Биздин

Башкы барак Коңуштун картасы Биз жөнүндө Дарегибиз
 

Кыргыз тилин үйрөт жана АКШда билим ал!
Жума, 05 Чын Куран 2013 08:25

Кыргыз тилин үйрөт жана АКШда билим ал! FLTA программасы англис тили факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө АКШда барып билим алууга жана Америкалыктарга кыргыз тилин үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Документтер 31-майга чейин кабыл алынат. 21-29 жаштагы Кыргызстандын жараандары катыша алат. 

http://bishkek.usembassy.gov/exchange_programs/fulbright-foreign-language-teaching-assistantships-flta.html

 
Онлайн сөздүк 1000 000 которуу аткарды
Шейшемби, 26 Жалган Куран 2013 18:10

Эл-Сөздүк

1000_000

котормо!

 

 
Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү
Шаршемби, 30 Үчтүн Айы 2013 16:00
Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү. 2009

1995-2002 жж. камтыган 7 жыл ичинде кыргыз тилинин жазуу эрежелери 2 жолу жаңыртылган. Бирок ал эрежелер кыргыз тилинде сүйлөп жана жазган атуулдардын калыптанган тил сабатына туура келбегендиктен, коомчулукка кеңири кабыл алынып кеткен эмес. Бул өзгөртүүлөр кыргыз тилинде сабаттуу, туура жазуу маселесин ого бетер чаташтырып жиберген. 
Ушул жагдайларды чечүү максатында бул сөздүк 1983 ж. басмадан чыккан Х. Карасаев түзгөн «Орфографиялык сөздүктүн» негизинде, КР Жогорку Кеңешинин 2008- ж. 26.06 № 567 токтому менен бекитилген «Кыргыз тилинин жазуу эрежелерине» ылайык, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору тарабынан толукталып, кайрадан иштелип чыккан.  
Сөздүк 80 000 сөздөн турат.  
 
Айта бар менин кебимди...
Дүйшөмбү, 23 Теке 2012 11:50

Arslan-Koichiev

Арслан Койчиев Капай уулунун "Айта бар менин кебимди..." тарыхый романы заман менен каармандын тагдырын айкалышын, замандан-заманга өткөн Сөз кудуретинин жаңы тагдырларды, жаңы каармандарды жаратуу жөндөмүн ачып берген, алардын тагдыр түйүндөрдүн байланыштырыган, ары кызыктуу, ары көркөм сөздүү чыгарма.
"Арча" адабий сыйлыгынын лауреаты.

 
"Манас" энциклопедиясы
Шейшемби, 02 Тогуздун айы 2012 15:54

Энциклопедиянын 2 тому да даяр болду.

Бул жерден жүктөп алыңыз.

Экинчи томго "Манастын" сюжетинен тартып - Ярупага чейинки макалалар камтылган.


Бул энциклопедияны даярдоого жардам берген Батыр Турдуакматка алкыш айтабыз!

Биринчи том.

mns_enclpd_1_200

Колуңузда турган энциклопедиянын көздөгөн максаты кыргыздын баатырдык эпосу «Манастын» өз-өз алдынча атайын бөлүмдөрдөн турган көркөм текстин, ошондой эле бул улуу эстеликтин кагаз бетине түшүрүлүш тарыхын, айтуучуларын, мазмунун, сюжетин, варианттарын, поэтикасын, мотивдерин, образдык түзүлүшүн, көркөм каражаттарын, топонимикасын, этностук аталыштарын, антропонимдерин, философиялык жана диний түшүнүктөрүнүн катмарларын, жалпы эле анын кыргыз элинин рухий турмушуна тийгизген таасирлеринин кеңири чөйрөсүн чечмелеп берүү, маңызын сыгып, ток этер жерин айтып түшүндүрүү болуп саналат.

 
<< Биринчи < Мурунку 1 2 3 4 Кийинки > Акыркы >>

Барак 1 / 4

Изде

Кирүү

Акыркы комментарийлер

Жарнак
Көп багыттуу электрондук сөздүк

Көп комментарий жазгандар