МАНАС БААТЫР ТЕКЕС КАНДЫ ЖЕҢГЕНИ

Үч Турпанды жердеген,
Урушуп адам жеңбеген,
Кара-Сууда калаасы,
Каар аяр * баласы
Кутурган Култаң качыптыр,
Азаттын тоосун ашыптыр,
Арадан Жылдыз басыптыр,
Терс-Маёодо Текес кан
Темселеп ага барыптыр:
 Аналдын тоосун жердеген,
Азыркы адам жеңбеген,
Кара-Шаар экен калаасы,
Ары четин сурасаң
Кара-Курум талаасы,
Атын  уксаң Манас дейт,
Бабыр кан экен бабасы.
Өз атасы бай Жакып,
Өскөн экен салкында
Өз алдынча жай жатып.
Чоң атасы  Ногой кан,
Оңбой турган бу бир жан.
Камынбасаң курудуң,
Кабарга келип турумун,
Жалганы жок мунумун.
Себепчи болгун сен  деди,
Сенде калың эл деди,
Үстүңдөн караар улугун
Акунбешим эр деди.
Ат аябай.  тон тосуп,
Ашыгып кабар бер  деди.
Кер-Көл деген жери бар,
Орго деген кан деди.
Ого кабар  сал деди.
Алма-Коюр жердеген,
Адам уулу жеңбеген,
Аяры бар  алтымыш,
Сээрчиси  жетимиш,
Лаанатка  * жалбарып
Ылдамыраак жетиңиз.
Эртелеп кабар салбасаң,
Эстүүсүн жыйып албасаң,
Эртең, бүгүн билбеймин,
Эгер келбей койбойт саа.
Лаайлама жолуна
Мында кызмат кылайын,
Жолдош кошуп берсең маа.
Текестин бутун  кучактап,
Көзүнөн жашы бурчактап,
Манасты айтып майышып,
Кошойду  айтып кайышып,
Коркуп Култаң турганы.
Каны Текес калтырап
Коркуп кирди бу дагы:
Келип улук болгонум
Түрк элинин арасы.
Бээжин түгүл бу жерге
Кара-Шаар, Кумулдун
Түк көрүнбөйт карасы.
Лаайлама колдой көр,
Кыйыныраак болгон бейм
Кыргыздардын Манасы.
 Алтайдагы кыргыздан,
Айдоодо жүргөн кыргычтан
А кандай чыккан баатыр деп,
Андай болсо мен дагы
Камданайын акыр деп,
Доргосунан * чаптырды,
Күндүк жерде Куясын
Тез келсин деп чакырды:
 Келди кабар биздерге,
Мен айтайын сиздерге.
Атканын жазбас мергениң,
Айтканын жазбас берениң,
Ашыкпай турган эрениң
Элүү, кыркың аттанып
Эңкейиш жолго салыңар,
Күңгөй тоо барып түгөнөт,
Күн чыгыш жакка барыңар.
Эчки-Өлбөс деген улуу тоо,
Эки жагы улуу зоо,
Келер болсо бизге жоо
Көрүп алып кайтыңар,
Көпкө кабар айтыңар.
Эчки-Өлбөстүн бийик чат
Эңкейип бар да, карап жат,
Эгер душман көрүнсө
Жарымың кел да, жарымың жат.
 Аны айтып Текес кан,
Амырында * канча жан,
Көзгө аткан мерген машынан,
Көп жалтанган башынан,
Акылга толук эстүүдөн,
Айтууга даңгыл сөздүүдөн,
Алысты көрөр көздүүдөн
Алтымышын чыгарды.
Алда билер бул иштин
Артын кандай кыларды.
 Дүрбөлүп Текес калганы,
Түн ортосу болгондо
Куяс аяр барганы.
Куяс аяр келгенде,
Маңгулдуктун баарысы
Куп сүйүнүп калганы.
 Куяс келип калыптыр
Теңир урган Текестин
Шашып турган кези деп,
Култаң качып келди деп
Куп чочутту элди деп.
Айла тап деп  чакырдым,
Ашыктырып сени деп,
Текес кан сүйлөп салганы,
Аяр Куяс мактанып,
Коркпоңуз деп калганы:
 Алтайдагы жердеген
Алтымыш үйлүү буруттур,
Арбак аны уруптур,
Ажал айдап, кан тартып
Ал чочоңдоп туруптур.
Баш жакта Каспан, Каканчын,
Күн батышта  жатпайбы
Күлдү тыргоот, Акбешим.
Ортодо төрт буруттур,
Ойрон болгон  туруптур,
Ошондон коркуп жүргөнүң
Сени да кудай уруптур.
 Шону айтып Куясы
Атына минип  алганы,
Алтоо экен жолдошу,
Ар тарапка барганы.
Сээр окуп, дубалап,
Жайыттагы малдарын
Айдатып ийип кубалап,
Мейли терек, мейли тал,
(Бу пери ургурдун өнөрүн
Кыйындыгын карап ал),
Арып * дуба салыптыр,
Жерден чыккан киеси *
Адам болуп калыптыр.
Мейли камыш, мейли чий,
Баатыр болсоң барып тий,
Мейли куурай, мейли чөп,
Аскер болду сансыз көп,
Аңгемелүү кандай кеп.
Карагайы, кайыңы,
Каптап барган аскердин
Чыгар эмес дайыны.
Өйүз менен бүйүзү
Аскер кылды баарыны.
Суунун үстүн өрт кылды,
Туу көтөргөн ар жерде
Султандарын көп кылды.
Ат минбеген жөө  болду,
Ар бир чынар теректер
Адам эмес, дөө болду.
Мылтык, кылыч,  бар жарак
Бутагынан бөлүндү,
Найза, кылыч көтөргөн
Айбаттары көрүндү.
Сээр менен кол кылып,
Таң атканда Куясы
Текес жакка бөлүндү.
 Келгин, мына, каным деп,
Көрүп келгин аскерди,
Адам жеңбес аны деп,
Кол коёрбу жанды деп,
Коркутабыз не үчүн
Акунбешим канды деп.
Кыргыз деген немене?
Кыйналбаңыз тегеле.
Казак деген немене?
Кайгырбаңыз тегеле.
Текес дөөдөй каның деп,
Тез чочуптур жаның деп,
Тентиреген бурутту
Келген болсо бу жерге
Кетирейин санын деп.
 Куяс айтып салганы,
Аскерди кайдан жыйды деп
Текес айран калганы,
Элүү-кыркча аттанып,
Эр Куяс баштап шаттанып,
Кол көрүүгө барганы.
 Жогору жагын караса
Муздан ашуу бел болгон,
Орто жерин караса
Өрт күйгөн кызыл сел болгон,
Өйүз менен бүйүзү
Күрсүлөрүн көтөргөн
Күлдү балбан эл болгон.
Жаңы көргөн адамдар
Бу кайдан келген кошун * деп
Башы катып тел болгон.
 Аралайлык аны деп,
Текес  айтып мындай кеп,
Дабырата желгени,
Колго жакын келгени.
Жарагын колго алыптыр,
Жалпы аламан жалдырап
Келе жаткан буларга
Кесенип көзүн салыптыр.
 Шүңгүр деген баатыры
Кандай экен билмекке,
Адамбы деп чакырды,
Найзасын алып качырды.
 Найзасы жакын жеткени,
Түк билбеди сайганын.
Сээрден найза жеткени,
Шалак этип эр Шүңгүр
Чалкасынан кеткени.
Кутуруп кеткен Куястын
Өнөрү  эмей, неткени!
Өлтүргөнчө дем салып,
Айырып алып кеткени.
 Куястын көрдү өнөрүн,
Куясым барда недир деп,
Уруп кеткен Текес кан
Унутуп койду өлөрүн.
Илебин менен Оргого
Издеп кабар салбады.
Акунбешим паашага
Айтып киши барбады.
Кесири тиер аярдын,
Келсе да бурут өлөр деп
Кенебей жатып алганы.
Төртүнчү күндө төрөңүз
Манас жетип барганы.
 Аз гана эмес, мол менен,
Алты жүз миң, отуз миң
Азар түмөн * кол * менен,
Башчылары бар экен
Баштап келип калыптыр,
Чабырларын айлына
Таштап келип калыптыр,
Бай Жакыптын кызыл туу
Аштап келип калыптыр
Азыркысын бу колго
Камбардын уулу Айдаркан
Кан көтөрүп салыптыр.
Калдайган колду көргөндө
Айран азыр калыптыр:
Кабарчы кайдан жеткен деп,
Бу капырга неткен деп,
Дүйнө жүзүн аскери
Кандай каптап кеткен деп.
 Аскерин көрүп ар жерден
Айран азыр калышты,
Адам жеңер кеп  эмес,
Алыстан көзүн салышты,
Найза, кылыч, бар жарак,
Ал мүнөзүн көргөндө
Айран болуп калышты,
Азыркы турган кан экен
Айдарканга барышты.
 Күлдүрдүн уулу Чалыбай,
Күлдүргүчү Абдылда,
Кыргыздан чыккан Кутубий,
Кыпчактардын Таз чечен,
Кымтырылган Үрбү бар,
Аргын Каракожо бар,
Акылмандар кошо бар,
Каратоко Мажиги,
Кайраты ашык Чалиги
Кабылан Манас  баатырга
Кан Айдаркан баш болуп,
Баары келди акылга:
 Көз жеткисиз көп экен,
Терс-Маёонун боюнда,
Темирдиктин оюнда
Аяк башы күнчүлүк
Аскер басып калыптыр,
Ай талаага кол толуп
Адам туруп алыптыр,
Аргасы кандай болучу?
Акыл тапкын эрлер деп,
Айтышып турду бир-бир кеп.
Алты жүз миң аскербиз,
Алты жүз тууга бөлүндүк,
Акыры мунун жанында
Төгөрөктү карасам,
Төрт кишидей көрүндүк.
Кандай сонун болду деп,
Кан Текеске мынча кол
Кайдан келип толду деп,
Кан Айдаркан,  Мунар кан
Катылбастан капырга
Кайтсак кандай болду деп,
Келип турган кеңешман
Бу сөздү айтып салганы.
Кептерине Манастын
Ачуусу келип калганы.
 Кана, кандарым, кандай айтасың,
Катындын кылар иши го,
Катылбай кантип кайтасың?
Улуктар кандай айтасың,
Ургаачы кылар иши го,
Урушпай кантип кайтасың?
Жазуудан артык жан өлбөйт,
Тактада жатып кан өлбөйт.
Капырдан качып кетесиң,
Каптап чыкса мынча кол
Андан кийин нетесиң?
Же жер алдына жатпасаң,
Малың менен башыңдын
Баарын жерге катпасаң,
Мынча черүү коербу
Же асманга барып батпасаң.
 Ачууланып  сүйлөнүп,
Аккула минип күүлөнүп,
Бармак болуп калганы,
Бастырып жолго салганы.
 Абасы Бакай кеп  айтып,
Ай, токтогун деп айтып,
Кароолдоп мен бир барайын,
Көрүнүп коюп капырга,
Качкан болуп калайын.
Кууган болсо мени деп,
Мен карайын сени деп,
Тосуп уруш саларсың
Тос-тос кылып капырды
Мени ажыратып аларсың.
Кыйкырып уруш саларсың,
Кыйратып ийип капырды
Айырып мени аларсың.  ,
 Аны айтып эр Бакай
Быйыл отуз жашында,
Дөөлөт кушу  башында,
Жаракты белге чалынып,
Жаратканга жалынып,
Алмабаш мылтык  жонунда,
Саадакты  белге байланып,
Сары-Учуктан айланып,
Кутусун тыгып койнуна,
Саадагын асып мойнуна,
Аңдап тургун Бакайдын
Азыр кылар ойнуна.
Моюлду деген бел менен,
Боз талаа кубаң жер менен
Көрүнөө Бакай барыптыр.
Кууганы болсо саям деп
Көт жагында чукурда
Көк жал Манас калыптыр.
 Көкчолок атты чуратып,
Көптү кудай  урду деп,
Аскерге жакын жеткени,
Абакеңиз Бакайдын
Акылы эмей неткени.
 Көрүп мени турду деп,
Көптү кудай урду деп,
Кандай мени качырбайт,
Амал жумуш болбосун,
Арып кылып койбосун,
Аны ойлонуп эр Бакай
Жарым бута жап жакын
Жанына барып туруптур,
Качырсам деп кыялы
Кан Бакай найза сунуптур.
 Жайнап турган көп аскер
Жалпы найза сундурду.
Канетесиң капыр деп,
Кан абаң Бакай акырды.
Алиги турган көп аскер
Андан бетер бакырды.
Айгай кулак тундурду,
Кан Бакай айгай баштады,
Капырдын кыйкырыгынан
Аттан кулай таштады.
Атсамбы деп бирөөнү
Колуна мылтык  алыптыр,
Жалпы мылтык сундуруп,
Капырлар кезеп калыптыр.
Кантер экен дагы деп
Кан Бакай  кылыч алыптыр,
Карап турган көп аскер
Кылыч алат, кыңк этпейт,
Кыйкырбаса эр Бакай
Бирөө унчугун былк этпейт.
 Көрдү Бакай көз менен,
Сүйлөдү Бакай сөз менен.
Аста-аста эр Бакай
Ар бир сөздү сүйлөдү,
Эмнени айтса шону айтып,
Алиги черүү дүүлдөдү.
 Абаң Бакай билди эми,
Амал  экен бул иш деп
Арсаң-арсаң күлдү эми.
Аскер да күлүп калганы,
Катылбады  кан Бакай,
А жерден кайра салганы,
Арстан Манас баатырга
Амал  экен, кол эмес,
Аны айтып  жетип барганы.
 Аткан болсо аткандай,
Мыктысып мылтык аткан жан
Бир балаага баткандай.
Сайган болсо сайгандай,
Баатырсып найза салган жан
Бир балаага калгандай,
Өнөр экен ар кандай.
Чапкан болсо чапкандай,
Турат  экен жазганбай.
Күрөшсө күрөш кылгандай,
Акылын мунун таппасак
Аскерди бөөдө кыргандай.
Азыр  мындан кайталы,
Акылман аяр кыйла бар,
Аларга барып айталы.
Не дээр экен эл деди,
Эми жүргүн, кел деди.
Абыр-шабыр ат минип,
Ат минсе да бат минип
Аскер  жакка салыптыр.
Сары сеңир урчуктан,
Ач кайкалаң бурчуктан
Бакай  чыгып калыптыр.
Көргөн, билген жумушун
Көбүнө айтып салыптыр.
 Алты жүз миң аскерден
Акылмандын баарысы,
Чекседе белен дарысы,
Балбан, баатыр барыптыр.
Көрдү  көп аскердин баарысын,
Аягы турган жерине
Аябай  төгүп дарысын,
Өздөрү чыгып дүргүшүп,
Өзөнгө чыгып үркүшүп,
Оолакка чыгып от берди,
Дүнүйө жүзү солк деди.
Аалым күндү жайлады,
Кара шамал дубасын
Кара ташка байлады,
Капырдын шору кайнады.
Жалын күйдү дүркүрөп,
Шамал тийди күркүрөп.
Камыш, чийи, куурайы
Жалынга токтоо кылабы,
Жалпы күйдү бу дагы.
Кайың, талы, тереги
Түк болбоду кереги,
Өрттөп аны салганы.
Ошо  күндөн ушу күн
Ошо  жердин атагы
Өрттөн атка калганы.
 Кандарга кандар бет алып
Каптап кирип барыптыр.
Арбындыгын көргөн соң
Жаалына чыдабай
Жанындагы Куясын
Жара тартып салыптыр.
 Куясты Текес жарганы,
Текес кандын ордого,
Куюлуп кирип барганы,
Кутуларга жери жок,
Курчап аскер калганы,
Өжөрлөнүп Текес кан
Өзүнө бычак салганы.
 Өткүр Манас айкырып:
Кылыч чаппай, ок атпай,
Кыйынсынып жаа тартпай
Алдырып салган  ким  дейсиң,
Албаңар жырык ийнесин,
Не кыласың калмактын
Эзелден жыйган дүйнөсүн.
Кош-кошко* союш алыңар,
Корооңдо калды малыңар.
Байынан союш алсаң да
Коңшусун коюп салыңар.
Кары, жашың, чалыңар,
Дүнүйөдөн куруп  калгандай
Кантесиңер баарыңар!
 Аны айтып акырып,
Аскердин четин жапырып,
Арстан Манас токтотту.
Ата уулунун баарысын
Айдап кел деп жоктотту.
 Ойдон-тоодон жыйнады,
Сенин баланчаң кайда кетти деп
Башчыларын кыйнады.
 Кадыр алда кудурет
Каран калган дүйнөгө
Каалабасак кээ кылат,
Канкор Манас түгөнгүр
Калмакты аяп не  кылат?
Үйүрү өскөн айгырлар
Кысырагын бээ кылат,
Кызыталак куу канкор
Кытайды аяп не кылат?
Күңкүү сөзүн айтышып,
Акыястын оюна
Аскер келди кайтышып.
 Эл жыйылып келгени,
Алты жүз миң, элүү миң,
Эсебин эсеп бергени.
 Каныңар Текес өлдү деп,
Кашындагы Куястын
Карынын өзү бөлдү деп,
Калайык көзүң көрдү деп,
Каныңды кудай урду деп,
Катын менен баласы  ,
Кашында карап турду деп,
Насыят айтам акыр деп,
Ата уулудан түк койбой
Азыр баарын чакыр деп
Төтөнүн Түрсө белине
Түгүн койбой чакыртты.
Тыргоот, калмак элинен
Эки жүз миң он алты
Эсен келди бар калкы.
 Эми Манас кеп айтат,
Карап турган калмакка:
Ээ, калайык деп айтат,
Текес өлдү дуу-дууңар *,
Текши баарың турдуңар.
Баашабыз өлдү дедиңер,
Башы жок калса денеңер
Тирилигиң болобу,
Тим койсо Манас оңобу.
Тууганың бар, уругуң,
Өзү өлдү Текес улугуң,
Каныңарды каала деп
Калкыңа айтып турумун,
Жакыныңдан кан шайла,
Жалганы жок мунумдун.
Көтөрүп тууңду байла деп,
Көпчүлүк каның шайла деп
Көк жалың Манас  айтты кеп.
 Көпчүлүк баары дүрбөшүп,
Бирин бири жүр дешип,
Капилет өлдү каныбыз,
Калдык аман жаныбыз,
Акылмандар бирөөнү
Атап канга салыңыз.
Көпчүлүк муну айтышты,
Көөсөрлөр үйгө кайтышты,
 Көсөмдөр  токтоп калышты,
Канга ылайык ким дешип,
Кары-жашың бил дешип
Ортосуна салышты.
 Үйшүмбай деген бар экен,
Бир өзүнө караган
Ую, төөсү, жылкысы
Үч жүз миңче бар экен,
Бир өзүнө караган
Үч миң үйчө жан экен,
Аны айтышты кан бол деп,
Кадырың элден жам бол деп.
 Малым  болсо канмын деп,
Баштатадан кан болбой
Нече жерде калдым деп,
Үйшүмбайы болбоду,
Болбой моюн толгоду.
Дардак деген бар экен,
Далай балбан экен
Сен болгун деп кармады.
Күчүм бар да, эбим жок,
Айтууга жакшы кебим жок,
Мен болгон кандай кан деди,
Жерде калган ал деди,
Жетиктерден бирөөнү  ,
Дуу-дуу  боло сал деди.
Төкө деген жан экен,
Бир өзүнө караган
Төрт миң ую бар экен,
Бол деп айтып салганы,
Болбоймун деп ордунан
Тура качып калганы.
 Карача деген бар экен,
Как өзүнө караган
Токсон миң  үйлүү жан экен,
Мурунку алган амалы
Доотайлык * мансап  бар экен.
Кан бол дешип камалап,
Ошону улук кылууга
Ороло журту чамалап
Карачаны  кармады.
 Болбоймун деп  айталбай,
Көптүн көөнүн кайтарбай,
Өкүмөткө аралаш
Өсүп келген башым деп,
Өзүңүздөр билесиз
Сексенге жакын жашым деп
Карача сүйлөп салганы.
Карысаң да болгун деп
Калайык айтып калганы.
 Болор менен болбостун
Ортосунда турганда,
Болууга моюн сунганда
Акыястын калаасы,
Азыр жетип барганы
Сайкал аттуу баласы.
 Эт чыбыктай ийилген,
Эркекче кийим кийинген,
Акак * тиштүү, кыйгач каш,
Жазык маңдай, түймө баш,
Ак-кызылы бөлүнгөн,
Айнектей көзү көрүнгөн,
Нурдуу кызыл бети бар,
Ууздан аппак эти бар,
Короз моюн, кобул кол,
Атанын сонун сулуу бол!
 Талабы журттан бөлүнгөн,
Жуткан кызыл кымызы
Тамагынан көрүнгөн
Кыз Сайкал келип кеп айтат:
 Кантесиң, ата, деп айтат,
Өкүмдөн жутап калгандай,
Өлүп калган Текестин
Тоноп тонун алгандай,
Жакшы болбос мунуңуз,
Жайыңызга туруңуз!
 Кыз кыйкырык салганы,
Балам болбойт экен деп
Карача айнып калганы.
Катаалдык кылдың бизге деп,
Калайык айтып мындай деп,
Каткалаң атка калганы.
 Атасы Темир кан эле,
Акылдуусу, акмагы,
Алты уулу бар эле.
Улуусу Текес кан болгон,
Урматы журтка даң  болгон.
Эң кенжеси Темирдин
Тейиш аттуу жан болгон.
Акылы бар, даана экен,
Он сегизде бала экен.
 Карап турган калайык
Не сүйөсүң кейишти?
Баарың качып болбосоң,
Кан көтөрдүм Тейишти!
Карача айгай салганы.
 Калк кадырын биле  албас,
Капа кылар, тил албас,
Көтөрбөс айла недир деп
Көпчүлүк сүйлөп калганы.
Алып кел деп каныңды
Арстан Манас, Айдаркан
Алар айтып салганы.
 Темиркандын калаасын
Тегеретип баласын
Ак кийизге салганы.
Текестен калган  кызыл туу
Айчыгын алтын  аштады,
Тойду бүгүн баштады.