Олжобай Каратаев

Hands
Голосов: 4
Полное имя: Каратаев, Олжобай Кубатбекович
Дата рожд.: 1963-08-23
Место рожд.: Жалал-Абад облусу, Сузак району, Орто Азия айылы
Гражданство: СССР, Кыргызстан

Произвдения автора в электронном варианте:

  1. Кыргыздардын теги, таралуу ареалы, этностук-маданий алакалары
  2. Кыргыздардын этномаданий байланыштарынын тарыхынан
  3. Енисей кыргыздары жана кыштым институту
  4. Кыргыздардагы «уча» салты жана анын тарыхый-этнографиялык параллелдери
  5. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк
  6. Кыргыз-огуз тарыхый-этностук байланыштарынын элдик оозеки чыгармаларда чагылдырылышы (“Манас” эпосу ж.б. булактардын негизинде)
  7. ФУ-ЮЙСКИЕ КЫРГЫЗЫ или кыргызы из провинции Хэйлуньцзян
  8. Кыргыздардын уруулук эн тамга белгилери жана алардын маанилери
  9. Кыргыз Каганатынын мамлекеттик-башкаруу системасы: титулдар, бийлик рангалары, кызмат орундары (VI-XIII кк.)
  10. “Бурут” аталышынын тарыхый жана этнолингвистикалык мааниси жөнүндө
  11. Фергана өрөөнүндө, бүгүнкү Афганистан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытайда жашаган кыргыздар жана алардын этностук курамы, локалдашуусу (XX к. баш чендери – XX к. 90-ж.)
  12. “Кыргыз” энчилүү атынын таралуу аймактары
  13. Енисей кыргыздарынын жазуу маданияты жана анын эволюцисы
  14. Кыргыздардагы Умай-эненин культу
  15. Кыргыз этнонимдер сөздүгү

Биография

Каратаев, Олжобай Кубатбекович (англисче Oljobay Karatayev; 1963-жылдын 23-августунда туулган) - заманбап кыргыз тарыхчысы жана этнографы, тарых илимдеринин доктору (2003), профессор (2008).

Азыркы Кыргызстандагы тарыхтүркологияономастика жана этнография, Чыгыш элдеринин тарыхы, маданияты тармагында иштеген адистердин бири. Кыргыз жана түрк эн тамгалары боюнча ири адис. Кыргыздардын уруулук курамы, этномаданий, этносаясий тарыхы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Кыргыздардын этностук тарыхы, этногенези, кыргыздардан бөлүнүп чыккан бүгүнкү этностук азчылыктар боюнча эмгектердин автору. Диссертациялык ишти (илимдин кандидаттык диссертациясы) тарых илиминде эң биринчи болуп кыргыз тилинде жазып, коргогон (1994). Энциклопедиялык маанидеги жарык көргөн эмгектердин автору. Учурда Кыргызстандын тарыхы боюнча жазылып жана изилденип жаткан ири илимий Проектердин катышуучусу, Редакторлук Кеңештердин мүчөсу.

Кыскача өмүр таржымакалы

Олжобай Кубатбек уулу Каратаев Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы (мурдагы Ош облусу) Сузак районуна караштуу Орто Азия айылында 1963-жылдын 23-августунда туулган. 1980-жылы № 13 Орто Азия орто мектебин аяктагандан соң, Жалал-Абад шаарында жумушчу болуп эмгектенген. 1981-1983 жж. Советтик Армиянын катарында (Монголия) кызмат өтөгөн (ротанын старшинасы), андан соң Жалал-Абад шаарындагы жумушчулук кесибин уланткан.1983-1984 жж. СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин даярдоо бөлүмүнө (тарых адистиги) кирип окуган.

Бишкектеги (Фрунзе шаары) СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин) тарых факультетине 1985-жылы кирип, аны артыкчылык диплому менен 1990-жылы аяктаган. 1990-1993 жж. Кыргыз Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеген.

1993-ж. тартып Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин тарых факультетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында иштей баштаган.

 
Профессор Олжобай КаратаевОш шаарында уздардын эмгеги менен таанышууда. 2-октябрь, 2014-жыл.

1994-жылы ономастика, тарых жана этнография (этнология жана антропология) жаатында кандидаттык диссертациясын жактап (Кыргыз тарыхы, этнография жана түрк тилдери шифрлери менен), тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган. Анын илимий жетекчиси жана устаты - т.и.д., профессор Тынчтыкбек Чороев (Чоротегин). Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин тарыхы жана чөлкөм таануу факультетинде иштеп жүрүп докторлук диссертациясын жазуусун аяктаган. Ошол эле аталган факультеттин "Чөлкөм таануу" бөлүмүн, андан соң кафедрасын жетектеген.

2004-жылы Бишкек шаарында доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, тарых илимдеринин доктору даражасын алган. Илимий кеңешчилери тарых илимдеринин доктору, профессор Чороев Т.К. (Чоротегин), тарых илимдеринин доктору, профессор Э.Ж.Маанаев. Андан соң, Кыргыз Республикасынын Улуттук Аттестациялык комиссиясынын чечими менен "профессор" даражасын алган. Кыргыз Республиккасынын Эл агартуусунун отличниги.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу, доценти, бөлүм башчысы, профессору, кафедра башчысы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин биринчи проректору болуп иштеген. Бир катар жылдардан бери (2003-ж. бери карай) Кыргызстандын тарыхы (07.00.02), Этнография, этнология жана антропология (07.00.07) адистиктери боюнча илимдин кандидаттык (докторлук) иштерин коргоо бюоюнча Адистештирилген Кенешинин мүчөсү.

2004-жылдан Бишкек шаарындагы Эл аралык Кыргызстан-Түркия "Манас" университетинин профессору болуп иштеди. 2015-ж. тартып Түркиянын Кастамону университетинин профессору

Үй-бүлөлүк акыбалы

Үй-бүлөлүү. Уулу, эки кызы бар.
Жубайы - Кайрыкан.

Коомдук ишмердиги

 
Олжобай Каратаев, тарых илимдеринин доктору, профессор. 09.8.2009.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Байкоочу кеңешинин мүчөсү.

2012-жылдын 11-февралында "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин Башкармалыгынын мүчөсү болуп шайланган.

Илимий чыгармачылыгы

 
Тарыхчы, профессор Олжобай Каратаев. 28.1.2012.

Кыргыз жана түрк этнологиясы, этнографиясы, кыргыз жана түрк калктарынын эн тамгалары, кыргыздардын этномаданий байланыштары тууралуу илимий иликтөөлөрдү жүргүзүп келет.

Бир катар илимий монографиялардын жана 100дөн ашуун илимий жана илимий-жамаагаттык макалалардын автору.

Эмгектери кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде жарыяланган.

Илимий устаттары: профессорлор Тынчтыкбек Чоротегин жана Эгемберди Маанаев

Илимдеги шакирттери

  • Мырзакметов Абдымиталип Камытович. Кыргыздардагы балдардын туулганына карата ырым-жырымдар (кандидаттык диссертация). 07.00.07. – Этнология, этнография жана антропология. – Бишкек, Кыргыз УИА, 2007-ж.
  • Жалиева Бегайы Самидиновна. Кыргыздардын жана Саян-Алтайдын түрк тилдүү элдеринин этникалык жана маданий алакалары (кандидаттык диссертация). 07.00.02 – Ата Мекен тарыхы; 07.00.07. – Этнология, этнография жана антропология. –Бишкек, Кыргыз УИА, 2008-ж.
  • Азизбаев Саитдин. История развития физической культуры и спорта в Кыргызстане (1924-2009 гг). (кандидатская диссертация). 07.00.02. – Отечественная история. –Бишкек, Кыргыз УИА, 2009-ж.
  • Дооранов Узгенбай Сапарбаевич. Центрально – Азиатские мыслители и поэты средневековья о физическом воспитании (9-13 вв). (кандидатская диссертация). 07.00.02. – Отечественная история. –Бишкек, Кыргыз УИА, 2010-г.
  • Кадыров Абдинаби. Баткен районунун 1934-2009 жж. социалдык-экономикалык өнүгүүсү (кандидаттык диссертация). 07.00.02 –Ата Мекен тарыхы; –Бишкек, Кыргыз УИА, 2010-ж.
  • Жумашова Гүлзада. Таш-Көмүр шаарынын тарыхы. 07.00.02 - Ата Мекен тарыхы (кандидаттык диссертация). Бишкек, 2013.
  • Кайыпов Сулайман Турдуевич. Түркияда жашаган Паммир кыргыздарынын тамак-аш маданияты (XX к. аягы - XXI к. башы). (Докторлук диссертация). 07.00.02 -Ата Мекен тарыхы; 07.00.07 - Этнография, этнология жана антропология. Бишкек, 2012.
  • Абдиева Жылдызкан. "Манас" эпосундагы кыргыздардын диний ишенимдеринин эволюциясы. 07.00.07. - Этнография, этнология жана антропология. (кандидаттык диссертация). -Бишкек, 2014 ж.б.

Эмгектеринин кыскача тизмеси:[оңдоо | булагын оңдоо]

Монографиялары. Китептери.[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Каратаев, Олжобай Кубатбекович. Кыргыздардын теги, таралуу ареалы, этностук-маданий алакалары / Жооптуу редакторлор Тынчтыкбек ЧоротегинПамирбек Казыбаев. - Бишкек, 2013. - 290 б., сүрөттөр. - ISBN 978-9967-27-070-1. - (Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин басылмалары. № 174. Окуу китептер тизмеси. № 47.)
  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.
  • Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Түзгөндөр О. К. КаратаевС. Н. Эралиев. -Б.: Бийиктик, 2005. 600 б., ІSBN 9967-13-159-4.
  • Каратаев Олжобай. Кыргыздардын этномаданий байланыштарынын тарыхынан. -Бишкек, "Бийиктик", 2002. - 176 б.
  • Каратаев О.К., Маанаев Э.Ж. Кыргыздардын этникалык өнүгүүсү. -Бишкек, КГПУ, 2003. - 237 б.
  • Каратаев О.К. ж.б. Кытай императорлорунун Кыргыз кагандарына жазган каттары. - Бишкек, "Учкун", 2003.

Илимий-методикалык эмгектер.[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Каратаев О.К., Медеров Т.Ж. Учебное пособие по истории стран Азии и Африки в новейшее время. - Бишкек, «Нуска», 2003. – 125 с.
  • Каратаев О.К., Медеров Т.Ж. Азия жана Африка элдеринин соңку жаңы тарыхы боюнча жардамчы окуу куралы.  - Бишкек, «Нуска», 2003. – 126 б.
  • Каратаев О.К. Учебная программа по истории стран Азии и Африки в средние века. –Бишкек, 1998.– 34 с.
  • Каратаев О.К. Учебная программа по истории стран Азии и Африки в нового и новейшего времени. –Бишкек, 1998. – 56 с.
  • Каратаев О.К. Программа курса «Истории стран Азии Африки в новейшее время». – Бишкек,2005. – 60 с.
  • Каратаев О.К. Программа курса «История тюркских народов» (с древнейших времен до наших дней). –Бишкек, 2005, - 60 с.
  • Каратаев О.К. Методическое пособие по истории народов Востока нового времени. Изд-во «Текник» КТУ им. И.Раззакова. - Б.: 2009. – 48 с.
  • Каратаев О.К. Методические рекомендации по Истории стран Азии Африки в средние века. Изд-во «Текник» КТУ им. И.Раззакова. -Б.: 2009. – 60 с.
  • Каратаев О.К. Этнологиялык (этнографиялык) практика жана талаа маалыматтарын жыйноонун усулдук колдонмосу. -Бишкек, 2015. - 36 б.

Макалалары.

  • Каратаев О.К., Бутанаев В.Я. Хакасско-кыргызские лексические параллели//Вестник КГНУ. Филологические науки. Ч.2 - Бишкек, 1999. – с.116-170
  • Каратаев О.К. Туунду этнонимдердеги көптүк маанини билдирүүчү мүчөлөр//Вестник КГНУ. Филологические науки. Ч.2. - Бишкек, 1999. 87-92 бб.
  • Каратаев О.К. Жайчы, калча, мангыт, каракуш, чагыр ж.б. (тарыхый-лингвистикалык иликтөө).Ренессанс. Тарых жана маданият. 2–чыгарылышы. – Бишкек, -Ош, 1999. 20-25 бб.
  • Каратаев О.К. Кыргыздардын жана алтайлыктардын тарыхый-этникалык, маданий алакалары// Вестник КГНУ: Серия 6, Наука и образование. Труды ИИМОП. Вып.2. – Бишкек, 2000, 136-140 бб.
  • Каратаев О. К. Кыргыз-хакас тарыхый-этникалык, маданий байланыштары//Эл агартуу. – Бишкек, 2000, -№9-10. 30-33 бб.
  • Каратаев О. К. Фергана өрөөнүндөгү кыргыздардын этностук курамы // Ош и Фергана: Археология, новое время, культура, этногенез. - Вып.4. – Бишкек, 2000. 103-105 бб.
  • Каратаев О.К. Кыргыз-огуз тарыхый-этникалык байланыштары // КТМУ. Коомдук илимдер журналы. - Бишкек, 2001, 175-186 бб.
  • Каратаев О.К. Кыргыз этнонимдердин структурасы // Вестник КГНУ: Серия.I.Гуманитарные науки. –Вып.3. Филология. Языкознание. Государственный язык. – Бишкек, 2001, 89-92 бб.
  • Каратаев О.К. Топономические параллели Киргизии и Хакасско-Минусинского Края // Вестник КГНУ: Серия. I. Гуманитарные науки. – Вып.3. Филология. Языкознание. Государ-ственный язык. – Бишкек, 2001, 122-126 бб.
  • Каратаев О.К. Кыргыз эн тамга белгилери: келип чыгышы, параллелдери. Байыркы кыргыз тарыхынын актуалдуу проблемалары // КТМУ, - Бишкек, 2001, 139-141 бб.
  • Каратаев О. К. Кыргыз этникалык аталыштары тарыхый-этникалык булак катары // Кыргыздар: тарых. Санжыра. Уламыш / Түзгөн Кеңеш Жусупов. - Том 5. - Бишкек, 2002, 221-254 бб.
  • Кaratayev O.K. Kurt türklerin sembolüdür. Türk, Başkort, Börü etnik İsimleri hakkında\\ Bir Fikir Haraketinin Yüz Yılı. Türk Oçakları Uluslararası sempozymu. Bildiriler. 2012, İstanbul. -S. 527-535.
  • Karatayev O.K. Kırgız soylu hotanlar. Mogolistandaki ‘kırgız’ Etnoyimltri ve toponimleri. Karadeniz dergisi. 2015 (26). –S.34-40/
  • Karatayev O.K. “Ucha” tradition kyrgyz  kulture end its historical - Ethnographic counterparts\\ Karadeniz dergısı. Yıl 5, Sayı 18,  -S 88-94.  2013. Tyrkey.
  • Karatayev O.K. Milli güreş: Kırgızların geleneksel beden eğitimi kültürü\\ Международный симпозиум по традиционным и олимпийским видам борьбы. Туркия. 2012. 14-15 сентябрь. -С.38-39.
  • Karatayev O.K. Kirgiz tarihi ve  nevruz \\ Turk kulturunde Nevruz uluslar arasi Bilgi Soleni (Sempoziumi). Ankara, 1995.
  • Karatayev O.K. Еtnogenetik relations betveen kirgizes and the middle agesl Nomads uzbeks trides\\ Amir Temur and hiz epoch. ­Tashkent, 1996.
  • Кaratayev O.K. Turk boilarinda Tamgalar ve Еski Kirgiz- Oguz Еtnik Baglantlari\\ Turkler. II. Yeni Turkiye yaylantlari. Turkler. II. Yeni Turkiye yaylantlari. Ankara, 2002.- S.123-130.
  • Karatayev O.K. Еski Turk devrindeki kirgiz etnik isimleri\\ Turkler.II.Yeni Turkiye yayinlari.-Ankara,  2002.
  • Karatayev O.K.The Seals of Turkish Clans The Seals of Turkish Clans Connections\\ The Turks. Volume 1. Early ages. - Ankara, 2002.
  • Karatayev O.K. Kirgizlarin – Oguzlarin (turkmenlerin) tarihi ve etnik baglari (Aktaran M. Kalkan)\\ Sosyal Bilimler dergizi. KTMY. ­ Вişkek: 2003.
  • Каратаев О.К. Кыргыздардын тувалар менен этногенетикалык, этномаданий байланышnтары\\ КТМУ. Коомдук илимдер журналы. 4-саны, -Бишкек, 2003;
  • Каратаев О.К. Древнекыргызские тамги Хакасско-Минусинской котловины и Республика Тыва\\ Материалы междун. Арх.-этнографич. экспедиции. –Б.: КГПУ, 2003. -С.83-126;
  • Каратаев О.К. Кыргыз каганатындагы мамлекеттик-башкаруу титулатурасы\\ Вестник КНУ. - Бишкек, КНУ, 2006. Серия. Исторический. –С.34-48;
  • Каратаев О.К. Кыргыз каганатынын мамлекеттик башкаруу системасы: титулдар, бийлик рангалары (XI-XIII кк.)\\ Вопросы истории. – Бишкек,  НАН КР, 2006. –Вып. 1.
  • Karatayev O.K. Sari Uygurlar ve loplularin Kirgizlarla Etnik Iliskileri\\ Dunden Bugune Ipek Yolu: Beklentile ve Gercekler. – Istanbul, 2008. –S. 45-50;
  • Karatayev.O.K. Türk kaganlıklarında ve bügünkü türk devletlerının yönetim sistemindeki genellemeler\\21 yüz yılda türk düynçösü. Uluslararası simpozium bildirileri. 02-05 aralık 2010. Lefke. K.K.T. -S. 28-32/
  • Каратаев О.К. Саян-Алтай чөлкөмүндөгү «кыргыз» этнониминин таралуу алкагы\\ Вестник КНУ.– Бишкек, 2008;
  • Каратаев О.К. Кыргыздардагы «Уча» салты жана тарыхый этнографиялык параллелдери\\ Проблемы полиэтнического общества. Центральной Азии:вызовы и возможные решение.Матер. конф. посвящ. К.Мамбеталиевой. Б.: 2012.–С. 23-27.
  • Каратаев О.К. Хотондор жана Монголиядагы «кыргыз» уруктары жөнүндө\\ Кыргызский каганат в контексте тюркской цивилизации: проблемы кыргызоведения. Ч. 1. -Б.: 2012. –С.51-58;
  • Каратаев О.К. Кыргыз эн тамгалары жаңы табылгалар жана алардын параллелдери\\ ОшМУнун жарчысы (Вестник ОшМУ). Ош, 2012. 12-май. –С.90-95;
  • Каратаев О.К. Хакастардын этностук курамынын бүгүнкү абалы\\ Кыргызский каганат в контексте тюркской цивилизации: проблемы кыргызоведения. Ч.2. 2012. –С.220-227; 
  • Каратаев О.К. Лакайлар жана алардын теги жөнүндө\\ Материалы республиканской конференции посвящ. проф. С.Аттокурову. - Б.: 2013. –С. 59-70;
  • Каратаев О.К. Кыргыз мамлекети жана мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү этаптары\\ Наука и новые технологии. -№ 5. -Б.: 2013. –С. 13-17;
  • Каратаев О.К., Жаныбекова К.Р. Юйгулар (сары угурлар) енисей кыргыздарынын урпактары\\ Наука и новые технологии. -№ 5. -Б.: 2013. –С. 31-36;
  • Karatayev O.K. Tarbagatay Kırgızları ve Kökenleri\\ Türk dünyası Tarih kültür dergisi İstanbul, Ekim-  2013, Sayı 322,- S.58-63;
  • Каратаев О.К. Сужа жазуусу жана Кыргыз каганатынын мамлекеттик бийлик жүргүзүү системасы \\ Вопросы письменных памятниках кыргызского этноса.  –Б.: 2014. АУПКР .–С. 56-65; 
  • Каратаев О.К., Каратаева С.К., Жаныбекова К.Р. Энесай кыргыздарынын жазуу маданияты тууралу\\ Кыргыз жана Карахандар каганаттары Көөнөрбөс издер. –Бишкек, 2014. 243-250 беттер;
  • Каратаев О.К. Фуюйские кыргызы - самый восточный тюркский этнос\\ Международная конференция посвящ. к 60-летию проф. Аманжола Калыша. Вестник.КазНУ.  -Алматы, 2014. –С. 123-132;
  • Каратаев О.К. Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы байыркы кыргыздар: фольклордук мотивдер жана алардын параллелдери\\ Ч.Айтматов жана Түрк цивилизациясынын ренессансы. КТМУ. –Б.: 2013. 162-168 беттер;
  • Каратаев О.К. ‘Бурут” аталышынын та рыхый жана этнолингвистикалык мааниси\\ Агартуучу, журналист жана этнограф Амантур Сейталы уулу Акматалиев. -Бишкек, 2014, 108-118 беттер.
  • Каратаев О.К. Кыргыздардын Кытайдын Тан династиясы менен саясий-дипломатиялык алакалары (VII-X  кк.)\\ Кыргызстан – Китай: вчера, сегодня, завтра (Материалы презентации и научно-практической конференции). -Бишкек, 2014, -С. 70-83. Дип. Акад. МИД Кыргызской Республики;
  • Каратаев О.К. Мамлекеттин ар кыл диний агымдарга мамилеси\\ Ош мамлекеттик университетинин жарчысы.  –Ош, 2014. 198-202 беттер;
  • Каратаев О.К. Корук жерлер. Сакралдуулук. Хайрахан\\ Кыргыз жана Карахандар каганаттары. Көөнөрбөс издер. –Бишкек, 2014. 237-243 беттер;
  • Каратаев О.К. Эренак-бек – Сибирь кыргыздарынын мамлекеттик жана саясий жетекчиси\\ Кыргыз  каганаты түрк мамлекеттүүлүгүнүн алкагында. Борбордук Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын түптөлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган II Эл аралык Конгресси. -Бишкек, 2014., 124-132 беттер;
  • Karatayev O.K. KIRGIZLAR VE OYRATLAR: ÇOROSLAR - CUNGAR ADI NERDEN GELMİŞTİR\\ Karadeniz araştırmaları dergisi. Ardahan: 2014.  № 23. –S.12-16;
  • Karatayev O.K. Фуюйские кыргызы\\ Karadeniz araştırmaları dergisi. Ardahan: 2014.  № 22. –S. 23-31. Тürkiye;
  • Каратаев О.К. Этнолингвистические значение экзоэтнонима“бурут”\\ Материалы международной конференции II Аргынбаевское чтение. - Алматы, КазНУ им. Аль Фараби. -Бишкек, 2014, -С.36-46;
  • Каратаев О.К. Байыркы түрктөрдүн Умай-энеге болгон ишенимдери\\ Кыргыз  каганаты түрк мамлекеттүүлүгүнүн алкагында. Борбордук Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын түптөлгөндүгүнүн 1170 жылдыгынаарналган II Эл аралык Конгресси. -Бишкек, 2014., 470-474 беттер;
  • Каратаев О.К. “Манас” эпосундагы айрым этностук аталыштар: катагандар, каңды, бууралар\\ Вестник КГПУ им. И. Арабаева. -Бишкек, 2014. –С. 70-74;
  • Каратаев О.К. Кыргыз-огуз тарыхый- этникалык байланыштарынын элдик оозеки чыгармаларда чагылдырылышы(“Манас” эпосунун материалдарынын негизинде)\\ Жусуп Мамай: заманыбыздын залкар манасчысы. –Бишкек, 2014, 70-74 беттер;
  • Каратаев О.К. Манасчы Жусуп Мамайдын варианттарындагы айтылган “Ойрот”, “чорос”, “жунгар” этнонимдеринин маанилери\\ Жусуп Мамай: заманыбыздын залкар манасчысы. –Бишкек, 2014, 176-180 беттер;
  • Каратаев О.К. Орхон-Енисей жазма эстеликтериндеги мамлекеттик-башкаруу тууралу маалыматтардын чагылдырылышы жана титулдар\\ I Эл аралык “Түрк элдеринин мамлекеттик-башкаруу салты” Конгресси. -Бишкек, КТМУ, 2014, 55-56 беттер;
  • Karatayev O.K. Tarbagatay Kırgızları ve Kökeni\\ Siberian Studies (SAD) 1.3. (2014): 1-16. Türkiye;
  • Каратаев О.К. Фу-юйские кыргызы\\ Материалы  международной научно-теоретической конференции “Традиционная и современная казахская этнология” приуроченной 80-летию КазНУ им. Аль Фараби.–Алматы., 29-март, 2014. –С. 76-83;
  • Каратаев О.К. Т.Сатылгановдун чыгармаларындагы ономастикалык маалыматтар\\ Тоо булбулу – Токтогул. –Бишкек. 2014, 45-49 беттер;
  • Каратаев О.К. Енисей кыргыздарындагы кыштым институту\\ Вестник КазГПУ. Серия. Исторические и социально-политические науки. -№ 4 (43), 2014. Алматы, -С. 20-24;
  • Karatayev O.K. SARI UGURLAR (YUYGU) İLE YENİSEY KIRGIZLARI ARASINDAKİ ETNOGETIK BAĞLAR\\ DOI: 10.7816/idil-03-12-07 İDİL, 2014, Cilt 3, Sayı 12, Volume 3, Issue 12; 
  • Каратаев О.К. Еренак-бек\\ Кыргыз Кодекси. –Бишкек, 2015. 45-57 беттер;
  • Каратаев О.К. Кыргыздардагы Умай- эненин культу\\ II Антропологиялык (этнологиялык) Конгресс. –Бишкек, 2015, 123-130 беттер;
  • Karatayev O.K. Kırgız soylu hotanlar. Mogolistandaki ‘kırgız’ Etnoyimltri ve toponimleri\\ Karadeniz dergisi. 2015 (26).
  • Каратаев О.К. Гейдар Алиев глазами кыргызских историков\\ Конгресс посвящённый 95-летию со дня рождения общенационального лидера Г.Алиева. –Баку, 2015, -С. 234-243;
  • Каратаев О.К. Енисей кыргыздарындагы Кыштым институту\\ Вестник КазПУ им. Абая. –Алматы, 2015,-С. 11-14;
  • Каратаев О.К. Жусуп Мамайдын “Манасындагы” конурат, найман, катаган урууларынын эскерилиши. Вестник Нарынского университета.- Нарын, 2015, - 123-129 беттер;
  • Каратаев О.К.Эренак-бек енисейлик кыргыздардын мамлекеттик-саясий жетекчиси.Түштүк Сибирдеги саясий кырдаал. XVII к. орто чени\\ Полот-хан жана анын доору. - Кызыл-Кыя, 2015, 34-43 беттер;
  • Каратаев О.К. Кыргыз эн тамга белгилери жана алардын функциялары\\ Оразбаевские чтение. Международный Конгресс посвященный 95-летию академика С.Оразбаева. - Алматы, КазНУ им. Аль Фараби, 2015.-С.34-42;
  • Каратаев О.К. Түрк-монгол дүйнөсүндөгү салттуу күрөш жана анын тарыхый-этнографиялык башаты\\Түрк элдеринин салттуу спорттук оюндары. I Эл аралык Симпозиумдун материалдары. -Бишкек, КТМУ, 2015, 65-70 беттер;

Котормосу:


Вместе с этим также читают:

Комментарии

Нет комментариев
Авторизуйтесь, чтобы оставлять комментарии