КАНЫКЕЙДИН ТАЙТОРУНУ ЧАПКАНЫ

Кайран жеңең Каныкей
Чиймек болду сызыкты,
Кылмак болду кызыкты.
Каралуу жүрүп атын чаап,
Букарга, баштамак болду бузукту.
Күн мезгили келгиче
Күрүчтөн күрмөк* жем берип,
Күндө терин алды эми.
Арпадан аса жем берип,
Асыл жеңең Каныкей,
Тайторудай буудандын
Айда терин алды эми.
Күүгүм кире, күн бата,
Элдин асты дым жата
Жаңгыз жанга көрүнбөй,
Тайторуну токунуп,
Ай талаага салууга,
Асыл буудан күлүктүн
Ачуу терин алууга,
Кыябына* келтирип,
Андан кийин бууданды
Сегиз кан элге чабууга
Тайторудай буудандын
Арышын байкап көрүүгө,
Ай талаага салууга,
Сөөктөгү, сасык терин алууга,
Капкалуу Букар шаардын
Далы жакы бетине,
Кең Букардын Сары-Талаа
Чоң Ак-Чийдин четине
Ойрон энең Каныкей
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Кең Букардын зор Ак-Чий,
Томуктай жерде тоосу жок,
Токумчалык коосу жок,
Миздей сары талаада,
Учкан куш менен жарышып,
Арам өлгөн буудандын
Оозу менен алышып,
Окоро түйгөн ак тизгин
Каадалуу жеңең долунун
Алаканда карышып,
Орногон кумга салды эми,
Оргуй-оргуй чуратып
Ачуу терин алды эми,
Оңкойгон тоонун урчугун,
Жеңекең, он айланып алды эле.
Оргуп-оргуп түйүлүп,
Астындагы бууданы,
Башын жерге салды эле.
Таманы жерде тарсылдап,
Кара болот ооздук*,
Көмөкөйдө карсылдап,
Учкан куш менен жарышып,
Анык кайып буудандын
Оозу менен алышып.
Эңкейиштеп жүгүрсө,
Эликтей колу сайылып.
Өр таяна бергенде
Жал, куйругу жайылып.
Табына келген Тайтору,
Учуучудай күрүлдөп.
Сөөгүнөн чыккан тер
Туягы ылдый бириндеп.
Сасык тери төгүлүп,
Кабырганын баарысы
Камчы саптай бөлүнүп.
Кайра тартып келгенде
Каадалуу жеңең долунун,
Каныкейдин ак сарай,
Каалга темир сом калай.
Канчалык качкын болсо да
Каадасын жеңең таштабайт,
Сөөлөтү бар бир далай.
Үй алдында чынарга
Эсил катын Каныкей
Тайторудай буудандын
Ээрин алып жайдактап,
Алып келип бууданды
Аса байлап баймактап*,
Аса байлап салды эми,
Таң ашырып калды эми.
Таң кашкая сүргөндө,
Жерге жарык тийгенде,
Асмандан жылдыз зирилдеп,
Кыбыла* көздөп бириндеп,
Төбөдөн жылдыз чачылып,
Төрөнүн зайбы Каныкей
Чынарга басып барды эми.
Тайторудай бууданды
Чынардан чечип алды эми.
Чындап отко салды эми.
Аз жетелеп олтуруп,
Чөйчөгүн* чөпкө толтуруп.
Талыкпастан олтуруп,
Таз кардын* чөпкө толтуруп.
Он бетеге*, сексен чөп,
Оро, оро чалдырып.
Оргуп жаткан кара суу,
Суусунун кандырып.
Кайгыланып кудайлап,
Кайра ооздугун салды эми.
Шашке убак, мезгил кез,
Сарайда жез мамыга
Аса байлап салды эми.
Абай* түрдүү жабууну,
Аста жеңең алды эми.
Тайторудай бууданды
Кыргы* менен кыргылап,
Ургу* менен ургулап,
Жабуусун кайра тартты эле,
Тазалап терин артты эле.
Өлмөйүнчө сөзү ачык,
Жеңеңдин тирүүсүндө көзү ачык.
Терин артып болгон соң,
Тайторуга көз салса
Учкан куш менен жарышып,
Казы алуучу боор эт,
Калган экен Тайтору
Төмөнкү кабыргага жабышып.
Чолпондой көзү чачырап,
Түктөйбөй жүнү бириндеп,
Эки жакты каранып.
Эрди, мурдун жаланып.
Кара болот ооздук
Көмөкөйгө* каккылап,
Тал жибектей куйругун
Чаткаякка* чапкылап,
Калган экен Тайтору
Азууну кайрап кемирип,
Баскан жерин жемирип.
Оңбогон бирөө оңбойбу,
Качып жүргөн баягы
Качкындын аты экен деп,
Атымдын жолун торгойбу.
Жалгыздыкты билгизип,
Ушинтип жанды күйгүзүп,
Тайторудай бууданды
Астыга келсе кокустан,
Жолунан кармап алабы?
Жол үстүнө чыгарып,
Көмө тээп салабы?
Оңбогон бирөө оңбосо,
Атымдын жолун торгосо,
Кааласа кармап алайын,
Тийген кандын баарысын
Курмандыкка чалайын*.
Эчак өлгөн жан элем,
Арада зордук кылдырып,
Кантип тирүү калайын!
Тийгенинин бир тобун
Курмандыкка чалайын.
Атыма бирөө катылса,
Төбөсүнөн басайын,
Төрт түлүгүн чачайын.
Кайран энең Каныкей,
Олоңдой болгон кайран чач,
Төбөгө кынап түйдү эми.
Семетейим киет деп,
Жасап жүргөн суусар бөрк*,
Башка баса кийди эми.
Алтын жаак айбалта,
Асылдан калган мурапы*,
Билекке кынап чалды эми.
Манастан калган Зулпукор,
Асыл женең Каныкей
Айдалыга илди эми.
Баякы жакасы алтын, жеңи жез,
Кош бадана*, торгой көз,
Келеме керше*, кең күрмө,
Келишимдүү суп чепкен,
Байкуш энең Каныкей
Үстүнө баса кийди эми.
Асмандан түшкөн Бозкисе,
Таалайы артык баатырга
Талаа түздөн кабылган,
Кысталыш жерден табылган.
Таштап кетсем кыйын деп,
Атасы Манастан калган буюм деп,
Бир кудайга зар ыйлап,
Чунагы Семетейге арынап,
Ала келген эмеспи.
Төрөсү Манастан калган Бозкисе.
Кынап белге чалды эми,
Катындыгын билгизбей,
Кайран энең Каныкей
Эркек болуп алды эми.
Эсил жеңең байкушуң,
Эри өлгөнгө күйүнүп,
Эркек киймин кийинип,
Алдыңкы жаткан сегиз кан
Жоо болорун билди эми.
Алмамбеттин Сырбараң
Айдалыга илди эми.
Шири* куржун* ичинде,
Бөксөрбөгөн ок-дары
Акборчукка салды эми.
Кыпкызыл болот Сырнайза
Кыя тартып алды эми,
Көк темирден туулга*
Көтөрүп башка кийди эми.
Касаба* колдо балкылдап,
Канча болот курч жабдык
Жай-жайында жаркылдап.
Катын деп адам тааныбай
Узун бойлуу, кең далы,
Ары балбан, ары шер,
Жесир* жүрүп ат чапкан
Жеткилең жеңең ушул эр.
Чаба турган Тайтору
Кетмен туяк, кең соору
Кенен жердин тулпары.
Тобокел деп токтобой,
Тоодой болгон жеңекең
Тайторудай буудандын
Көкүлүн көк жибек менен түйдү эми,
Куйругун куу шайы менен шүйдү эми.
Жанагы эр мүчөлүү жеңекең,
Эки кулач чоң чылбыр
Узунун тандап такты эле.
Окоро түйгөн ак нокто*,
Тайторуга чак нокто,
Бышыгын мыктап катты эле.
Эрикпей жеңең жетелеп,
Астындагы Акборчук
Койчо чурап минди эле.
Ичкенин жолун төтөлөп,
Букарда сегиз кандын алдына
Жеңекең алып жүрдү жетелеп.
Өөдө-төмөн карабай,
Жеңекең, өлөмүн деп санабай,
Тегерегин карабай,
Жеңекең, тегеле жанын аябай.
Баштамак болду бузукту,
Атына бирөө катылса
Жеңекең, кылмак бир болду кызыкты.
Көөдөнгө батпай көп санаа,
Жеңеңдин көзүнүн жашы он талаа.
Ушул быйыл токсон беште карыям,
Тоодой болгон султанды тапкан олуям.
Көрүп койсом көөнүм ток,
Энемден башка мекем* жок.
Айдыңы көлдөй дарыям,
Ай далыма мингизип,
Таластан ала келген олуям.
Каалап турсам кардым ток,
Менин энемден башка мекем жок.
Ак байбиче карыя,
Энекеме барайын
Энемден бата* алайын.
Энем бата бербесе,
Тайтору чаап нетейин,
Энекемен бата албай
Мен, Букарга кантип кетейин.
Ат үстүнөн бүгүлүп,
Акборчуктун үстүнөн
Асыл жеңең Каныкей,
Чуркап түштү жүгүрүп.
Аста сүйлөп сабылып,
Энекелеп жалынып.
Чоңдугу тоодой дарыям,
Кадырман кыргыз элимден,
Ай далыма мингизип,
Ала келген олуям,
Көрүп койсом көөнүм ток,
Ак байбиче урмекем,
Өзүңдөн башка мекем жок!
Берен эне кулак сал,
Бел байлаган белим жок,
Белекке чапсам Тайтору
Белсенип сүрөп алуучу,
Белгилүү кыргыз элим жок!
Кимдер каалап койчу экен
Мендей жесир катынды,
Төлгөгө чаап көрөйүн
Энеке, Тайтору тулпар атымды.
Эгерде чыгып келсе Тайтору
Бир жакшылык көрөмүн.
Букардагы сан байге
Энеке, камчыга ченеп бөлөмүн.
Канкор* уулуңдан калган жалгызды
Быйыл эне көзүм менен көрөмүн.
Калкыңа кабар саламын,
Канымдан калган жалгызга
Алтын таажым* кийгизип,
Алтын такка* мингизип,
Ушу турган Букарга
Быйыл кан көтөрүп аламын.
Эгерде артта калса Тайтору,
Кыйын күн түшөт башыма,
Кыйналып санаа бөлөмүн,
Канымды өзүм төгөмүн.
Алтымыш кой, кырк тайга
Сатып алган Актинте
Кындан сууруп аламын,
Бүгүн, кызыталак жанымды,
Курмандыкка чаламын.
Кыйналып туруп өлөмүн,
Эне, бүгүн кыямат жүзүн көрөмүн.
Батаңды бергин алайын,
Бадыша атам алдына
Эркекче болуп барайын.
Чыгып келсе Тайтору
Чын кудурет колдосо,
Ушу турган Букарга
Бир тамаша салайын.
Дубаңды* менден аяба,
Байгамбар* чалыш энекем,
Батаңды менден аяба.
Ак байбиче Чыйырды,
Кол көтөрүп барбайып,
Күрсө-күрсө жөтөлүп,
Алда деп колду көтөрүп,
Жараткан деп жар ыйлап,
Бир кудайга зар ыйлап,
А дүйнө кеткен Манасты
Колдой көр деп дагы ыйлап.
Ажыбай, Бакай эки кан,
Ар иш кылып колдой көр,
Айланайын бир кудай
Балам, Каныкей ишин оңдой көр!
Алмамбет, Чубак эгизим,
Жесириме көзүң сал,
Сыргак, Серек теңизим
Бу жеңеңди сүрөп ал!
Алтымыш түрдүү кожосан*
Кырк эки кызыр*, илиястар*,
Ишин кудай оңдочу
Жесиримди колдочу!
Жесир байкуш баламды,
Айланайын бир кудай,
Жан деп кудай жаратсаң
Жер каратып койбочу!
О, Каныкей, кулунум,
Тилегиң кудай берсинчи,
Ушу турган Тайторуң,
Букарга чыгып келсинчи!
Каралуу жеңең Каныкей
Энеси Чыйырдыдан бата алып,
Манастын зайбы Каныкей
Букарды көздөй аттанып,
Бөксөнүн жолун төтөлөп,
Энекең Тайторуну жетелеп,
Касабасы калкылдап,
Жабдыгынын баарысы
Бой-боюнда жаркылдап.
Көргөндүн көөнү бөлүнүп,
Сөлөкөтү сөөлөтү,
Илгерки эр Манастай көрүнүп.
Кара чаар кабылан,
Капталында чамынып,
Кайран жеңең долуну
Каймана* колдоп алыптыр.
Чолок чаар арстан,
Жандай салып чамынып,
Жана колдоп алыптыр.
Каарданса жеңеңдин
Кабарынан жан чыгып,
Жүзүн карап олтурсаң,
Эки беттин ортосу
Бир байпактык түк чыгып.
Оозунан жалын шыркырап,
Каалгадай кайран тиш,
Таруудайдан быркырап,
Оозунан жалын төгүлүп,
Опол* тоодой көрүнүп.
Букарга кирип барганда
Букардагы сегиз кан
Көңүлү жаман бөлүнүп,
Сөлөкөтү сөөлөтү
Жеңеңдин, жалаңкычтай көрүнүп.
Катындыгын билбестен,
Букардагы сегиз кан
Как жарылып дыркырап,
Эки колу боорунда
Баарысы, салам айтты чуркурап,
Ак селдечен кожосу*,
Дарс* окуган молдосу.
Көк ала сакал карысы,
Бирөө эмес, ошондо
Букарлыктын баарысы.
Баспай Букар сандалып,
Катындыгын билбестен
Жеңекеңе таң калып,
Букарлыктын далайы
Кыбырашып жарданып:
Белгилүү экен, бел экен,
Бу кайдан чыккан эр экен?
Кең көкүрөк, жайык төш
Келберсиген шер экен,
Он эки мүчө тең экен.
Сөлөкөтү сөөлөтү,
Атка минген келбети,
Манас өңдүү көрүнөт.
Же Манастын жээни бейм,
Же Манастын таайы бейм!
Урааны ким, дайны ким?
Уругу кайсы болуучу?
Манас өңдүү шер экен,
Күтүп алчу эр экен.
Намысты таштап бул жерге,
Кан көтөрүп муну алсак
Ак марал айдап уй кылат,
Ай ааламды буй кылат.
Көк марал айдап уй кылат,
Көрүнгөндү буй кылат.
Сегиз кан журту таң калып,
Баары карап жарданып,
Тааныбаган сегиз кан.
Муну мындай таштайлы,
Таанып жүргөн букарлык
Мындан кабар баштайлы.
Букарлык көрүп жеңеңди
Баскан изин бычактап,
Тегиз Букар чогулуп,
Жеңекеңди ушактап:
Оңбосо катын оңбойт ко,
Катын деген калайык
Дин мусулман болбойт ко.
Болбой турган себеби:
Тайган иттей желди эле
Манас кандан айрылып,
Кечээ, канчык Таластан тентип келди эле.
Колундагы баласын
Кыркып ийип чыбыгын,
Кылып берип ырымын.
Ит аягын кечирип,
Кылычтын мизин аттатып,
Ысмайыл багып алгын деп,
Таалай кылган жалгызын,
Ысмайылга берди эле.
Багылып жүргөн баласы,
Быйыл он экиге келди эле,
Канкору Манас өлгөнү
Быйыл он эки жылга келди эле.
Тоо башынан кыйкырган
Быйыл улар* болуп калыптыр.
Эптеп эрге тийүүгө,
Эр кыдырып жүрүүгө,
Бу, канчык, кумар болуп калыптыр.
Эри өлгөнгө сүйүнүп,
Эркектин киймин кийинип.
Ичке жолун төтөлөп,
Карыганда бир атын
Чабамын деп жетелеп,
Будурмак талын кыйсачы,
Букардын каны Темиркан
Бузулган кызын тыйсачы!
Адырмак талын кыйсачы,
Букардын каны Темиркан
Ары жок кызын тыйсачы!
Тыйылбаса бу кызы
Сегиз кан элин жыйсачы,
Же бирөөгө нике кыйсачы.
Чапкан аты балпылдап,
Артта калса талпылдап,
Баягынын, ары жок жесир кызы дебейби?
Шылдың кылып жети кан,
Андан кийин жебейби?
Бу көп дүнүйө, көп алтын
Чачкан кызы дебейби?
Букарды көздөй жөө тентип
Качкан кызы дебейби?
Оңбосо катын оңбойт ко,
Ургаачы деген кызталак,
Эгерде эки болбойт ко.
Жесир жүрүп капырдын
Желиккенин карачы,
Ат чабам деп Букарга,
Ээликкенин карачы.
Эркек киймин бу катын
Кийингенин карачы,
Эри өлгөнгө кубанып,
Сүйүнгөнүн карачы.
Калайык ук, каның ук,
Калың журттун баары ук,
Биздин, Букардын тузу ушундай.
Телик куш* келсе жай болот,
Тентиген келсе бай болот.
Алты жыл турса Букарга
Көңүлү гүлдөй жай болот.
Түк кудайды тааныбай
Ушундай, тентиген келсе бай болот.
Деп ошентип калың журт
Тизеси жерге бүгүлүп,
Темиркандын алдына
Кирип келди жамандап,
Барча* журту жүгүрүп.
Баскан жерин тамандап,
Коё берди чуркурап,
Каныкейди жамандап.
Таксыр, жаман көрсөң, жаман көр,
Будурмак талың кыйып ал,
Бузулган кызың тыйып ал!
Бу Букардын шаарынан
Армандуу, муңдууң жыйып ал,
Ары жок кызың тыйып ал!
Татытып ичер Букардан
Тузуңду кудай уруптур.
Эри өлгөнгө сүйүнүп,
Эркектин киймин кийинип,
Бузулган жолду төтөлөп,
Карып келген бир атын
Чабамын деп жетелеп,
Кызыңды кудай уруптур!
Ээлигип кызың туруптур,
Эсепсиз кудай уруптур!
Темиркандын тентиген кызы дебейби?
Ушинтип бизди жебейби?
Уят кылып койбойбу?
Ушинтип бизди сойбойбу?
Калктын баарын жыйыңыз
Бу кызыңды тыйыңыз!
Минтип журту айткан соң
Букардын каны Темиркан,
Угуп алып тардыкты*,
Ушинтип жаман ардыкты.
Калың журтун жемелеп,
Кайраттанды Темиркан:
Куудай сакал карыңды,
Кудай алсын баарыңды,
Өз баламды жамандап,
Күйгүзмөк болдуң жанымды!
Калк буйласы Каныкей
Кантип андай кылсын деп,
Эркек киймин уялбай
Не бети менен кийсин деп.
Кантип эле Каныкей
Карган атын жетелеп,
Чабамын деп жүрсүн деп.
Ардыккандан өлө албай,
Өз жанын өзү кыя албай,
Бууругуп кетти Темиркан.
Кароолдон чыгып караса
Баягы, кайран бала Каныкей,
Олоңдой чачты бек курчап,
Төбөсүнө түйүптүр,
Ок өтпөгөн жоо жарак
Баарын катар кийиптир.
Кылыч, балта, найзасын
Орду-ордунча илиптир.
Кара болот Зулпукор
Билекке кынай чалыптыр.
Эки миздүү Актинте,
Кынынан сууруп алыптыр.
Эркек киймин кийиптир,
Сегиз кан журтун тебелеп,
Баягы, Каныкей бала жүрүптүр.
Көргөндүн көөнү бөлүнөт,
Ар мүчөсүн карасаң
Өтүп кеткен күйөөсү
Манас канча көрүнөт.
Каныкейди көргөндө,
Кан эмеспи Темиркан
Көрүп алып тардыкты,
Көп бек кейип ардыкты.
Каныкей мындай болгон соң
Ким ушундай болбойт деп,
Колун булгап сабылып,
Каныкейге таарынып:
Эй, Каныкей, кулунум,
Атыңдын оозун бура тур,
Абийирим кетти Каныкей
Алдыңкы жерге тура тур.
Өткөрө башың барында
Кулунум, өзөнгө бойлой конбочу.
Өлөрман катын дедиртип,
О, Каныкей, кулунум
Калкка шылдың болбочу.
Бел байлаган белиң жок,
Берен балам, Каныкей
Бегирээк атың чабуучу
Белесте турчу кыйкырып,
Белгилүү Манас шериң жок.
Ат чабам деп Каныкей
Бузулбачы жөнү жок.
Догурунуп Каныкей
Көп алтын санап таппачы,
Көп канга шылдың бир болуп,
Кулунум, Тайторуңду чаппачы.
Сен балам, бел байлаган белиң жок.
Кабылан Манас шериң жок,
Сенин, ат чаба турган жөнүң жок,
Айкырып сүрөөн салуучу,
Ак жолтой кыргыз элиң жок.
Жесир жүрүп кулунум,
Желикпегин жөнү жок.
Ой, Каныкей, кулунум,
Ырыска тууган чунагым,
Сегиз жүз түтүн колуңда
Каныкей, жан кордугун тарттыңбы?
Төрт түлүктүн* баары бар
Каныкей, мал кордугун тарттыңбы?
Ой, Каныкей, кулунум,
Аркар атса бөздөп ал,
Алакандай Букардан
Кан башым менен мен өзүм
Төрт тулпар чаптым көздөп ал.
Өзүм чаптым Актулпар,
Чыгып келсе Актулпар,
Баш байгесин өзүң ал,
Башы менен кошуп ал.
Шаатемир чапты Чоңкүрөң,
Ысмайылдын Чоңкашка,
Көлөйкандын Кара кашка аргымак,
Экөөнү таштап бирөөнү ал.
Кимиси чыгып келсе да
Башы менен, баш байгесин такыр ал,
Мен сенден ат талашсам оңбоюн!
Атасы жесир деген соң,
Ардуу жеңең Каныкей
Арданбай кантип туруучу.
Аргымак жалдуу тайкушуң,
Айкөлүнөн айрылып,
Арданып жүргөн байкушуң,
Сайсөөгү бөлүнүп,
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Каныкей туруп муну айтат:
Каркыра деген кайран куш
Карчыгага* жегиздиң,
Капага малган кайран жан,
Качып келсем Букарга
Атама жесир дегиздиң.
Кууну кушка жегиздиң,
Куруп турган жанымды
Атама жесир дегиздиң.
Оңбогон атам оңбодуң
Жесир деп кошо кордодуң.
Кагылайын, атаке,
Сан жыйылган топ беле.
Самаркан, Букар бул шаарда,
Элинен чогуу айрылган
Менчелик жесир жок беле?!
Ата, кагылайын, атаке
Актулпар чапсаң ал чыкса,
Малдан өлгөн мен канчык,
Баш байгесин алганда
Не мураска жетейин,
Тоспо, ата жолумду,
Коё бер ата колумду,
Таалайга бүткөн мал эле
Ушул турган Букарга
Тайторум чаап кетейин.
Кимдер сүйүп койчу экен
Мендей жесир катынды,
Төлгө кылып көрөмүн
Тайтору күлүк атымды!
Белекке чапчуу Тайтору
Белгилүү күлүк мал эле.
Ушу быйыл Тайторум
Алтымыш асый* болду эле.
Астыга келсе Торумдун
Баш байгесин бөлөмүн.
Артта калса Тайтору
Сизге жесир дегизбей,
Ажалдан мурун өлөмүн!
Аргымак атым барында
Атаке нарга* жүгөн катпаймын,
Атымды чаппай жатпаймын.
Сегиз кан журтуң жыйып кой,
Эселек элиң тыйып кой!
Оңбогон бирөө оңбосо,
Атымдын жолун торгосо,
Аябаймын жанымды
Бүгүн төгөм канымды!
Атыма бирөө катылса,
Жолунан кармап аламын,
Жол үстүнө сүйрөтүп,
Курмандыкка чаламын.
Өткөрө иттик кылганын
Башын кесип аламын,
Каарланып күчөсөм
Даңгыттарга жарамын!
Деп ошондо муну айтып,
Кара жаак ак камчы
Кармай калып имерип,
Каң дегисе Торуну,
Такымга тартып жиберип.
Жердин жүзүн уратып,
Ат айда деп бакырып,
Букарга кирди чуратып.
Ойду көздөп бакырса,
Ат айда деп чакырса,
Ойдо бир жан калган жок,
Тоону көздөп бакырса,
Ат айда деп чакырса,
Тоодо бир жан калган жок.
Ошондо жеңең долунун
Өлгөн менен арман жок.
Ат чабуучу талапкер,
Ат байлаган заяпкер*,
Жол-жолдорун төтөлөп,
Жолу болсун сегиз кан
Ат-аттарын жетелеп.
Аркы-терки басышып,
Аха-ахалашып шашышып.
Он башылар ороктоп,
Элүү башы кожоктоп,
Алы калбай шашышып,
Чубатууга басышып,
Жыйылган адам көп экен,
Найзанын башы чабышып,
Адамдын башы кагышып,
Жээк тартып кылкылдап,
Жергелешип былкылдап,
Букардын ичи былкылдап,
Кыжылдаган жан болуп,
Букардын ичи чаң болуп.
Топурак учуп тоз каптап,
Букардын ичин эл каптап,
Караса көзгө илинбей,
Кайда экени билинбей,
Топтолтура эл каптап,
Толуп журту келди эле.
Катын да болсо мамындай
Кан эмеспи Каныкей
Калың элдин ичине
Буйрук кыла берди эле.
Атты катка салгыла
Ат эсебин алгыла,
Минтип өнөр тапкыла.
Атты катка бир салып,
Андан кийин чапкыла.
Бул акылды албасаң,
Минтип атты чаппасаң,
Аргымактан ат өлүп,
Азаматтан эр өлүп,
Айыбы жаман болбосун
Бул буйрукту кылды эле.
Асыл энең Каныкей
Атка минер ыктууну,
Азаматтан мыктууну,
Баарын катар жыйды эле.
Катындыгын билбестен,
Калайык тилин алды эми,
Кандын каны экен деп,
Ошончолук калайык,
Жеңекеңдей долуга
Аң-таң калып калды эми.
Кыймылдаган жан болду,
Букардын ичи чаң болду.
Букардагы Молдосан
Артык катчы бала экен,
Ат каттаган ал болду.
Бир убакта караса,
Ак кагазга кат толгон,
Катын окуп караса,
Букарга чапчуу күлүк ат
Алты жүз кырк үч ат болгон.
Ошондо асыл энең Каныкей
Ай караңгы болгондо,
Түнүм кандай болот — деп,
Артта калса Тайтору,
Күнүм кандай болот деп.
Бел байлаган белим жок,
Бу жерде кыргыз элим жок,
Ушундай белең дүйнө бок?!
Бу дүйнөдө сөзү ачык,
Өлмөйүнчө жеңекең,
Артык сынчы көзү ачык.
Ооздогу темирден
Чайнашчу күлүк бар бекен?
Өр жерде өпкө суурушуп,
Кудай, кармашчу күлүк бар бекен?
Адырмак, белес, кумайда,
Жанашчу күлүк бар бекен?
Намыска чуркап алдыдан,
Талашчу күлүк бар бекен?
Деп ошентип Каныкей
Белди бекем курчанып,
Акборчукту бир салып,
Арман менен сөз салып,
Чубап жаткан тулпарга
Байкап турду көз салып.
Баары тулпар көй кашка*,
Байкас кылып калды эми.
Алты жүз кырк үч тулпардын
Бирөөнү койбой жеңекең,
Баарын сынап алды эми.
Акборчук оозун бурду эле,
Абайлап тиктеп турду эле.
Үч жүздүн уулу казактан,
Каңгылардын канынан,
Сары-Арканы жердеген,
Салмактуу кыйын эр деген,
Көк өтүктүн өкчөсү*,
Айдаркандын Көкчөсү,
Көкчөнүн уулу Үмөтөй
Сары-Арканы жайлаган,
Сан күлүгүн байлаган.
Күлүктөрү кулача,
Маңдайы кашка тумарча,
Кетмен соору, кең туяк,
Баары жогу тулпарча.
Сегиз кандын бири экен,
Ат чабам деп ал келген,
Анын аты жанакы.
Бер жагына көз салса,
Анжыяндан келиптир.
Кара байыр казанат,
Төмөнкү, кең Алайдан келиптир.
Калбыр өпкө, жез билек
Кең Кырымдан келиптир.
Кулжа моюн төгөрөк,
Жети-Суудан келиптир.
Каман соору, үкү аяк,
Чамбыл-Белден келиптир.
Теке жоомарт аргымак
Кең Кашкардан келиптир.
Кыска моюн, туу чунак
Кээ бир тулпар келиптир.
Кара байыр, казанат
Кээ бир тулпар келиптир.
Калбыр өпкө, жез билек
Кара болот ооздук,
О, кудай, чайнашчуудан келиптир
Алты күн тынбай, суу ичпей,
Кармашчудан келиптир.
Кең көкүрөк, тайкы жал
Көй кашкадан келиптир.
Келишимдүү чоң тулпар
Бир башкадан келиптир.
Ал аттарды көргөндө
Аргымак жалдуу тайкушум,
Чын кудайга жалынып,
Чыркырап ыйлайт байкушум.
Ыйлап жеңең сабылып,
Бир кудайга жалынып.
Бере көр деп сөз салып,
Тайторуга көз салса:
Оң кулагын жапырып,
Кара жердин кыртышын
Төбөсүнө сапырып,
Калган экен Тайтору,
Кара болот ооздук
Көмөкөйгө каккылап,
Тал жибектей куйругун
Чаткаякка чапкылап,
Сайсайлап жүнү бөлүнүп,
Аркардай көзү көрүнүп.
Башын шилтейт жаныбар
Көкүлдү көккө зыргытып,
Туягын жерге мылгытып,
Калган экен Тайтору.
Чиркин, менин маңдай сөөгүм кайкы эле,
Бадышам көзү өткөндө,
Күн көрөрүм тайкы эле.
Ошо тайкыраак шорум болбосо,
Ушу бүгүн Тайторум
Башын жерге салат ко,
Ушу турган Букардын
А, кудай, баш байгесин алат ко!
Багымды кудай ачат ко,
Ичим толгон көп күйүт
Бүгүн кудай чачат ко!
Болбосо, артта калып Тайтору
Ардыккан бойдон Каныкей
Арданып бейбак өлөт ко!
Арман менен бу катын,
Кыямат жүзүн көрөт ко,
Тилегеним бир кудай,
Болбосо, Тайторум чыгып келет ко!
Өзөндүү дайра булакты,
Өлгөндө көргөн чунакты,
Бүгүн, энеси шордуу көрөт ко!
Көөдөнгө батпай көп санаа,
Ушуну айтып энеңдин
Көзүнүн жашы он талаа.
Ай караңгы болгондо
Түн эмине болот деп?
Артта калса Тайтору
Ээ, кудай күн эмине болот деп?!
Аргымакка жалтайкуш,
Айланайын Тайтору,
Айлымдан азган мен байкуш.
Белгилүүм жок, белим жок,
Бекем сени сүрөөчү
Белгилүү кыргыз элим жок.
Качып кирер токой жок,
Караан кылып турганга
Канымдан калган ногой жок.
Канатың жерге сала көр,
Кагылайын Тайторум,
Арбытып арыш ала көр!
Араандай оозуң ача көр,
Кагылайын бууданым,
Жериңди тактап баса көр!
Теги курган башымды
Телик кушка жегизбе,
Артта калып Тайтору
Ушу турган Букарга
А, кудай, тентиген катын дегизбе!
Деп ошентип муну айтып,
Алты жүз кырк үч тулпарга
Аманат деп Торуну,
Кошуп туруп калды эми.
Букар ичи, ээй, чаң болуп,
Кыймылдаган жан толуп.
Букардагы Эшенчал,
Алтымыш балбан жанында
Ат айдаган ал болуп.
Он башысы ороктоп,
Бакандары короктоп.
Балбандары барбактап,
Баатырлары дардактап,
Бөксө жол менен чаң салып,
Жүрүп чыгып келатат.
Баспачудай аттарды
Касадан* ары бир коюп,
Тийип чыгып келатат.
Эшенчалды көргөндө,
Жини кайнайт женекең.
Эр мүчөлүү жеңекең
Алтымыш балбан, Эшенди
Тура тур деп чакырды.
Атаңдын көрү Эшенчал,
Бул сөзүмө кулак сал.
Алтымыш балбан, Эшенчал,
Бирөөң калбай баарың кел,
Ак сакалдуу карың кел.
Бу түрүмдү көрбөсөң,
Бу тилимди албасаң,
Кызыкты менден көрдүңөр,
Баары-жогуң өлдүңөр!
Алтымыш балбан, Эшенчал
Ат айдасаң, бат айда,
Аттын баарын катуу айда.
Мындан ары айдасаң,
Кең-Булакты басасың,
Түгөнгөн тоонун тумшугун
Өлбөсөң Эшен ашасың.
Ар жак жагы мунарык
Кең Букардын зор Ак-Чий,
Зор Ак-Чийди басарсың.
Чоң Ак-Чийди басканда
Бөйрөгү калың ор* ошол,
Атчан киши жол жүрсө
Алты күндүк жол ошол.
Жана Эшенчал кебим ук,
Жаңыла көрбө сен ошол
Ал Ак-Чийге барганда,
Томуктай болгон тоосу жок,
Токумдай болгон коосу жок,
Буурсун тийген чийин жок,
Суур казган ийин жок,
Чып этип ууртар суусу жок,
Чымчып жээр чөбү жок,
Боз мунарык күйгөн кум,
Ойлосоң Эшен мына бул,
Казгалдак учса карыккан,
Кара жору учканда
Канаты жолдо талыккан.
Мунарык болуп учтанган,
Булуңгур болуп бурчтанган,
Өлбөсөң мындан өтөсүң
Андан ары барганда
Салынып кирген урчукта,
Салаңдаган тумшукта,
Жонуна чыга барганда
Жоругум Эшен кебимди ук,
Ит-Торпунун бели ошол,
Ашып түшсө ар жагы
Ит-Өлөрдүн чөлү ошол.
Андан ары барганда
Будур-будур бел келет,
Будурмак ашуу жер келет.
Андан ары барганда
Адыр-адыр бел келет,
Адырмак ашуу жер келет.
Ар жак жагын айтайын
Кара-Деңиз көл ошол.
Бутун кырсык чалбаса,
Бууданды кудай албаса,
Жетип айдап коё бер
Тайторуга жер ошол.
Бу сөзүмө көнбөсөң
Кара-Деңиз дарыя
Жеткизип айдап бербесең
Башын жерге сала албай,
Аркардай арыш ала албай
Артта калса Тайтору
Оңбогон Эшен оңбосоң,
Бул сөзүмө болбосоң,
Катын деп мени кордосоң,
Жолуңдан кармап аламын,
Жол үстүнө сүйрөтүп,
Даңгыттарга жарамын.
Кашайта көзүң оёмун,
Эшенчал сени соёмун.
Ичиңден чыккан кара кан,
Кочуштап ууртап тоёмун.
Эшенчал сени сойбосом,
Каныңа мыктап тойбосом,
Арка гана чачым иейин,
Туудурган атам так эле,
Темирканга тиейин.
Тентиген катын дедиртип,
Кантип тирүү жүрөйүн.
Муну айтып Каныкей
Бурулуп долу турду эле,
Муну угуп Эшенчал
Мурдалап коркуп жан чыгып,
Эшенди кудай урду эми.
Ойлонуп туруп Эшенчал,
Билегинен сап кетти,
Жүрөгүнөн кап кетти,
Бетинен кызыл кан кетти,
Эшенчалдан ал кетти,
Көөдөнү кетти кирилдеп,
Сакалы кетти бириндеп.
Асмандан алданын күнү бүркөлдү,
Башына алтымыш санаа бир келди.
Ойлонуп Эшен кыңкылдап,
Ой ойлонот былкылдап,
Көңүлү кетип бөлүнүп,
Айтып турган Каныкей,
Жалаңкычтай көрүнүп,
Ой ойлонуп кыңкылдайт,
Ичинде Эшен былкылдайт.
Бу кармаса кармап алат деп,
Кара баскан бу катын
Артта калса Тайтору
Бирөөбүздү түк койбой
Курмандыкка чалат деп,
Бу баарыбызды түк койбой
Такыр кырып салат деп.
Ай талаада кол салса
Бул өңдөнгөн канчыктын,
Колунан кимдер соогатка сурап алат деп.
Болсун долу — баатыр деп,
Кара-Деңиз дайрага
Жеткирип айдап бербесек
Жети атабыз каапыр деп,
Ат байлаган кермедей
Такыр бойдон өтөлүк,
Айтканыңа жеткизип,
Атыңды айдап бербесек
Сиздин тилди албасак
Капыр бойдон өтөлүк.
Өлө турган уу жалап,
Өлүп кетер ант кылып.
Ак буудай унун чайнады,
Келеме шарып кармады.
Убаданы бек кылды,
Ошондо адам гана өлчү шерт кылды.
Убаданы бек кылып
Атты Эшенчал айдап кетти эми.
Ат жайына айдалып,
Эчак барып жетти эми.
Төлгөгө чапты Тайтору,
Төрөнүн зайбы Каныкей,
Муну мындай таштайлы
Букардын каны Ысмайыл,
Каныкей менен уялаш,
Мындан гана кепти баштайлы.
Кесиреттүү* Ысмайыл
Букарда жатып кеп укту:
Бузулган эжең Каныкей
Букарда жатып ээлигип,
Атын чапты деп укту.
Жесир жүрүп жээлигип,
Жерге кирип кетсечи,
Ат чабам деп ээлигип.
Ичке жолун төтөлөп,
Алтымыш асый бир атын
Капыр, чабамын деп жетелеп.
Арсызды кудай урганын.
Ат чабам деп турганын.
Көөдөктү кудай урганын,
Минтсе долу оң кылбайт,
Эгерде бизди соо кылбайт,
Капыр, жесир жүрүп жээликкен,
Ат чабам деп ээликкен,
Арсыз мынча болобу?
Каралуу жүрүп кутуруп,
Капыр мындай болобу?
Бузулган жагын төтөлөп,
Каралуу жүрүп бул долу,
Тайторусун жетелеп.
Бу сыздаган сөөк кимдики?
Сынган намыс кимдики?
Кеткен намыс кимдики?
Келген намыс кимдики?
Капыр, жесир жүрүп жээлигип
Ат чабам деп ээлигип.
Эркек киймин кийинип
Эселек* мындай болобу,
Эри өлгөнгө сүйүнүп.
Кыйшык жолун төтөлөп,
Кыйын мүшкүл кылды го,
Ат чабам деп ээлигии,
Тайторусун жетелеп.
Болбосо канчык бу долу
Сегиз кандан эр издеп,
Болбой калган кезиби?
Эрге көөнү бурулуп,
Канчыктын, оңбой калган кезиби?
Төрө жездем Манастын
Төшөгүн баскан оңобу?
Бу, төрөнү кордоп отурган
Бул өңдөнгөн карабет,
Эгерде эки болобу?
Кордоп жүрсө Манасты
Минткен канчык оңобу?
Таалайлуу Манас шер эле.
Далай жердин баарысын,
Азат кылган эр эле.
Арбагын кордоп отурган
Ушул өңдүү ургаачы
Эгерде гана эки болобу?!
Таянган жери Темирдей,
Ысмайылдын эжеси
Атын чаап арт жакта
Калып калды дедирбей
Семетей бузуп жиберип,
Жолунан кармап албасам,
Жол үстүнө сүйрөтүп,
Жоболоңдуу канчыкты
Жолго кармап жарбасам!
Ошондой деп Ысмайыл
Ысмайылдын ак сарай,
Каалгасы темир сом калай,
Каадасы журттан бек кыйын,
Кан эмеспи бир далай.
Тегереги чынар бак,
Ортосунда алтын так,
Чуркап чыгып тагына
Кабар берди Ысмайыл,
Семетейди баш кылып,
Ошондо желдетинин баарына.
Барабанды чалды эле,
Сурнайын беш сапар
Бек кыйкыртып алды эле.
Добулбасын карс уруп,
Дүңкүлдөгүн чалды эле.
Ысмайыл кабар бергенде
Тизелери бүгүлүп,
Балбандары жүгүрүп.
Он башысы ороктоп,
Элүү башы элтеңдеп,
Кандай чыккан доо бар деп,
Кайда жүргөн жоо бар деп,
Найзакерден ыктуусу,
Жазбай аткан мергени,
Жаңылбай турган чечени,
Билимдүүсү карысы;
Жоо келгендей жабылып,
Балбанынын баарысы
Басып барып турду эле.
Букардын каны Ысмайыл
Каарданып бакырды,
Беркелгин деп ошондо
Семетейди чакырды.
Семетей жетип келгенде,
Коё берди кызталак
Эжекеси Каныкейди жамандап.
Ошо кезде Семетей
Аркалап чапан кие элек,
А дүйнө кеткен Манастын
Ата экенин биле элек.
Тартылуу жаткан Кара-Кыр
Желе экенин биле элек.
Муңдуу катын Каныкей,
Мунун, эне экенин биле элек.
Энекеси Каныкей
Тайган иттей бүрүштөп,
Желгендигин биле элек.
Таластан качып жөө тентип,
Келгендигин биле элек.
Беш аркар жылдыз* баткыча
Ийиктей* болгон ак эмчек
Эмгендигин биле элек.
Букардагы Ысмайыл
Чийип турду сызыкты,
Каныкейди жамандап,
Ошондо, айтып турду кызыкты:
Ой, Семетей, кулунум,
Келгендерден кеп уктум,
Кесиреттүү эжекең
Жесир жүрүп жээлигип,
Ат чабам деп ээлигип,
Жерге гана кирди деп уктум!
Эри өлгөнгө сүйүнүп,
Эзелки долу ал бейбак,
Эркек киймин кийинип.
Бузулган жолду төтөлөп,
Алтымыш асый бир атын
Чабамын деп жетелеп.
Эбин таап көйнөк кие албай,
Эптеп эрге тие албай.
Эл кыдырып чыр баштап,
Эсепсиз уят бир кылды,
Эжеси жесир дедиртип,
Балам баарыбызга чыр кылды.
Бу жорук кайдан көрөлүк,
Тентиген катын дедиртип,
Баарыга шылдың болгончо,
Тирүү турбай өлөлүк.
Ой, Семетей, кулунум,
Өзөндүү дайра булагым,
Өлгөндө көргөн чунагым.
Боз ала туйгун болпоңум,
Боз карчыга чолпонум,
Ай, Семетей, барып кел
Астыга келсе Тайтору
Манас, Манас бакырып,
«Манастап» ураан чакырып,
Бери сүрөп алып кел.
Артта калса Тайтору
Кармай калып канчыкты
Курмандыкка чалып кел.
Жол үстүнө сүйрөтүп,
Даңгыттарга жарып кел.
Башын кесип байланып,
Атакең Ысмайылга алып кел.
Жесир жүрүп жээликти,
Жерге кирсин ал катын
Ат чабам деп ээликти.
Жездеңден эжең калганы
Жыл эсебин алганда
Он эки жылга толду эле,
Ушу быйыл эжеңдин,
Букарга тентип келгени
Туура он эки жыл болду эле.
Жесир жүрүп жутунуп,
Ат чабам деп кутуруп,
Ары жок мынча болобу.
Ай ааламга бузукту
Арсыз эжең салбасын,
Арам өлгөн долуга,
Артык балбан күң* эле,
Айланайын, кулунум,
Семетей, алың жетпей калбасын.
Таңга жайык* болжош ал,
Таамай жерден жолдош ал.
Кара мылтык карс этсе,
Качпай турган мыктууну ал.
Чогоол мылтык чорт зтсе,
Чочубачу мыктууну ал.
Бет алышкан жоо болсо,
Бек кармап найза сунчууну ал.
Бейпайлуу мүшкүл иш болсо,
Атыңды кармап турчууну ал!
Бурамалуу жез найдар*,
Бурчтан кармап имерди,
Бузуп жатып баласын,
Эжеңди кармап сойгун деп,
Энеси Каныкейге жиберди.
Жетимиштей балбаны
Жетим чиркин балага
Жолдош боло калганы.
Ошо кезде Семетей
Тилегин кудай берген кез,
Жашы он экиге келген кез.
Ысмайылдан кеп угуп,
Качып жүргөн Каныкей
Атын чапты деп угуп,
Кашайта көзүн оюуга,
Кармап алып союуга.
Арсыз катын долуну,
Жолдон кармап алууга,
Баланын көөнү бузулду
Курмандыкка чалууга
Баатыр, жесир жүрүп бул эжем,
Желигет деген эмне?
Эркек киймин кийинип,
Ээлигет деген эмне?
Угуп алып тардыгып,
Ушинтип бала ардыгып.
Астындагы мингени
Темиркандын тулпары,
Колундагы кылычы
Ысмайылдын болоту.
Ачууланып Семетей
Оозунан жалын шыркырап,
Каалгадай кайран тиш
Таруудайдан быркырап.
Бурулбастан жол жүрүп,
Ат чабуучу талаага
Балбандардын баарысы,
Он башысы ороктоп,
Найзалары короктоп,
Желдеттери* желигип,
Жетимиңдин жанында
Кетип барат ээлигип.
Ат аябай жол жүрүп,
Аянбастан мол жүрүп,
Жүрө чыкты Семетей,
Жетимиш балбан жанында,
Ээр белдей кум белден
Күйө чыкты Семетей.
Тегерегин карабай,
Ысмайылдан кеп угуп,
Тегеле жанын аябай.
Барабанды чалышып,
Кысык жол тосо барышып,
Мына минтип энеңди
Жетим тосуп калды эми.
Муну мындай таштайлы,
Ээр белдей белесте
Эс таба албай туруптур,
Энекеңиз Каныкей,
Ошондон кабар баштайлы.
Кайран энең Каныкей
Касиеттүү жан эле.
Үнү угулат, өзү жок,
Женекеңдин ийнинде
Жылаңач бала бар эле.
Дозок менен күйүттү
Угузуп турган ал эле.
Кулактан кармап кыбырлап,
Ошо кезде баласы
Айтып берди шыбырлап:
Ой, Каныкей, байкушум
Казгалдак деген кайран куш
Кайрылбаган талаадан,
Ат чабам деп желигип,
Ажалдан мурун өлөсүң,
Кардыңдан чыккан баладан.
Астыга келсе Тайтору
Жетимиңди көргөнүң.
Артта калса Тайторуң
Ажалдан мурун өлгөнүң.
Астыга келсе Тайтору
Тилегиң кудай бергени.
Артта калса бул атың
Күзгүнүн шаарын сүзүп кой*,
Күдөрүң жандан үзүп кой.
Жетимиш балбан жанында
Жетимиң келет желигип,
Кылычтары кылкылдап,
Башынды кесип алууга.
Кан буйругу мушкүл иш,
Башыңа келди эми күч.
Артта калса бу Торуң
Арка чачың өрөсүң,
Буйрук алган балбандан
Ажалдан мурун өлөсүң.
Туура долум жана ук,
Тууганың болду душманың,
Ичиңде калды бушманың.
Найзасын тандап имерди
Бир тууганың Ысмайыл
Өзү бузуп жиберди.
Чымынча соёт жанынды
Кетирет сенин алыңды,
Каның, Манастан калган Семетей
Төккөнү келет каныңды.
Бүгүн каала, эртең жок,
Ушундай болот дүйнө бок.
Баатырдан калган жетимиң
Башыңа салат калың чок.
Ажыратып алуучу
Байкасаң кыргыз журтуң жок.
Бул кабарды укканда
Касиеттүү долунун
Ичи өрттөнүп болду чок.
Кабырга сөөгү сөгүлдү,
Көзүнүн жашы төгүлдү,
Көңүлү чиркин бөлүндү.
Үстүнө каран күн түштү,
Жеңекеңдин башына
Жетимиш мүшкүл бир түштү.
Кайрылыштуу талаадан,
Катуу коркуп чыркырап,
Кардынан чыккан баладан.
Акборчук оозун бура албай,
Көзүнүн жашын тыя албай,
Бөдөнөдөй шордуу көз,
Өзүң көргөн энеңден
Бөлөк-бөлөк жаш кетип,
Карагаттай кайран көз
Камчы бою жаш кетип.
Казгалдак деген кайран куш,
Кайрылбаган талаадан,
Ат чабам деп желигип,
Ажалдан мурун өлөмбү
Кардымдан чыккан баладан?
Эсилден* калган жан ботом
Эбин таап көйнөк кие элек,
Эси кеткен мен долу
Эне экенин биле элек.
Жолуман кармап алат, ээ,
Жалынсам жаным түк койбой
Жоболоңдуу жанымды,
Курмандыкка чалат, ээ!
Аркама бүткөн олоң чач
Өрүп алмак болдум, ээ,
Ат чабам деп желигип,
Канымдан калган чунактан
Өлүп алмак болдум, ээ!
Кудайдын салган буйругун
Көрүп алмак болдум, ээ,
Өз чолпонум жоо чыгып,
Өлүп алмак болдум, ээ!
Кутулбадым, ээ, кудай
Көңүлдө капа, санаадан,
Ат чабам деп кутуруп,
Кантип кетер экемин,
Көөдөндөн чыккан баламдан?!
Кайрат байлап тура албай:
Көп эле ажалым жетсе өлөрмүн,
Кудайдын чийген чийини
Төбөгө келди көрөрмүн!
Мен эмес, түрдүү-түрдүү калк өткөн,
Машайыктар* жалпы өткөн,
Мен эмес эчен эр өткөн,
Түрдүү-түрдүү шер өткөн,
Он эки кылым тең өткөн,
Олуянын көбү өткөн.
Ойруп чыгар* белим жок,
Оюмду бөлүп жөнү жок,
Ой, жеңе, ыйлабагын деп,
Керээз айтып коюучу
Кайран журтум мында жок.
Деп ошентип бел байлап,
Кайраттанып алды эми,
Ажал менен дозокко
Энекең, белди байлап калды эми.
Кечээ берени көкжал өлгөндө,
Бейпайды жеңең көргөндө,
Берениңдин чоң дүрбү*
Белекке кармап ошону
Ала келген дүрбүнү
Безилдеп ыйлап чыркырап,
Ала койду буркурап
Тайторуну көргөнү.
Кетмен ооз кең дүрбү,
Кере кулач чоң дүрбү,
Алтындан кылган сабы бар,
Бой тумар чалыш кабы бар.
Ичин алтын ашаган,
Айнегин көөхар* жасаган,
Жакут* таштан жардырган,
Артык уста Бөлөкбай,
Айнегине салдырган.
Тиктегенде адамды,
Көрсө мээрин кандырган,
Жоону көздөй салдырган,
Жоодон кабар алдырган.
Жолборсуңдун чоң дүрбү,
Сабына алтын кердирген.
Кырк кысырак*, миң байтал
Төкөр уста Бөлөкбай,
Мунун акысына бердирген.
Акборчук оозун бурду эле
Асыл катын Каныкей
Дүрбү салып турду эле.
Чыгырыгын имерип,
Чын көзүнө жиберип.
Бурамасын имерип,
Булкуп көзгө жиберип.
Канатын тарта жайды эле,
Аттарга дүрбү салды эле,
Ат кабарын алды эле.
Кылтылдатпай бек кармап,
Кыйындап көзгө төп* кармап,
Аныктап дүрбү салды эми.
Кең кепенин четинде,
Берки Кырым бетинде,
Оргуп-оргуп чаң чыгат,
Оргуган чаңды көргөндө
Жеңекеңден жан чыгат.
Оргуган чаңды караса
Атасынын Актулпар
Алыстап чуркап алыптыр,
Эң астына салыптыр.
Анын артын караса
Чоңкашканын чаңы экен,
Мунун артын караса
Чоңкүрөң сындуу мал экен.
Үчтүн артын караса
Көлөйкандын Каракашка аргымак.
Караса көзгө илинбейт,
Темиркандын төрт тулпар
Узап чуркап алыптыр.
Андан бөлөк бир жылкы
Кайда экени билинбейт.
Ай караңгы болгондо
Түн эмне болот деп?
Артта калса Тайтору
Айлам эми кеттиби
Күн эмне болот деп?
Астыма тарткан темир тор,
Маңдайга бүткөн калың шор.
Чиркин, менин маңдай сөөгүм кайкы эле,
Падышам көзү өткөндө
Менин күн көрөрүм тайкы эле.
Казды кушка жегизбе,
Каалап кудай жаратсаң
Мени качкын катын дегизбе.
Кууну кушка жегизбе,
Курсактан чыккан уулумдан
Ары жок катын ушинтип,
Өлүп калды дегизбе.
Каза көрбө орумду,
Каалап кудай жаратсаң
Кардымдан чыккан жалгыздан
Кудай, кайната көрбө шорумду.
Ай караңгы түн белең,
Артта калып Тайтору
Ажалым жетер күн белең.
Ошондой болгон кайран чач
Омуроомо жайылтып,
Өрүп алар бекемин.
Өзөктөн чыккан чырактан?
Өлүп алар бекемин?
Ээр белдей белестен,
Эсил жеңең Каныкей
Чыркырап ыйлап каба албай,
Чымындай айла таба албай.
Аттын оозун бура албай,
Чыңырып ыйлап тура албай.
Кабыландын чоң дүрбү
Кайра көзгө имерип,
Кайра салып жиберип.
Кайра дүрбү сунду эле,
Буйругу күчтүү кудайга
Мунаажат* кылып турду эле.
Буркурап ыйлап жиберип,
Өзүң көргөн дүрбүнү
Мыктуулап көзгө сунду эле.
Алапайы түгөнүп,
Ыйлап турду буркурап,
Боздоп турду чыркырап.
Дүрбү салып караса
Кең-Мойноктун жонунда,
Келе жатат бууданы
Кең Кырымдын жолунда.
Башын жерге сала албай,
Аркардай арыш ала албай,
Келе жатат бууданың
Санап көрсө ошондо
Үч жүз аттын соңунда.
Төлгөгө чапкан Тайтору
Эми кайдан жүгүрдү,
Чыңырып ыйлап куурагыр,
Эми, чымындай жандан түңүлдү:
Мурундун суусун тарта албай,
Көзүнүн жашын арта албай.
Көңүлү чиркин бөлүнүп,
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Кабыргасы сөгүлүп.
Кан аралаш чыккан жаш
Өзүң көргөн Акборчук
Жалы ылдый төгүлүп.
Көөдөнгө батпас санаадан,
Коркуп турат куурагыр
Көөдөндөн чыккан баладан:
Алда, чиркин, куу дүйнө
Ай караңгы түн экен
Бүгүн ажалым жетер күн экен!
Жаш күчүктөй кыңылдап,
Мен шордуу, араң өлмөк экемин,
Жаназа* жок, ыйман* жок
Мен шордуу, арам өлмөк экемин!
Как эткенден карга жок
Талаада өлмөк экемин.
Казам жетип ушунтип,
Баламдан өлмөк экемин!
Бууругуп жүргөн капыр деп,
Жолуман кармап алат, ээ.
Чукуйт, ээ, бүгүн көзүмдү,
Жалынсам укпай сөзүмдү.
Жолуман кармап алат, ээ,
Жоболоңдуу катын деп,
Чыркыратып өзүмдү,
Чукуп ийип көзүмдү,
Жол үстүнө сүйрөтүп,
Бүгүн курмандыкка чалат, ээ,
Даңгыттарга жарат, ээ.
Талаада сөөгүм даңкайып,
Көмүүсүз болуп калат, ээ.
Тал жибектей кайран чач
Куркулдап кузгун тытат, ээ,
Ботодой болгон кайран көз
Карарган карга оёт, ээ.
Каалгадай кайран тиш
Бүгүн, сагызган какшаал чычат, ээ.
Алмадай болгон эки эмчек
Кара жору оёт, ээ.
Ат чабам деп желигип,
Кара баскан мен долу
Бүгүн кажырдын богу болот, ээ.
Бүлкүлдөгөн бөйрөгүм
Түлкүлөр какшаал оёт, ээ.
Бөксө жаккы этимди
Бөрүлөр талап тоёт, ээ.
Кардымды карга тытат, ээ.
Омуртка сөөгүм оройсо
Каргалар капыр чычат, ээ.
Догурунуп көп байге
Таппай койбой не болдум,
Тозокко тууган мен катын,
Тоодой болгон Тайтору
Чаппай койбой не болдум!?
Алты сапар дүрбүнү
Аныктап кармап сунайын.
Алтоондо Торум келбесе,
Аныктап кудай бербесе,
Алты торпок, кырк тайга
Сатып алган Актинте
Кынынан сууруп алайын,
Кый сүбөөгө* малайын,
Өзүмдү өзүм жарайын,
Уулумдан өлүм болгуча
Мен өзүм өлүп алайын!
Ошондо эр мүчөлүү энекең
Акборчук оозун бурду эми,
Мунажат кылып буркурап,
Буйругу күчтүү кудайга
Тобо кылып чыркырап
Чыгырыгын имерип,
Манастан калган дүрбүнү
Чын көзүнө жиберип.
Бурамасын имерип,
Буркурап ыйлап жиберип.
Буудандын оозун бурду эле,
Асыл энең Каныкей
Дүрбү салып турду эле.
Аңтаң калып бу бейбак,
Аманат жандан түңүлүп,
Алапайын таба албай,
Артыкча жаман күйүнүп.
Ит-Торпунун далысын
Көрүп алып жеңекең,
Көргөндө жаман сүйүнүп:
Кападар болгон бул башка
Кадыр* тиер түн бар го.
Кайгыланган шордуу баш
Бүгүн жалгызды көрөр күн бар го
Тилегим кудай берет ко,
А кудурет баабедин,
Бүгүн, Тайторум чыгып келет го
Күн тийбеген бу башка
Күн мезгили болот ко.
Таалайы жок бу башка
Таң кашкайып сүрөт ко!?
Өртүмдү кудай басат ко,
Кабагым кудай ачат ко.
Желке чачым бууйт ко,
Кагылайын Тайторум
Жесирлик атым жууйт ко?!
Сүйүнгөндөн чыркырап,
Ыйлап ийип буркурап,
Дүрбү салып караса
Ит-Торпунун жонунда,
Кезең-Кырдын боюнда,
Санап көрсө Тайтору
Келе жатат бууданың,
Алтымыш аттын соңунда.
Башын жерге салыптыр,
Аркардай арыш алыптыр.
Мойнун жерге салыптыр,
Болжоосуз арыш алыптыр.
Желгенине жел жетпей
Жеткилең чуркап калыптыр.
Басканына мал жетпей
Башкача чуркап алыптыр.
Эңкейиштеп алганда
Эликтей колу сайылып.
Өргө тарта бергенде
Жал, куйругу жайылып.
Талаа түзгө келгенде
Таманы жерге тарсылдап,
Кара болот ооздук
Жаныбар, көмөкөйдө карсылдап.
Араандай оозу ачылып,
Кан аралаш ак көбүк
Омуроого чачылып.
Кара болот ооздук
Көмөкөйдү каккылап,
Тал жибектей куйругун
Чаткаякка чапкылап.
Ушинтип чуркап жөлөнүп,
Маралдай болгон кайран баш
Капкара чаңга бөлөнүп.
Кайраттуу жеңең Каныкей, го!
Карагаттай кайран көз
Кайрылып аарчып алды эми.
Баабедин деп чыркырап,
Бир кудайлап буркурап, ко?!
Бадышанын чоң дүрбү
Оңтойлоп колго алды эми,
Ошондо көзгө салды эми.
Кайра тиктеп жеңекең
Ат кабарын алды эми:
Сары адырмак урчукта,
Салынган тоонун тумшукта,
Керүүчөнүн жонунда,
Кара талаа боюнда,
Келе жатат Тайтору
Отуз тулпар соңунда.
Ой, жаныбар бууданым
Белгилүү күлүк жан элең,
Ардыгым айтам кудайга
Жаныбар, алтымыш асый мал элең.
Серүүндөтпө сөзүмдү,
Ээликкен катын дедиртип,
Шерменде кылба өзүмдү.
Мындан ары боздотуп,
Бир жараткан кудурет
Ыйлата көрбө көзүмдү.
Упарак* кылба сөзүмдү,
Уят кылба өзүмдү.
Жана дүрбү салды эми,
Жана байкап Торунун
Жана жайын алды эле.
Мунарык тарткан урчукта,
Боз адырмак тумшукта,
Кезенчинин жонунда,
Кең Ак-Чийдин боюнда
Келе жатат Тайтору
Ошондо он эки тулпар соңунда.
Көңүлү кетип бөлүнөт,
Көрүп карап тура албай,
Энеңдин көзүнүн жашы төгүлөт.
Алтын айдар*, чок белбоо*,
Азизкандын жалгызы,
Айсарала ат менен,
Тайторудай бууданды
Аяшымдын аты деп,
Алакем сүрөп алыптыр.
Узун бойлуу, кең далы,
Айзакерден ыктуусу,
Сары сурдун мыктуусу,
Азаматтын артыгы,
Кырк чоронун мыктуусу,
Кан Балтайдын Чубагы
Кыйкырыкты салыптыр,
Аяшымдын аты деп,
Артык сүрөп алыптыр.
Асты жагын карасаң,
Кара болот кыргагы*,
Кабарыңда бар бекен,
Кан Манастын Сыргагы.
Атка жеңил, жолго сак,
Уйкусу жок эр Сыргак
Ач кыйкырык, кур сүрөөн
Аябай үндү салыптыр,
Шейит* өткөн кайран шер
Өзү сүрөп алыптыр.
Анын артын карасаң,
Майлаган буудай жүздөнүп,
Күүгүм туман көздөнүп,
Кара чаар кабылан
Капталында чамынып,
Чолок көк жал арстан
Жандай салып камынып.
Таалайы артык кабылан,
Бадышасы Манас кан
Байкушумдун аты деп,
Өзү гана кууп алыптыр.
Ажыбай, Бакай эки кан
Байкушум аяш аты деп,
Ошолор кууп калыптыр.
Асыл энең Каныкей,
Арка чачын он бөлүп,
Өрбөй калган эмеспи?
Аташканы Манасты
Он эки жыл болгончо,
Бир көрөргө зар болуп,
Энекең көрбөй калган эмеспи.
Тоо башында боздогон,
Энекең улар болгон эмеспи.
Тоодою Манас кабылан,
Орнотуп койгон ааламга,
Чынар болгон эмеспи.
Чын төрөсүн көрүүгө,
Кайран энең Каныкей,
Кумар болгон эмеспи.
Акборчук оозун бура албай,
Асыл энең Каныкей
Чын арбагын көргөндө
Чыңырып ыйлап тура албай.
Боздоп ыйлап буркурап,
Аташкан төрөм, көкжалым
Ала кет деп, чыркырап.
Султаным, ай караңгы болгондо,
Түн ушундай болобу?
Аташкандан айрылса,
Күн ушундай болобу?
Көзүмдөн агат кандуу жаш,
Сел ушундай болобу?
Кабыландан айрылып,
Кайгырып катын тентисе
Жөнү ушундай болобу?
Алтын менен дилдесин*
Чачкан мендей болобу?
Алат күн түшүп башына
Ала качып баласын,
Атасынын шаарына
Качкан мендей болобу?
Кокуй султан кабылан
Канжыгаңа чала кет,
Капа кылып боздотпой
Убарлаш* мени ала кет!
Ар уруудан көйнөгүм,
Тартсам жетпейт мойнума,
Талыктырбай султаным,
Тарта кеткин койнуңа.
Көк аралаш көйнөгүм,
Көп кийсем жетпейт мойнума,
Тентип жүргөн долуну,
Кабылан ала көргүн оюңа!
Кең дүйнөмдү тар кылба,
Кейип турган бейбакты,
Чыркыратып зар кылба.
Ушинтип айтып энекең,
Бөдөнө сындуу кайран көз,
Бөлөк-бөлөк жаш кетип.
Алапайын таба албай,
Айланып ыйлап чыркырап,
Боздоп ийип буркурап.
Көңүлү чиркин бөлүнүп,
Көзүнүн жашы төгүлүп.
Көрүп турган төрөсү
Көкжалы Манас чиркиндин,
Баякы тирүүсүндөй көрүнүп.
Карагаттай кайран көз,
Кайрылып аарчып алды эми.
Караан кылар кыргыз жок,
Ошондо энең Каныкей
Кайраттанып алды эми.
Кайра тартып дүрбүнү,
Кайран көзгө салды эми.
Тулпар оозун бурду эми,
Тура албай ыйлап жеңекең,
Атка дүрбү сунду эми,
Атайы көрүп алды эми.
Кең урчук тоонун оозунда,
Кең мойноктун жонунда,
Келе жатат Тайтору
Алты буудан соңунда.
Желгенине жел жетпей,
Жетик чуркап алыптыр.
Басканына мал чыкпай,
Башка чуркап калыптыр.
Тайторуну көргөндө
Тарчылык көргөн байкушуң,
Каралуу жеңең Каныкей
Кайгыланып тура албай
Тобокелди кылды эми.
Атакем Темиркандын Актулпар
Теги* күлүк мал эле.
Кара байыр*, казанат*,
Калбыр өпкө, жез билек
Канаты бар жан эле.
Ушу турган байгеге
Жеткизбей чуркап барабы.
Ушу турган Букардын
Баш байгесин алабы.
Арам өлүп Тайтору
Бирдин соңун алабы?
Баягы, ээр белдей белестен
Эңкейип түшүп келгенде,
Тайторудай бууданга
Бир салайын сүрөөндү*.
Чыркырап чылбыр алайын,
Араандай оозун ачайын,
Ак эмчектин токмок эт,
Алып келип басайын
Тайторум сүрөп көрөйүн,
Мында Тору чыкпаса,
Ажалдан мурун өлөйүн.
Деп ошентип жеңекең,
Кайраттанып алды эми.
Кечээ берен Манас өлгөндө,
Бейпайды энең көргөндө,
Бейли кеткен кезек ит,
Беренден калган сан дүйнө,
Бет-бетинен бөлгөндө,
Берен энең Каныкей
Бейпайды мынча көргөндө
Асыл энең Каныкей,
Аябаган дүмөктү*
Сала келген эмеспи,
Манастын Аккелтесин таба албай,
Алмамбеттин Сырбараң
Таяк кылып таянып,
Асыл энең Каныкей
Ала келген эмеспи.
Асынганда Сырбараң,
Ай далынын айнеги,
Атышар жоого чыкканда,
Аманат жандын эрмеги.
Оозу калың, алма баш,
Ыраакы-жуук ылгабас.
Ийнинен алып караса
Оолаңдын* учу тартылбай,
Он эки жылга атылбай.
Ичи иттей кир болуп,
Ичиндеги даттары
Ичи менен бир болуп,
Калган экен Сырбараң.
Мына ошондо Каныкей:
Айланайын, Сырбараң
Ээсинен гана калган сен жесир
Эринен калган мен жесир.
Деп ошондо муну айтып,
Өзү өткөрө анык мыктуу күң,
Сырбарандын оозуна,
Чоң кыргыны* тыкты эми.
Кыргы менён кыргылап,
Кыйындап ичин ургулап,
Тарткы* менен тарткылап,
Тазалап ичин арткылап.
Жойгу* менен жойгулап,
Жолборс жеңең Каныкей
Алмамбеттин Сырбараң
Жаны калбай койгулап.
Сырбараң ичин тазалап,
Курган байкуш жеңекең,
Кутудагы дарыны,
Кур дегизе чөгөрүп,
Оозун көздөй көмөрүп.
Борчук оозун жыйды эле.
Куру дүрмөт ок кылып,
Куу дарыны куйду эле.
Кадимкидей чоң сүмбө*
Имере кармап жеңекең,
Оозун көздөп урду эми.
Сүмбө менен сүмбөлөп,
Бат атуучу кулагын
Өөдө кармап чойгулап,
Шашпай туруп жеңекең,
Сүмбө менен койгулап.
Чоң кундагын* каккылап,
Аккаңкынын кашына
Тарса-тарса чапкылап.
Кийин минип чалкалап,
Кулактан чыккан дарыны
Тырмак менен талкалап.
Кытай оттук*, боор таш
Кырып ийип чок коюп,
Милтесине от коюп,
Асыл жеңең Каныкей
А кудайлап чыркырап.
Акборчук оозун бурду эле.
Куру дүрмөт ок менен
Курган катын Каныкей
Сырбараңды сунду эле.
Опсуз балбан энекең
Жерин өлчөп турду эле.
Тайторуга көз салса,
Жетим мойнок жонунда
Келе жатат бууданым
Темиркандын үч атынын соңунда.
Сүрөөн салып атууга,
Тайторуну тартууга,
Мойнуна курун салынып.
Куру дүрмөт ок менен,
Курган катын Каныкей,
Тайторуга камынып,
Куру дүрмөт ок менен,
Курган энең Каныкей
Күп дегизе бир койду.
Башка күлүк Тайтору
Башын жерге салды эми,
Кара жерди токмоктоп,
Сырбараң үнүн укканда
Ирмеп-ирмеп алды эми.
Эчен мылтык, эчен жаа,
Очогордун огуна
Көнүп калган Тайтору.
Мылтык үнү чыкканда
Башын жерге салды эми,
Таштап ийип куу жанды
Аркардай арыш алды эми.
Бет алдына келгенде
Бейлеп көрсөң Тайтору,
Чоңкашкадан адашып,
Калган экен Тайтору
Чоңкүрөңгө жанашып.
Асыл жеңең Каныкей
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Эр адамча бакырып,
«Манастап» ураан чакырып,
Ошо кезде жеңекең
Жеткилең ураан салды эле.
Жеткен жерде Торуга
Окоро түйгөн* чоң чылбыр,
Жулуп алып энекең
Бооруна салды эми.
Жеңең чылбыр алганда
Жылаңач Кызыр*, жаш Айдар*
Жылоо ооздуктан алды эле,
Кырк чилтен*, Кызыр кожосу
Кошо сүрөп алды эле.
Кара чаар кабылан,
Ошондо капталында чамынып,
Каймана сүрөөн салыптыр.
Кызыр чалган Манастын
Колдоп жүргөн пирлери
Кошо сүрөп алыптыр.
Эңген жерде Торуну,
Эпсиз балбан жеңекең,
Эбелектей сүйрөтүп,
Араандай оозду ачты эле,
Окоро түйгөн чоң чылбыр,
Ак эмчектин токмок эт
Алып келип басты эле.
Манастап ураан чакырып,
Тайтору сүрөп алганда
Чоңкүрөңдөн адашып,
Кирип барды Тайтору
Актулпарга жанашып.
Эпсиз күлүк Актулпар
Ал да күлүк мал экен.
Эңкейишке киргенде
Актулпар озот мойнунча.
Өргө чыга бергенде
Тайтору озот мойнунча.
Тең келип тулпар күлүк ат,
Эпсиз экөө жарышып,
Эки үзөңгү кагышып.
Томуктай жерде тоосу жок,
Токумдай болгон коосу жок,
Буурусун чийген чийин жок,
Суур казган ийин жок,
Кумдуу чөлгө барганда
Кузгундай көзүн кызартып,
Актулпардын алдына
Салып чыкты жеңекең
Тайторудай бууданды
Алты бута* узатып.
Кум талаага барганда
Жейрендей көзүн кызартып,
Алтымыш асый Торуну
Алып чыкты жеңекең
Жети бута узатып.
Арка чачын он бөлүп,
Жеңекең, бууп чыгып келатат.
Асылдан калган байкушуң,
Куру дүрмөт ок менен
Анда-мындай бир атып,
Тайторудай бууданды
Кууп чыгып келатат.
Эр мүчөлүү байкушуң,
Эки көзү өрт болуп,
Жайнап чыгып келатат.
Куру дүрмөт ок менен,
Тайторудай бууданды,
Энекең долу Каныкей,
Күрүлдөтүп аткылап,
Айдап чыгып келатат.
Тилегин кудай берген соң,
Тайтору чыгып келген соң,
Санаанын баары бөлүнүп,
Санаа санап тура албай.
Көзүнүн жашы төгүлүп:
Найзага таккан желегим,
Айкөлдөн калган белегим.
Тулпардан калган туягым,
Туу казанат чунагым.
Акылын башка бөлө элек,
Мен шордууну атайлап,
Эне экенин көрө элек.
Кокусунан Семетей
Ушакчы элден кеп угуп,
Атасы Манас деп угуп,
Арам санап коёбу?
Ажайып мени соёбу?
Эсил атам өлгөндө
Энеке, сен эркек киймин кийдиң деп,
Эселек энем экенсиң
Эмне издеп жүрдүң деп,
Кашайта көзүм оёбу?
Күйүп кетип ал бала
Кармап алып өзүмдү,
Чукуп ийип көзүмдү,
Атасын тарткан эр чиркин
Өлүм кылып коёбу?
Мынча кудай берген соң,
Тайторум чыгып келген соң,
Эркек киймин кийгенде
Кай муразга жетейин,
Ушундан ары бир кудай
Мен каралуу бойдон кетейин.
Семетейим киет деп,
Жасап жүргөн суусар бөрк*,
Ошондо чап колуна алды эми,
Ак куржунга салды эми.
Жакасы алтын, жеңи жез,
Кош бадана* торгой көз,
Келеме бото*, кең күрмө,
Баякы келишимдүү суп чепкен
Кайра чечип кабыштап,
Кайран энең Каныкей
Ак куржунга табыштап,
Аны кошо салды эле.
Олоңдой болгон кайран чач,
Ойрон энең Каныкей
Омуроого жайды эми.
Тал жибектей кайран чач,
Талоолонтуп энекең
Астын көздөй жайды эми.
Карарган чачы жайылуу,
Кандуу бети жыртылуу,
Койнуна жаш толду эми,
Кокуй Манас төрөсү
Жаңы өлгөндөй болду эми.
Муну мындай таштайлы
Баягы, Манастан калган Семетей
Баатырдан кабар баштайлы.
Ошондо бала Семетей,
Суптан көйнөк кие элек,
Султан Манас төрөдөн,
Семетей калгандыгын биле элек.
Баягы ээр белдей белестен,
Аттын оозун бура албай,
Каарданып бакырат,
Кайратка чыдап тура албай,
Алтымыштай балбанын,
Бери келгин деп чакырат.
Алтымыштай балбаны,
Он башылар ороктоп,
Найзалары короктоп.
Найзанын башы чабышып,
Адамдын башы кагышып.
Чоң барабан добулбас*
Чогоол* бала Семетей,
Каң дегизе урду эле,
Балбанынын баарысы
Жоо келгендей камынып,
Семетейдей баланы
Тегеректеп турду эле.
Манас кирбес оозуна
Байкуш бала жетимдин
Манас кирип калыптыр.
Жер кирбеген оозуна
Талас кирип калыптыр.
Кызыр чалып балага
Кыргыз кирип калыптыр.
Каны тартып токтобой
Кайраттуу бала чунакка,
Эне кирбес оозуна,
Эне кирип калыптыр.
Айланайын балбандар
Жетпей жүргөн калыкка
Сын кылалы балбандар,
Бүгүн күрсүлдөгөн кандарга
Чыр кылалы балбандар.
Ээлүү аттын баарысын
Эми балбан кебимди ук,
Кабактан кармап алалык,
Бирөөн тирүү тим койбой
Баарын кырып салалык.
Баары-жогун чогултуп,
Курмандыкка чалалык.
Эми балбан кебим ук,
Кешиги жок эжемдин
Карган аты көрүнсө
Ошону сүрөп алалык.
Элдүү атты соёлук,
Эжемдин аты көрүнсө
Манас-Манас бакырып,
Манастап ураан чакырып,
Ошону сүрөп алалык.
Кудай берсе Букарга,
Манастап сүрөп баралык.
Айланайын балбандар
Ойду-тоонун баарысын
Жүгүргөндөй кылалык,
О дүйнө, кеткен жездекем
Кайра ойгонуп ордунан
Жездемди, тирилгендей кылалык.
Ой-тоонун баары Манастап,
Жүгүргөндөй кылалык.
Адырмактуу будурду
Талаалуудай кылалык.
Баягы, арманы катуу эжекем,
Алды каткан байкушту,
Балалуудай кылалык.
Көңүлү бузук калайык,
Көрүп туруп жанынан
Түңүлгөндөй кылалык.
Ой менен тоо биригип,
Ошо Манас экен деп,
Жүгүргөндөй кылалык!
Манас-Манас бакырып,
Манастап ураан чакырып,
Тайторудай бууданды
Букарга сүрөп баралык!
Байгеге сайган сан кара,
Жети там толгон казына,
Миң карача* төөлөрдү,
Миң кара кашка бээлерди,
Буттап алтын зерлерди*,
Такыр ээлеп алалык!
Тар ойлонбо жигиттер
Тайтору күлүк мээси жок,
Бизден бөлөк ээси жок.
Тайтору чыгып ал келсе,
Тилекти кудай дал берсе,
Дегениңе көнөмүн,
Айланайын балбандар
Жармак албай жаныма,
Дагы балбан угуптур,
Байгесинин баарысын
Үлөштүрүп* беремин.
Силерден байге талашсам,
Акылыман адашсам,
Ат байлаган мамыдай
Такыр болуп өтөйүн.
Жүзүн көрбөй кудайдын
Айланайын балбандар,
Мен капыр бойдон кетейин.
Мен байгеге кызыкпайм,
Аты калсын Манаска.
Ойлогула балбандар
Бүгүн көрчү, эртең жок,
Ушундай болот дүйнө бок.
Байкагыла балбандар,
Башыңдагы суусар бөрк
Кимдер ыргап кийбеген,
Дөөлөтү башта барында
Ким күркүрөп жүрбөгөн.
Кабылан жездемдин көзү өткөндө
Аркада эркек бала жаш,
Тайган иттей желиптир,
Тарчылык түшүп башына,
Таластан тентип эжекем
Кең Букарга келиптир.
Адырмактуу кең жылга,
Булаксыздай кылбайлы,
Кешиги жок эжемди
Туяксыздай* кылбайлы.
Берен эжем долунун,
Бел байлаган бели жок,
Канынан калган караандуу
Белгилүү кыргыз эли жок.
Астыга келсе Тайтору
Аянбай сүрөп алалык,
Манастап ураан салалык.
Кайда жүрсө Тайтору
Ошону гана сүрөп алалык.
Атакемдин Актулпар
Астыга келсе соёлук,
Букардын төрт тулпарын аябай
Тегиз кырып коёлук.
Эжемдин аты бар болсо,
Ошону тирүү коёлук.
Бүгүн, Манастап ураан салалык,
Тайтору сүрөп алалык.
Мынча чырды баштасам,
Аттарын кырып таштасам.
Уланган азап, чоң чырды
Тартпаска куран кармап бер,
Ушундай деп бир сөздү
Айтпаска куран кармап бер!
Деп ошондо Семетей
Тулпар оозун бурду эми,
Туралбастан балбандан
Антты сурап турду эми.
Балбандардын баарысы
Бала антип турганда
Макул дебес көтүбү?
Аттан түшүп балбандар
Ак буудай данын чайнады,
Айтпайбыз деп кеп кылып,
Келеми шарып кармады.
Өлүп кетер уу жалап,
Адам өлөр ант кылып,
Болсун сөзүң баатыр деп,
Ушу кепти чыгарсак
Жети атабыз капыр деп.
Он экиде Семетей,
Ойрондугун билгизип,
Опсуз кыйын балбанды
Минтип тилге киргизип,
Барандан кылган көк чепкен
Кайра чечип кабыштап,
Кара жолтой Семетей
Шашкан бойдон чепкенди
Канжыгага табыштап.
Жоо-жарагын шайланып,
Кең касаба*, сыр найза,
Кадимкидей байланып.
Каалгадай кайран тиш
Таруудайдан бөлүнүп,
Атасы Манас султандын
Так өзүндөй көрүнүп.
Атасы Манас көкжалдан
Арта тууган чиркиниң,
Шашып турат Семетей
Тайтору сүрөп алганы.
Астында бөлөк ат болсо,
Оолукмасы бек кармайт,
Такыр кырып салганы.
Арстандай керилип,
Токтоно албай желигип,
Чиймек болду сызыкты,
Атты кырып талкалап,
Бала, кылмак болду кызыкты.
Артта калса Тайтору
Буланы булап алганы,
Буурукту бала токтобой,
Бузукту мыктап салганы.
Астындагы тулпарга
Кара жаак ак камчы
Кармай алып имерип,
Тоодой болгон тулпарды
Томукка* тартып жиберип,
Баскан жерин уратып,
Бала чиркин кабылан
Тулпар менен чуратып
Эсеби жок шум ташка,
Жаңырыктын жар кыя,
Жалгыз малдын чубама,
Урчук тоонун керүүгө
Эриккенде Семетей
Кароолго чыкчу жерине,
Чоң кароолдун мойнокко
Тулпар оозун бурду эле,
Мына ошондо Семетей
Чууну карап турду эле.
Чууга кулак салды эми,
Чуу кабарын алды эми.
Чууну угуп алган соң,
Ай, кудурет баабедин*,
Ий, кудурет баабедин,
Жанды кудай жаратат,
Жаным чыгып баратат.
Жабыла балбан бери чап,
Ак сакалдуу карың чап.
Артыкча мыктуу баарың кел
Чууга кулак сала көр,
Чуу кабарын ала көр,
Эжемдин аты көрүнсө
Ошону сүрөп ала көр!
Айланайын балбандар
Мен билгенди билдиңби,
Мен укканды уктуңбу?
Чың-чың-чың-чың чыгат,
Чыркырап үнү бек чыгат.
Адырдагы кең жайлоо
Кыялаштын үнү экен.
Каңырыгы бек түтөйт,
Катындын үнү турбайбы,
Баягы кайран эжем Каныкей
Ошол уялаштын үнү экен!
Жал-куйругу такыр жок,
Тайкушуңдун* үнү экен,
Айкөлүнөн айрылып,
Качып келген бул жерге
Байкушумдун үнү экен!
Ар тилегин бир кудай,
Берип салган күн белем.
Эжем шордуунун Тайтору,
Алды менен талашып,
Келип калган күн белем.
Деп ошондо муну айтып,
Тегерегин карабай,
Темтең болгон эмедей.
Теги жанын аябай,
Тулпар оозун бурду эле,
Туйгундан калган Семетей
Туура карап турду эле.
Оролмо тоонун урчукта,
Онурайган тумшукта,
Башын жерге салыптыр,
Айбандын зору жарыктык
Башкача чуркап алыптыр.
Моюнун жерге салыптыр,
Борумдуу күлүк Тайтору
Болбой чуркан алыптыр.
Алты жүз кырк үч тулпардан
Асты менен адашкан
Орто жолго келгиче
Актулпар менен талашкан.
Жээрендей* көзү кызарып,
Актулпардын алдына
Түшкөн экен Тайтору
Жети бута узарып.
Эти кызып алыптыр,
Алтымыш асый бууданы
Эми күчкө салыптыр.
Баскан жери быркырап,
Чоң казандай даңканы
Төбөсүндө чыркырап.
Аркардай арыш узарып,
Кулжадай көзү кызарып.
Араандай оозу ачылып,
Кан аралаш ак көбүк
Омуроого чачылып.
Ооздукту каккылап,
Тал жибектей куйрукту,
Чаткаякка чапкылап.
Келе жатат Тайтору
Учкан куш менен жарышып.
Окоро түйгөн ак тизгин,
Эки колдо карышып.
Киши көрбөс азапты,
Берен эжем Каныкей
Тартып чыгып келатат.
Тайторудай бууданды,
Курган эжем кабылан
Куру дүрмөт ок менен
Дүпүлдөтүп койгулап,
Атып чыгып келатат.
Баягы кайран эжем Каныкей,
Жесирлиги курусун
Бөдөнөдөй кайран көз,
Бөлөк-бөлөк жаш кетет.
Карагаттай кайран көз,
Кайран эжем долудан
Камчы бою жаш кетет.
Көөдөнгө батпай көп санаа,
Көзүнүн жашы миң талаа.
Кайран эжем байкуштун
Кандуу бети тытылуу,
Кара чачы жайылуу,
Жесирлиги билинүү,
Башында калдайган кара кийилүү.
Акборчугу жорголоп,
Кан аралаш кандуу жаш
Акборчуктун жалынан
Камчы бою шорголоп.
Арбагы асыл Манасты
Көрүп ала жаздаптыр,
Ардыгып ыйлап чыркырап,
Ара жолдо Каныкей
Ал арбагын көргөндө,
Өлүп ала жаздаптыр.
Эки бетин тең тытып,
Балакетке калыптыр.
Баатыр Манас төрөсү
Бүгүн өлгөн эмедей
Жана Манасты кошуп калыптыр.
Бу кошконун көргөндө
Баланын көөнү жооруду*,
Алтымыш балбан көй кашка,
Такыр көөнү ооруду.
Эжесин көрүп алган соң
Эр Семетей чиркиниң,
Манас-Манас бакырып,
Бала чыкты кашаттан,
Манастап ураан чакырып.
Бала Манас дегенде
Ойдун баары бакырык,
Ойду-тоонун баарысы
Манастап ураан чакырып.
Бала туйгун Семетей
Астындагы тулпарга
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Катуу ураан салды эле.
Айкөл жездем Манас деп,
Айкырып ийип Семетей
Жандап чылбыр алды эми.
А деп оозду ачты эми,
Окоро түйгөн ак чылбыр,
Жулуп алып баладан,
Бооруна басты эле.
Талыкпай бала Семетей,
Тайторуну тартты эле.
Манас-Манас бакырып,
Манастап ураан чакырып,
Тайтору сүрөп алды эле.
Манастап үндү салды эми,
Тайторудай бууданды
Букарга сүрөп калды эми.
Семетей, Тайтору колго алган соң,
Ошондо, кайран энең Каныкей:
Атын балам алган соң
Артынан барып нетейин.
Атайы кудай берген соң,
Астыга Тайторум чыгып келген соң,
Атын ээси алган соң,
Өлгөндө көргөн чунагым
Өзү сүрөп калган соң,
Артынан барып далпылдап,
Не мураска жетейин.
Эч бир жанга көрүнбөй,
Ордого кирип кетейин.
Эр мүчөлүү энекең
Кайра тартты кылт коюп,
Эсил энең Каныкей
Ордону көздөй булт коюп.
Муну мындай таштайлы,
Жетимден кабар баштайлы.
Ошо кезде Семетей
Манас, Манас, Манас деп,
Манастап ураан салды эле.
Ойдун, тоонун баарысы
Жүгүргөндөй болду эми.
О дүйнө кеткен Манас кан
Тирилгендей болду эми.
Мунарыктуу боз талаа
Калаалуудай болду эми.
Буудан Манас кайран шер,
Балалуудай болду эми.
Бала Манас дегенде
Кайың ыйлап, тал ыйлап,
Караган жандын баары ыйлап,
Ак селдечен кожо ыйлап,
Дарс окуган молдо ыйлап,
Кара көңүл эр ыйлап,
Калайык ыйлап, кан ыйлап,
Каалаган журттун баары ыйлап,
Ыйлагандын баарысы
Өз кайгысын жеп ыйлайт.
Не бир мыкты жигиттен
Эркек бала бир туяк
Калып калса деп ыйлайт.
Адырмактуу көк сайдан
Булак калса деп ыйлайт.
Не бир мыктуу жигиттен
Эркек бала бир туяк
Чырак калса деп ыйлайт.
Кырдын баары бакырык,
Кызыгын көрчү дүйнөнүн
Кырда жаткан жылкычы
Айгырын минип токмоктоп,
Алда чыкты бир жактан
Манастап ураан чакырып.
Айгыры жүрбөй шалпылдап,
Ара жерге барганда
Айгырчан байкуш канетет,
Жетпей калды далбактап.
Капырай, кырдын баары бакырык,
Кырда жүргөн койчулар
Таягын көккө ыргытып,
Алда жүрдү кыйкырып,
Манастап ураан чакырып.
Тайтуягы* шалпылдап,
Жөө байкуш канетсин
Бул дагы, жетпей калды далпылдап.
Жана кызык жана бар,
Чөлдүн баары бакырык,
Чөлдө жаткан уйчулар
Букасын минип токмоктоп,
Буда чыкты бечара
Манастап ураан чакырып.
Букачан байкуш канетсин
Бука жүрбөй далпылдап,
Ара жерге барганда
Бечара, жүрбөй калды шалпылдап.
Түздүн баары бакырык,
Түздө жаткан орокчу
Орогун көккө ыргытып,
Одураңдап жөө чуркап,
Капталынан бакырып,
Буда чыкты бечара
Манастап ураан чакырып.
Ойдун баары бакырык,
Ойдогунун баарысы
Манастап ураан чакырып.
Ой тобо, тоонун баары бакырык,
Тоодогунун баарысы,
Манастап ураан чакырып.
Ой-тоонун баары бакырык,
Ой тобо, ойду, тоонун баарысы,
Манастап ураан чакырып.
Калаалуу Букар шаарына
Тайтору чыгып барды эми.
Жашы он экиге келгенде,
Бала төрө Семетей,
Букардагы сан байге,
Такыр ийрип алды эми.
Сегиз кан журту жыйылып,
Тегереги чынар бак,
Ал чынардын ортосу
Кырк жылы сууга чыласа
Кылтайып түсү оңбогон,
Сексен жыл сууга таштаса
Серпилип чирип койбогон,
Алтын түрдүү килемдин
Анын үстү алтын так,
Букардын алтын тагына
Сегиз кан кабар салды эми,
Алтын таажы* кийгизип,
Алтын такка миңгизип,
Оомийин деп баланы,
Кан көтөрүп алды эми.
Жети капка Букарга
Жетилип бала Семетей,
Дөө болгонун карачы,
Тайторунун сан байге
Эч кимге куйрук карматпай,
Бала төрө Семетей
Ээ болгонун карачы.
Тайторунун байгесин
Такыр ийрип алган соң
Убада кана, таксыр деп,
Алтымыштай балбаны
Катар тура калган соң.
Убадалуу бир сөздүү
Уялуу кандын жалгызы
Балбанынын баарына
Дегенине көндү эми,
Алтымыштай балбанга
Букардагы көп байге
Теңдеп туруп бөлдү эми.
Телегейи тең экен,
Теги бала көй кашка
Атасын тарткан шер экен.
Ыраазы болуп муну айтып,
Балбандар мактап калганы
Тайторунун көп байге
Балбандар бөлүп алганы.

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter

Вместе с этим также читают: