МЕЗГИЛ ТАРТЫШЫНАН ӨТКӨН РОМАН

«Сынган кылычты» жазууда Төлөгөн Касымбеков кандай зор чыгармачылык түйшүк тартып, кандайча изденип, бараткан багытынан бирде табылга таап, бирде тайып адаша калып, канча жолу көздөгөн нокотун алып, канча жолу жаза сермеп, өзү менен өзү тереңдеп күрөшүп, өзүн өзү сындан өткөргөнү, ар утуштан энчилеген артыкча руханий асылдануу рахаттары жекече жан дүйнөсүндө болгондур. Роман басылып чыгууда татаал тосмолорго туш келгенин, билебиз. Ал эми да анын тикеден-тике тагдырына байланышкан бир чындык баарыбызга ашкере маалым, ага баарыбыз тең күбөбүз.

Эгерде жазуучунун «Келкели» жарыяланганга чейин аябай көргүлүктү көрсө,

«Сынган кылыч» окурмандардын колуна тийгенден кийин анан татаал тагдыр күтө баштады (экөөнүн тең жолу оор болгонун кара). Биринчи китеби да (1966), экинчи китеби да (1971) көркөм сөз ышкыбоздору тарабынан абдан жылуу кабып алынып, калайыктын калың катмарына тез тарап, ага делген кызыгуу жанбай уланып, Шералы, Абил сыяктуу каарман- дары ылакап атка көчүп, кыргыз арасында өзүнчө эле бир элдик чыгармага айланып кетти. Кыргызча да, орусча да кайра-кайра басылып, башка тилдерде эркин сүйлөп, ал эмес, англисчеге да жетти. Жалпы союздук окурмандар менен адабиятчы-сынчылар 3. Кедрина, В. Озеров, В. Щербина, В. Оцкоский, С. Плеханов, Л. Лебедевалардын көңүлүн өзүнө буруп алууга жарады.

«Сынган кылыч» алтымышынчы жылдардын экинчи жарымы менен жетимишинчи жылдардын башында кандай кызыгуу туудуруп окулса, азыр да ошондой эле ыкылас жандырып окулуп жатат. Ага ышкы артуу эртең да басаңдабайт, нары улана берет, өзүнчө маанилүү себептери бар, учурунда чечмеленет. Бул маселенин бир жагы. Ушул эле убакыт, ушул эле көркөм процесстер аралыгында «Сынган кылыч» эки жолу тагдыры «саясий кылычтардын» мизине коюлуп, эки жолу катуу чабуулга кабылып, эки жолу кайра ордуна келди.

Биринчи чабуул бир сынчынын атынан тарыхый романдарга карата Борбордук

Комитетке жазылган арыз боюнча жазуучулар Союзунда уюштурулган талкууда (1971, апрель) атайын максатты көздөгөн айрым адабиятчылар тобу тарабынан башталган. Алардын далбасасы кантип да болсо романды чаап түшүүдө турган. Ошол талкуунун чарпыты «Вопросы литературы» журналына жеткен. «Сынган кылычты» жактаган жалпы окурмандар каршылык көрсөтүшкөн.

Арадан он жылдай убакыт өтүп, роман көп тилдерге таралып калган маалда экинчи жолу эң эле күчтүү, эн эле коркунучтуу чабуулду КПСС тин Борбордук Комитетинен болгон жабык көрсөтмө боюнча Кыргызстан КП БК өзү баштап чыкты. Пленумда сындалгандан кийин (1983) «Сынган кылычка» Кыргызстанда төрт тарабын кыбыла кылып турчу ачык жолдор жабылып ташталды. Союздун башка элдерине таралып баратышын болсо «Советская культура» газетасынын бетинен бир көрүнүп коюшу менен («Партийная забота о художественной культуре», 26 мая 1984) кан буугандай тык токтотуп салды. Карачы, жөн дагы эмес, көркөм маданиятка жасаган партиялык камкордугу имиш?! Баса, ал ажайып «заботаны» жалгыз эле Т. Касымбеков көрдүбү?!

Жалпы совет калкы менен руханий дүйнөбүздү түзүүчүлөрүбүздүн зор бактысы бар

экен, Апрель жел аргысы алардын өз табигый жасатын караңгылап тосуп көрсөтүп,

демин кысылтып келаткан бүкшүгөн жөө туманды тарката учуруп таштап, нагыз акыйкатты шаңкайта ачылтып, дырдай бойдон алдыга алып чыгып берди. Ошол көмүскөдө басылып бараткан көп өкүнүчтүү тагдырлар сорулуп турган иримге чындап тартыла баштаган Т. Касымбековдун «Сынган кылычына» да азаттык таңы атып, ардактаган окурмандарын эркин аралоого кайрадан жол ачылган.

Чыгарманын көркөм нарк, салмагын ушундан эле апачык баамдоого болот. Мансап

күчүнө салып жогортон зордуктап, жолу тосотто канчалык катуу болсо да, ага басырылып баш ийбей эл ичинен элге тарап, мурдагыдай эле өтүмдүү таасирин сактап турду. Аны жалпы окурмандар өзүнчө баалап, өзүнчө окуп жатышты. Мында үлкөн маани бар, терең сыр катылган. Роман зомбулук кордугун тартуу менен кошо түрдүү категорияга кирген калың журтчулук, көркөм сөз өнөрү ышкыбоздорунун сынынан да, мезгил сынынан да ишенимдүү өтүп алды. Анын айланасында жүргөн уу-чуулар субъективдүү мамилелердин жөрөлгөлөрү экендигин да убакыт өзү далилдеп койду. Ошончо татаал тоскоолдордон асыл сапат, азем боёкторун түп насипинде сактап өтүп, өз окурмандарына алгач кездешүүдө кандай жандуу таасирлер жараткан болсо, бүгүн да ошол нускасын бузбай турушунун башкы күчү эмнеде, «Сынган кылыч» бүтүндөй улут адабиятыбыздын тажрыйбасында кандай жаңылыктар берди, мына ошолорду конкрет белгилеп, конкрет ачып чыгып, конкрет жалпылоого алып, келкисинен баа берүү адабий сындын ыйык парзы.

Баарыга маалым жана эч ким талашпайт. «Сынган кылыч» тууралуу, биринчи сөздү биз айтып жаткан жерибиз жок., Ага арналып кыргызча, орусча ондогон рецензиялар жарыяланган. Азыркы кыргыз прозасы жана тарыхый романдардын проблемалары козголгон сын макалалар менен изилдөөлөрдө айтылып келатат. Бирок, алар алдына коюлган өз милдетине жараша чектелүү гана алкакта карашкан. Ар тараптан кенири аңдаштырып, терең эстетикалык-көркөм талдоого алып, илимий-теориялык жалпылоого чейин көтөргөн изилдөөлөр жазыла элек. Калың окурмандар массасы романдын көп жактарынан ачык түшүнүк ала алышпай өздөрүнүн боолголору менен гана жашап келатышат. Азыр атайылап мактоо угуп калууга автор да, «Сынган кылыч» да муктаж эмес. Маселе алардын жалпы көркөм процессте ээлей турган орду кайсы болорун туура көрсөтүп, мындай чыгарма кантип жаралып калган жана эмне үчүн жаралыш керек экендигин аңдаштырып чыгууда турат. Ага карата карама-каршы пикирлер менен айрым сынчылардын позицияларынын кубулуп кетиш себептери да кептин жүрүшүндө кошо тиркелип отурары өзүнөн өзү болчу иштерден.

1971-жылы апрелде өткөрүлгөн ырынан чыры ашып түшкөн үлкөн талкууда К.

Асаналиевдин «бүгүнкү турмушту Ч. Айтматов абдан чегине жеткире келтирил жазып койгондуктан көп калемгерлер учурдун темасынан качып, тарыхка кетип жатышат» деп өзгөчө басым жасап айтканы эсте сакталуу. Буга кайрылып калганыбыздын себеби бар,

«Сынган кылыч» жөнүңдө ортого ташталчу негизги сөзүбүз мына ушундан башталат. К. Асаналиевдин бул ойлору ошондо көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурбай койбогон чыгар. Кыйлалар, балким, туура деп да санашкандыр. Бирок, сынчы маселени эч кандай илимий-теориялык негизге таянбай, адабий тажрыйбасынын айрым учурларына тереңирээк баам жүргүзүп көрбөй туруп, түзүлө келген шарттын утурумдук пайдасына жараша жөн гана тушмалдама тыянак чыгарып, шашылыш «чечмелеп» жибергени ошондо эле белгилүү болгон. Кандай чоң талант келсе да, учурдун темасы эч качан иштелип бүтпөйт. Ар бир улуу жазуучунун өзү гана айтчу сөзү, өзү гана жаратчу дүйнөсү

болот. Ф. Достоевскийдин маалында Л. Толстой, же Л. Толстойдун жанында Ф. Достоевский өздөрүн өздөрү таап алгандай эле маани. Кеп ошондой сейрек кездешчү залкар таланттардын келишинде турат.

Ал эми тарыхка кайрылуу, болгондо да өз улут тарыхына кайрылуу таптакыр башка маселе, башкача проблемаларды көтөрүп, башкача идеяларды бекемдеп, башка доорлордун реалдуу чындыгын алып чыгып, башка коом менен инсандын диалектикалык карым-катнашын иликтеп, башкача адам концепцияларын берип, башкача эстетикалык ачылыштарды табууга алпарат. Ага учурду жазуунун кыйынчылыгынан качып, оңой жол издөө амалы баргызып жаткан жок, коомдук башка муктаждык түрткү берип, талап коюп, жактырып жатат. Аны бүгүнкү күндөн алыстап кетүү катары түшүнбөй, тескерисинче, учурга жакындоо, азыркы доорубузду жакшылап баамдап-өздөштүрүүгө ыңгайлуу ачкыч табуу, А. Толстой айткандай «анын алыскы тылынан келип кирүү» деп баалаганыбыз туура болот. Жөн эле тарых үчүн тарых жазылбайт. Дүйнөлүк адабият таржымалы менен жандуу тажрыйбасы ар кайсы калктын коомдук өнүгүш жолунун ар кайсы кесилиш нокотторунда бир гана законченемдүү чындык көрүнүшү дайыма кайталанып кездешип отурарын далилдейт. Эгерде роман формасы бардык жанрлар калыптанып калгандан кийин гана ошолордун синтези катары жаралса, нукура тарыхый романдар андан да алда канча кеч пайда болот. Өз тарыхына кайрылуу коомдук же улуттук аң-сезимдер өзүн өзү кайрадан аңдаштырып билүү, өз ордун өзү жаңыча белгилөө, өткөнүнөн бүгүнкүсүнө кирип табигый жуурулушкан адеп-актык жана эстетикалык көркөм дүйнөсү менен

даанышман нускаларын, аалам таанып-билүү тажрыйбасын, башынан кечирген улуу

драмалары менен трагедияларын түп маанисинде баалоо муктаждыгы чындап туулганда гана келип чыгат. Ал үчүн объективдүү шарттар жаралып, өйдөрөөк көтөрүлүп чыгууга таяныч болуп беришчү алгачкы өбөлгөлөр куралып, ичтен жана тыштан даярдыктар көрүлүп калыш керек. Келечектеги андай зор курулушка бүтүндөй бир-эки муун өкүлдөрүнүн көп жылдык чыгармачылык тажрыйбаларынан аз-аздап барып катмарланып жаткан бекем кыртыштуу өзүнчө бир ыңгайлуу аянт камдалып, бакыбат жер- пай түптөлүшү шарт. Бүт баарын башынан түшүп жасап отуруудан кутулган болот. Ошого жараша эл саясый-юридикалык жактан улуттук укук алып, негизинен улут катары таанылгандан башка да, жалпы ички кызыкчылыктын биримдигине табигый түрдө жетишип, ички бир бүтүндүккө өтүп, майда топчул, уруучулуук жиктелүүлөр калыптаган чектердин алкагынан реалдуу тажрыйба жүзүндө жогорулап чыгып, бир жумурулай улуттук аң-сезим менен жашап, өзүн өзү түпкүрдөн ачып кароо башталып турган маалдын келиши күтүлөт.

Эмесе, Төлөгөн Касымбеков дал ошондой кырдаалга өз убагында туш келип, ошол шарттар алып чыккан жазуучу. Мисалы, ушул эле жазуучу, ушул эле талант турса да,

«Сынган кылыч» кыргыз адабиятында 20—30 же 40—50-жылдарда эч качан жаралмак эмес. Өзүнө чейин тарыхый документал негиз менен ошого багындырып ойдон кошуулар гармониялык айкалышка келип, чон жалпылоолорго көтөрүлбөсө да, көптөгөн белгилүү окуялардын (өзгөчө он алтынчы жылдагы) түздөн-түз күбөлөрү тарабынан түрдүү жанрларда жарым очерк, жарым көркөм чыгарма, жарым эскерме, жарым баяндама мүнөздө жазылган ондогон чыгармалар жашап жаткан. Бул теманы өздөштүрүүнүн биринчи баскычы толук аяктап, далай күч, эмгек, далай убакыт жумшалчу иштерди ошолор бүтүрүп коюшкан. Ага жаңыча бийиктиктен келип

кароонун өзүнчө сомосу түзүлүп, кийин келчү калемгерлерге оң, терс сабак болчу тажрыйбалар турган. Буларга кошумча, учурдагы адабияттын жаңы эстетикалык ачылыштары жана тарыхый романдардын дүйнөлүк масштабда бааланчу ири ийгиликтери менен далай жазуучулар кетирип келатышкан көптөгөн кемчиликтер да, олуттуу ой жүгүртүүлөргө салып, тынымсыз изденүүлөр, астыртан атаандашууларга чакырбай койгон эместир. Баары мыйзамченемдүү, ичтен да, сырттан да даярдалып келген күчтөр бир мерчемге барып ачылып чыкмак. Ушинтип, Т. Касымбековдун кыргыз элинин тарыхына кадаланып кайрылып отурушу да, алыстан имерип келип, алыскы нокотту болжогон идеялык концепциясы чулу, кубаттуу эстетикалык-көркөм аземдер менен шөкөттөлгөн «Сынган кылычтай» чоң романдын жазылып калышы да, эч кандай күтүүсүздөн чыга калган кокустук эмес экен.

Тарыхка жаңыча мамиле жасоо, баарыдан мурда жаңыча баскычка көтөрүлүүгө жаңыча камылга көрүү, жаңы ыкмалар, жаңы чен-өлчөмдөр, жаңы ойлор, жаңыча туюнтуу каражаттар менен жетик куралдануу деген түшүнүктү билдирет. Эң кыйын, эң татаалы жана башкысы, историзм принцибин аң-сезимдүү түрдө чыгармачылык менен өздөштүрө билүү, өткөндү тарыхый-социалдык, саясий-идеологиялык, көркөм- эстетикалык позициядан, жазуучунун жеке позициясынан кароо, негизгиси, ошол проблемаларды адабий чыгармада көтөрүп, адабий чыгармада чечмелөөдө турат. Мына ошондуктан, темага тарыхчы-жазуучу, же жазуучу-тарыхчы болуп киришүү, көптөгөн татаал маселелер менен мезгил суроолоруна өз табият деңгээлинде жооп берүү талап кылынат. Буга табигый талант менен калем тажрыйбасынан башка да жетиштүү билим, түзүлүштүн саясий-экономикалык жосунунан тартып элдин колдонгон динине чейин, жалпы руханий дүйнөсүнөн күндөлүк тиричилик ыкмаларына чейин, башка калктар менен болгон алака-катыштан алган маданий жана практикалык иш жөрөлгөлөрүнөн географиялык чөйрөнүн тийгизген таасирлерине чейин терең

үйрөнүп, ар бир окуянын чыгыш жана жүрүш логикасын ичтен көзөмөлдөп, сергек

кармай билген зиректик зарыл.

Историзм принцибин өздөштүрүү адабий тажрыйбабызда ушул күнгө чейин аягына чыгара иштелип бүтө элек өтө татаал маселе. Азыр ирония түрүндө «кентавр термин»,

«кентавр аныктама» (Ю. Борев) атап жатышкан, бир убакта күндөлүк саясатка байлап Сталин менен Горький чыгара коюшкан социалисттик реализм методу дегенди аңдаштырып билүүдөн оңой же маанисиз деп эч кимибиз айталбайбыз. Кыскарта тартканда, чындап өз улутунун тарыхын ачып чыгып, дүйнө калктарынын сабына туруш үчүн башынан эл катары жашап келген укугун таанытуу милдетин аң-сезимдүүлүк менен мойнуна артуу табиятынан духу күчтүү, даана патриот жазуучулар гана жасай жүрчү үлкөн эрдикке жатат.

«Сынган кылыч» бир жагынан, кыргыз адабияты өзүнө чейин ушул темада топтогон

тажрыйбаны жыйынтыктаган, экинчи жагынан, жанрдын бул түрүн көркөм өнүгүштүн жаңы баскычына көтөргөн нагыз этаптык чыгарма болду. Сөздүн толук жана кеңири маанисинде, теориялык тарабынан караган кезде да, практикалык тарабынан баалаган кезде да, башкы талаптарга жооп берген, негизги аныктамалардын сыноосун ишенимдүү көтөрө алган чыныгы тарыхый романдын үлгүсү. Улуттук көркөм сөз өнөрүбүздө тарыхый темада жазылган жаңы типтеги биринчи роман. Тарыхый романдын жалпы союздук аренага чыгышы (буга дейре темалаш жаралып келген ыр, поэма, повесть, аңгеме, пьесалар деле көрүнө алышпаган) жана чет тилдерге кетиши

да ушул «Сынган кылычтан» башталды. Болгондо да экзотика катары утурумдук сырткы кызыктыруусу же бир учурларда жаш адабияттарга жеңилдик берип көтөрмөлөп койчу шарттуу баа алуу аркылуу эмес, кадимки профессионалдык деңгээлин, кайсы эл, кайсы улут өкүлдөрүнө болсо да чыныгы көркөм чыгарма экендигине талашсыз ишендирип туруп окутууга жакшы жарамдуулугун көрсөтүп, өз укугун таанытып чыкты.

«Сынган кылычтын», же мындагы Т. Касымбековдун азырга чейин эч ким

жакшылап көңүл бура элек биринчи жана башкы жаңылыгы, өзүнүн башкы предмети

  • адамга жасаган мамилесинен жол алат. Автор ачык жарыялабай туруп темалаш иштеп жүрүшкөн кыргыз калемгерлери менен баштан аяк ичкертен полемика жүргүзүп, тарыхый инсандар реалдуу турмушта кандай болушкан жана алар кандай жазылышы керек экендиги жөнүндө өз концепциясын көркөм практикада жүзөгө ашырып, жандуу үлгү-мисалдарды алдыбызга тартып, эстетикалык кредолорунан сабак алууга калем кармаган канча бир ышкыбоздордун назарын буруп койду. 20—30-жылдардагы

бүгүнкү түшүнүк менен баалаганда кадимкидей күлкү чакырчу өткөнгө карата өтө

метафизикалык, өтө бир сызыктуу, кирпик алдынан наркыны көралбай күндөлүк саясий жана үгүт-насаат талаптарынан чыгып, эстетикалык аңдап-билүү утурумдук утилитардык мүдөөгө алмаштырылып жазылчу чыгармалардын инерциясы боюнча кайталанып, даяр калыпка салынып келатчу жогорку тап өкүлдөрү бир да пендечилик

оң же табигый сапаты жок, бүт бойдон кызылдай мокочо, туруш-турпаты менен наадан,

кулкуну чоң, напси бузук айланасын тоногуч, эл душманы, улуттун башына түшкөн оор трагедия болуп бааланчу көнүмүш чен- өлчөмдөрдү бузуп, аларга АДАМ катары карап, адам сыпатына салып териштирип, аларда деле жалпы адамда бар сапаттар болгонун тереңден таап ачып көрсөтүп берди. Муну Т. Касымбеков таптык позициядан тайбай туруп, Маркстын сөзүн перефразалап айтканда, адам табиятына эмне мүнөздүү болсо, ошолордун баарынан алар да жат эмес экендигин бизге жакшылап таанытып салды деген мааниде туюнтуп жатабыз.

Акыйкатта да «...тарыхты адамдар жаратса, анда личностордун ишмердиги да

мааниге ээ болбой калышы мүмкүн эмес» 1 экендигин унутуп, жалаң гана ал кесепети, эл душманы кылып жеңил-желпи көчө комедиясынын деңгээлинде карикатуралап оңой эле жамандап, оңой эле айыптап, оңой эле өкүм чыгарып жиберчү башкаруучулар менен бардар жашагандардын жалпы эл массасына сөзсүз түрдө

тарттырчу оорчулуктарынан бөлөк да кишичилик жактары, жандуу сезим-туйгусу менен жарамдуу акыл-эси, интимдүү мамилелери менен ички карама-

каршылыгы, чатырап жанган жаштыгы менен жалыны чыкпай быкшыган карылыгы,

өкчөгөн ашыгы ат жалына алчы турчу келкели араандай жүргөн чактары менен маарадагы максатына жетпей калган ачуу арманы, тетиктиги менен тээжиктигинин аягында өзүнө кайтчу өмүр акыбети, турмуштан өндүрүп алчу аласасы менен өлүмгө түз моюн сунуп барчу бересеси да болгонун кыргыз окурмандары ушул романдан гана ачык жолуктура башташты. Аларда ынак дос турсун каардуу душмандын да артыкча амал-айласы менен акыл-чабытын өз наркынан төмөн түшүрбөй баалай билүү марттыгы бар. Бүтүндөй иш-аракети, жашоо маңызы, жеке керт баштын кызыкчылыгы, бирөөлөрдүн эсебинен пайдага тунуу, караламан журттун үстүнөн катаал бийлик

1 Г. В. Плеханов. Избранные философские произведения. М., 1956, т. 2., б. 311.

жүргүзүүдөн башка кымындай оң жөрөлгөлөр ыйгарылбай сыпатталып, ушундай тыянактар чыгарылчу

эмес беле. Бирок реалдуу турмушта коом бүтүндөй ошондой кишилерден турбаган да.

Башкасын айтпаганда деле баатыр Манастын өзү да ошол өйдөңкү таптын өкүлү — хан болуп жатпайбы. Анысына карабай Манас элдик киши, өзүнүн тагдыры — эл тагдыры, Ата журттун тагдыры. Же Курманбек менен Жаңыл Мырза бири кулдун, бири күңдүн

«үйүнөн» аттанып чыгышкан берендерби, же ынсабы бузук, алдым-жуттум ачкөздүгү менен өзүнөн башкалардын келечегин ойлобогон кем акыл жамандыгынан ошондой эрдикке барыштыбы? Көрсө, өткөнгө мамиле алтымышынчы жылдарга чейинки профессионал адабиятыбызга караганда фольклордо туура жасалып келген турбайбы...

Жогорку тап өкүлдөрүнүн калк башкаруу тажрыйбасында өз заманында коомдук

түзүлүштүн социалдык табият, талаптарынан туулган саясий жана практикалык иш алып баруу жолдору менен шартталып, түпкүлүгүндө ошол кызыкчылыктарды жактап, ошол мүдөөлөрдү орундатууну көздөсө да алардын далайларынын мойнунда улуттун кызыкчылыгы, улутту улут кылып турчу өзгөчөлүгүн, эл тагдырын, мекен тагдырын сактап калуу милдети турган. Т. Касымбеков жалпы коомдук татаал өнүгүштүн контекстинде белгилүү инсандардын тарыхта ойногон ролун кошо карап, оң жана терс белгилерин кошо баалайт, экөөнү тең көрөт. Андайлар сөзсүз болгон. Айталы, Атаке баатыр, Боронбай манап, Шабдан мырза, Курманжан даткалар жүргүзгөн татаал жана зор иштерди башкалар эмес, тарыхтын өзү да таналбай кайра-кайра көтөрүп чыгып, тиешелүү орундарына коюп жатпайбы... Болбосо Кененсарынын кыргыздарга жасаган катуу чабуулун кайтарууда Ормон чон манап көрсөткөн чыныгы атуул азаматтык менен ажайып айлакерлик жеке эле эл азыгын кардына солоп, кара жанынын гана камыңда жашаган бир ашынган өзүмчүл гөртүркөй, табиятынан зили пас, ичтен чыккан душман адамдан күтүлчү ишпи?! Аны тагдырын кылыч мизине туштатып коюп, ошол кандуу кармашка баргызып жаткан күч жалпы кыргыз журтунун келечеги, башчылык жана улуттук парзы.

Көп майда салалуу, көп курамалуу, көп буйткалуу, чатышкан кайталама карама- каршылыктуу шарттар тынымсыз чыгарып турган ички жана тышкы кагылыштан болгон тез-тез бийлик алмашуу, тез-тез саясат өзгөрүү, артка кетүү, алдыга өтүү, баарына зордук, бийлик аркылуу жетүү, баарын кара күчкө салып бийлик аркылуу чечүү жетектеген татаал доор өз табиятына жараша өзүн да, бөлөктү да аябаган, мезгил жаалындай жаалдуу, «заманасы бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү болчу» жанкечти күрөшчүл, эрки күчтүү, тагдырын талашып, тосмолорго жооп издеп, жооп берүү, алуу жана алдыруу менен жулкушуп жашаган кайтпас чыгаан, эрки бекем инсандарды пайда кылат. Алардын бардык кереметтүү жана кесепеттүү жактары, арам-адал иштери, турмушка кирүү жолдору, жашоодо колдонгон эрежелери мезгил талабы менен мүнөздөлөт, өзү ошого ыңгайлашып калыптанат, акыл чабытын, талант жөндөмүн да ошолордон ачат. Уч-кыйырсыз узун сапарында жүз кырдуу турмуш толкундарын аралап жылып бараткан коом корабли жогорку руль тарабындагылар жагынан ушундай кетет. Ошого жараша анын өзөк катмары — ички мотору менен жалпы составдык курулушу бар. Ал — тарыхтын башкы түзүүчүсү — ЭЛ массасы, төмөнкү тап өкүлдөрү, бардык руханий жана материалдык байлыктардын жаратуучусу, бардык оорчулукту көтөрүп, баарына түтүп, баарын алгалаткан бирден-бир түбү бекем, түгөнбөс күч. Коомдун абийир-ыйманы, элдин элдигине жарап турчу акылманды да,

баатырды да, өлбөс өнөр ээсин да, эл өзүнөн чыгарат, «...жекече ишмердиги зарыл окуялардын чиркелишинде зарыл звено» (Г. Плеханов) боло албай ийри кеткен жактарын аягында эл өзү түздөп, бөксөсүн өзү толтуруп, өз аты менен тагдырын өзү сактап турат. Ар кандай улуу чечимдерди эл бүтүрөт, бардыгы элге багынат, прогресстин бардык дүрмөтү элде.

Т. Касымбеков историзм принцибин мыкты өздөштүргөн, диалектикалык ой

жүгүртүүгө жөндөмдүү, жаратылышынан нукура художник жазуучу катары мына ушул карама-каршылыктуу татаал эриш-аркакты чогуусунан кармап, өнүгүштү жалпы фон, жалпы картинасы менен кошо камтууга алып, агымдын жандуу туюнтмалары болгон тарыхый инсандар менен карапайым калк өкүлдөрүнүн ишкердик жана жеке пендечилик ички турмушун кеңири көркөм иликтөөгө жетишкен. Ошол коомдук түзүлүштүн жалпы структурасы, мындан да тагыраак деталдаштырып айтканда, тоолук кыргыздар менен ичкилик, кыпчактардын Кокон хандыгы жана падышачылык колонизаторлордун кириш маалында жүргөн тарыхый процесстин жалпы системасынын ээлеген орду, көч баштоочулардын бүтүндөй улут жаатынын келечеги үчүн оң жана сол баада ойногон ролу, баары кучакка алынган кулачтуу масштабына жараша романда мезгил жана мейкиндик аралыгы да узак жылдарга созулат. Негизги зор окуялардын жүрүшү отуз беш жылдын айланасында өтсө да, ретроспективдүү учурлар аларды те алыскы Бабур доорлорунда көктөгөн тамырлары менен кошууга чейин алып кетет. Бул кыргыз адабиятынын тажрыйбасында таптакыр өгүз коштун мизи тие элек бузулбаган дың болучу. Идея боюнча ошол географиялык климаты бөлөкчө, жаңы аймак, жаңы кыртышты өздөштүрүп, өндүрүп алган мөмө- жемиштердин сорту да, салмактуулугу да, түс түрү да, татымы да, жагымы да, бөлөкчө чыгыш керек го. Акыйкатта да адис багван өнөрүнөн ошондой баар тапкан.

Кайсы доордо болсо да тарых агымына кирген белгилүү адамдардын тандаган жолу, колдонгон амал-айласы, акыл тажрыйбасы менен жеткен жеңиштеринин өлчөмү, же бар күч-аракет эмнеден башталып, эмне менен аяктап, эмне менен бааланары белгилүү алкактын гана чектеринде айланып жүрөт. Бул, кыязы, турмуш чындыгын көркөм чындыкка көтөрүүдө негизги байланыш түйүндөрдүн жазуучу тарабынан ушунчалык таамай кармалышы менен ошого аналогиялуу процесстердеги жалпылыктын моделин нукура адис философ жүз-жүз эселеп кичирейтип келип, негизги маңызын гана теориялык туюнтмага өткөрүп коё аларынын дал келишинен болсо керек. Жогоруда шилтеме жасаган Г. В. Плехановдун «К вопросу о роли личности в истории» деген айтылуу классикалык эмгегинде талашсыз тууралыгын реалдуу турмуш өзү далилдеп, өзү аксиомага айландырып келаткан эң сонун эки аныктамасы тим эле ушул роман беттерине шыкалган зор дүйнөдөн чыгарылгансып, же бул чыгарма ошол түрмөктөп кысып отуруп чакан пружинага айлантып кармап турган ойлорду эркин жазып жиберип көрсөткөн жандуу түзүлүш кыймылы сыяктанып аябай дал келип, табигый айкалыша түшөт экен. Акылмандын айткандары бул: а) ...личность может проявить свои таланты только тогда, когда она займет необходимое для этого положение в обществе» (322); б) ...«Влиятельные личности благодаря особенностям своего ума и характера могут изменять индивидуальную физиономию событий и некоторые их частные последствия, но они не могут изменить их общее направление, которые определяются другими силами» (336).

Мына ошол коомдо өз талантын ачууга зарыл болгон орунду таап, окуялардын индивидуалдуу физиономиясы менен айрым чекене учурларын өзгөртүүгө жараган акыл, мүнөзү бар инсандар удаалашып ачык аренага чыгып жатышат. Алардын артында алыста башталган коогалаң шооруту менен арадан чыккан дүрбөлөңгө кулак

түрүп, бирде чогуу толкуп өйдө сүрүлүп, бирде чачырай түшүп капталга чабылып, бирде

күргүчтөп тосмолорду сел болуп каптоого камынып, бирде муз алдында араң шылдырап калып, тагдыр менен таймашып түптүү эл келет. Эми алардын көпчүлүгүн көпчүлүк бойдон, жекесин жеке турушунда, ар кандай өз- өзүнчө карап, адамдык насили, жан дүйнөсү, кулк-мүнөзү, кебете- кешпири жана өтөгөн коомдук милдети боюнча бири-биринен ажырата таанып чыгып, кайра жалпылык биримдигин таап, баарын өз-өз ордуна коё берсе болот.

Аналитикалык акыл, табарман интуиция, образдуу ойлоонун күчтүүлүгү, терең психологизм, элестүү көркөм деталь, штрихтер, ташыган тил байлыгы, адистик бийик профессионализм аркалаган мындай анык элдик роман оңой эле жарала калбайт да. Тубаса талантты талбаган өжөр эмгек, башка көркөм өнөр мектептеринин тажрыйбасын чыгармачылык менен өздөштүрүү, тынымсыз изденүү ачып берет. XIX кылымдагы орус классикасы менен Чыгыш руханий дүйнөсүн синтездештирбей туруп, Төлөгөн Касымбеков бул деңгээлге эч качан көтөрүлмөк эмес.

Ушундай чоң сапат ийгиликтерине карабастан «Сынган кылычтын» азыркы

басылышын автор баштан аяк катуу сыдыргыдан өткөрүп чыкты. Жаңы редакциясында эң көп алымча-кошумчалар болду. Романдын структуралык түзүлүшүндө айрым жерлери хроникалык жактан тартипке салынды. Жалпы контекст бузулбай Алымбек, Курманжан «Келкелден» алынып келди. Өзгөчө Бекназардын, Курманжандын образдары кайра иштелди. Байтик менен Шабдандын окуяларына толуктоолор киргизилди. Маалында социдеология менен күндөлүк саясат унчуктурбай жер каратып өткөргөн учурлар ачылды. Тескерисинче калканч катары колдонулган жасалма справкалар алынып ташталды.

Анда табиятынан көркөм сөз үчүн туулган кыл чебер стилист сүрөткер Төлөгөн Касымбековдун «эскиден» жаңылыктар ачып, кыргыз романистикасында нагыз этаптык чыгарма болгон «Сынган кылычы» жаңы редакциясында жалпы окурмандары менен жолугууга аттана берсин. Катаал мезгилдер тартышынан капшырылбай өткөн классикага

А К Ж О Л!

Кадыркул ДАУТОВ.

Если вы нашли ошибку в тексте, пожалуйста, выделите ее мышью и нажмите Ctrl+Enter

Вместе с этим также читают: