойт. Бир күнү баарыбыз барып, союш берип кутулаарбыз. Маматкул эмес эле Мээнеткулга жолукканбыз го? -дейт, төрдө отурган Тогузбай, эки жагын каранып. Отургандар аны коштоп шакабага киришти:

– Жок дегенде тебетейди силкип койсоңор боло!

Черикчи ошондо чоң кеседеги бозону тартып жиберип:

– Силкишээр кезде силкишебиз! –деп, аттанып кетти.

Кийин бул учкул сөзгө айланды...

Маматкул, Кошой, саяктан Түлкү бар, Белектин балдарынын кылыгын укканда:

«Жаманкулдун балдарынын көздөрүн май басып, жиндери башынан ашыптыр» дешип, ошол эле айда калың кол менен Белектин айылына түшөт. Ал кездин салты – жалгыз бирөөнүн айыбы болсо да, аны бүт уруу мойнуна алат. Кол келгенде баягылар соолугуп, айтканын угуп, алдыга түшүп алып, Тогуз-Торого келишти.

Айылга жете бергенде карашса, жакын жердеги дөбөнүн үстүндө калдайган калың эл. Ошондо инилери шылкыйа Тогузбайга карашып:

– Аба, өзүң баштадың эле, эми өзүң жооп бер, -дешип, тээ алыстан аттан түшө, тебетейин колго кармап, чогулгандарга жакындаганда акырын саламын айтып, четке отурушту.

Амандык сурашып бүткөндө Маматкул айткан экен:

– Кыргыз оң-сол болуп бөлүнөт. Оңун – Агуул, солун – Куул дейт. Агуул көркөм, таза жүрүп, жанын жакшы караган киши эле. Ошон үчүн келин-кесеги «Жанкороз» деп тергеди. Адигине, Тагайдын «Жанкороз» деген урааны ушундай. Ошондон бери азык, саяк, сарыбагышы, бугусу болобу – бүт оңдун урааны ушул. Көрдүңбү баатыр, урааныбыз да, каныбыз да бир, -деп, акырында:

Байгара менен Жамбылда, май жегенде бирге элек!

Калмактын Калы менен Кутуда кан ичкенде бирге элек!

Казак кайың саап, кыргыз Ысар качып,

Ак таман чор болгондо, кайда кеттиң сен Белек?! -деген, айтылуу суроосун берет. Жооп болгон жок, ошону менен сакалдуулары сөз алып, айыпты эки тарапка калыс Каработо, Майтыктар кести.

Эми кезеги келди, биротоло булардын ата-тегин да эскере кетели; Куу уулдан Көнөк. Көнөктөн Мундуз, Басыз, Каратал, Каранай. Каранайдан Кытай, Саруу, Дуулат. Кытайдан Байтике, Буудай, Алкожо. Байтикеден Талпагар, Кыйра. Кыйрадан Каработо.

Караталдан Каратеңеш. Мунун бир нече варианты бар. Каратеңештен Меңдуулат, Жоош. Меңдуулаттан Таскушчу, Көккушчу, Каракушчу, Чейне, Алыке, Чылжуут, Шараноот, Көзүжаман, Тулга, Барыке, Шалка, Күнчөй, Өнөк, Кары деген ж. б. балдар. Таскушчудан Кубатбек, Кошкулак. Кубатбек заманында жоодон да, доодон да кайра тартпаган, өлүмдөн коркуп качпаган баатыр адам болгон дешет. Жооштон Карала, Кардык. Караладан Тынымсейит, Касымсейит, Нурсейит. Тынымсейиттен Карадөң. Карадөңдөн Кочкорбай. Кардыктан Болот. Болоттон Үчкуртка. Курткадан Кудайберди, Жантай, Кыржы, Кутужан, Каракужур, Боочу, Темиркул, Атантай, Каймазар. Жантайдын балдары «Сабаа атаар» болуп калышты. Бул жөнүндө төмөндө кызык аңгеме айтылат.

Куртка өлгөндө анын малы Кудайберди менен Жантайда калат. Жантайдын балдарынын жылкысы көп, сабаасы бөксөрбөй, эл да көп келчү экен. Ал кезде жоо жакадан алып турган учур, аялдары күйөөсүнүн аман калышын гана тилебестен, колунан келишинче жардам дагы берет. Жантайдын аялы да бир тердиктик кийиздин ичине кум толтуруп тигип, «сонун олпок болду, мындан эми ок өтпөйт» деп күйөөсүнө көрсөтүп, мактанат. Олпок күйөөсүнө жагып, экөөлөп аны сынап көрмөк болушат. Аялы баягы кийизин сабаага жөлөп, күйөөсүн ат дейт. Күйөөсү төрдөн туруп атат. Атканда жаанын огу олпокту, андан сабааны тешип өтөт. Кымыз куюп алууга идиш жетпейт, сабааны ширилеп тигиш үчүн жок дегенде эки-үч күн убакыт керек. Анын айынан келген кишилерге кымыз бере албай калышат. Ушуну менен Жантайдын тукуму «Сабаа атаар» («Сабатар») аталды.

Каймазардан Токтокүчүк, Түлөберди, Кенже, Таба, Чекир, Шүкүр, Майтык. Майтыктан Бегаалы, Көдөк, Таты, Абышка, Момун, Эшбото. Кээ бирине алдыдан кезигебиз.

...Акыры көптүн чечими менен:

– Улуусу Тогузбай, өзүлөрү тогуз айыл эл экен. Тогуздан айып тартсын, ошону менен бүтсүн, -деп чечимин угузуп, чыбыгын кыркышты.

Ошол айыпка келген тогуз кыздын ичинен Белектин уулу Тогузбайдын Суйкана деген кызын Темирдин уулу Черикчи алып, андан Абайылда. Каработого тийген кыздын аты Аппак, андан Асан, Үсөн деген эгиз уул. Сайра деген кызын Кошой алат. Сексенге жакындап калыптыр, ошондогу Сайранын кошогу:

Алдыга түшүп баатырдын,

Айдалып келдим мен чалга.

Эркимче басып келе албай,

Байланып келдим мен чалга.

Кетмен-Төбө бийик жер,

Кор болуп келдим мен чалга.

Алыс жерди жөө басып,

Чор болуп келдим мен чалга.

Кызыл өңдөн ажырап,

Соолуп келдим мен чалга.

Карайлатып жанымды,

Оңуп келдим мен чалга...

Сайрадан жалгыз Кочкорбай.

Көпчүлүктүн өмүрү эми, мындан ары ушул жерлер менен тыкыз байланышта болот. Ошондуктан, тукумдарына бул тегеректи жакындан тааныштыра кетели.

Түштүк-батышын айтканбыз, түндүгү Ат-Ойноок кырка тоосунан башталган Узун-Акмат суусу Кара-Кулжа, Уста-Сай, Беш-Таш, Терек-Суу, Кара-Күңгөйгө биригип, Нарын дарыясына кошулат. Талас жана Чаткал Ала-Тоосу түндүгүнөн, Ат-Ойноок тоосу батышынан тосуп, Кара-Суу өрөөнүн баш жагы тик кеткен капчыгайга айланып, ал жерде кооз көлдөрдүн бири Сары-Челек жатат. Талас жак капчыгайлардын башы жазы. Ал жерде төрлөрү салкын, кооз Беш-Таш, Кошой-Төр, Туюк-Төр, Коргон-Шанык, Шанык деген жайлоолор жайгашып, Талас жак бетинде жайлоолордун көркүнө көрк кошкон Беш-Таш деген көл бар.

…Кийин-кийин Байтик баатыр Таласка келгенде, аны ата-бабаларынын жери менен тааныштырган Балыкооз:

Биле элек болсоң билип ал!

Бабаларың бастырган,

Белгилүү нечен бели бар,

Көрө элек болсоң көрүп ал!

Анжияндан аркалап,

Көчүп келген элиң бар,

…………………………….

Айтылуу Беш-Таш көлү бар!

Атайы келип көрүп кал!

Терек-Суу, Шанык, Туюк-Төр,

Түп аталарың өскөн жер!

Коргон-Шанык, Кошой-Төр,

Атаңдын жери, кошо көр! – дейт…

Кара-Кулжа суусун бойлоп, башы менен Чаткал өрөөнүнө өтүп (ал жагы да Кара-Кулжа деп аталат), Чаткалдын башы Ак-Таш, андан Кара-Буура капчыгайына салып Таласка түшөт. Түндүгүнөн түз Беш-Таш, Терек-Суунун башы аркылуу Таласка чыгат, анда Козучак, Балбалдын тушунан чыгасың. Дагы бир маанилүү ашуусу – Беш-Таштын башынан Ак-Талаанын төрүнө салып, Арымга, Арымдан Чычканга түшүп, айтылуу Ала-Белден Суусамырга, андан түндүккө – Өтмөк ашуусу менен да Таластын башынан түшүүгө болот. Суусамыр суусун жээктеп, бир нече ашууга салып Сары-Өзөн Чүйгө чыгат. Ал эми эч кандай ашуу ашпай, Нарындын суусун өрдөп жүрүп отурсаң Сары-Камыш аркылуу түз эле Жумгалга, же түштүккө, Тогуз-Торого өтүп кетесиң. Ушинтип, Кетмен-Төбө өрөөнү бардык жагынан мерчемдүү болуп, тогуз жолдун тоому!

Бул жакка келгенден оңдон солто, сарыбагыш, саяк; солдон кушчу, кытай, саруу эзелтен бери ата-бабабыздын жери дешип, бир жагы Ташкент, бир жагы Байгара, Жамбыл, Кара-Тоого чейин жетип, мал-жан жыйып, соодагерлерди чаап, бат эле тыңып кетишти. Асылбаштын айтылуу тукуму Дорбобаш, көгөйдөн Койкоң Назар деген баатырлардын учуру ушул...

Адигиненин бир баласы Мөнөк. Мөнөктөн Нардай, Нартайлак. Нартайлактан Өлөке. Өлөкеден Асылбаш. Өлөке өлүп калып, Асылбаш чоң атасы Мөнөктүн колунда калат. Өлөке өлгөндөн кийин анын аялы Сарыкызды Каракчы алат. Ушинтип, чоң атасы каза болгондон кийин Асылбаш энесине келип, анын жанында чоңоюп, биротоло солто ичинде калат. Асылбаштан – Асан. Асандан – Сарай, Таңтагар. Таңтагардан – Доскулу. Доскулудан – Токто. Токтонун биринчи аялынан Кудайменде, Кенже. Экинчи аялынан Миңсейит, Күчүк, Алдаяр, Дорбобаш. Кенженин биринчи аялынан Темиржан, Чиркей, Чортон. Кенженин экинчи аялынан Каракуш, Кубат. Кудаймендеден Ныша баатыр, Дөөлөс, Калча.

Жети уруу – ак-буура, жоо-чалыш, төлөк, асыл-баш, беш-көөрүк, мааке, көгөй солтонун тондуу балдары. Көгөйдөн Койкоң Назар. Өз аты Назар. Бир нече Назар болгону үчүн Койкоң деген кош ысым алган. Илгерки кыргыз жылкыны туягы, болбосо кыгынан тааныган туубаса саяпкер болуптур. Ошолордун бири Койкоң Назар. Кетмен-Төбөгө келгенден кийин жаз келсе болду, күзгө чейин жаны тынбай, жүгөнүн белине байлап алып, жөө кетет. Жалгыз киши оңой менен көзгө чалдыкпайт, үйүр-үйүр жылкы көрсө алыстан багып, ыңгайын күтөт. Минилип-миниле экенин жазбай тааныйт, азоосуна карабай, эринден же кулактан алып, көтөрүп чабат. Жүгөнүн катып, үстүнө минет да, билектей камчы салганда, уусу жанга баткан жылкы мөңкүбөй – тер чыкса болду, кадимкидей жоошуйт. Койколондото минип алып, бир күнү айлына жете келет. Жолу болбой калса, кай жерде эмне айыл, канча мал жатканын билип, жанына жолдош алып, кайра барат. Кыскасы, олжосуз келмей жок.

Ошондой күндөрдүн бири, Жаз айынын орто чени, тоонун кары толук кете элек. Койкоңназар, Дорбобаш жөө, Таластын ичи менен Талды-Булак, Ашмара, андан Чуңкур, Көкдөнөндүн башынан чалып жүрүп, Кара-Кыштактагы калмактын айылына 30–40 адам түшкөнүн көрүшөт. Алардын алдында такай 2–3 атчан киши жүргөн болот. Алдыңкылары жеткенде айыл жанданып, бир топ киши айылдын сыртына чыгып, берки атчандарды өзгөчө сөөлөт менен тосуп турушат. Арткы топтон бута атым алдыда жалгыз атчан жүрөт. Жүрүшү да башкача. Бир байбача экени, тосуп тургандар аны күтүп жатышканы даана эле көрүнүп турат. Эртеси болгондо баягы атчандар мурунку күнкү калыбынан жазбай, кийинки айылды карай жөнөйт. Чалгынчылар тоо башынан акмалап, алардын артынан ээрчип жүрүп отурат. Эки-үч күн өтөт. Мерке, Кулан ченден айылдар сээлдейт. Кароолчокудан карап, акыры Чуңкурдун жээгинен жетишет. Кечмеликке жакын көбүнчө калың бадал, коюу камыш, ошондой жердин биринен жатып, баягы калмактарга кол салышат. Удаа жаа тартканда, алдыдагылар тегиз жыгылат. Көбүн өлтүрүп, баягы байбачаны колго тирүүлөй түшүрүшөт. Ал бир нойондун баласы экен, жашыруун кабар менен Ташкент жакка баратыптыр. Жанынан мөөр басылган бир нече кагаз чыгат, бирок аны окуган киши жок, анын үстүнө кыргызды кат эмес, жакшы жылкы кызыктырат. Катуулап сурак кылышса, жакында калмактар Ташкентке кербен жөнөтүп, бирок Иле ташкындап, баарын суу алып кетиптир. Ал кербен Ташкенттеги калмактын аскерин жазайыл, ок-дары, мылтык менен камсыз кылмак экен, бул ошону билдирүүгө баратыптыр. Андан башка кай жерде кайсыл айыл, кимдин канча жылкысы барын да жакшылап тактап алышып, капчыгай өрдөп, туткун калмакты чоң карагайдын бирине бекем таңып туруп:

– Айтканың чын чыкса бактың! Аман кайтсак ала кетебиз. Кайтпай калсак өз шоруң, -деп, кеч киргенде жүрүп кетишет.

Ошол калмактын айтканын улай келип, эртеси эрте Чүй суусунун төмөн жагынан ээн жаткан көп жылкы көрүштү. Кечке байкап отуруп, күүгүм киргенде кудайынан тилеп, келме келтирип, куугун чыкса, тойгон жылкынын тезегин уулап, жетип албасын деп, калың жылкыны тескери, Моюнкумду карай сүрүп жөнөшөт. Түн ортосу ооп калган ченде чөлдө кум учурган катуу шамал башталды. Атчандар эмес, алдыдагы калың жылкы элес-булас – бараткан жак кай тарап экени билинбейт. Таң атып, айлана агарганда шамал ого бетер күчөп, баягылар болжолго салып жылкы артынан келе беришти. Антип-минтип түш оогондой болот, тигилер чарчап, шаабай сууган. Шамал көз ачырбай, колдор камтууга келбей калды.

Көп өтпөй арт жактан чуу чыгат. Айт-уйт деп, жылкы айдаган үн угулуп, жылкынын жүрүшү катуулайт. Куугун экенин билип, жылкы айдап келе жаткандардын ындыны ого бетер өчөт. Аңгыча болбой чаң айдаган шамал басаңдап, айлана элдир-селдир көрүнө баштайт. Байкашса, олбурлуу чоочун адам жылкы айдашып алыптыр. Кийген зооту жалтылдайт, колунда узундугу эки кулачтан ашык найза – анын атына салыштырмалуу беркилердики тайдай эле болуп калды дейт.

Өңү даана көрүнбөгөнү менен бараңдуу карааны опол тоодой зоңкоюп, кыйкырык-сүрөөнү демине-дем берди. Көнгөн тоолору көзгө илингенде гана баягы караан жоголот. Карашса, өгүнү өзүлөрү аттанып чыккан жер экен, жакаларын кармап, калмактын байбачасын таңып кеткен карагайга келишсе, үзүлгөн жип, чачылган сөөк, суу жээгиндеги чалчыктарда чөөлөрдүн жайнаган изинен башка эч нерсе жок...

Кара-Кыя, Көтөн-Үзмөгө салып, Күңгөй-Сандык, Кызыл-Ооз, Кум-Белди ашып, Кең-Колго жеткенче бир-биринен сурап, түндөгү кишини бири эле эмес, баары тең көргөнүнө ишенишет. «Жанкороз», «Жанкороз» деген ураанды да угушат.

Ушинтип Манап өзү келип, колдогонуна ишенип калышты. Айылга келип аксарбашыл деп, ай туяк ак боз бээни курмандык чалып, түлөө беришет. Ушундан улам «Жанкороз», «Манап» деген сөз сыйкырдуу, ыйык күчкө айланды.

…Бирок тирүү адам болгон соң согуш эле эмес, жөнөкөй турмуш-тиричиликтин камын жей турган учурлар да көп кезигет. Кеп төркүнүнө жараша ошондой турмуш-тиричиликке байланышкан окуялардын бирине токтололу.

* * *

Болот менен Темирдин бүт кыргызга таанымал болуп калган кези. Ар элде эмне жакшы бар, бул экөөсүз эч нерсе өтпөйт. Мейли уул-кызы же жылкы, болбосо куштун жакшысы болобу – адегенде экөөнө көрсөтүп, сынатып турган учур. Кызынын өңү-түсү жакшыраак болсо, ата-энеси тымызын: «атаганат, кызыбыз ушулардын көзүнө көрүнүп калсачы» деп, арманда жүргөнү канча? Чечкиндүүлөрү кыз алып-кыз берип, куда-сөөк болушту. Санжырачы Үсөйүн ажынын айтканы да ошол, «Конкошбайдын балдары Темир, Болот келет» дегенде, атасына «кылымда жок аш беребиз» деп, «бай аш» болсун үчүн казысы үч элиден ылдый чыккан жылкыны кашатка сүйрөп салып, андан өйдөкүсүн тартышкан.

Болоттун аялы Алтынбешик дагы күйөө сыйлаган кыргыз каадасын улантып, жашы отузга жакындап, толукшуп турган убагы. Ошентсе да аны-муну менен көп иши болбогон – Шооруктун кызымын дегениби – өзүнчө мүнөз күтүп, күйөөсү Болот айыл ичинде жок кезде, балдарына жана өзүнөн кичүү жакын туугандарына акыл айтып, баш-көз болууга жарай алган жок. Бир жолу Болот менен Темир бир жакка кетиптир – кымкап жасалга сарт чапандын айынан узун элдин учуна угулган чатак чыкты. Ушинтип баяныбызга азыр Тынайдын кыпчактан багып алган Нускай деген баласы кошулат.

Илгерки Шырдакбектин бир баласы «алтын очок» Айдарбек деп аталды. От жага турган очогун алтынга уютуп салдырыптыр. «Алтын очок» дегени ошондон. Көпкө чейин баласы жок жүрүп, карыганда бала көрөт. Бир күнү Азирет сайдал Аппак кожо Кашкар шаарынан Бухара шарифке барат дегенди угуп, жолун тосо айыл конуптур. Аппак кожо айылга жакындаганда Айдарбек алдынан чыгып: «таксыр, карып калган кезимде эркек бала таптым эле, ушуга бата-дуба бере кетиңиз?» -дейт. Азирет кожо олуя үйгө түшүп, баланы этегине салдырып: «Бул бала менин этегиме түштү. Кудай кааласа мага да бала болду. Эми мунун тукумуна кожолордон кыз алууга уруксат. Аман-эсен сапарга баратканда кез болду, аты Асанкожо болсун, оомийн, аллооху акбар» -деп батасын берет.

Асанкожодон Асан, Үсөн. Үсөндөн Айткул, андан Эшкул. Эшкулдан Насыр мерген, Андан Бакал мерген. Бакал мергенден Дабан. Андан Жотобай. Жотобайдан Иттийбес, Койтийбес. Койтийбестен Көкчө. Андан Төрөкул. Төрөкулдун бир уулу Нускай. Ушул Нускай Тынай бийдин колуна тийген.

Кыргыз Ысар кирип, тентип жүргөндө, ошол Төрөкул Маматкул менен сөөктөшүү үчүн бир тууган карындашы Акжаркынды Тынайга берет. Акжаркын жети жылга жакын төрөй албай коёт. Акыры ырым кылып агасы Төрөкулдун кол аягына күмүш билерик салып, анын Нускай аттуу балтыр бешик эркек баласын асырап алат. Ошону менен ал Тынай бийдин колунда өсүп, үйлөнөт. Нускайдын байбичесинен Аргынбай, Коңурбай, токолунан Алчынбай, Матай. Коңурбай менен Матайдан тукум жок. Аргынбайдан Карпык, Айтууган, Күнтууган, Алтай, Матен, Шатен деген алты уул. Күнтуугандын уулу аялынан Баяке, Талкан. Кичи аялынан Дыйкан, Чагатай. Баяке кийин Шабдан баатырга чоң кызмат көрсөтөт.

...Ошол Нускай тайке-тайына катышып, келип-кетип жүрүп, Төрө-Коргондогу байлыгы батпаган бир бектин дайнын угуп калат. Анын укканы боюнча бектин үйү толтура алтын-күмүш, кымкап кийим, шайы-жибек, короосу толо аргымак болот. Аны адегенде Атаке, Сатыбалды угуп, Болот бийдин уулдары Айдарке, Суракелерге акылдашат. Аларга Темирдин Назары кошулуп 30 , курал-жарак даярдап, ыңгайын келтире аттанып чыгышат. Мурунку өнүп-өскөн жер, жер-суунун уусун жакшы билген немелердин жолу болуп, жан кишиге көрүнбөй келип, таң ата басып – даана аргымак аттан тогуз, ага кошуп алтын-күмүш буюмдар, кымкап баалуу ичик-тон, кымбат кездемелерден көп олжого туйтунуп, кайра тартышат. Ал жүрүштүн даңкы элге тегиз жайылган себеби, айылга келгенде баарын калыс бөлүштүрө келип, бирок арасынан бир чапан ары же бери болбой, бирөөсүнө көбүрөөк, бирине кемирээк тийгендей сезилет. Чатак чыгып, улууларга катуу сөздөр айтылды. Акырында чатак ырбап, көптүгүнө карабай Болоттун балдары таяк жеп калат.

…Байлык менен бийлик азыркыдай сыймык менен даңк алып келе элек кез. Намыс деген уруудан-урукка өтүп, атадан-балага калып, «урук» менен «мекен» деген сөздүн маанисинде анчалык айырма боло элек каар заманда – бир чети балдарынын жүүнү бош чыгып, токмок жеп калганына, экинчи жагынан жакын бир туугандар бири-бирин көрө албай, кичинекей бир сарт чапандын баасы алдындагы аттан өтүп, чоң урушка себеп болгонуна ичинен ыза болгон Болот мындай кабарды угуп:

– Ой, Каркырада жатып, калмактан жер талашып жаткансып, -деп ачуусуна чыдабай:

– Жок дегенде тогуз күлүктүн бирин талашып чабышпайбы ыя? Сен деле кой десең боло? -деп иниси Темирге бир тийиптир.

Анда Темир:

– Балдарга эмне болушалы!? Бүгүн урушса, эртең эле табышып алар. Жайына кой! -деп кагып коёт.

Инисинен мындай жоопту укканда – өмүрүң жалаң найза сунуп, кылыч кезеп өтүп жаткан кез болсо, анан кокус, алыс жерде өлүп калсаң сөөгүң кайсыл жерде калаары белгисиз мындай жоокерчилик заманда – атасы Маматкул баш болуп, өзү бул дүйнөдөн өтүп кетсе, атын чакырып, артынан издеп барып, көөмп келээр кишиси жок экенин ойлоп, окуянын өткөнүнө карабай, өзүнчө түнөрүп, кабагы ачылбай, тегеректеги айылдарга жалгыздап бастырып калды. Жада калса аялына да чечилип, эч нерсе айтпайт.

Атасына таянып,

Албады Болот атакты.

Жотосуна таянып,

Салбады Болот чатакты!.., – деп (жотосу Манап), айтылган так ушул учур. Аты эл озуна алынып, ар-дайым калыс жүргөнү үчүн «бий» аталганы менен алиге атасын сыйлап, алдынан кыя өтпөй жүргөн кезде, мындай окуя катуу тийип: «жакшы тукум атаданбы, же энеденби?» – деген суроо эми анын оюнан кетпей сары ооруу кыла баштайт.

Кыштын узак күндөрүн ушинтип бушайман болуп өткөрүп, жаз чыкканда кишисин жиберип, кадимки Санчы сынчыны алдыртты.

…Уругу багыш ушул сынчынын атын кээде Санжы, кээде Менсейит, кээде Убаалы деп, кээ бир санжырачылар тээ илгерки Солтонун Чаасынан баштап, кийинки Алдаштын Бирназарына чейин тегиз сынатып жүрүшөт. Эгер бул чындык болуп, ага өзүнүн 50–60 жашын кошсок, анда анын жашы кеминде эки жүз жылдан ашмак. Кээ бир санжырада үч ата өткөн Убалы деген ата-бала деп айтылат. Бирок, үч ата өткөн адамдар үчүн эки кылым да өтө узак экенин эске алып, аныгы даана такталмайын ушул Болоттун тушундагы гана Санчы сынчыны баян кыла туралы деп чечтик.

Асан чакырылып коюлган аты Сансыз. Кийин, кийинки сөзгө ылайык тыбышы өзгөрүлүп, «Санчы сынчы» болуп калыптыр. Уругу солто дегендер дагы кезигет, бирок азырынча өзү кимдин тукуму жана артында канча тукум калтырганы белгисиз. Аргымак тандап – ат сынап, азамат тандап – эр сынап, ар өзөн сайын төр сынап, ажайып сөзү көп чыгып, айтканы дайым төп чыккан Сансыз сынчы ушул. Жашы алтымыштан өтүп, агала сакал карыя болуп калган кези. Карылык басып, көздүн оту кетип, сүйлөшүп жатканда сени тике карабаса да, билинбеген көз карашы сенин бүткөн боюңду сыдырып, ичиңдеги ар бир мүчөңдү өз колу менен бирден текшерип жаткандай сезилет. Катылган сырыңды андан жашыруу мүмкүн эместей, тээ алысты карап тунжураган көздөрү сүрдөнтмөк түгүл, сени менен түбөлүк жүрчүдөй кубат берип, ишеничин кошо төгөт. Жумшак үнү ташка баскан тамгадай айкын, сүйлөшө келсең өмүр бою тааныш кишидей болуп, ары-бери жүргөндө улуу-кичүүнүн жашын ылгабай, озунуп салам айтып, кичинекей балдар суроо берсе да эринбей жооп берет...

Ошентип Санчы сынчы менен Болот бир топ жүрдү. Кобурашып ары-бери бастырышат. Убагы келгенде өзү эле сөз баштаарын билген Болот көпкө чейин сынчыга ичиндеги суроосун чыгара албайт. Бир күнү Санчы сынчы астейдил кайтаар убак чукулдап калганын билдирет. Ошондо Болот айта турган сөзүн кай тараптан баштарын билбей:

– Көргөн-билгениңизден айтпайсызбы? -деп, аргасыз сөз баштады.

– Болот иним, сенин эмне суроо бере турганыңды билдим. Башынан баштасам – адегенде көргөнүмдү айтайын, анан билгениме өтөлү. Өгүнү келатсак, кимдики экенин билбейм, Ак-Талаанын төрүнөн айгыры менен бир топ субай жылкы жалт берди эле, арасынан жалгыз айсарала байтал ордунан козголбоду. Сол таноосу ак экен. Ушу байталдын тукумунун бири күлүк чыгат. Колуңан келсе ушул байталды таап ал, сол таноосунун агы бар, -деп көргөнүн айтты.

Кийин-кийин, ушул айсарала кулун Темирге туш келип, анын бир кулунун ал Атакеге ыроолойт. Айтылып жүргөн күлүк Керкулун ошол.

– Эми билгенимди айтайын, -деп Санчы абасы сөзүн улантып, – сенин жүрөгүңдү оорутуп жүргөн нерсе уулдарың экен. Анын жөнү бар. Беш уулуңдун айыл кыдырып, кымыз уулагандан башкага ылайыгы жок, курсагы тойсо көңүл ток, башкалар менен иши жок болуп калыптыр. Буларың өз айлына чуу салганга араң жарайт. Жакшы зайып таап, үйлөндүрсөң да булардан жакшы тукум чыгышы арсар, -дейт.

Болот ошондо маселени кабыргасынан коёт:

– Анда, аба айтыңыз? Жакшы тукум атаданбы же энеденби?

Санчы сынчы көздөрүн алыстагы ак карлуу чокудан албай:

– Болот иним! Мен сага бир аңгеме айтып берейин, сен көңүл коюп ук. Жакшы тукумдун кайдан чыгарын анан чечели, -деп тамагын кырып, аңгемесин баштады, – тээ илгери-илгери, араб чөлүнүн биринен Ыбрайым деген пайгамбар чыгып, аялынын согончогу канабай, карыганга чейин бала көрбөй жүрөт. Аялы Сайра (Саара) акыры чыдабай «мен эми төрөйбөйт окшойм, күйөөм бул дүйнөдөн баласы жок, так өтүп кетпесин» деп, Ажар 31 деген күңүн күйөөсүнө никелетет. Кудайдын буйругу экен, кийин ошол күңү уул төрөп, атын Ысмайыл коюшат. Удаалаш байбичеси да эркек төрөп, ага Ысак деген ысым берилет. Ошентип экөөнүн энелери бөлөк болгону менен атасы бир, бирок Ысмайыл мурда туулганы үчүн жолу улуу болуп калат. Аны ойлогон Сайра эрин мажбурлап жатып, акыры Ажарды баласы менен ээн чөлгө кетирет.

Жердин баары ээн, ит-куш көп кез, Ажар уулу экөө чөл кезип, далайда Мекенин тегерегин пааналап, ошол жерден үйлөнүп, энесин да ошол жерге көмөт. Аңгыча Ыбрайымдын кичүүсү да чоңоёт, бирок өзү улуусунан кабар албай, санааркап жүрөт. Акыры акылы жана калыстыгы аркылуу жылына бир маал Ысмайылга жолугуп турууга байбичеси Сайрадан уруксат алат. Ошентип тун уулунукуна биринчи жолу барышында Ысмайыл аң уулап кетиптир. Үйдө аялы гана бар экен. Тышка чыкса, бир жолоочу, «үйгө кириңиз» десе болбой (Сайра күйөөсүнөн Ысмайылдын үйүнө кирбейм деген убадасын алган), –күйөөң кайда? -десе, келини ыйлактап, «турмуш абдан оор, күйөөсү экөө эптеп-септеп оокат кылып жүргөнүн» айтып, даттанат.

Баягы Ыбрайым аны көрүп, кайтарында:

– Ысмайылдын босогосу начар экен, ошону алмаштырып алсын, айтып кой! -деп жолуна түшөт.

Кийинки жылы баягы убакта дагы келет, келсе, алачыктан башка аял чыгат. Ыбрайымга даам ооз тийгизип, анан болгон кыйынчылыкка карабай, күйөөсү экөө колунан келишинче жакшы оокат кылып жүргөнүн айтат. Ошондо Ыбрайым пайгамбар келинине ыраазы болуп (албетте, Ысмайылдын бул аялы да жолоочунун кайнатасы экенин билбейт),: «Эми Ысмайылдын босогосу түзүк болуп, оңолуп калганын» эскертип, күйөөсү келгенде ага ушуну айтып берүүнү дайындап, чын көңүлдөн батасын берет. Кайнатасынан бата алган Ысмайылдын ушул аялынан бүтүндөй түн жак арабдар тарады. Анын бири Азирет Мустафа Мухаммед пайгамбар.

Мына Болот иним, эми түшүндүңбү жакшы тукумдун кайдан чыгарын? Албетте эң биринчи энеден! Эки жакшы кошулса жакшы, эки жаман кошулса жаман чыгат. Эгер бир жакшы, бир жаман кез келсе, анда кимисинин задиси күчтүү, дээри ошол жагына оойт. Курсагына тогуз ай көтөрүп жүрүп төрөп, денесиндеги сүтүн берсе, баланын дили жана аң-сезими бүтүн энесиники болот. Калганы атанын тарбиясы. Ал эми буларга жанагы аңгемеде айтылган мыкты бата кошулса болду, сен күткөн элдик уулдар ошондон чыгат, -деп аңгемесин аяктады.

Пайгамбарлардын өмүрүнөн мындай кыскача баян укканда, эртеңкиснен түңүлгөн Болот:

– Санчы аба, андай аялды биз эми кайдан табабыз? -деп башын шылкыйтты.

Анда абасы жооткотуп:

–Коркпо, көпчүлүктүн ичинен Ысмайылдын аялыдай аялдар табылбаса да, андан бери, кыргыздын намысына жарай турган бала тууп берер зайыптар табылаар? – деп, ошол чөлкөмдөгү бир келиндин жайын айтат.

...Сынчы абасы бул келиндин дайынын мурунтан эле көрүп-билип, көңүлүнө түйүп жүргөн окшойт, ушундан көп өтпөй ошол тегеректеги Болот бийдин айлына канатташ көчүп-конуп жүргөн чагалдактардын айылы болот, Болотту ээрчитип келип ошол айылга түшөт. Анда күйөөдөн эрте калса да, алачыгынан от өчүрбөй, эл катары оокат кылып Таалаке деген келин жүргөн!

Жаш жыйырма беште болсо, ал күлгүн курак кез делет, ошентсе да баары бир Болот бийдин ойлогонундай болбойт. Саргыч калың чачы белине түшүп, өңү да ак саргыл, бетин анча-мынча сепкил баскан, маңдайы жазы, көзүнөн эркектин оту күйүп, жада калса кыймылы дагы эркекке окшош келинди көргөндө, Болот бийдин көңүлүнө Таалакенин кебетеси толбой калган окшойт, көрөөр замат ичинен баш чайкайт. Анын Таалакени жактырбай калганын Санчы сынчы да ичинен айттырбай билип, бирок, сыртынан бир да кылын кыйшайтбай, сабырга чакырды:

– Күйөөсүнөн эртелеп жесир калса да, адеп сактап, алдынан кыя өтпөй аксакал карыялардын батасын алып, анан өлгөн күйөөсүнүн арбагын сыйлап, эркинче бел чечпей жүрүп, кайын-журтунун алкоосу кошо тийип, жылдызы жана турган учуру али алдыда экен. Дагыңкысы дагы бар баатыр, кезеги келгенде аны да айтып берем, эми элдин өйдөлөп көчө турган убагы келип калды, ушул айылды эртең-бүрсүгүнү журт котортуп, көчүрүп көрчү?

...Эми окурманым ушул жерден баяныбыздын бул жерин кичине токтото туруп, кыргыздын башка бир кызынан кабар алууга туура келет. Анткени азыр ал да бойго жетип, алдыда ага байланышкан бир чоң окуялар башталганы калды.

Өткөнгө аралашсаң канча деген сабак болчу өмүрлөргө туш келесиң. Бир элдин тагдыры экинчи элге таасир бербеген учур тарыхта болбойт. Анын көбүнө сөзсүз аялдар катышат. Кээсине жан ачыса, кээсине кубанасың. Кээде кичине бир нерседен башталган окуя аягында чоң жыйынтык берсе, нечен кол башчынын колунан келбеген чоң-чоң ишти кичинекей бир аял чечкен учурлар болот. Ал күч далайларды көкөлөтүп, далайын күм-жам кылган. Аны адам баласы «сүйүү» деп атайт. Ар ким өз тилинде айткан менен мааниси бирдей…

Азыр ошондой жердин бирине келдик.

Калмак катуу чапканда ысык-көлдүк бир аз кыргыз кача албай, калмак Баты Мөңкөгө отуз киши аманат беришет. Анын ичинде алты айлык боюнда бар жаш келин болот. Аты тарыхта калбаптыр – айы-күнү жеткенде аман-эсен кыз төрөп, атын Каракыз коёт. Кыз бала бат эле чоңоёт, азыр Каракыздын жашы жаңыдан он төрткө толгон. Кичинекей кара кыз бат эле кыргый көз, кымча бел, баскан-турганда олоң чачы такымы менен кошо ойноп, бою, көркү бир-бирине эп келишип, бир көргөн адамды талыткан, татынакай пери болуп чыга келди. Бир күнү капыстан Араптандын экинчи баласы, Соно Дабанын 32 көзүнө чалдыгып, ошону менен аргасыз анын өргөсүнө кирди. Сононун бала көрбөй жүргөн чагы, бирок, тексиз жерден келген кызга эч укук берилбеген кез эле.

1644-ж. өлгөн Эдил калмактарынын ханы Өрүлүктөн Мончок 33 . Мончоктон Шүкүр тайша. Шүкүрдүн улуу аялы Эрдене баатыр коңтаажынын кызы. Андан Аюуке. Ал он экиге толгончо Араптан менен бирге таякеси Сеңгенин өргөөсүндө чоңойду. Эдил жээгиндеги калмакка хан болгондо, өзү Араптандын кызы Дарма Баланы алып, кызы Сетержапты Араптанга берген. Ошол Сетержаптан Соно Даба.

Баралына келгенде Соно Даба карууга найза кысып, тегерегиндеги коңшуларына эч тынчтык бербей, баарынан көп жабырды казактар тартты. Алардын «ак таманын чор кылган» ушул Соно Даба эле.

Ал кезде күң кылып, өргөөдө сулуу кыздарды кармап жүрүү өзгөчө сөөлөт, күң кыз канча болсо, мансабы да ошончо. Каракыздын сулуулугу жөнүндө күбүр-шыбыр көбөйгөн сайын Сононун баркы ого бетер көтөрүлөт. Ошентип, көңүлүн ушул күңүнө гана арнап калды.

Акыры анын кабары Чыган Араптанга жетип, ал уулу Сонону кодулай баштады. Атасы менен баласынын көзү бир аялга түшсө, үйдөн тынччылык кетти дей бериңиз...

Бийлик негизи жалгыз адамга гана тиешелүү болушу керек. Адамзат жаралгандан бери алар менен кошо калыптанып келе жаткан эреже ушул. Тактынын тилеги да ошол – ага кандай кишинин көчүк басканы эмес, жалгыз адамдын отурушу абзел. Эгер бул эреже бузулса болду, аягы чоң чатакка айланып, аны токтотуу кыйын. Мураскорлор көп болсо, андан бетер жаман, сөзсүз так талашуу башталды дей бериңиз! Бир туугандардын чабышы башталып, өрүш бузулуп, анын азабын карапайым эл тартат. Ушинтип Каракыздын айынан Жуңгар хандыгында дагы ушул эреже бузулуп, Соно Дабага каршы Араптан менен анын биринчи аялы Күңгөдөн туулган баласы Калдаң Серең биригип кетти.

...1724-жыл. Бир жолу Соно Даба жүрүшкө аттанып кетсе, карааны анча узай электе анын өргөөсүнө белгисиз бирөөлөр кол салып, баягы Каракызды уурдап кетет. Бул Соно Дабанын көзүн тазалоо үчүн атайы даярдалган тузак эле. Эгер ал Каракызды издеп, өргөөсүнө кайтса болду, башын кесип алууга жашыруун буйрук берилген. «Козголоң чыгарды» деген жалаа жаап коюшмак. Ага түшүнгөн Соно Даба Эдилге – жесир калган Дарма Баланын (эми тайнеси) алдына өтүп кетти. Араптан Соно Дабаны кармап берүүнү талап кылып, өз кызына элчи жөнөтөт. Бирок атасы Аюукенин ордун алган Дундук Омбо Араптандын талабын аткаруудан баш тартты.

Бир кыздын тагдырына байланган чыр акыры ушинтип эки өлкөнүн маанилүү маселесине айланды. Анан, эки мамлекет чырдашса, ага сөзсүз башкалар да кийлигишет. Император Канси муну эчактан бери күтүп жатса, орустар эсине жаңы келип, кабар алуу үчүн Иван Унковскийди жиберип коюп, жатып калышты. Айласы кеткен Араптан орустарга кароону ойлоно баштады эле, капыстан Канси көз жуумп, маселе өзүнөн-өзү жабылды. Орус бийлиги болсо Унковскийди эмнеге жибергенин унутту.

…Жаратылыш адамзатка акыл-эс берип жаратканы менен кийин адам баласынын өзү ошол акыл-эстин азабын көбүрөөк тартты. Анткени, акыл киргенде эле өз жакынынан кантип, тез кутулуунун жолуна түшүштү. Адегенде жөнөкөй курал-жаракты ойлоп таап, жүрүп-жүрүп, кайра андан калышпаган амал – ал куралдарга каршы коргонуу иши да өнүгө баштады. Бирок, бир-биринен кантип кутулуу «илими» ат чабым алыска озуп, коргонуу илимине караандатпай кетти. Башында жөнөкөй таш куралынан башталса, азыр ал жарыша куралданууга айланды.

Ошончо куралдын ичинен жакындарынан кутулуунун эң жөнөкөйү – уулуу затты колдонуудан өтөөр нерсе жок – адамзат ушуну эң көп колдонду. Азыркы биз жазып мезгилде уулуу өсүмдүктөрдүн табияты эч кимге жашыруун болбой, эми аны кошумча заттардан даярдоо туура жолго түшкөн кез эле. Эдил жээгине жиберген Сетержаптын кербени бир жылдан кийин, 1727-жылдын май айында кайтып келди. Өлүмдүн кай тараптан келерин аңдып жүргөн Араптан менен Калдаң бул кербендин жүгүн ийне-жибине чейин текшерүүгө алышты. Ага карабай уу катылган кара куту баары бир өз ээсин тапты. Кербен келгенден эки-үч ай өтпөй, Чыган Араптандын денесин белгисиз жара басып, анан жаны чыга электе денеси чирип 34 баштады.

...Иленин оң жактагы куймасы, Буура-Кужурдун жээгинде жаткан жылкычылар бир күнү оозунан ак көбүгү кетип, жиниккенинен жедеп баспай калган кошоктолуу эки айгырга туш келишти. Кармап келишсе, найзанын көмөкөйүнөн жондон тамтык калбаптыр, артында арканга сүйрөлгөн адамдын денелери жүрөт. Алар Сетержап жана анын эки уулунун денеси болчу. Бул – жуңгарлардын тагына эми Калдаң Серең келди деген белги эле.

Биз билбеген көрбөгөн,

Канча жан өлүп тим болду? - дейт, ошентип, биздин Каракыз да бир жолу жарк эткен бойдон кимге кеткенин авторуна да билдирбей жок болду. Болжол гана калды. Бирок, окурман биздин баян жүрөк сыздаткан кайгы-муң жөнүндө эмес,

Айры калпак кийгизип,

Айкырып жоого тийишип,

Баатыр болоор бекенсиң?

Карагай найза колго алып,

Жоого тиер бекенсиң?

Качкан жоонун артынан

Түрө кубаар бекенсиң?! -деп тилейт кыргыз, жаңы туулган баланы колго алса, ошондуктан бул окуяларга ушул жерден чекит коюп, баяныбызды андан ары улантабыз!

  • А. Македонский (б. з. ч. 356–323).

  • С. Абрамзон Тогуз-Тородо турган калмактар жөнүндө көп уламыш чогулткан.

  • Азыр эмнегедир Сох болуп калды.

  • Кийин ушул уруктар биригип, азыркы өзбек элин түзүшкөн. Бирок Балыкооздун санжырасында арабдар келгенге чейин эле бул уруулар кыргыздар менен бирге Сырдын боюн жайлап турганы айтылат.

  • Кызык жери, «Кокон хандыгынын кыскача тарыхынын» автору В.П. Наливкин (1852–1918) «Бабур наме» менен ферганалык билимдүү тарыхчылардын бири да тааныш эместигин, сарттар да Бабурду абдан жаман көрүп: «...бир жолу асмандан «хан Бабур – аны ур, аны ур!» деген үн чыгып, эл чогулуп, Бабурду токмоктоп өлтүргөнү» тууралуу окуяны ар кайсы жерден көп угуп, сарттардын Бабурга карата мындай терс пикирине түшүнбөгөнүн жана мындай уламышка таң калганын жашырбайт.

  • Бул окуяны Бабур да («Бабур наме»), анын тукуму да («Акбар наме», «Жахангер наме») эскербейт. Бабурдан Хумаюн, Камран Мырза, Аскар Мырза, Хиндал Мырза аттуу уулдар калып, алар Бабур негиздеген Индиядагы Моголдордун Улуу империясын бийлешкен.

  • 1710–22-жылдары бийлик кылган.

  • Анын ата-теги ким болгону жөнүндө алиге так маалымат жок. Тарых казалдарында кээде «жүз», же «кырк» уругунан, кээде анык «кыргыз» делет. «Кырк» болушу чындыкка жакын.

  • Ар элдин тыбышына ыңгайлашып, кээде Цеван, Цеган, Суаң, Шыган Рабдан деп айтыла берет. Ойрот тилинде «Чигэн» – кымыз, айран; «Цаhан» – ак.

  • 1697–1727-жылдар.

  • 1711–47-жылдары хандык кылган.

  • Мындан 10–15 жыл өткөндөн кийин Бөкөнбай баатыр «Улуу жүздүн жалгыз ханы Жолборс, алар Бухара тарапта, берки эки жүздөн алыс турат. Орто жүздө эки хан – Самеке менен Күчүк, султандар да экөө – Барак менен Абылмамбет. Кичүү жүздө бир хан – Абылкайыр, эки султан – Баатыр менен Нураалы» деген көрсөтмө берет.

  • 1720-жылдарга чейин ойроттордун кол алдында ж үрдү.

  • Кыскача мааниси: «Россия мамлекетин үзгүлтүксүз согуштарга такай каныктыруу, ...эч тоскоолдуктарга карабай күч колдонуп, же амал менен башка элдердин ички иштерине кийлигишүү, ...улуу княздарга жалаң германдык канышалардан колукту таңдаттыруу» ж. б.

  • Пётр Iнин небереси (Пётр II Алексеевич) менен Романовдордун (Кошкин-Захаревдер) эркек тукуму үзүлгөн. Ал эми Екатерина II тууган Павел Iдин атасы ким экени азыркыга чейин белгисиз.

  • Орусчасы – Тишайший.

  • Чынында Зеравшан Чаткалдагы Кичи-Сандык, Чоң-Сандык алтын кенинин куюндусу. Албетте Пётр I муну билмек эмес.

  • Тарыхта «Түндүк согушу» деп аталат.

  • «Жазайыл » деген бул куралды кийин орустар Елизавета Пётровнанын тушундагы прусс согушуна да пайдаланышат.

  • Юн Чжень 1722–36-жылдары императорлук кылган. Кансинин төртүнчү баласы.

  • Иш жүзүндө бирөө эмес, бул учурда Чүй өрөөнүнүн башын Намэ Кудзиргар, Батыр Убашы жана Кутун Мерген сыяктуу бир нече жайсаңдар жайлаган. Биздин каарман анын кимиси экени белгисиз.

  • Мисалы, Тоголок Молдо.

  • Тарыхчы Д.Сапаралиев Эраалынын атасы Качыкенин ойротторго каршы 1752–54-жылдары Ысык-Көлдүн башында жүрүшкө катышканы тууралуу жазат, калганына алдыдан жолугуп турабыз.

  • Муну Темир деп жалгыз Б. Солтоноев гана айтат.

  • Тарыхтын тактыгы же калыстыгыбы – кийин ушул жердеги булак ары-бери өткөн элдин суусунун кандыра турган жайга айланып (азыркы «Ак-Мөөр»), андан бир аз өйдөөрөк жаа тарткан балдардын эстелиги орнойт.

  • П. Казакбаевдин котормосу боюнча берилди.

  • 1722–33-ж. бийлик кылган.

  • 1733–50-ж. бийлеген.

  • 1770–98-ж.

  • Н. Аристов Атаке менен Сатыбалдыны гана атайт.

  • Инжилде Ибраимдин аялы Сара төрөбөй калып, өзүнүн египет фараону тартууга алган күңү Ажарды (арабча Хаджар, инжилде Агарь) күйөөсү Ибраимге никелеп койгон. Көп өтпөй Ажар Исмаилди төрөйт. Бирок кээ бир араб окумуштуулары (Мухаммад Сулейман аль-Мансур-пури, Ахмад Дидат) Авраам (Ибраим) менен Саранын бир тууган экенин, ал эми Ажар египет падышаларынын тукуму экенин эскертишет.

  • Шоно Лоузан, Соно Лобзан болуп да айтылат.

  • Орустарда Пунцук, Пунчук. Кыргызда Кылжырдын баласы Дөөлөсбакты калмак ханынын Мончок деген кызына үйлөнүп, андан Элчибек (тастар уруусу) туулганы тууралуу уламыштар айтылат.

  • Бир кезде орус падышасы Иоанн Грозный дагы так ушундай белгилер менен дүйнөдөн кайткан. Кебетесине караганда экөөндө тең уунун ченеми ашык салынып калса керек.

  • Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter

    Вместе с этим также читают: