ЖИНДИ СУУ

Болот калем болжоосуз
Тантык эмес тили так.
Чие бербейт орунсуз
Бекеринен тантырап,
Кажыбаймын мен өзүм
Кызыл тилим сүйлөп бак.
Тиричилигиң ганимат46
Агайындар — жамаат47,
Ажал жетип, күн бүтсө,
Алдыбызда топурак.
Жутпай койбойт баарысын,
Өлүм деген аткан ок.
Ажал жокко — өлүм жок:
Тоодон кулап, суудан ак,
Эч бир зыян келтирбейт,
Атып жаткан замбирек.
Кээ кишиге кезигет
Насип кылса тоодай бак.
Оюнда жок, түштө жок,
Оролуп келет алтын так.
Оодарылган дүнүйө
Орнобогон түбөлүк,
Тилегине жетпестен
Өткөндөр көп зар ыйлап.
Өлүп кеткен арманда
Ай ааламда далай ак.
Ажал жетип куланып,
Агып өлгөн андан көп.
Көргөнүмдү, билгеним
Жаза салдым ар убак.
Абалтадан жайлуу суу.
Сарбагыштын Көк-Ойрок
Көчөт экен жабыла

Күз башынан ылдыйлап,
Жолоочулап Кочкордон
Чубуруп келип күңгөйлөп,
Агып кете жаздадым.
Жинди-Суудан сермелеп
Айтып өтөм алымча,
Айып кылба, сал кулак.
Аз да болсо укканга
Дастан болор бир сабак.
Далай тоонун бийиги
Жинди-Суунун тоосу,
Алда канча кийиги,
Асмандаган зоосу.
Атырылган аңы көп,
Айбанаттын коозу.
Атчан кууса жеткирбейт
Ар кийиктин боозу.
Адамзатка карматпайт,
Аркар жаңы тууса.
Жетпес анын артынан
Колго түшпөйт козусу
Кош ат менен кууса,
Алды-артын бууса.
Ар жандарга ар амал,
Насип болгон тубаса.
Айтар кебим Жинди суу
Олтургандар унаса.
Алда кандай себептен
Акыл менен болжосом,
Зилзалайы48 сел менен
Болсо керек ылгасам,
Атып чыккан жарылып,
Башкы төрүн карасаң.
Агыны шар, тик жылга,
Аягында коосу,
Эки жагы тең кашат,
Кысык экен куушу.
Чакырымча чоюулган,
Тоо, таш, шагыл турушу.
Агып жатат чаңырып,
Жиндиленген суусу.
Кечер болсо жутам деп,
Оп тарткандай оозу.
Киргенинде буркурайт,
Тумандаган буусу.

Зилзаладай дүркүрөйт
Күрпүлдөгөн күүсү.
Күндүк жерге угулат.
Күркүрөгөн дуусу.
Кечкенинде ар качан
Арылбаган чуусу.
Аягында кылдоосу49.
Арча аралаш карагай,
Агындыдан калгандай
Азыноолак чулдусу50,
Доңуз сырты, бетеге,
Чөбүндө жок күлдүүсү.
Алкымында түптүгөл
Өсүмдүктүн түрлүүсү,
Оң жагынан тирелген
Саз аралаш кара суу.
Сол жагынан сүйөгөн
Кичинекей бел ашуу.
Күзгө маал болгондо
Төр талашкан конушу.
Эптүү экен жаярга
Эки жаккы өрүшү.
Элдин көзүн телмирткен
Жинди-Суунун өлкөсү.
Кар жааганда учпаган,
Бодо малы, жылкысы.
Башка жерге күн жааса
Элинин жок уйкусу.
Элге, журтка артыкча
Отуну мол олжосу.
Туура кечип өтпөгөн
Жылдыздаган көп сазы.
Желеленген карагай
Жээк бойлой көк түзү.
Үркүп чыккан эмедей
Карагайлуу коктусу.
Башка жерден кемлиги —
Көк-Ойроктун жок түзү.
Тескейинде керилген
Тектирленген торпусу.
Күн чыгыштан көрүнгөн
Көк-Ойроктун өз ичи.
Күн батыштан аркайган
Айтымбеттин чокусу.
Күңгөйүндө көп экен

Калың арча, коктусу.
Ар жылгасын жүз түтүн
Жайлап жатат өлчөсөм.
Маңдайында баткалыш51
Кара-Кумдун жылгасы.
Калың карга алдырбас
Мал жайыттын ордосу.
Жылгасынын оозунда,
Айтып бердн бир киши,
Абалтадан жердеген,
Калмакынын кыштоосу.
Этегинен башталат,
Капталдаган кыясы.
Калың арча, карагай
Каршы-терши салаасы.
Каптал жолдон өткөндө
Кашкелеңдин жаясы52.
Торпуланган каман төш,
Чалкак экен талаасы,
Кар жатпаган жайында
Кара кумдак тоо башы.
Арсак ташка аралаш
Кызыл кабык согондор,
Кылыч бияз дагы бар,
Капталынан карасам,
Жегиликтүү даамы бар,
Базар бияз курусун.
Көк-Ойрокко барбастан
Басып өттүм тымызын.
Итке берет деп уктум
Жуурат менен кымызын.
Өзүм аны көрбөдүм,
Анык экен мунусу.
Атаке эли сарбагыш
Жайлап аткан эл ушу,
Мал дөөлөткө жеткирген
Жери экен, ырасы,
Тоо башында кароолу —
Айтымбеттин дөбөсү.
Айтар эле Кочкордон
Жашы жеткен карысы.
Насили экен катаган,
Баатыр өткөн ал киши.
Айтымбеттин кимдигин,
Анык билет ар киши.

Анын кылган эрдиги
Артык экен угушум.
Баарын жазып берерге,
Мүлдө келбейт кыюусу.
Сырты жайык көк шибер
Сарбагыштын жайлоосу,
Жайлаганда чарбага
Жери бекен жалпыз жол
Артык экен пайдасы.
Жеке дөрөө53 ашуусу.
Кышта калат кар басып,
Күрткү аралаш көк музу.
Канаттуулар болбосо
Адамдын жок өткүсү.
Жинди суудан кыныккан
Кузгун менен бөрүсү.
Асман менен айланган
Аңдып жүрөт жорусу.
Карагайды жамынган
Калың экен доңузу.
Кийик көрсө аңдыган,
Чамынышкан илбирси.
Аюулары ар качан
Адамга көп кылмышы.
Ажалына даарыган
Коргоолдой коргошун.
Толуп жатат дагы да
Көк-Ойрокто илбээсин.
Угар болсо баяндайм
Жинди суунун турмушун.
Туш-тушунан аянбай
Куюп жаткан бары суу.
Балыктары көп экен
Кичинеси, ириси.
Жинди суудай кишини
Агызбаган баарысы.
Зыяны жок кымындай
Жумшак экен агышы.
Актым дегем кишинин
Угулбады дабышы.
Көк-Ойрокто жок экен,
Чийи менен камышы.
Мындан башка өсүмдүк
Жан-жаныбар жынысы.
Толук экен Кеминде

Издегениң табасың.
Оолугасың Жинди суу,
Жин ургандай желди суу.
Жиндиленген чагында
Кечкен кетпейт эсен соо,
Ысык болуп күн жааса
Кире турган белгиси,
Тоо жаңырып таш агып,
Күлдүрөгөн сүрдүү суу.
Чалмаланып, сурданып
Ылайланган кирдүү суу.
Тунук агып жыбылжып
Кирбегенде нурдай суу.
Эртең менен, түндө тынч,
Түш кыйшая аңги суу.
Кары жашка карабас
Тил албаган маңги суу.
Тоо жаңыртып киргенде
Кече албаган миң десе,
Кирбей калат жай агып
Бүркөк болсо бир эсе.
Төө өркөчтөп киргенде
Кишинин жок көргүсү.
Эрибеген эзелден
Эң башында мөңгүсү.
Заарканып карабай
Заматка жок тургусу,
Ак-караны тергебей
Адамга өч кандуу суу.
Көктөм менен күзүндө
Сопу болгон бир кези.
Жайдын күнү ысыкта,
Жиндиленет мүнөзү.
Агызарда текшербейт
Адамзаттын күнөсүн.
Качып кетет капкайда
Кашыңдагы жолдошуң.
Качпаганда не пайда?
Жинди сууну ылгасам
Эч ылажы кылалбайт.
Кудай медет бербесе
Таштан-ташка соккулап
Агызууда белгиси.
Алачыктай, төөдөй таш
Асты-үстү жандоосу

Арасында айланпа,
Кечүүсүнүн көлмөсү.
Жарча келген бийикче,
Эки жаккы көбөөсү9.
Илебине от жанып
Эч кимди жок койгусу.
Шарга кирип кеткен соң
Пайда кылбайт далбаса.
Агып өлө жаздадым
Ажалың жок болгон соң,
Мейман дебейт бир келген
Кантип ичим жылысын.
Уяты жок жинди суу,
Канга тойбос бөрүсүң.
Агызууда тилегиң
Кантип ишиң оңолсун.
Сел жүргөндөй тополоң,
Киргениңде буурасың.
Үйөр, көчкү, кыяндай
Борошолоп турасың.
Кайгы, капа, кандуу бет
Жалынсаң да болбойсуң.
Бөгүп жолун кезенип
Жолоочуну торгойсуң.
Жоо сыяктуу узанып,
Тил албаган долусуң,
Бай кечкенде айгырчан
Ажалынан коргойсуң,
Чабал атчан кечкенде,
Жалынса да койбойсуң.
Жарга уруп шар менен,
Шалактатып сомдойсуң.
Арык атчан кечпегин
Агып өлүп шордойсуң.
Агып кете жаздадым,
Жинди сууң оңбосун.
Алтын, күмүш-берсе да
Мындан кийин келбесмин.
Бир чакырым жогору
Кашат жандап өрдөсөң,
Кечүүсү бар алкымда
Жөө кечсең да өлбөссүң.
Жинди суудан кечериң
Андан кечсең убалың
Агып өлүп калбайсың.

Айтканымды ар дайым
Алкым жолго салгайсың.
Унутпагын ар кайсың.
Аягын кечсең аныгы —
Оозунду кармайсың.
Кирбегенде жинди суу,
Ширин-шекер балдайсың.
Кирбегенде жоп-жоош
Миниш берген малдайсың.
Жинди сууга бутум тоз.
Өрттөн калган күйүктөй
Өчпөгөн чок кордойсуң.

46:  Ганимат – Канимет. Ыразы болуу, топук кылуу деген мааниде.

47:  Жамаат – эл, журт, көпчүлүк, үй-бүлө, бала-бакча, жаат.

48:  Зилзалайы – зилзала. Жер титирөө, жер козголуу.

49:  Кылдоо – тоскучу. Текстте арча аралаш карагайлардын токтоп калганын айтат.

50:  Чулду - Майда-барат калдыктар. Текстте агындынын калдыктары деген мааниде.

51:  Баткалыш – токой, черден көрүнбөгөн мейкиндик, тоскоолдук.

52:  Жая – Жылкынын учасынын кыртышуу келген майлуу жумшак эти. Текстте жантаймадагы урчук деген мааниде.

53:  Дөрөө - тоо жолу, ашуу.